BEELINE МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА БИЛИМ БЕРДИ

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын басымдуу бөлүгү смартфондорду жана планшеттерди колдонушат. Маалымат доорунда интернет желесинде адамга залал алып келе турган жана алдамчылыкка багытталган контент көп болгондугу шексиз. Ошондуктан окуучуларга мобилдик телефонду туура пайдалануу, мобилдик шылуундуктун алдын алуу, мобилдик этикет темалары боюнча сабак берүү маанилүү. Дал ушул багытта Кыргызстандагы 1-санариптик оператору болгон Beeline компаниясы “Санариптик сабаттуулук” долбоорун ишке ашырды.


КЫРГЫЗСТАНДЫН АР БИР ОБЛУСУНДА «САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК» АТАЛЫШЫНДАГЫ ОКУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

2018-жылдын ноябрь айында Beeline компаниясы AIESEC жаштар уюму менен бирге Кыргыз Республикасынын ар бир облусунда мектеп окуучулары үчүн «Санариптик сабаттуулук» аталышындагы социалдык долбоорун баштаган. 2018-жылдын декабрына чейин өлкөнүн түштүк аймактарында жайгашкан 35 мектептин окуучулары бул багытта билим алышты. Ал эми үстүбүздөгү жылдын февраль айынан 30-апрелге чейин Кыргызстандын түндүк облустарында да бул долбоор ишке ашырылды. Натыйжада бул окуу жылдын эсебинен 16 миң окуучу санариптик сабаттуулук боюнча билим алышты.

Аталган долбоорго 5-11-класстардын окуучулары катышышты. 5-7-класстын окуучуларына 40 мүнөттүк сабактар өткөрүлсө, 8-11-класстарга 2,5-3 сааттык окуулар өткөрүлдү.

Окуучулар бул сабактардан төмөнкү суроолорго жооп таба алышты:

• Мобилдик этикет деген эмне?

• Смартфондорду кантип колдонуш керек?

• Интернет деген эмне?

• Интернетти кантип туура колдонуш керек?

• Мобилдик шылуундуктан кантип сактаныш керек?

Мындан тышкары окуучулар өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон мобилдик тарифтер, пайдалуу мобилдик тиркемелер жөнүндө маалыматтарга да ээ болушту.

БУЛ ДОЛБООР АЛГАЧКЫ ДА, АКЫРКЫ ДА ЭМЕС

Аталган долбоордун максаты – жаштардын мобилдик сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүү. Beeline компаниясы буга чейин дагы бул багытта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Компания 2013-жылдан баштап окуучуларга мобилдик сабаттуулук боюнча окууларды өткөрүп келет. Бул убакыттын аралыгында долбоордун жардамы менен 5000 окуучу мобилдик сабаттуулук боюнча билимге ээ болушкан. Быйылкы окуу жылында бул долбоор чоң секирик жасап, бир жыл ичинде эле 16 миң окуучу билим алды.

Компаниянын коомдук өнөктөштүк боюнча башкы адиси Жулдыз Баймагамбетова долбоордун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

– Долбоордун жыйынтыгы жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Алдын ала жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгында, окуучулардын мобилдик сабаттуулук боюнча билими төмөн экени аныкталган. Биз өзүбүздүн сабактарыбызды өтүп, аларга жаңы билимдерди бергенге аракет кылдык. Биздин аракет текке кеткен жок. Себеби сабактарыбыздын жыйынтыгында алардын санариптик сабаттуулук боюнча билими бир топ жогорулаганы тренингден кийинки тесттен улам аныкталды.

Окуучулар смартфон деген эмне, смартфондо кандай операциондук системдер бар экенин билишчү эмес. Бул окууларда биз алар билбеген, аларды кызыктырган суроолорго жооп берүү менен бирге электрондук почтаны жана социалдык түйүндөрдү кантип коопсуз колдонуш керек деген суроолорго жооп бердик.

Ал эми сабактар мектептерде интерактив форматында өтүлүп, практикалык жашоодо колдоно турган иштерди гана айттык. Себеби өтүлүп жаткан сабактар жөн гана айтылып калбастан, окуучулар аны өздөрүнүн жашоосунда колдонуп билиши керек. Сабактарда окуучулар телефонду кантип максималдуу пайдалуу колдонуу жана алдамчылардын курмандыгына кантип айланбоо боюнча практикалык кеңештерди алышты.

Буюрса, бул долбоорду дагы улантабыз. Бирок ал кандай форматта өтөт азырынча белгисиз. Негизгиси, санариптик сабаттуулук боюнча иш-аракеттер бул жыл менен бүтүп калбайт. Кийинки окуу жылында дагы мектеп окуучулары менен иштешип, аларга билим берүү ниетибиз бар.

ХХI КЫЛЫМ –САНАРИПТЕШТИРҮҮ ДООРУ

2019-жыл өлкөбүздө Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Мындан улам калктын арасында мобилдик сабаттуулукту жогорулатуу жана мобилдик алдамчылык менен күрөшүү маанилүү экени аныкталган. Мындан улам келечек ээлери болгон мектеп окуучулары үчүн санариптик билим абдан зарыл экени анык. Бул долбоорго катышкан окуучулар өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүштү.

Сымбат, 11-класстын окуучусу:

– Бул сабактар мен үчүн абдан пайдалуу болду. Бүгүнкү күндө алган билимди мен жашоодо колдонуу менен бирге бул маалыматты досторума, жакындарыма жеткирүүгө аракет кылам. Тренингде телефондун оң жана терс жактары, мобилдик алдамчылык, мобилдик этикет боюнча жана башка көптөгөн кызыктуу маалыматтарды алууга жетиштим. Мындан тышкары интернетте тараган жаңылыктардын бардыгы эле чын эмес экенин билдим. Ошондой эле маалыматтардын чын-жалганын айырмалап билүү маанилүү экенин үйрөндүм. Аталган долбоор дагы өнүгүп, башка окуучуларга бул маалыматтардын жетишин каалайм.

Нурай, 11-класстын окуучусу:

– Биринчиден, бул сабакты өткөргөн Beeline компаниясына ыраазычылык билдирем. Себеби алардын ыктыярчылары ар кандай оюндар аркылуу, жөнөкөй тил менен көп маалыматтарды беришти. Ошондой эле мени көптөн бери кызыктырып келген “кантип онлайн тесттерден өтсө болот?” деген суроомо жооп алдым. Мындан тышкары интернет коопсуздугу жөнүндө айтылган маалыматтар дагы бизге кызыктуу болду. Себеби көп окуучулар буга маани берчү эмеспиз. Бул тренингден кийин коопсуздук маселесине көңүл буруп калдык. Бул долбоорду уюштурган Beeline компаниясына рахматымды айткым келет. Мындай тренингдер байма-бай болуп турушун каалайм.

Эксперттердин белгилөөсүндө заманбап технологиялардын жана интернеттин пайда болушу менен дүйнөдө кибертерроризм деген түшүнүк жаралды. Жыйынтыгында ар бир адам ар түрдүү формадагы кибер кылмыштуулукка дуушар болуу ыктымалдуугу бар. Алардын ичинен жаш өспүрүмдөр көбүрөөк мындай кырдаалга туш болот. Beeline мобилдик операторунун аталган долбоору Кыргызстандын мектеп окуучуларын мобилдик алдамчылык жолдору жөнүндө маалымдоого жана кылмыштык тенденцияларынын алдын алууга багытталып, коомго өзүнүн чоң пайдасын берүүдө. Себеби келечек санариптик сабаттуулугу жогору болгон жаштардын колунда.

Кубан Жумамидинов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан