Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЭНЕЛИК КЛЕТКАНЫ ЖЕТИЛТҮҮ БАЛАЛУУ БОЛУУГА ЖОЛ АЧАТ

№862 9-15май, 2019-жыл


Мындан 20 жыл мурун эле тукумсуздук диагнозу аялдардын эне болуу бактысын чектеп койчу. Бүгүнкү күндө аны чечүүчү ыкмалар көп. Алардын бири –овуляцияны жасалма жол менен жетилтүү, тактап айтканда, энелик клетканы жасалма ыкмалар менен бөлүп чыгаруу (стимуляция овуляции). Бул ыкма боюнча «Анкалайф» клиникасынын гинеколог-репродуктологу Айнура Касымалиева айтып берет.


ОВУЛЯЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Гипофиз (секреция бези) бөлүп чыгарган гормондордун таасири менен аялдын урук безинде фолликула өсүп жетилип жарылат да, андан энелик клетка бөлүнүп чыгат. Бул процесс овуляция деп аталат. Овуляция учурунда фолликуланын диаметри 2 сантиметрге чейин чоңоёт. Андан бир, айрым учурларда эки же андан ашык энелик клетка бөлүнөт. Дени сак айымдарда бул процесс ай сайын этек кир келген соң (28 күн цикл) 14 күндөн кийин жүрөт. Бөлүнүп чыккан энелик клетка 48 саат ичинде жатынга түшөт да, ал жерден эркектин урук клеткасы менен биригип түйүлдүк пайда болот. Бирок жашы өткөн же ден соолугунан жабыркаган айымдарда овуляция процесси бузулуп, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон учурлар көп кездешет.


ЭНЕЛИК КЛЕТКАНЫ ЖЕТИЛТҮҮ КАЙСЫ УЧУРЛАРДА КОЛДОНУЛАТ?

  • Поликистоздо (эненин урук бездеринин ичи-тышын былжырлуу шишиктердин капташы)
  • Гиперандрогенияда (аялдын организминде эркектин жыныстык гормонунун көбөйүшү);
  • Этек кир келбей калган учурларда;
  • Гормоналдык бузулууларда;
  • Эндокриндик жана нервдик системдин иштөө функциясы бузулганда;
  • Репродуктивдик системдин патологиясында (бойго бүтүрбөөчү дары-дармектерди, гормоналдык каражаттарды көп колдонуудан улам).

ПРОЦЕДУРАГА ДАЯРДАНУУ
Алгач гинеколог жана терапевттин текшерүүсүнөн өтүп, тиешелүү анализдерди тапшырат.

  • Кандын анализи тапшырылат (инфекциялык ооруларга, вирустарга, таксоплазма, хламидиоз, цитомегаловирус, кызамык).
  • Зааранын анализи (трихомониаз жана жатын кандидозун аныктоо үчүн, пролактин, эстроген, тестостерон гормондорунун көрсөткүчүн билүү үчүн).
  • Мазок (микоплазмоза, гарднерелла, клеткалардын патологиялык өзгөрүүсүнө).

ДАРЫЛОО
Медицинада энелик клетканын бөлүнүп чыгышы үчүн ар кандай ыкмалар колдонулат:

1. Дары-дармектер менен дарылоо. Бул кеңири колдонулган ыкма. Мында гормондорду иштеп чыгуучу, этек кирдин келүү циклин калыпка келтирүүчү, энелик клетканын жетилиши үчүн тиешелүү дары-дармектер сунушталат. Аларды дарыгердин көзөмөлүндө, этек кирдин келүү циклинин белгиленген бир күнүндө ичүү шарт. Дары-дармектер аялдын жашына, салмагына, табигый жол менен бойго бүтүрөбү же ЭКО ыкмасын пайдаланабы, ошого карата дарылоо жүргүзүлөт. Бул ыкма 65-67 пайыз жакшы жыйынтык көрсөтөт.
2. Мүнөздөп тамактануу. Тамак-аш – организмге керектүү азыктарга, макро жана микроэлементтерге бай. Жеген тамагыбыз этек кирдин келүү циклине жана бойго бүтүрүүгө өз таасирин тийгизет. Алсак, майлуу тамактарды, эттерди жана углеводдорду жеген айымдар ашыкча салмак кошуп, холестериндин деңгээли көтөрүлүп, кант диабетин арттырышат. Аталган оорулар репродуктивдик системдин иштөөсүнө терс таасирин тийгизет. Ошондой эле салмактын нормада болбошу (аз салмак) да балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн чектеп коёт. Анткени эстроген, прогестерон, пролактин гормондору аз иштелип чыгат. Мындай учурларда аялга зат алмашуу процессин жакшыртуучу же организмди күчтөндүрүүчү тамак-аштар сунушталат.

Кайсы азыктар пайдалуу?
Овуляция процессинин толук кандуу жүрүшү үчүн дарыгерлер төмөнкү азыктарды сунушташат.

  • Сүт азыктары (быштак, сырдын катуу түрлөрү, сүт)
  • Клетчаткага, микро элементтерге, витаминдерге бай мөмө-жемиштер, жашылчалар
  • Өндүрүлгөн буудай
  • Буурчактын түрлөрү (нокот, төө буурчак, буурчак)
  • Бөдөнөнүн жумурткасы
  • Грек жаңгагы
  • Күнжүт, ашкабактын данеги, зыгыр даны
  • Курма (финики)

Эскертүү! Дарылануу убагында спирт ичимдиктеринен, тамеки чегүүдөн баш тартуу керек. Ошондой эле сунушталган азыктардын кайсы бирине аллергия бар болсо, дарыгерге сөзсүз айтуу керек.

3. Витамин терапиясы. Овуляция процессинин үзгүлтүккө учурашы организмге витаминдердин, макро жана микроэлементтердин жетишсиздигинен улам да болот. Анализдердин жыйынтыгынан соң дарыгер керектүү витаминдерди сунуштайт. Алсак, фолий кычкылы (В9). Бул витаминдин жетишсиздиги бойго бүтүүнү кечеңдетет жана түйүлдүктү көтөрүүнү оорлотот. Витаминдерди өз-өзүнчө колдонууга болот. Бирок оорулардын алдын алуу, комплекстүү дарылоо максатында алардын бир нече түрү сунушталышы мүмкүн.


ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА
Элдик медицинада да энелик клетканын өсүп жетилиши үчүн ар кандай дары чөптөрдүн кайнатмасын, тундурмасын пайдаланып келишет. Алсак, шалфей, бака жалбырактын уругу жана башкалар. Дарылануудан мурда сөзсүз дарыгериңизден кеңеш алууну унутпаңыз.

ЭНЕЛИК КЛЕТКАНЫ ЖЕТИЛТҮҮ КАЙСЫ УЧУРДА КОЛДОНУЛБАЙТ?

  • Тукумсуздуктун себеби эркекте болгон учурда
  • Энелик клетка жок болсо
  • Жатындын сезгенүү, инфекциялык ооруларында
  • Жатын түтүктөрү бүтөлүп калган учурда
  • 35 жаштан жогоркуларга (дарыгер аялдын саламаттыгына карап чечет)

ЫКМАНЫН ТЕРС ЖАКТАРЫ
Аял жашоосунда 3-5 жолу дары-дармектер менен энелик клеткасын жетилтсе болот. Көп жолу бул ыкманы колдонуу ден соолукка терс таасирин тийгизбей койбойт.

  • Климакска эрте кабылууга жеткирет
  • Энелик безде шишиктердин пайда болушу
  • Ашыкча салмак кошуу
  • Дене табынын көтөрүлүшү
  • Энелик урук бездеринин чоңоюшу
  • Борбордук нерв системинин иштешинин бузулушу
  • Этек кирдин келүү циклинин бузулушу
  • Бир нече түйүлдүктүн бойго бүтүшү
  • Жатындан тышкары бойго бүтүү

Дамира Арстанова
densooluk@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(1)
14.05.2019. 08:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
26-05-2019 13:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эко жасатуу учун канча сом кетет экен аа?Башынан аягына чейинки акчасы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: