7-май күнү Асел Кадырбекова кыргыздын салты менен төркүнүндө кызынын кыркын чыгарып, үйүнө келди.
“Кызыбызды төрөтканадан чыгаргандан кийин апамдыкына барганбыз. Апам небереси экөөбүзгө күндө түрлөп тамак жасап, бизди жакшылап бакты (күлүп). Дария торолуп калганда апам кыргыздын каада-салты менен бешик, жентегин алып берип үйүбүзгө алып келди. Туугандарыбыздын курчоосунда кызыбызды бешикке жаткырып, жакындарыбыздын батасын алдык. Кызыбыз, көз тийбесин, жоош. Буюрса, таенеси алып берген бешикке жаткырып баштайбыз”,- дейт Асел.
Эске салсак, ырчылар
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова 27-мартта кыздуу болушкан.