Окурмандардан келген
суроолорго психолог
Самат Аалканов жооп берет.
– Саламатсыздарбы? Мен 35темин, күйөөм 31 жашта. Баш кошуп жашап жатканыбызга 8 жыл болду. 1 кыз, 1 уулубуз бар. Акыркы 2 жылда күйөөм абдан өзгөрдү. Бир күн үйдө болсо, экинчи күнү үйдө жок. Эрди-катын катары отуруп чогуу маселе чечип, сырдашпай калдык. Үйгө келгенде колунан телефон түшпөйт. Кээде болбогон жерден чыр чыгарып, башка-көзгө ургулайт. «Кыйын болсоң ажыраш да, үйдөн чыгып кет» дейт. Тапкан акчасын көңүлдөштөрүнө чачат. Ал тургай бир көңүлдөшүн токолум деп досторуна тааныштырып жүрүптүр. Күйөөмдүн сауналарда VIP кардар экенин билем. Жакында эле күйөөмдү бир келин менен кармап алдым. Ал менден күчүн чыгарып, токмоктоду...
Ажырашып кетейин дейм, 2 балам менен бара турган жерим жок. Же иштебейм. Балдарымдын курсактары тойгонуна, үстүбүздө үйүбүз болгону үчүн эптеп чыдап келе жатам. Туугандарынын эч кимисинин сөзүн укпайт, «өз жашоомду өзүм билем, кийлигишпегиле» деп коёт. Эми эмне кылышым керек? Чындыгында ажырашып кетейин деген деле оюм жок. Үй-бүлөмдү сактап калгым келет. Бирок туңгуюктан чыга турган жолду билбей турам.
Гүлзар, 35 жашта, Талас
– Сиздердин үй-бүлөлүк абал кокустан эле ушундай абалга түшүп калган эмес. Башкача айтканда, буга чейин ушундай абалга жеткирген себептер болгон. Мисалы, жолдошуңузга көңүл буруу жетишпейт, же сизге таарынычы бар, же сиз жолдошуңузга туура эмес мамиле жасайсыз. Жолдошуңуздун тарбиясы, жашоого көз карашы башка адам. Айрым кыздарда турмушка чыкканга чейин эле «мени эч ким барктабайт, жакшы көрбөйт» деген калыптанган ой болот да, кийин жакшы күйөөгө тийсе деле өзүн барктабагандай, жакшы көрбөгөндөй сезиле берет. Өзүн бактылуу сезе албайт. Бул нерсе жолдошуна сезилет, ал нааразы болуп баштайт.
Сиз жалгыз отуруп алып баарын анализдеп көрүшүңүз керек. Алгач бала чактагы жашооңузду көз алдыңыздан өткөрүңүз. Үй-бүлөңүздө апаңыз атаңызга кандай мамиле жасачу эле? Анткени апасы атасын сыйлабаса, барктабаса кызда да «күйөөгө ушундай мамиле жасаш керек турбайбы?» деген ой калыптанат. Кийин турмушка чыкканында жолдошуна ошондой мамиле жасайт.
Үй-бүлөңүздү сактап калгыңыз келсе, өзүңүздүн кемчиликтериңиздин үстүнөн иштөөңүз кажет. «Мен киммин? Жашоодогу ордум кайсы? Жакшы жана жаман жактарым кайсылар? Кандай сапаттардан арылуум керек? Ажырашып кетсем эмне болот, балдарымды бага аламбы же бага албай каламбы?»деп өзүңүзгө суроо берип, жооп бериңиз. Бул өзүңүздү таанып-билгенге, ойду оң жакка өзгөртүүгө түрткү берет. Кейип отургуча иш таап иштеңиз. Өз укугуңузду, баркыңызды көтөрүңүз. Ар тараптан өнүгүңүз. Аял бактылуу болмоюн балдары бактылуу боло албайт. Андыктан психологдун жардамына кайрылыңыз. Сиз өзгөрүлсөңүз жолдошуңуздун да мамилеси өзгөрөт.
«КЫЗЫМ КИЙИМИН ЧАЙНАЙ БЕРЕТ»
– Кызым 2 жашта, кийимин чайнай берет. Ушул жаман адатын эч эле калтыра албай койдум. Бул эмнеликтен? Кантип калтырсам болот?
Венера, 29 жашта, Ош
– Балдардын ичинде коркуу, таарыныч, бир нерсеге кыжалат болуу сезими калып калса, анда булчуңдары чыңалып калат. Анан ички сезимин, башкача айтканда, булчуңундагы чыңалууну ошентип бир нерсени чайнап, кемирип, тиштегилеп чыгарат. Өзүн ошентип жоошутат. Бара-бара ал адат кылыптанып калат. Чыр-чатактуу үйдө жашап, стресске көп учураган, катуу тарбияда өсүп жаткан, тыюу көп үйдөгү балдардын да булчуңдары чыңалуу абалында болот. Андыктан кызыңызды балдар психологуна алып барып көрсөтүңүз. Балаңызга жетиштүү көңүл буруп, мээрим төгүңүз. Психолог жаман адатынан арылтуу ыкмаларын сунуштайт.
«ПСОРИАЗ ООРУМ БАР ЭКЕНИН ЖИГИТИМЕ АЙТЫШЫМ КЕРЕКПИ?»
– Мен 3 жылдан бери бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм. Аны жакшы көрөм, ага турмушка чыгып, бактылуу жашагым келет. Мени менен сүйлөшүп жүргөнүн үйүндөгүлөр деле билет. Бирок менин эки бутумда тең псориаз (тери оорусу) бар. Муну жигитим билбейт. Ага айтсам ал бир туугандарына айтып, оорулуу экен деп мени чанып кетишеби деп корком. Айтпай тийип алайын десем, кийин чатак чыгабы деп ойлойм. Эмне кылышты билбей калдым. Кеңеш берип коюуңуздарды суранам.
Айгерим, 24 жашта, Кара-Балта
– Тери оорусу адамдын өзүн коргой албай жаткандыгынын белгиси. Тери оорусуна көбүнчө коркок, тартынчаак адамдар чалдыгат. Стресстерден чыгуу жолун билишпейт, өзүн баалашпайт. Бирөөлөр бир нерсе деп койсо көбүнчө агрессивдүү жооп беришет. Андайлар өз баркын сезип, өзүн баалоону үйрөнүүлөрү жана башкалардан да ошону талап кылуулары керек. Стресстен чыгуу жолдорун өздөштүрүүлөрү кажет.
Айгерим, сизде «оорум бар экенин айтсам жигитим таштап кетет» деген коркунуч бар. Эгер ал жигит сизди сүйсө сиз ооруңузду айткан күндө деле таштабайт, сизге үйлөнөт, «ооруну дарыласа болот» дейт. Эгер ал сүйбөсө, анда ооруңуздун бар экенин билсе сизден кол үзөт. Андыктан ачык айтып, ошого жараша иш кылганыңыз оң.
Сиз «менин бактым оорума байланыштуу» деген жаңылыш ойду жыйыштырыңыз. Бактылуу болууга ар кимдин укугу бар, аракет гана керек.
«БАЛДАРДЫ ЖЕК КӨРӨМ»
– Мен жогорку билимдүү адисмин. Иштеген ишим бар. Күйөөм экөөбүз жакшы эле жашайбыз. Ортобузда 1 кызыбыз бар. 6 жашка чыгып калды. Күйөөм дагы төрө дейт, мен төрөгүм келбейт, анткени мен балдарды жек көрөм. Башында күйөөгө да тийбейм дечүмүн. Бирок үй-бүлө күтүш керек экен, айла жок тийгем. Балдарды жек көргөн да аял болушу мүмкүнбү деп таң калып жатасызбы?
Ата-энемдин тун баласымын. 5 бир тууганбыз. Андыктан кичинемден ини-сиңдилеримди багып, балдар менен ойногон күндөрүм аз болду. Бир туугандарым катар-катар төрөлгөндүктөн үйдө дайыма ызы-чуу. Бири басылса, экинчиси ыйлайт. Бирин көтөрүп келсең, экинчисин терметип же тамак бериш керек дегендей. 6-класстан тартып нан бышырып, тамак кыла баштадым. Чоңойгон сайын түйшүктөрүм да көбөйдү. Ата-энем бир жакка кетсе үйдө балдарды багып мен калам. Өзүм теңдүүлөр бир жакка барып, туулган күндөрдү белгилешет. Мен болсо үй жумуштарынан, балдардан бошобойм. Азыр деле балдардын чуру-чуусун уксам төбө чачым тик туруп кетет. Кызымды өзүмдүн балам болгону үчүн эле ыйлаганына, чырына чыдап чоңойтуп жатат окшойм.
Күйөөм төрө десе эле жүрөгүм түшөт. Кайрадан ызы-чуулуу күндөрдү башымдан өткөргүм келбейт. Абдан көңүлүм калган.
Бирок төрөбөй койсом күйөөм кетип калбайбы деп да ойлоп корком. Эмне кылышым керек, кеңеш бериңиздерчи.
Элмира, 29 жашта
– Негизи ата-эне балалуу болууну пландаштыруусу кажет. Биринин артынан бирин төрөгөндөр үйдүн, бала багуу түйшүгүнүн канча бир пайызын тун баласына, өзгөчө кыз болсо, жүктөп салышат. Жаш бала болсо чоң адамдын түйшүгүн тартып жадайт, организмине, психикасына күч келет. Бала балалык доорун сүрбөй калат. Балага болсо жаш курагына карата иш жасатуу керек.
Жазгандарыңызга караганда, сиз бала багуудан жадагансыз. Бирок балдарды жек көрбөйсүз. Сиз психологго кайрылып, кеңеш алсаңыз, өзүңүздү жана психикаңызды оң жакка өзгөртө аласыз. Эми төрөсөңүз балаңызды энелик мээрим менен бактылуу кылып чоңойтосуз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg