Ырчы Сайкал Садыбакасова соңку учурда чыгармачылыкка билек түрө киришип, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырууда. Ырчы айым жакында эле жарыкка чыккан “Сени тандадым” аттуу ырына клип тартуу учурунда жагымсыз окуяга дуушар болгон. Ал тууралуу өз оозунан уктук.
“Клип тартуу учурунда жагымсыз окуяга туш болдум. Тагыраагы, шиш такам таштардын арасына кыпчылып калып кулап түшүп, башым жарылды. Баш мээм катуу чайкалган экен. Ооруканага жаткан жокмун, барып жарылган жеримдин терисин тиктирип, дарыларды жаздырып алып үйдөн эле дарыландым. Ошол маалда Ошто “Түрксой” уюму уюштурган концерт болуп жаткан, 2 күндөн кийин ал жакка барып билдирбей ырдап, андан соң курбум, ырчы Айтурган Эрмекованын үлпөт тоюна катышып келдим. Азыр абалым жакшы, баары сонун. Буюрса, “сюрприз” менен тартылган ошол клипке жакын арада күбө болосуздар”,- дейт Сайкал.