Дайыр Исмадияров, ырчы: «УНААМДЫ УУРДАП КЕТИП, ТАЛКАЛАП САЛДЫ»

Дайыр Исмадияров жакында темир тулпарын уурдатып, анысы жараксыз абалда табылды. «Жакындарым муну көрө албаган бирөө уюштурду деп жатат. Эмне болгон күндө да 10 миң долларга алган унаам жарактан чыкты. Аны кылмышкер кайтарып береби-жокпу, белгисиз»,- дейт капаланган ырчы мырза.

«АПАМ 10 ЖЫЛ ЭНЕ БАКТЫСЫН КҮТКӨН»
– Апам балалуу болгончо чоң сыноодон өтүптүр. 10 жыл балалуу боло алышпай, атам апамды көрсөтпөгөн жер калбаптыр. Кудай буюруп 10 жыл дегенде улуу эжем төрөлгөн экен.
Апамды айылдаштары мурун «ревизор» деп коюшчу. Анткени төркүнүнө барганда баарын «тизип» коёт эле. Бала кезимде жеңелеримдин бири мени адашып сен деп алса, апам ордуна коюп койчу. Азыр апам 70ке чыгып, туугандардын төрүндө отурган балпайган байбиче болду. Апамдын жашы улгайганда туугандар атын да өзгөртүп, азыр «Отунбаева» деп атап алышкан.
Мен үйдүн кенжеси болгонум үчүнбү, апама аябай жакынмын. Апамдын сүйлөгөнүнөн маанайы кандай экенин билип турам. Былтыр жазында Оштогу медициналык борборго жаткырган элем. Алдын ала «мен Баткенге учуп жатам» деп чалып эскерткем. Орто жолдон биз түшкөн учактын кыймылдаткычы күйүп, чуу түшүп Бишкекке кайтканбыз. Дал ошол маалда апам сыналгыдан биз отурган учактын кырсыктаганын угуптур. «Жүрөгүм лакылдап сени жоготуп алгандай коркуп кеттим. Сага чалсам, телефонуң өчүк. Балам, мени аябай коркуттуң» деп апам ошондо ыйлаган эле. Негизи эле апам абдан сезимтал аял, кичинекей нерсе болсо деле жүрөгүнө жакын кабыл алып, ыйламай жайы бар.

«ЭКИ ЖЫЛ БИР ТЫЙЫН ТАППАЙ ИШТЕДИМ»
– Чыгармачылыкка жаңы киришкенде эч ким менден ырчы чыгарына ишенген эмес. Эки жылдай аракетимден жыйынтык чыкпай жүрдү. Ким болбосун эки жыл бир тыйын таппай иштеп жүрсө чөгүп кетет. Менде да ошондой абал болду, жан дүйнөм өчүп калды. Бирок эмгектенгенди калтырган жокмун. Ошондо жалгыз Канат Кадыржан мага ишенген. «Сенин тембриң өзгөчө, өзүңө тартып турасың. Мен сага ишенем, көрөсүң го, бир күнү сени бүтүн Кыргыз өлкөсү тааныйт» деди. Чынында анын сөзүнө деле ишенген жокмун.
Бирок экөөбүз иштешип баштаганда «Тутанбас сүйүү» аттуу ырым элге жакшы алынып, анын арты менен жер кыдырып концерт бердик. Андан кийин күтүлбөгөн жерден «Кара көзүм» аттуу ырыбыз хит болду. Ошентип калың журтка Дайыр Исмадияров деген жигит тааныла баштады.
Менин сахнага келгениме 10 жыл болуп калды. Бул аралыкта көп дос күттүм, жакшы-жаманды айырмалаганды үйрөндүм. Кыргыз шоу-бизнесинен өз ордумду таптым.

«КЫЗ-ЖИГИТ БОЛГОН БАШКА, ҮЙ-БҮЛӨ БОЛГОН БАШКА ЭКЕН»
–Жашоодо идеалдуу үй-бүлө болбойт деп ойлойм. Ал эми шурудай тизилген кооз жашоо кинодо гана болот. Келинчегим менен ажырашкандан кийин көп нерсеге көз карашым өзгөрдү. Айрым үй-бүлөлөр элдин көзүнчө бактылуу образ түзгөнү менен мамилелери «ит-мышык» экен, кээ бирлери такыр чогуу жашабай турганын билдим.
Мен деле үйлөнгөндө үлгүлүү жолдош, ата болгум келген. Жанара экөөбүз сүйлөшүп баш кошсок да, чогуу жашаганда келишпестиктер болуп кетти. Азыр гана түшүнүп жатам, ар бир үй-бүлө жаңы куралганда түшүнбөстүктөр болот экен. Болгону 3 жылдай чыдап койсо, өз нугуна түшүп калат тура. Үй-бүлөнүн бекемдигине эки тарап тең кызыкдар болушу зарыл экен. Балким, биз ошол нерсени ойлогон жокпуз, экөөбүз тең жетиштүү аракет кылбай койгондурбуз.
Азыр өткөн күндөргө көп саресеп кылам. Эгер кайра жаралсам, 20 жашымда үйлөнмөкмүн. Анткени анда байлык деле жок, эки тарап тең «үй алалы, унаа алалы» деп бир максат коюп, чогуу тытынат экен. Бирок ал кезде анда мен «кантип жашайм, үй-бүлөнү бага аламбы?» деп коркчумун. Азыр болсо баары бар, бирок үй-бүлө очогун түзүү кыйынчылык жаратууда. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп, азыр мамилеге кылдат карайм. Мурун кыздардын сулуулугун биринчи орунга койсом, эми адамдык сапатын баалап калдым. Көрсө, сырткы келбет турмушта экинчи, үчүнчү орунга жылып кетет экен.
Азыр жүрөгүмдүн ээси бар, анын чыгармачылыкка тиешеси жок. Ал мени ырчы катары эмес, адам катары баалайт.

«КЕЧИРИП КОЮҢУЗ, МАС АБАЛДА УНААҢЫЗДЫ УУРДАДЫМ...»
– 28-апрелден 29-апрелге караган түнү түнкү клубда эс алып жүрүп күрмөмдү таппай калдым. Биз отурганда улам ар ким келип учурашып жаткан. Көрсө, ошол балдардын бири күрмөмдү алып чыгып кеткен экен. Күрмөмдү кайда койгонумду билбей, унаамды карап көрөйүнчү деп барсам, унаам да ордунда жок. Дароо клубдун коопсуздук кызматына келип видеобайкоодон уурдаган баланы таптык. Кызматкерлер анын аты-жөнүн, сүрөтүнө чейин таап беришти. Бир саат өтпөй милиция кызматкерлери унаам жол кырсыгына кабылганын айтышты. Мен кичине жерин чийип кеткендир деп ойлогом, көрсө, унаам жараксыз абалга келиптир.
Жакындарым "муну сага өчөшкөн бирөө кылды" деп жатышат. Атайын кылыштыбы же кырсыкпы, түшүнүксүз. Кийин ал бала мага инстаграмдан «кечирип коюңуз, мен мас болуп унааңызды уурдадым. Мени каматпаңызчы» деп жазды. «Темир табылат, бирок мээнет менен тапкан унаамды жарактан чыгарыптырсың. Келип жолук же номериңди бер» десем ошол боюнча кабарсыз жоголуп кетти. 13-май күнү бул кылмышка шектүү кармалганын айтышты. Ага кандай жаза берилет, убакыт көрсөтөт.
Жарактан чыккан Тойота Камрини жарым жыл мурун 10 миң долларга алгам. Айрымдар «силерде акча көп го, жаңы унаа сатып аласың да» деп жазып жатышат. Ага деле мээнет кеткен, жер-жерлерде гастролдоп тыйынына чейин чогултуп тапкан акчама алган элем.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“10 миң долларлык унаамды уурдап, талкалап салышты” дейт Дайыр Исмадияров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Luna15
2019-05-20 09:44:25
Адамгерчилик деп суйлогон экен,озу биринчи адамгерчиликтуу болсо
+5
Missing-u
2019-05-20 11:43:58
Качан болсо куноону аялына оодарып коесун,аялын сага караганда 10 мин эсе жакшы адам,сага окшош ою женил болгондо эмгиче бироого тийип кетет эле. Ою жок болгон учун баланды да сурап койбой журосунда баары бар деп,кайсы аял жашайлы балабыз бар десен жок десин,баландын азыр эн ширин убагы жыргап жанында журсон болмок. Экинчи уйлонгонун сазайынды бербесе эле...
+13
Avrora2017
2019-05-20 17:05:33
Missing-u,озу грубый бала болуш керек бул аялы айтып журбоду беле интервьюсунда анан эки жуздууда окшойт, баарын аялына оодарып койгонуна караганда, бирок эмгекчил действительно тутунуп иштеген неме болуш керек
+5
bayana1987
2019-05-21 09:38:21
Missing-u,баланы сурап койбогонун сиз кайдан билесиз? же жубайысызбы? Сурап эле жаткандыр жардам берип жүргөндүр сизге отчет бербейт да.
-6
Missing-u
2019-05-21 15:49:41
bayana1987,аялын тааныйм ошого жаздым билбесем кайдан жазмакмын чын эле...
+3
Djal1987
2019-05-26 03:50:34
Missing-u,дайыр кыз бала менен мамиле кылууну билбейт бегимай менен да узаака барбады. Достошом деп. Достукка кыз балага мамиле кылуу ноль дайырда. За то озуно чан жугузбайт озунон чоон эле аялдар менен журо берсе жарашат. Бардык интерьюда бир сасытып коет аялдар жонундо. Биринчи интервью бергенде бир кызды жамандап келген. Мамкин сыночек экени корунуп турат. Мунусунда машине жонундо соз сураса женелеримди апам ордуларына коюп койчу дептир. Келинге деле кордук корсотсо керек апасы.
+1
jikitai
2019-05-20 15:34:05
Апасы кайнеже болуп келиндерин барып алып сапырганынын эмнесин мактанат.
+9
vikidiki
2019-05-20 15:47:53
jikitai,Оз келининин жанын койду дейсинби?
+14
jalgyzym...
2019-05-20 17:06:42
Сулуулугун чайга кошуп ичесинби азыр адамгерчиликтуу акылдуу адамдарды баалаш керек унаа дунуйо байлык табылат а бирок ден соолук анан омур кайра жаралгыс озун эчнерсе болбопсун суйуно бер
+1
katerina.li
2019-05-20 17:53:21
Билбейм эмне дешти. Кудай кырсыктан сактасын дечу,бирок ушу баланы нежалко. Качан корсон эле жалжактап жургону
0
daniel87
2019-05-21 16:15:13
Урматтуу айымдар жана мырзалар мекендештерим бироонун уй булоосу чытырман токой! Эч кимдин жеке турмушун а киришкенге, айтканга, жазганга да акысы жооок! Бул Дайыр менен келинчегинин чечими, бизге лично мага булардын бактылуу болгону гана жетиштуу! Ар кимибиз жеткен акылыбызды озунду жана уй булоондун бактылуу жашоого, турмушка, жакшы кундорго кетирели жана аракет кылалы! Дайырга чыгармачылык ийгилик, бактылуу турмуш, бакубат жашоо каалайм! Ар бир инсан бакыт даамын татканга акысы бар!
-2
Adi010891
2019-05-21 16:20:34
Ушул бала гей эмесби
+3
al79mi
2019-05-22 14:28:58
Adi010891, чет олколоп "жалгыз" коп журот го.........
0
al79mi
2019-05-22 14:28:14
Жыргатып хит болуп кеткен бир ыры деле жок, саны бар сапаты жок ырчылардын катарын толуктап жургон эле бироо чынында. Анан деле мактанганын койбойт.
+3
bektemiroff994
2019-05-26 03:34:09
Жалгыз журсо, бироого кандай мамиле кылат силерге эмне, анын да озунун башы бар, акыл эси бар, озу ойлоно да кимге кандай суйлоорун, кимге кандай мамиле кылаарын, туугандар койгулачы ушундай жаман кылыгынарды бироону жамандатып, сындатып эле койсо, баары эле лидер болгусу келет,адам болоюн деген эч ким жок (
0
Djal1987
2019-05-26 03:39:04
Апан женелеримди ордуна коюп койчу деп мактанганын.Дагы деле ким экенинди билдирдин.Бывшая девушканды(таластык)кийин аялынды женелеринди деги эле апандан башка айымдарды кемсинтип томонго тээп интервью берип эч жакшылык корбойсун.Инстада башка сайтарда сени да адам катары корбой ой пикирлерин калтырышат.себеп сенин суйлоор созун билбегенинде.Жанарага уйлонуп ажырашканын сенин эн чон кунон.Анан апана айтып кой женелеринди местасына койгонго укугу жок.Ал зоокурдук сапат.Женелерин сени сиз дегенге
0
Djal1987
2019-05-26 03:44:48
Djal1987,милдеттуу эмес. Бут эле интервьюда аялдарга бир тийишип аласын да абийиринди озун тогосун. Элдин кыжырына тийгендер узаака барбайт. Сыйын кетет.илгери хайп болом деп бир кязды жамандап супер инфодоабийрин кетпеди беле ошондон бери копчулук эл суйбойт сени. Адамдын итиркейин келтирип турасын. Бироонун кызын кемсинтсен оз апанды ойло. Чынын айтсам сени эч ким врчы катары деле корбойт унун хит ырын жок. Озунду мактагандан башка пацдан жок
0
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан