Чай козу карыны (чайный гриб) бул – дрожжи сымал козу карын менен уксус-кычкыл бактериялардын биргеликте жашашы. Башкача айтканда, эки башка микроорганизмдин чогуу жашоо сүрүшү. Ал эл оозунда “япон козу карыны”, “чай квасы” деп аталат.
Дрожжи сымал козу карын менен бактериялар сыртынан медузага окшоп кетет. Сырткы бети калың жана жылтырак. Ылдый жагы өсүүчү зона, андыктан көптөгөн жипчелер асылып тургандай көрүнүштү элестетет. Чай козу карыны микробдорго каршы каражат катары эсептелет. Элдик медицинада ашказан-ичеги, атеросклероз, жогорку кан басым ооруларын дарылоодо жана уйкусуздуктан арылууда колдонулат.
Божомолдорго караганда, чай козу карыны Байыркы Кытайда же Тибетте пайда болгон. Анын табигатта өсүшүн кезиктирүү мүмкүн эмес. Анткени ал чайда гана жашайт. Байыркы кезде аны мексикалыктар да колдонгон. Ал жакта чай козу карынынын үстүнө суу куюп, майда кесилген инжирлерди салып, тыныктырып, анан суусундук катары ичишкен. Орусияда орус-япон согушунан кийин белгилүү болуп, тарай баштаган.