«ЭМЧЕГИМДИН УЧУ ЖОК. ЧЫГАРУУГА БОЛОБУ?»

Окурмандардан келген суроолорго Улуттук онкология жана гематологиялык борбордун врач маммологу Яна Карабаева жооп берет.

Менин эмчегимдин учу жок, тактап айтканда, үрпү ичине кирип турат. Кантип чыгарууга болот? Анткени турмушка чыга электе учун чыгарып алууну көздөп жатам. Болбосо кийин балалуу болгондо эмизе албай калам го деп корком.

Элеонара, 25 жашта, Талас


– Эмчектин үрпүнүн ичке тартылып турушу эмчектин патологиясына кирет. Калыптагыдай эмчекте 20дан ашык сүт каналчалары бар. Алар эмчектин тереңинен башталып, үрптү көздөй созулат. Үрптө каналчалар байламталар менен кармалып турат. Эгер сүт каналчаларынын узундуктары жетишерлик болбосо, анда үрп ичке кирип калат. Мындай көрүнүш кыздардын 10-15 пайызында жолугат.Бул эстетикалык жактан жагымсыз болгондон тышкары эне баласын эмизе албай калат. Бала андай эмчекти соро албайт. Ичти карай тартылган эмчектин үрпүндө оору жаратуучу бактериялар топтолуп, эмчекти сезгендирүүсү мүмкүн. Кийин рактын жаралуу коркунучу да болушу ыктымал.
Эмчектин патологиясы эмчектин өсүп жетиле баштаган өспүрүм куракта байкалат. Андай кыздардын үрпүн турмушка чыга электе чыгаруу керек. Колдонулуучу ыкма – эмчекти коррекциялоочу шайманды (вакуумду) пайдалануу. Шаймандын бир нече түрү бар. Аны колдонуу врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. 2-3 аптада үрп калыптагыдай болуп чыкпаса, анда ошо бойдон калат. Кыздар кийин турмушка чыкканда баласын жасалма сүт менен азыктандыруусу керек болот. Экинчи ыкма — пластикалык хирургия. Мындай ыкма менен үрптү чыгарууга болот, бирок сүт каналчалары кесилип калгандыктан сүт чыгаруу касиетин жоготот. Муну көбүнчө жашы 35тен өтүп, эми төрөбөйм дегендер жасатат.




«ЭТЕК КИРИМ КЕЛГЕНДЕ ЭМЧЕГИМ ООРУЙТ»
– Этек кирим келерде эмчектерим салаңдап, оорлошуп оорутат. Суук тийгенби? Эмне кылышым керек?

Айжамал, 34 жашта, Бишкек


– Сиз жазгандай оору белгилери көптөрдө жолугат. Мындай оорутуу фиброздуу-кистоздуу мастопатиянын белгилери болушу мүмкүн. Эгер оорутуу этек кир алдында ай сайын кайталанып жана этек кир токтогондо оорутпай калса, анда гинеколог жана маммологго да көрүнүү керек.




«ЭМЧЕГИМДЕН САРГЫЧ СУЮКТУК ЧЫГАТ»
– Мен турмушка чыга элекмин. Эмчегим жакындан бери ооруксуп, анда-санда саргыч суюктук чыгып жатат. Бул оорунун белгисиби? Эмне оору болушу мүмкүн?

Гүлай, 32 жашта, Таш-Көмүр


– Бала эмизбеген кыз-келиндердин эмчегинен суюктук чыгышы, мейли, ал түссүзбү, агышпы, саргычпы, бул патологиянын, оорунун белгиси. Чыккан суюктукту цитологиялык анализден текшертип көрүү керек. Суюктуктун чыгышына гормоналдык бузулуу же ички сүт каналчаларынын сезгенүүсү шарт түзүшү мүмкүн. Андыктан дароо маммологго көрүнүү кажет.




«БАЛА ЭМИЗҮҮГӨ ЭМЧЕКТИ КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?»
– Менин 6 айлык боюмда бар. Курбуларым «төрөгөнгө чейин эмчегиңди туздуу суу менен жуушуң керек. Болбосо кийин бала эмизгенде учтары жарылып, канап, кыйналасың» дешти. Ушул туурабы?

Айнура, 26 жашта, Ош


– Кош бойлуу аялдын организминде гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп, эмчек чоңоёт. Андыктан аны кыспаган бюстгальтер кийүү керек. Эмчектин териси кийин жарылбашы жана үрпү кесилбеши үчүн контрасттык душ (бирде ысык, бирде муздак сууга тосуу) сунушталат. Бирок суу өтө муздак жана өтө ысык болбошу зарыл. Суунун температурасынын өзгөрүшү эмчектин кан тамырынын бирде кеңейип, кайра ичкерип турушун камсыздагандан улам эмчек, үрп чыңалат. Муну 7 ай болгондон кийин күнүгө 1 маал жасоо керек. Үйдө душ жок болсо, анда туздуу суу менен күнүгө жууса болот. Эмчектин терисин жана үрпүн чыңоо үчүн катуураак дене жышкыч менен эмчек кызара түшкүчө жышуу жана күнүгө 1-2 маал кол менен акырын укалоо (үрпүн да) талапка ылайык. Эмчек жарылбашы үчүн атайын крем, майларды сыйпоого да болот.




«МАСТИТ ЭКЕНИН КАНТИП БИЛСЕ БОЛОТ?»
– Мен бала эмизем. Жакындан бери эмчегим шишип, баланы эмизүү кыйындап жатат. Мастит оорусуна чалдыккан жокмунбу деп коркуп жатам. Мастит экенин кантип билсе болот жана аны кантип дарылап айыктырат?

Махабат, 21 жашта, Ош


– Мастит оорусуна бала эмизген аялдар кездешет. Мастит – бул эмчектин сүт бездеринин бактериалдык инфекциянын айынан сезгениши. Оорунун 95 пайызын алтын сымал стафилококк бактериясы, калганын эмчекте сүттүн туруп калышы (убагында эмизбөө же саап салбоо) козгойт. Инфекция эмчекке үрптүн кесилген, тытылган, кичине жараларынан кирип кетип, оору жаратат. Белгилери: дене табынын көтөрүлүшү, эмчектин канча бир бөлүгүнүн кызарып ысышы, кармаганда оорутуусу, эмчектин чоңоюп, шишиши. Оору өтүшүп баштаганда эмчектин ичи ириңдейт. Оор учурда гангренага айланат. Маститти дарылоодо антибиотиктер, оорутууну басуучу дарылар колдонулат. Оор учурда операция жана эмчектен сүттүн чыгышын токтотуучу дарылар сунушталат.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
KyrgyzstanBishkek
2019-05-21 10:14:41
Мен бияка неге кирдим
+6
Aibako937
2019-05-21 16:34:25
Урматту админ! Адистерге кантип суроо берсек болот?
+3
Buujan08
2019-05-22 09:56:30
Азыркы айымдарда эмчек рагы көбөйүп жатат, анын себеби бюстгальтерден дешет ошол чынбы
+1
Buujan08
2019-05-22 09:58:05
Менин кызым 7-8-9 айлыгында эмизип жүргөн убакта да көкүрөгүмдө катуу безге окшогон пайда болуп оорутчу
+1
Buujan08
2019-05-22 09:59:40
Көкүрөгүн кестиргендер да көбөйүп баратат, баланы эмчектен чыгарганданбы себеби?
+1
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан