Телеалпаруучу, ди-джей, ырчы, тамада Назира Кадыева жакында эле жол кырсыгына кабылганын жана ал сүзүп алган унаанын ээлери тарабынан сабалып, укугу тебеленгенин айтып чыкты. Эмесе, окуя тууралуу Назира айымдын өз оозунан уксак.
– Саламатсызбы, Назира айым? Cизди телеалпаруучулукту, тамадалыкты жана ырчылыкты чогуу алып жүргөн айым катары билебиз. Иштериңизде, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?
– Саламатсыздарбы? Ырчылык жактан айтсам, элдин кулагына жете турган жакшы ырларды издеп жүрөм. Бир нерсени профессионалдуу түрдө жасаш керек деп ойлойм. Ошондуктан азыркы учурда вокалдан сабак алып жатам. Ырчылыктан тышкары алпаруучулук менен алекмин.
– Жакында эле жагымсыз окуяга кабылдыңыз. Окуя тууралуу өз оозуңуздан уксак...
– 1-май күнү кечки саат 22:00 чамасында Ак-Өргөөнү көздөй тойго ырдаганы бара жаткам. Гагарин көчөсүнөн Тойота Хайландер үлгүсүндөгү бир унааны артынан сүзүп алдым. Ал унаа өзүнүн короосуна бурулуп токтогон экен. Унаанын арты бир метрдей жолго чыгып калыптыр. Мен сүзгөн унаадан бир киши башын кармап түшүп арткы эшикти ачты. Артынан бир эже түштү. Айдоочусу жаш жигит экен. Алгач адамдар жабыркап калдыбы деп эсим чыгып чочуп кеттим. «Жакшысыздарбы?» деп эле сүйлөшүп калдык. Үйдөнбү же машинеден чыктыбы, бир жаш кыз чуркап чыгып «Тез жардам» чакырды. 5 мүнөттөй убакыт өткөндө артыбыздан кара Рендж Ровер келип токтоду. Андан 30 чамасындагы бир жигит чыгып мени сабап жиберчүдөй болуп «Сен айдаганды билбесең эмнеге рулга отурасың? Көзүңдү ачып айдабайсыңбы» деп опузалап кирди. «Кырсык болду, көрбөй калдым» деп айтсам болбой эле мени сөгүп баштады. Анан мен «үнүңдү басаңдатып сүйлөйсүңбү, атайын кылган жокмун» дедим. Ал сөзүм тиги унаадан түшкөн жүргүнчү аялга жакпай калды. Көрсө, тиги бала ал аялдын уулу экен.
Ал аял «менин балама жооп кайтаргыдай сен кимсиң?! Мен сага көргүлүктү көрсөтөм, колуңдан эмне келмек эле, балама жооп кайтарганыңа өкүнөсүң» деп эле орусчалап оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, мени унаага такап алып муунтуп баштады. Мен болсо нес абалында турам. Ал аял темирге деле ичи ачышкан жок, баласына жооп кайтарганымды жактырбады. «Бул артист турбайбы» деп абийириме шек келтирген көп сөздөрдү айтып, кийимимди жулмалап, тытып жатты. Ал сөздөрдү айтпай эле коёюн, уялып жатам. Алар көп, мен жалгыз элем. Күйөөсү менен баласы арага түшсө да болгон жок. Тескерисинче, аларга «Эркексиңерби, муну чаап салбайсыңарбы!» деп жатты.
Ал аял күйөөсү экөө тойдон келатышыптыр, экөө тең кызуу экен. Эмне кыларымды билбей, бир маалда эсиме келип жолдошума, кесиптештериме чала баштадым. Кесиптештериме калп эле «келатасыңарбы, камераны ала келгилечи» деп койсом, ошондо гана тиги аял өзүнө келгенсип калды. Болбосо эмне кылмак, билбейм. Анан мен тигилердин мага кол көтөрүп, сөккөндөрүн уюлдук телефонума тарта баштадым. Ошол маалда баласы колумдагы телефонумду жулуп алып, ичиндеги мен тарткан видеолордун баарын өчүрүп салды. Анын менин жеке мүлкүмдү жулуп алууга кандай укугу бар?! Андан жалдырап сурап отуруп телефонумду алдым. Бир маалда «Тез жардам» кызматынын унаасы келди. Врач мени кароодон өткөрөйүн десе «Тез жардам» унаасына киргизбей, сумкасы менен койгулап жатты. Аз өтпөй жолдошум келди.
– Ал адамдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында иштейт деп аттарын да атап жаттыңыз эле...
– Ооба. Кийин сураштырсам, тиги аял биздин айылдын келини болуп чыкты. Аты-жөнү – Венера Макеева. Көп жылдан бери Чүй облустук Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында эсепчи болуп иштейт экен. Ал эми анын баласы Урмат Кубатбеков деген Бишкек шаардык Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында опер кызматкер экен.
– Азыркы тапта окуя кандай уланып жатат?
– Жолдошум «Сен күнөөлүү экенсиң, унаасын төлөп берели» деди. Эртеси күнү тиги байке «Назира, бир айылдан экенбиз, кечирип кой. Сага сөзүбүз да, колубуз да тийди. Кечээ кызуу элек, кызуу кезде эмнелер гана болбойт?» деп бир ооз чалып кечирим сурайт го деп күттүм. Бирок алар чалбаган соң «унааңызды алып кетип оңдотуп берели» деп чалдык. Алар айдоочусун жиберген экен. Айдоочусуна Урмат деген баласы бир унаа оңдоочу жайды айтып, «ошого алып баргыла» дептир. Жолдошум кеткен. Барышса ал унаа оңдоочу жайдын тейлөө кызматтары башкалардыкына салыштырмалуу кымбат экен. Урматка чалып «сенин кызыкчылыгың бар унаа оңдотуучу жайга эмес, экөөбүз тең тааныбаган жерге оңдотолу» десек болбой койду. Шаардык МАИ кызматында иштеген тааныштарымдан сураштырсам алар «атайын унааны текшерип, канча каражатка оңдоло турганын баалап берген жай бар. Ошого текшертсеңер болжолдуу канчага оңдолорун айтып беришет» дешти. Урматка айтсам «оңдотсоңор ушул жактан оңдоткула, болбосо арыз жазам» деп менин үстүмдөн арыз жазып салыптыр. Мен дагы 2-майда сабалганым боюнча алардын үстүнөн арыз жаздым. Өткөндө унаанын ээсине жолуктум. Билген кишилер 400-500 долларга эле оңдолот дешкен. «Байке, 30 миң сом бар, ошону берейин, тосмо арыз жазып бериңиз» десем макул болбой койду. Анан кайра «сен дагы сабалганың боюнча арызыңды ал, анан мен жазып берем» деп баштады. «Байке, сиздерден темир үчүн мен кечирим сурадым. А сиздер менин укугумду тебелеп, сабаганыңар үчүн келинчегиңиз бир ооз кечирим сураса жазып бермекмин» десем, «Сенден жата калып кечирим сураш керекпи?» дейт кайра кекетип. «Адамча сураңыздар» десем «билгениңди кыл» деп кетип калды. Азыр иш каралып жатат. Мен негизи ортодогу 500 доллардан качкан жокмун, болгону укугумду коргоюн дедим.
– Экинчи тарап «кол көтөргөн эмеспиз» деп жергиликтүү маалымат булактарынын бирине сиздин айткандарыңыздын баарын төгүндөптүр.
– Менин тарткан видеолорумду өчүрүп салган да. Бирок ошол арыз жазган күнү эле соттук медициналык кароодон өткөм. Денемде жаракаттар бар экендигин экспертизанын жыйынтыгы далилдейт. Мени өкүндүргөнү, акчасы бар, мансап күткөн адамдар карапайым адамдардын укугун тебелеп, аларды көз жаздымда, көңүл сыртында калтыргысы келе берет. Мага андай мамиле жакпайт! Эгерде бул окуяда мен эмес, тагыраагы, журналист эмес, башка айым же студент кыз болсо унчукпай эле, укугу тебеленип калмак го деп ойлойм. Эгер ал аял мансабына таянса, мен өз укугумду билем жана коргой алам. Акырына чейин күрөшөм. Азыр акыйкат үчүн күрөшүү аябай оор. Өзгөчө мансабы бар, жогорку кызматтагылар менен күрөшүп, акыйкат табуу кыйын.
– Коомдогу аял кишинин орду, укугу кандай?
– Ошол аялдан кийин бир нерсени байкадым. Көп акча тапкан аял өктөм сүйлөп калат экен. Аялдын көпкөнү жаман тура. Муну менен аны көпкөн эле аял экен деп айткым келип жатат. Жашырган менен болобу, азыр аялдар мырзаларга караганда күчтүрөөк болуп баратабыз. Аялдардын моюнуна көп түйшүк үйүлгөн. Аял жумушта ийгиликтүү, үйдө камкор апа, жароокер жар болушу керек. Ошол нерсенин баарын бирдей алып кетиш керек. Бир чети аялдар буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Жоопкерчиликти эркектерден өзүбүз талашып алуудабыз. Бизди эч ким иштеп акча тап дебесе деле өзүбүз чуркап кетип жатабыз. Бирок миң кыйын болсоң да адамгерчиликтүү бол, адам бол!
– Жолдошуңуз каякта иштейт? Чыгармачылыгыңызга, ишиңизге, сизге кантип колдоо көрсөтөт? Же «үйдө эле отурсаңчы, үй-бүлөнү мен эле багам» деп айткан күндөрү болобу?
– Жолдошум Ички иштер министрлигинде иштейт. Мени ар дайым колдоп келет.
– Балдарыңыз чоңоюп калдыбы?
– Балдарым чоңоюп жатышат. Уулум Акназар 1-классты, кызым Акмарал 5-классты бүтүп жатат. Ошол күнү да балдарым кечке чалышып «Апа, жакшы элесиңби?» деп сарсанаа болуп жатышты.
Биз Назира айымдын маеги боюнча экинчи тараптын да пикирин билүү үчүн кайрылганыбызда комментарий берүүдөн баш тартышты.
Асхат Субанбеков
star@super.kg