ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-МАЙДАН 26-МАЙГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Буга чейин пландалган иштер артка жылып, үй тиричилигине байланыштуу пландар алдыга озуп чыгат. Бейшембини достор арасында өткөрөсүз. Эмгек өргүүсү, эс алуу боюнча варианттарды карап чыгып, акча тартыштыгы сизди ойлондурат. Өнөкөт ооруларыңыздын козголушун каалабасаңыз, бул апта ден соолугуңузду аярлаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Букачарлар үчүн бул апта маңыздуу жана кызыктуу өтөт. Конокко баруу үчүн аз күндүк эмгек өргүүсүнө чыгууга туура келет. Сак болуңуз, ишенип жүргөн адамыңыз алдап кетиши мүмкүн. Анын кылыгын жүрөгүңүзгө жакын албай, токтоо болуңуз. Апта соңунда жагымдуу сүйлөшүүлөр күтөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Сизден көп энергияны, күчтү талап кылган апта. Жумуш процесси чыңалып, убакыттын тардыгын сезесиз, үй-бүлө мүчөлөрүнүн колдоосуна муктаж болосуз. Аптанын экинчи жарымында жаңы таанышуу орун алып, анын аркасында жаңы идеялар жаралат. Ишемби, жекшемби бат өтөт жана жемиштүү болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Болбогон нерселер үчүн ачууланып, майда-баратка көп көңүл бурасыз. Жашооңузда бир нерсени өзгөрткүңүз келет. Бирок жылдыздар сизге жети өлчөп, бир кесип чечим чыгарууну эскертет. 20-21-майда бойдокторго келечектеги түгөйүн жолуктурууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, баамчыл болуңуз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Бул апта маанилүү жолугушууларды түшкө чейинки сааттарга пландасаңыз, жемиштүү болот. Айрым арстандарды түгөйүнүн жоругу таң калтырат. Бош убактыңызды өзүңүзгө кам көрүү жана соода жасоо менен өткөрөсүз. Дем алыш күндөрү маанайды бир аз түшүргөн окуяга кабыласыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта тынч өтөт. Алгылыктуу иш бүткөрүп кыйратпайсыз деле. Анткен менен көптөн бери ойлогон максаттарыңыздын бири ишке ашып, сүйүнөсүз. Бош убактыңызда хоббиңиз менен алектенүүгө, маданий жайга баш багууга, достор менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Апта соңунда жетекчилик менен араздашуудан абайлаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Убактыңызды текке кетирбей туура пайдалансаңыз, апта өз жемишин бермекчи. Эгер кандайдыр бир иштен баш тартууга туура келсе, ойлонбой эле баш тартсаңыз болот. Мурун пландаган сапарыңыз ишке ашат. Дем алыш күндөрү сүйүктүүңүзгө сюрприз жасаңыз, ал аны сөзсүз баалайт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Бул аптада сизге ийгилик жылмаят. Акча маселеси чечилип, 23-24-майда каржылык жактан толуктоолор болуп, чарба иштериңизди илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Маанайды көтөрүү үчүн каражаттын кайсы бир бөлүгүн өзүңүзгө жумшоону унутпаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаачылар үчүн каталардын үстүнөн иштей турган апта. Жакындардын кеңешине муктаж болосуз. Апта ортосунда балдарыңыздын жүрүм-турумунан улам жаралган маселе тынчыңызды алат. Дем алыш күндөрү жаратылыш коюнунда эс алууга шарт түзүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сүйлөшүүлөр, максаттарды ишке ашыруу жана табышуулар үчүн ийгиликтүү апта. Өтө таарынчаак адамдар да бул аптада сизди кечирет, эгер туура кечирим сурай алсаңыз. Акчаны сарамжалдуу колдонбосоңуз, апта соңунда акча тартыштыгы жаралат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Ашыкча кыймыл-аракет жасоодон абайлаңыз, кокустатып алуу коркунучу бар. Ак көңүлдүгүңүздү досторуңуздун бири пайдаланып кетиши мүмкүн, ачууга алдырбаңыз. Суук тийүү коркунучу бар, ден соолукту караңыз. Апта соңунда жаратылыш коюнунда эс алууну пландайсыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Кийин жасайм деп жылдырып келген жумуштарыңызды бул жумага пландасаңыз оңой жана жеңил бүтөт. Үй иштерин жасоодо, жаратылыш коюнунда эс алууда абайлаңыз, жаракат алуу коркунучу бар. Апта соңунда алыстан жагымдуу кабар угуп сүйүнөсүз. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 20-26-майга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан