БЕЛГИЛҮҮ АКЫН БАКТЫГҮЛ ЧОТУРОВА МЕНЕН ГЕНЕРАЛ-ЛЕЙТЕНАНТ КАЛМУРАТ САДИЕВ БАШ КОШУШТУ

14-май күнү акын Жыпара Исабаева интернеттеги жеке баракчасына: “Куттуктайбыз! Кандай жакшы! Досторум, кымбаттуу поэзия күйөрмандары, кыргыз элим, жакшы жаңылыгым бар.

Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам бир аалам болуп, эки дүйнө-бир дүйнө болуп биригип, мелмилдеген, мелжиген бир улуулукту жаратып, уккан кулакты, көргөн көздү кубантып турган чагы.

Кыргыз элинин чыгаан уулу, генерал-лейтенант Калмурат Садиев агабыз менен кыргыз поэзиясынын белгилүү акыны Бактыгүл Чотурова эжебизди тагдыр кошту. Элдин эки асылы, бар болуңуздар, дайыма бирге болуңуздар! Балдардын бактысын, урмат-сыйын бирге көрүп, бактылуу болуңуздар!

Жезделүү болгон кандай жакшы!”- деп жазып, сүйүнчүсү менен бөлүштү.

Биз Бактыгүл Чотурова айымды куттуктап байланышканыбызда жогорудагы маалыматтын чын экендигин тастыктады.

Элибиздин эки белгилүү инсанына бакыт каалайбыз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
voennyi88
2019-05-20 11:46:37
Кандай соонун жанылык. Куш боонуз бек болсун жолдош Генерал!
+7
Sayragul
2019-05-20 11:57:24
Бактылуу болушсун. Сонун жанылык.
+4
Shaa-82
2019-05-20 13:38:39
Экоо окшош экен.
+4
ainura220888
2019-05-20 13:42:21
Молодец генерал экен бул байкеден башка бироо болсо жаш аял алмак. Бактылуу болушсун
+11
trabzon11
2019-05-21 16:58:51
ainura220888,алса болбойт экенби.
-3
momun74
2019-05-20 14:47:35
Озуно тен аял алса кобурашып эрчишип жакшы жашайт жаш аял алса жалдырып козун карап омуру бушайманда ототда албете жаш аялдардында тушунуктуу акылдуулары болот бирок аз
+13
Kamchybek-007
2019-05-20 16:06:50
Карыганда калжандап деп ушуну айтат
-14
Dalil
2019-05-21 19:08:26
Kamchybek-007, карыганда түшүнөсүн аларды. Аларда ыссык жан. Жалгыздык бир кудайга жарашат. Карыса да жалгыз жүрбөй көңүлдөрү туура келсе үйлөнгөнү туура. Бактыгүл айымдын поэзияларын гезиттен окуп калгам студент кезде. Аябай маанилүү жакшы жазган калеми курч акын. Бакыт каалайм. Куш боосу бек болсун!
+6
biznes
2019-05-21 09:56:45
Бизге жезде болуп калыптыр
0
aiba_00
2019-05-22 09:57:31
Генералдын мурунку аялы кайда эле? Тиги акын эженин да куйоосу жок беле?
+3
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан