Элибиздин сүйүктүү ырчысы, мээримдүү эне, камкор таене Динара Акулова бүгүнкү маекке адаттагыдай өзү келбестен, эрмеги болгон небереси Айгүндү (Малика Динанын кызы) кошо ээрчите келди.
– Саламатсызбы, Динара эже? Кирип келген Рамазан айыңыз кут болсун! Орозо кармадыңызбы?
– Саламатсыздарбы? Сиздерди дагы куттуктайм. Жалпы элибизде тынчтык, аманчылык, токчулук болсун! Менин жөжөм (жанында отурган небересин көрсөтүп) бар да. Мен орозо кармап алсам муну ким багат (күлүп)?
– Өткөн маегибизде «сын-пикирлер менин чыгармачылыгымды токтотуп койду» дедиңиз эле. Азыр чыйралып чыгармачылыкка кайра киришейин деп жатасызбы?
– Мурунку маек учурунда толгон токой туура эмес суроолор, адамдын жүрөгүн ооруткан ашыкча сөздөр көбөйүп кеткендиктен чыгармачылыгымды токтотконумду айткан элем. Азыр Кудайга шүгүр, бардык иштерибизди ордуна келтирип алдык. Жөжөм дагы чоңоюп калды, эми иштейин деп жаңы ырларды жаздырып жатам.
– Айгүндү өзүңүз колуңузга алдыңыз беле? Социалдык тармактардагы жүктөгөн видеолоруңуздан улам небереңиз апасына караганда сизге жакындай туюлат.
– Айгүнка төрөлгөндөн бери эле менин колумда болуп жатат. Азыр 3 жашка чыгып калды. 3 жыл неберем менен үйдө болдум. Бала бакчага мен алып барып, кайра алып келем. Бардык эле чоң энелердей өстүрүп, күнү-түнү менин жанымда болгондуктан мага жакын. Малика келет, ал келсе жөжөм аны «мамочка» деп эркелетип коёт. Мени көбүнчө «маму» дейт. Кээде «энельё» деп калат.
Малика дагы жаңы бизнес ачты. Азыр жаш да, чыгармачылыгы аксабасын деп эне катары кызын чоңойтуп бердим. Буюрса, кичине чоңоюп кол арага жарап калса өзүнө берем. Бардык эле баланын жанында өз апасы болгону жакшы. Маликага да «кызың бир аз чоңойсо колуңа берем, алып, өзүң тарбиялап, өзүң окут» дегем.
– Небереңиз Айгүн чоңоюп, өнөрлөрү чыгып калган турбайбы. Апасын, таенесин тартып чыгармачылыкка жакынбы?
– Негизи ыр-бийге шыктуу, ыргакты сезе билет. Бирок мен дагы, апасы дагы искусство тармагында иштедик, иштеп келатабыз. Эми неберем бул тармакта иштебей эле койсо деп ойлойм.
– «Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары кыздарыңыз чоңоюп, өз алдынча болуп кетишти. Кээде жалгыздык сиздин да жанга батабы же достоштуңузбу?
– Мен антип деле ойлобойм. Жаш чагымдан бери 2 балам менен өзүмдүн жашоомду улантып келдим. «Ушул кичинекей кыздарым чоңойсо» деп жүрүп, алар чоңоюп турмушка чыкты. 5 неберелүү болдум, андан кийин «неберелерим чоңойсо экен» деп жүрдүм. Улуу кызым, 4 неберем Орусияда. Жакында эле неберелериме барып келдим. Ал эми Малика менен Айгүн дайыма жанымда. Жалгыз, зеригип деле кеткен жокмун. Неберелеримди ата-энелери колуна алса, балким, жалгыздык сезилер, азырынча баары жакшы.
– Малика кандай жүрөт? Акыркы убакта чыгармачылыктан бир аз алыстап, шымалана иштебей жаткандай сезилет.
– Малика чыгармачылыктан алыстаган деле жок. Ден соолугуна байланыштуу убактылуу бир аз иштебей калды. Өзүнүн бизнеси бар. Убактысы болуп калса жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып жатат. Эми дагы иштейт.
– Азыркы кыргыз шоу-бизнесинин абалы сизди ойго салабы? Эмнелер жетишпейт, кайсы жагыбыз өнүгүүдө?
– Кыргыз шоу-бизнесинин абалы Кудайга шүгүр. Биздин келечегибиз болгон жаштар өсүп, жакшынакай чыгармаларды жазып жатышат. Билесиздерби, бир убакта жаш ырчылар аябай көп болуп кеткен. Ошолордон тандалып отуруп азыр 3-4өө эле калган сыяктуу. Негизи биздин учурда деле көп болгон. Арасынан тандалып отуруп 4-5 адам элге кызмат кылып калганбыз. Шоу-бизнес, буюрса, келечекте өнүгөт деп ойлойм. Бардык нерсе каражатка келип такалат. «Ырчылар ырдап коюп эле күнүгө мынча акча таап жыргап жүрүшөт» дешет. Бир ырдын аранжировкасын жаздырууга, клип тарттырууга, костюм тиктирүүгө кеткен каражатын эч ким ойлогон жок. Айласыздан ырчылар тойлорго барышат. Анда да «той ырчысы болуп кетти» деген сөз чыгат. Урматтап, сыйлап чакырып жатышса барасың да. Мисалы, менин апамдын туулган күнү болсо, ал Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенованы жакшы көрсө мен алардан «тойго келип бер» деп сурансам алар жок дебейт да. Той дагы өзүнчө бир чоң жумуш. Ал жакка да макияж жасатып, жакшынакай костюм менен барып, элдин көңүлүн көтөрүш керек. Тойлорго барганда тойго ылайыктуу шаңдуу ырларды ырдайсың, эртеден кечке иштеп чарчап барган адамдарга кайгылуу ырдамак белең? Анан эле «тойго арналган ырлар көп» деп жактырышпайт. Тойго арналган ырлар өзүнчө, башка тематикаларга арналган ырлар өзүнчө да. Мисалы, өзүмдү алсам репертуарым экиге бөлүнөт. 1-бөлүктө тойго, ата-энеге, балдарга арналган ырларым болсо, 2-бөлүктө лирикалуу, мамлекеттик иш-чараларда же телеканалдарда ырдай турган ырлар.
Искусствого жакшы көңүл бөлүнбөгөндүктөн, жакшы каражат которулбагандыктан, жакшы студиялар, жакшы концерттик залыбыз жок болгондуктан, ар бир талант өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша элге кызмат кылып келатышат. Мисалы, айлыгын, костюмдарын өкмөт каржылаган ырчылар эмнеге иштешпейт? Ушул суроого мен дагы жооп таба албай келем. Тескерисинче, башка ырчылар тойго барабы, гастролго чыгабы, иштеп жатышат. Искусство сатылбайт, таланты жок болсо ырчылар элдин жүрөгүнөн түнөк таба албайт.
– Азыркы учурда чыгармачылыкка олуттуу мамиле кылгандардын эмгегине караганда хайп жараткысы келгендердин клиптери же ырлары элге кеңири жайылууда. Буга оюңуз?
– Ошол нерсе дагы көп ойлондурат. Себеби 5-10 жыл окуп, нота билген, күнү-түнү искусство менен иштеген адамдар көрүнбөй калууда. Бирөө чыгып кыйшаңдап тамашалап же акчасы чөнтөгүнө батпагандар жөн эле студияга барып бирөөнүн ырын жаздыра калса эл ошону карап калып жатышат. Элибиз, буюрса, сөздүн, музыканын мазмунун айырмалай билгендей өзгөрөт деген үмүт бар. Себеби ак менен каранын айырмасы бар. Кээде ошол айырмаланбай калганда ыза болот экенсиң. Мурун бизде көркөм кеңеш программаны, ырларыбыздын мазмунун, кийимдерибизге чейин текшеришчү. Азыр көркөм кеңеш тургай, радио-телевидениелерде дагы ырларды тандабай алып жатышат. Кээде радиодон музыкасы дагы, сөздөрү дагы бир шумдук ырларды угуп алып жаныңдагы кишилерден уяласың.
– Улуу муундагы ырчылар менен да, кичүү муундун ырчылары менен да бат эле тил табышып кеткениңизди байкап калам.
– Маликанын тоюнда Гүлшайыр Садыбакасова эже «Динаш, карачы залды, 5 муун отурат» деп айткан. Өзүм деле байкаган эмес экенмин, карап көрүп байкадым. Эч бирин бөлө албайм, бардык 5 муундагы ырчылар менен жакшы мамиледемин. Бир нерсе өтүнүшсө жок дебейм, алар да мен айтсам жок дешпейт. Жаштар ырларымды сурашса сүйүүм, урматым менен берем. Кээ бир жаш ырчы кыздар ырымдап көйнөгүмдү сурашса деле берем. Мен ошол таланттар менен сыймыктанам.
– Бир учурда тасмага да тартылып жүрдүңүз эле. Актрисалык жактыбы?
– Тасмага эң жакын досум Ырыс Жоомартова тартып калды. Роль бөлүштүрүп жаткан маалда «мен өзүмдү кино жаатында сынап көрөйүн дедим эле» десем, «тартылыңыз» деп роль берди. Аракет кылдым. Кино тартылгандан кийин такыр жакпай калды. Оңдоюн десең оңдой албай калат экенсиң. 2-ирет тартылганда «биринчиде кетирген каталарымды оңдойм» деп ойлогом. Экинчисинде да оңдой албай калдым. Үчүнчүсүндө да окшошпой калды. Анан «жыгылган күрөшкө тойбойт болуп» акырында «ролдорум кимге жагып, кимге жакпай жатат билбейм. Ошентсе дагы сиздерден чын жүрөктөн суранам, мага негизги роль бергиле!» деп суранып алдым. Аябай даярданып, башкы каармандын ролун ойногум келет. Буюрса, жакында тартылат. Чыгармачыл адамдар өзүбүздү бардык тараптан сынап көрүшүбүз керек.
– Рулда жүргөнүңүзгө канча болду? Айып пулдардын көбөйгөнүнө оюңуз кандай?
– Унаа айдоо жагынан 20 жылдык тажрыйбам бар. Көп унаа айдадым. Акыркы учурларда ден соолугума байланыштуу унаа айдабай калдым, айдоочум бар. Мен унаа айдабай калгандан бери жолдорго камералар коюлуп, айып пулдар жогорулады. Артына отуруп «акырын айдагыла» деп кыйын болуп калам (күлүп). Негизи айып пулдар кымбаттаганы туура эле. Тартип болуш керек. Жанагы көөп кеткен, тоготпой калгандарга жакшы болду, унчукпай эле артынан айыптарды жөнөтүп коюш керек.
– Маегиңизге ыраазычылык! Небере жытына мас болуп жүрө бериңиз.
Асхат Субанбеков
star@super.kg