ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВАНЫ КИМ СОТКО БЕРДИ?

Редакциябызга Айзада Рыскулова аттуу айым Шубин атындагы музыкалык мектептин директору Гүлзинат Суранчиевага карата нааразычылыгын айтып кайрылды. Анын айтымында, музыкалык мектептин мугалимдери уулун сынактан өткөрбөй коюшкан. Чырдашкан эки тарап менен байланышып, ар кимдин өз чындыгын угууга аракет кылдык.

Айзада Рыскулова:
«БАЛАМДЫ ОКУУГА ӨТКӨРБӨЙ КОЮШТУ»

– Былтыр 5-майда Нурсултан деген уулумду Бишкектеги Шубин атындагы музыкалык мектепке окуталы деп документ тапшырганбыз. 50 сом комиссиясын төлөп, алдын ала репетициядан өткөнбүз. Баары көңүлдөгүдөй болуп, сынакка келиңиздер дешкен. Сынак маалында мектепке келсек, уулум тизмеде жок экен. Окуучуларды кабыл алган Абдуллаева деген мугалимге «бизди тизмеден карап коюңузчу, качан киребиз?» десем, «силер документ тапшырдыңар беле?» деп кайра менден сурайт. «Биз алдын ала тест тапшырып, комиссиянын акчасын төлөгөнбүз» деп кырдаалды түшүндүрдүм. Ал «сиз эмнеге чуу салып жатасыз?» деп үнүн катуу чыгарганга өттү. «Былтыр биз сынакка кирбей калганбыз. Тапшыруучулар көп болгондуктан, сарсанаа болуп жатам» дедим. Кийин мектептин директору Гүлзинат Суранчиевага жолугуп, «тизмеде жок экенбиз, ошондон түшүнбөстүктөр болуп жатат» десем, «баары бизди күнөөлөй беришет» деп кабинетине кирип кетти.
Ошону менен эртеси директорго кайра кирип, Абдуллаеванын жоругун айттым. «Сиз эмнеге үнүңүздү катуу чыгарып жатасыз? Бул деген элиталык мектеп. Биз Италиядан 2-орунду алып келгенбиз. Бишкекте 25 музыкалык мектеп бар, ошол жакка бара бергиле» деп кыйкырып кирди. Мен ошол кездеги акыйкатчы Кубат Оторбаевди жакшы тааныйм. Ал кишиге чалып абалды түшүндүрдүм. Анын жардамчысы милиция кызматкерлерин чакырды. Алар келип, «Рыскулованы баласы менен эч жакка алып кетпейсиңер. Бала сынакка кирет» деп айтышты. Бирок сынакка киргенибиз менен, мугалимдер балама «жөндөмүң жок» деп айтып, кулатып коюшту. Балам ал кезде Республикалык психикалык ден соолук борборунда дарыланып жаткан. Кийинчерээк дагы эки милиция кызматкери келди, аларды көрүп коркуп кетип уулум карышып калды.
Бизди басынтканы үчүн Гүлзинат Суранчиеванын үстүнөн сотко арыз жаздым. Жакында бул боюнча маалымат жыйын да өткөрөм.

Гүлзинат Суранчиева, ырчы:
«АЙЗАДА РЫСКУЛОВА МЕКТЕПТЕ ЧУУ САЛДЫ»
– Жыл сайын биздин мектепке тапшырганы 500дөй бала келет. Баарын бир күндө кабыл ала албайбыз, андыктан топ-тобу менен күндөргө бөлүп коёбуз. Ата-энелерге алдын ала баласы кайсы күнү саат канчада келери тууралуу маалым кат берилет. Тизме боюнча Айзада Рыскулованын уулу 5-май күнү кирмек. Бирок ал кагазды жоготуп алат да, 4-май күнү келип, «эмнеге биз тизмеде жокпуз?» деп чуу салат.
Таттыгүл Абдуллаева тизмени карап, «эртең келесиз» деп түшүндүрүп айткан. Ага карабай Рыскулова «силер менин ким экенимди билбейсиңер. Менин атам мыкты журналист. Мен азыр акыйкатчыга чалам. Канча адам менен соттошком, түрмөгө отургузгам. Мектептин бардык мугалимдери менин бутума келип чөгөлөйсүңөр» деп опузалап кирет. Пенсия жашындагы вахтада отурган байбиченин столун ургулап кыйкырып киргенде ата-энелер «биздин балдарыбыз коркуп, сынакка залакасы тиет. Маселени батыраак чечпейсиңерби?» деп нааразы болуп башташты. Ошондо милиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болдук.
Балдар мекемеси болгондуктан, этикалык жүрүм-турум нормалары бар. Айзада Рыскулова эрежени бузуп, мектепте катуу чуу салып, жумушубузду үзгүлтүккө учуратканы үчүн милиция кызматкерлери чыгарып кетишкен.
Анын баласы 5-май күнү сынакка кирген. Кийин билингендей, ал ошол күнү эле «комиссиянын чечимине макул эмесмин» деп маданият, маалымат жана туризм министрине арыз жазыптыр. Сынактын жыйынтыгы 18-июнда гана чыккан. Арыздын негизинде көз карандысыз конфликт комиссиясы түзүлүп, 13-июнда Айзаданын баласын кайра сынакка киргизип, «баланын табияттан музыкага жөндөмү жок» деген чечим чыгарып, мага көчүрмөсүн берип кетишкен.
Жарым жыл өткөн соң акыйкатчыга чакырышты, андан кийин милиция кызматкерлери, прокуратурадан, Президенттик аппараттан текшеришти. Баарына көз карандысыз комиссиянын чечимин, окуяга күбө болгон ата-энелердин аныктама катын алып барсам, бир кароодон ишти токтотушкан.
Баланын ооруганы боюнча, мектепке тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө баланын медициналык справкасы талап кылынат. Эгер уулунда Айзада Рыскулова айтып жаткан коркунучтуу диагноз болсо, бала бизге cынакка киргизилбейт болчу. Анын медициналык справкасында ден соолугу чың деп жазылып турат.
Биз эч кимдин укугун тебелеген жокпуз, ал бир нече жолу далилденди. Ошентсе да Рыскулова биздин үстүбүздөн арызданып райондук сотко кайрылды.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Kamchybek-007
2019-05-20 15:29:23
Рыскулова ошондой аял акча сурайт соттошуп эле жүрөт
+11
vikidiki
2019-05-20 16:05:31
Адамдар эмне болуп баратат азыр? Менин укугум деп эле корунгон эшикти жыртышып.
+7
karona12
2019-05-20 18:21:49
Бир жерде иштеген таанышы болсо эле болду ошого айтам деп баштамай)).Акыйкатчы таанышым деп чуу кылган аял уят эле .
+6
KaGaH
2019-05-21 09:57:24
Рыскулова ошондой аял дура
+5
ainura220888
2019-05-21 16:55:47
Акыйкатчыга сразу чалса баласы оорукчан болсо тобоо тынч эле журбойбу Алладан коркуп
+6
katerina.li
2019-05-23 10:05:01
Шыр эле биринчи орунду мага бергиле деп койбоптур анча болду
+1
katerina.li
2019-05-23 10:06:32
Айзада деген аялга ишенген жокмун
0
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан