ҮЛГҮ БОЛГОН ҮЛКӨНДӨРДӨН БИЗНЕС ЭРЕЖЕЛЕР

Дүйнөнү багындыра алышкан миллионер-жаратуучулардын баскан жолу кызыгуу жаратат. Алардын ар биринин өзүнө ылайык эрежеси бар жана бизнести өнүктүрүүдө керектүү ыкмаларды колдонуп, ийгиликке жетишкен. Ал эрежелерди окуп мунун бизге кандай тиешеси бар дешибиз мүмкүн. Бирок үлкөн ишкерлердин үлгүсү бизнеске гана эмес, жашоого да кереги тиет.

AMAZON`дун БАШЧЫСЫ ЖЕФФ БЕЗОС ЫКМАЛАРЫ МЕНЕН БӨЛҮШӨТ

Жефф Безос – 55 жаштагы америкалык миллиардер.
"Amazon" интернет-компаниясын түптөгөн.
"Forbes" журналы 2018-жылдын аягына Безостун байлыгы 135 миллиард доллар деп жазып, дүйнөдөгү эң бай адам деп тапкан.

Интернет-дүкөндөрдүн гиганты Amazon`дун башчысы Жефф Безос азыркы учурда ийгиликтин сап башындагы ишкерлердин катарына кирет. Анын басып өткөн жолу жана бизнестеги эрежелери тууралуу өзүнчө сабак кылып өтсө болчудай.

“Мыкты атаандаш танда”

“Эгерде компаниянын ийгиликти багынтуусун ойлосоң, анда сага атаандаш боло турган компанияны туура тандоо керек” дейт Жефф Безос. Чындыгында, Безос өзү миллиарддары менен Билл Гейтс менен атаандаш боло алса, “Вашингтон Пост” гезитин сатып алгандан кийин учурдагы президент Трамп менен маалымат жаатында “салгылашып” баштаган. Учурда жаңы идеялардын жаратуучусу – Илон Маскка атаандаштык жаратып, ракета жасаган компания иштетип баштады. Муну менен Безос компаниянын алдыга өсүүсүн мыкты атаандаш камсыздайт деп белгилеген.

Эки пицца эрежеси

Безостун иш жүргүзүү “маданиятында” – чоң командага караганда 5-7 адамдан чогулган команданын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Ал бизнес-команданы түзүүдө “эки пицца” эрежесин колдонуп келген. Анын мааниси – командада иштегендерге эки пицца гана жетиштүү. Безостун иши командасында аз киши менен иштегенде алдыга жылган.

“Команда көбөйгөн сайын, анын иштөө эффективдүүлүгү азайып баштайт. Алар бири-бири менен сүйлөшөт, чогуу убакыт өткөрөт жана башка ушундай сыяктуу. Эффективдүүлүк азайышы менен бизнеске терс таасирин тийгизет. Андыктан иштей турган команда кичине, бирок натыйжалуу болушу керек” дейт Безос.

Көк беттик жана ийкемдүүлүк

“Эгерде сен баштаган иште өзүңдүн пикириңе туруктуу боло албасаң же ийкемдүү боло албасаң, анда ишкерлик сен үчүн эмес”. Безостун ири ишкерлерден тарта кичинекей иш баштай тургандарга берген кеңеши дал ушундай. “Азыркы заман мурункудай туруктуу эмес, бир калыпта эле боло бербейт. Андыктан кандай шарт болуп турса дагы ошого көнүп, ийкемдүүлүктү көрсөтүү керек. Көпчүлүк ишкерлер ишинде кичине эле бир нерсе туура эмес жүрүп баштаганда таштап коюшат. Бул XXI кылымдагы дүйнө жүзүндөгү ар бир ишкердин көйгөйү деп билем” деп белгилейт Безос.

Жумуш учурунда ийгиликтин арты – өзүңдүн көз карашыңдын туруктуулугунда жатабы же учурга жараша ийкемдүү болуш керекпи? Ушул эки нерсени туура айкалаштыра билгенде бизнестин нугун тапкан болосуң.

ЖЕК МАнын ПРИНЦИПТЕРИ

Жек Ма – 54 жаштагы кытайлык миллиардер.
"Alibaba Group" компаниясын түптөгөн.
Манын байлыгын "Forbes" журналы 2018-жылдын аягына 35 миллиарддан ашык доллар деп жазган.

Кытайдан чыккан миллиардер, бизнес-магнатты түптөгөн Жек Ма катардагы англис тилинен берген мугалим эле. Бирок убакыт көргөздү – ал менеджменттин башкы теорияларын өзгөртө алды. Alibaba интернет аянтчасынын “атасы” карманган бир катар принциптерин үйрөнүп алса болот.

“Майда балык чогулта бер, киттер анан келет”

Өмүрүнүн жарымына чейин тыңыраак ийгилик жарата албай жүргөн Жек Ма ушул сөздү улам-улам кайталаганды адатка айланткан. Бул сөздүн артында кандай иш болсо дагы, аны жүргүзө бер, чоң ийгилик ошол майда иштердин артында деген маанини берет. Манын мүдөөсү – кытайлык майда сатуучуларды бир аянтчага чогултуп, аларды дүйнөлүк рынокко алып чыгуу эле. "Бул стратегия дал ушул ыкманын арты менен ишке ашты" деп белгилеген кытайлык миллиардер.

“Чыныгы ишкердин душманы болбойт. Ушуну түшүнгөндө силерди эч ким токтото албайт”

Ма миллиардер болгон кезде “Эгерде менде миң доллар болсо, анда ал меники, миллиард долларым болсо, демек, ал башкалардыкы. Акчаны мага коомчулук ишенип тапшырган, мен аны туура иштетишим керек” деп айтат. Чынында, каражаттарды өзүнүкү эмес, башка бирөөлөрдүн акчасындай элестетип иштеткенде гана ийгиликке жеткен.

Ошондой эле Жек Манын ишкерликтеги дагы бир принциби – жумушка өзүңдөн мыкты адистерди алуу. “Эгерде сенин аларга болгон ишенимиң күч болсо, адамдар сени ээрчийт” деп белгилейт.

“Дарыгер боло албасаң, өмүрдү сактоонун башка ыкмасын тап”

Ма канчалык миллиарддарды таппасын, жөнөкөйлүгү менен айырмалангандыктан, аны дүйнөдөгү ири бизнес-магнаттар Билл Гейтс, Уоррен Баффет сыяктуу үлкөн миллиарддерлер колдоп турушат. Ийгиликке жетишкен ишкерлер көбүнесе саясатка аралашып кетишет. Манын принциби боюнча, "саясатка эмес, кайрымдуулукка барсаң коомчулуктун колдоосун көбүрөөк табасың" дегени бар. Муну менен ал көпчүлүккө сиңип калган ыкмалар менен эмес, алардан башка натыйжалуу ыкманы тапса болорун айткан.

САКЕТИ ТОЙОДАнын “ЭМНЕ ҮЧҮН?” ЭРЕЖЕСИ

Сакети Тойода – япониялык ишкер, ойлоп табуучу.
"Toyota Motor" корпорациясын негиздеген.
1930-жылы каза болгон.

“Тойотанын” негиздөөчүсү ойлоп табуучулук гана эмес, ишкерлиги менен да айырмаланган. Ал ХХI кылымдын башында Америка менен Европаны кыдырып, ишкерликти үйрөнгөн. Анын бул жааттагы эрежеси азыркы ишкерлердин ар бирине пайдасы тиет. Бул жөнөкөй эреже болгону менен, ар бир адамды өзүнө келтирүү, чынында эмнени каалап турганың, кереги жок сарптоолордон жана көйгөй эмнеде жаралганын айгинелеп берет. Эреже “5 эмне үчүн?” деп аталып, тереңдикте жаткан көйгөй эмнеден пайда болуп жатканын билдирет.

Жөнөкөй мисалды алсак:

1. Эмне үчүн товар өтпөй жатат?

– Кардарларга кызыгуу жаратпайт.

2. Эмне үчүн кызыгууну жаратпайт?

– Кардарлар үчүн товардын баасы кымбат.

3. Эмне үчүн товардын баасы кымбат?

– Дүкөндөгү товардын үстүнө баа көп кошулат.

4. Эмне үчүн үстүнө көп кошулат?

– Дүкөндүн ижарасынын баасы кымбат.

5. Эмне үчүн ижара кымбат?

– Имарат шаардын так ортосунда жайгашкан же жана башка ушундай сыяктуу жооп чыгат.

Бул эреже бизнесте гана эмес, кадимки жашоодо да колдонулат.

1. Эмне үчүн жаңы күрмөнү каалап жатам?

– Көпчүлүктү таң калтыргым келип жатат.

2. Эмне үчүн таң калтыргым келип жатат?

– Анткени элдин мага көңүл бурушун каалайм.

3. Эмне үчүн көңүл бурушун каалайсың?

– Анткени өзүмө ишенбөөчүлүк бар.

4. Эмне үчүн өзүңө ишенбейсиң?

– Бир жерде отура берип, ийгилик жарата албай жатам.

5. Эмне үчүн ийгилик жарата албай жатасың?

– Өзүмө жакпай турган нерсе менен алектенем.

Тойоданын эрежеси көйгөйдүн чечилиши, биринчи суроодо эмес, бешинчи суроодо жатарын билдирет. Башкача айтканда, тереңдикте жаткан көйгөйдү чечүү болуп саналат. Тойодага Тойота үчүн гана эмес, ушул эрежеге да ыраазы болушат.

Адилет Керимбек уулу
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nazarnew
2019-05-20 11:11:27
Ушундай мотивация жөнүндө көп жазып туруңуздар супер инфо, бул керектүү байлык, биз үчүн, чем керексиз ушактарды жазгандан көрө, мен миллиардерлердин принциптерин көп окуп колдоном ишимде, рахмат сиздерге.
+4
Kyrgyz_bloger
2019-05-20 18:02:20
Булардын ыкмалары Кыргызстанга жарабайт деп ойлойм,бизде чон бизнесмен болуш учун,пара бериш керек,бандиттерге доля чыгарасын,же саясатка барып бизнесинди коргош керек,болбосо сенин ишинди бир чиновник же бандит тартып алат.
+8
aminali
2019-05-22 02:13:54
Kyrgyz_bloger, ошого Шоро дагы дуйнолук рынокко чыга албай жатат ко Ошонун азабынан онукпой келе жатат окшойбуз Президент депутатка шылтап. Мумкун алар да коркот каралардан!
+1
Akylai_aktan
2019-05-21 07:16:47
Сөзсүз эле чоң ишкер болбосок да,күнүмдүк жашоого деле керек болуучу кеңештер экен.Рахмат Супер-Инфо!Ушундай адамга шык берүүчү маалыматтарды ар санында күтөбүз.
+1
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан