МИГРАНТТЫН 2 ЖАШАР КЫЗЫ ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮНДӨ. САБАЛГАНБЫ? ЖЫГЫЛГАНБЫ?

Кайрадан мигранттардын балдары көңүл чордонунда. Миграциянын кесепети тууралуу коңгуроо каккан наристелердин үнүн угуу үчүн бизге дагы эмне керек? Коомчулук ушул суроону салып кейийт. Бул ирет 7-майда апасы Орусияда иштеп жүргөн 2 жашар наристе Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эсин жоготкон абалда түштү. Дарыгерлер кыздын абалы күндөн-күнгө начарлап жаткандыгын, айыгып кетүүгө үмүт аздыгын айтышууда. Кызды багып жаткан таенеси анын кулап кетип ушундай абалга кабылганын айтса, дарыгерлер “кулаганда жаракаттар башкача болмок” деп жатышат. Наристени мындай абалга ким жеткирген? Окуяны учурда милиция кызматы иликтеп жатат.

“КЫЗДЫН АЙЫГЫП КЕТҮҮСҮНӨ ҮМҮТ АЗ”

Кыз ооруканага эсин жоготкон абалда түшкөн. Анын ошол кездеги жана азыркы абалы тууралуу Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар дарыгери Бахадыр Муратов айтып берди:

– Наристе ооруканага оор абалда, башынан бутуна чейин көк ала, эсин жоготкон абалда түшкөн. Көк ала тактардын эскилери да бар экен. Өзү дем ала албай жаткандыктан дем алдыруучу аппаратка жаткырдык. Бизге түшкөндөн бери дарылап жатабыз. Бирок баланын мээси декортикация (баш мээнин иштебей калышы) болуп калган. Анын айыгып кетишине үмүт аз. Абалы күндөн-күнгө начарлап жатат. Кыздын таенесинин айтымында, кыз бир жума мурун үйдөгү тепкичтенби же чарпаяданбы жыгылыптыр. Бирок жакшы эле жүргөн экен. Анан ооруканага түшкөн күнү да жыгылыптыр. Бирок жыгылган менен кол менен ургандын айырмасы бар. Жыгылганда башкача жаракат алат. Көргөн врачтардын баары эле сабалганын айтып жатышат.

“КЫЗДЫН КУЛАП КЕТКЕНИН КОШУНАЛАРЫ ДА ТАСТЫКТАП ЖАТЫШАТ”

Аталган факт боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди:

– 7-май күнү Сузак РИИБине Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын жаш балдарды кайра жандандыруу бөлүмүнө 2 жаштагы кыз оор абалда түшкөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн. Билдирүүнүн негизинде ыкчам-тергөө тобу ооруканага барып, окуя тууралуу маалымат топтошкон. Кыздын таенеси небересинин жыгылып кеткендигин билдиргендиктен алгач кыз кокустуктан мындай абалга келген деп табылган. Бирок окуя ошол эле күнү кайра иликтөөгө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы чыга элек. Таенеси кызга өгөй болот экен. Анын айтымында, өзүнүн 8 айлык баласын карап отурганда бул кыз үйгө кире бериштеги тепкичтен кулап кетиптир. Анын кулап кеткенин кошуналары да тастыктап жатышат. Учурда тергөө жүрүп жатат.

“ТАЕНЕ 4 НЕБЕРЕНИ БАГАТ ЭКЕН”

Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Асанова үй-бүлөнүн абалы туурасында буларды билдирди:

– Бул окуя боюнча бизге да кабар жеткен. Интернетке тараган видеодо кыздын таенеси наристенин кулап кеткендигин жана 1-2 ирет кол көтөргөндүгүн айтып жатат. Социалдык кызматкерлер айылдык ФАПтын медицина кызматкерлери менен биргеликте 9-май күнү Сузак районундагы Көк-Арт айыл аймагынын Комсомол айылындагы кыздын таятасы Орозбек Исаев менен таенеси Нурайым Тойчубековалардын үйүнө барып абалы менен таанышты. Кыздын 7-класста окуган таякеси анын чарпаядан кулап кеткендигин айтып берди. Алардын тууганы болгон кошунасы да кыздын чарпаядан кулап кеткендигин айтты.

Бул үйдө ооруканага түшкөн кыздын 5 жаштагы эжеси да жашайт. Алар мигранттын балдары катары бизде каттоодо. Апасы атасы менен ажырашып, Орусияга кеткен. Атасы балдарына каралашпайт, таенеси аларга өгөй. Үйдө үй ээлеринин 3 баласы жана 4 небереси багылат. Үй-бүлөнүн жашоо деңгээли орто.

Биз кыздан кабар алып жатабыз. Мунун кокустук эмес экенин айтып, ишти тыкыр иликтеп берүүлөрүн өтүнүп райондук жана облустук прокуратурага арыз жаздык.

“КЫЗДЫН АБАЛЫН КӨРГӨНДӨН БЕРИ ТҮНДӨ УКТАЙ АЛБАЙ ЖАТАМ”

2 жашар кыз сабалып ооруканага түштү деп укканда ошол эле ооруканада баласын дарылатып жаткан 21 жаштагы Каныкей Азаматова кыздын абалы менен таанышып, ага материалдык жардам бергенин айтат. Ал кыздын абалы өлкөдөгү жалгыз бой аялдардын маселесине көңүл бурулушу керектигин билдирип жатканын белгилейт.

– Мен 9 айлык кызым менен ооруканада жаткам. 7-май күнү палатага бир эже келип, оорукананын кабылдамасына 2 жашар кыздын оор абалда түшкөнүн көрүп калганын айтты. Аны угуп шыр эле жандандыруу бөлүмүнө түштүм. Врачтардан суранып кирип, кызды көрүп чыктым. Баланын бети-башы, денесинин баары, моюну, өзгөчө сандары көк ала экен. Мен көк ала тактарды көрүп чымчыган же таяк менен урган деп ойлодум. Кыз 2 жашта дешти. Бирок ал кичинекей, арык болгондуктан аны көргөн киши бир жашта деп ойлойт.

Медайымдардан эмне керек экенин сурасам, пижамасы, дагы башка керектүү кийимдери жок экенин айтышты. Анын баарын сатып келип берсем, бир маалда пайда боло калган кыздын таежеси “биз жардамга муктаж эмеспиз” деп кийимдерди ыргытып салыптыр. Ал таежеси "кызды эч ким урган эмес" деп биз менен урушуп кетти. Таежесинин колунан телефонду жулуп алып кыздын апасынын номерин жазып алдым да, ага байланыштым. Ал Орусияда иштейт экен. Кеткенине жарым жыл болуптур. Апасы “13-майда бир документке кол коюп кетишим керек. Ошондо гана бара алам, анткени айдын аягында айлыгымды беришет. Ага чейин акчам жок болуп жатат” деди. Ага бир фонд учакка билет алып берди. Мен да бир кайрымдуулук фонддо ыктыярчымын. Ошол фонддун атынан элден акча топтодук. Апасы келгенде каражат керек болсо, жардам беребиз. Мага кыздын апасы да бир нерседен коркуп жаткандай сезилди. Ал мага “азырынча эч жакка арыз жазбай, эч кимге эч нерсе дебей тургулачы. Апамдын колунда менин 5 жашар кызым дагы бар. Ал кызыма залал келтирсе эмне кылам? Барып, кызымды алгандан кийин өзүм чара көрөм” деди.

9-майда мен кирип көргөндө кыздын мурдунда гана бир эле түтүк бар болчу. Колдору ачык эле жаткан. Кийин кыздын жүрөгү бир ирет токтоптур. Көздөрү шишип кеткендиктен азыр көздөрүн да бинт менен жаап коюшуптур.

Бул кызды көргөндөн бери түндө уктай албай жатам. Жалгыз бой энелердин ушинтип балдарын таштап кетүүгө мажбур болуп жатышканы мени аябай ойлондурат. Буга жумушсуздук себеп. Мамлекет жок дегенде жалгыз бой энелерге жарытарлык жөлөк пул берсе жакшы болмок. Жөлөк пул жок эмес, бар. Бирок суммасы күлкү келтирерлик, 800 сом. Ал эмнеге жетет?

“ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕЛЕРДИ БАЛДАРЫН ТАШТАП КЕТПӨӨГӨ ЧАКЫРАТ ЭЛЕМ”

– Мен жалгыз бой энелерге балдарын таштап кетпөөгө чакырат элем. Мен да жалгыз бой энемин. Кош бойлуу кезимде жолдошум бизди таштап, башкага үйлөнүп алган. Кош бойлуу кезде 2-3 жерде иштеп төрөгөнгө акча топтодум. Төрөгөндөн кийин 3 ай болгондо эле кызымды жаныма коляскага отургузуп коюп, сатуучу болуп иштедим. Бирок анын да зыяны тийди. Кондиционерден улам кызымдын өпкөсүнө суук тийип калды. Менин апам деле “кызыңды мага таштап коюп, иштеп кел. Элдей болуп сен да үй ал” дейт. Мен деле үйлүү болгум келет. Бирок анда кызымдын алгачкы сүйлөгөнүн, басканын көрбөй калам да. Азыр анын ар бир кылыгын көрүп алып өзүмчө сүйүнөм. Баланын келечеги үчүн энесинин жанында болуусу өтө маанилүү. Энелер, кандай күнгө туш келсеңер дагы балдарыңарды таштабагылачы. Бирок бул үчүн мамлекет бизге кам көрүп, жумуш орундарын түзүп бериши керек. Бул кыздын окуясы кайрадан баарыбызды, өзгөчө бийликтегилерди миграция маселесин карап чыгып, жарытарлык иш жасоого түртүшү керек деп ойлойм.

“ӨГӨЙ АПАМДЫН БАЛАНЫ УРАРЫНА ИШЕНБЕЙМ”

13-май күнү кыздын апасы Альбина Орозбек кызы Орусиядан учуп келди. Кыздын апасы өгөй энесинин мындай кадамга бара аларына ишенбейт.

– Мен 14-майда түнкү саат 2де учуп келдим. Шыр эле ооруканага кызыма келдим. Кызымдын абалы оор экен. Анын денеси жабык, аппараттар коюлгандыктан денесиндеги көк ала тактарды көрө алган жокмун. Врачтар колунан келген аракетин жасап жатышыптыр. Бирок жылыш жок экен. Бир гана Кудайдан тиленип, үмүт үзбөйм. Таенеси жыгылып түшкөн деп жатат. Бирок видеодо 1-2 жолу ургам деп айтканы бар. Анын минтип кызыма кол көтөрөрүнө ишенбейм. Менин көзүмчө андай нерселерди кылчу эмес. Ошондуктан ага ишенип кыздарымды таштап кеткем. Кандай болуп кетти, түшүнбөй калдым. Өзүм алыста жүрүп, өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин азырынча эч нерсе айта албайм. Окуяны өзүм да териштирип көрөм.

Кыздын абалынын оор экенин угуп сай сөөгүбүз сыздады. Наристенин айыгып, өз энесинин мээримине бөлөнүп бактылуу балалык өткөрүшүн тилейбиз.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
jalgyzym...
2019-05-20 10:46:44
Кок ала болсо демек урган жыгылса кантип эле ошончо жеринен жаракат алсын таенеси огой турбайбы. Больницада Каныкей Азаматова эжеке азамат экен ыраазы болуп калдым ошол эжеге. Апасына куч кубат ал эми наристеге бекем ден соолук берсин Аллахым
+9
Edenova66
2019-05-20 14:02:12
Эми ушул Кыздын атасына да мин маалат ,карыганда самтырап кочодо калсан экен.? Баласын таштап кетсе мейли камсыздап койбойбу хотя бы
+8
PeRa
2019-05-20 14:36:24
Бага албасына козубуз жетсе, торордон мурун ойлонушубуз керек. Бала бакыт, бирок ата-энеси жанында болуш керек. Эртен Россияга кетээринерди билсенер торобой эле койбойсунарбы.
+1
AykaMer
2019-05-21 16:40:33
PeRa,Эмне деп эле дөөрүп жазып койдуң?! Ким эле бала төрөп анан ажырашып,Россияга иштегени кетейин деп ниет кылып төрөйт... Тагдыры мындай болушун билгенде күйөөгө тийип башты оорутпайт эле да.Эртеңки күн эмне болушун ким билет?!
+4
PeRa
2019-05-22 11:51:43
AykaMer, Азыр куйоого тийем, анан торойм, анын аркысы эмне болсо ошол болсун деп жашай бер.
-1
Kamchybek-007
2019-05-20 15:41:56
Каныкей зор кыз экен молодец сендей адамдар кобойсун
+8
Karin77
2019-05-20 16:39:31
Babadjanova77 Каныкей эженин инстаграм баракчасы жазып корунуз
+1
Missing-u
2019-05-20 18:55:40
Бугун отуп кетиптир,жайын Бейиштен болсун периште...(((((
Угуп ыйлап озумо келе албай отурам...
0
momun74
2019-05-20 20:29:49
Missing-u,ии байкушум иии
0
PeRa
2019-05-20 19:05:07
Кудай жакшы коргон пендесин эрте алып кетет тура. Жаткан жери жайлуу болсун. Сабаган адам оор куноого калды. Эми соттолуп турмодо чирисе жакшы болмок. Мындай нерсени биздикилер жашырып коюшат да,соттотпой.Ошол учун каалаганын кылып журо беришет.
+1
katerina.li
2019-05-20 20:15:31
Ой боооой. Барыбыз эле бала болгонбуз. Баарыбыз эле ар кайсы жерден кулап тытылып ,сыйрылганбыз. Бирок кулагандан бут денеси когала болуп кетет дегенди биринчи угушум. Огой таенесине эми озуно жан таттуу болуп атат да. Байкуш энелер,аркайсы жакта жургон,байкуш балдар ата эненин мээримин корбой ,азап менен чонойгон. Чондор качан тоюп ,элди коздой жузун бурушат???
+3
Janattim
2019-05-20 23:36:45
Наристе жашай албаптыр,Коз жумуптур.
0
Aslan17
2019-05-22 03:43:08
Тайэжесин кармагыла
+2
Buujan08
2019-05-22 10:26:11
Ии байкушум, жайы жаннаттан болсун. Эми ким күнөөлүү экенин тактап чыккыла. Азыркы көпчүлүк адамдар мыкаачы, нервный болуп баратат
0
sezima93
2021-11-22 13:41:45
Супер инфо ушул окуяны кайра карап кордунорбу? байкуш Кыз эмне болду экен
0
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан