БИР БҮРКҮМ. МУРДАГЫ САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ КАМАККА АЛЫНДЫ...
Кытай Кыргыз милициясына 4 миллион долларлык материалдык-техникалык жардам көрсөтөт.
Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын кызматтык мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу анын ордуна судья Азамат Алыбаев шайланды.
Ош шаарында мыйзамсыз иштеген кумарканалар боюнча иликтөө жүргүзүп жүргөн маалда "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду сабап кетишти.
Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматын түзүү боюнча сыноо долбоору ишке ашырылат. Долбоор үчүн бюджеттен 381 миллион сом бөлүнөт.
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева камакка алынды.
Быйыл Энелер күнүнө карата 1135 эне «Баатыр эне» ордени менен, 470 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.
Ош шаарында мектеп окуучуларынын жол акысы 5 сомго көтөрүлдү. Буга чейин мектеп окуучулары коомдук транспортко 1 сом төлөп келишкен.
Кыргызстанда 2018-2019-окуу жылын жалпы 11-класстан 65 миң окуучу аяктайт. Ал эми артыкчылык аттестат алуу үчүн жалпы 1044 окуучу тесттен өттү.
Быйыл Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 85 жылдык мааракеси белгиленет.
Жалал-Абад облустук соту парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковду 7 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарды.
Өлкө аймагынан чыгып кеткен Москва районунун мурунку судьясы Марлес Феликске издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов көмүскө кумарканалардын иштешине милиция кызматкерлери өздөрү кызыкдар экенин айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.