"АЖЫРАШКАНДАН КИЙИН ЖАШОО БАР"

Ажырашкандан кийин жашоо барбы? Бул суроого жооп таба албай чайналып жүрүп, жолдошум менен 10 жыл жашап коюптурмун. 10 жыл ичинде эмне таптым? “Эркекке ишенбеш керек” деген тажрыйбадан башка эч нерсе тапкан жокмун. Согончогум жарылып бала төрөп эне боло албадым. 10 жыл аз убакыт эмес. Менден кийин турмуш кургандар алды 5 балалуу, арты 2 балалуу болушту. Билесиңерби, мен этек кирди жек көрүп калгам. Ай сайын үмүт менен боюма бүтүшүн күтө берген абалды, айыз келип калса өзүңдү күнөөлүү сезүү канчалык оор экенин мендей абалга туш болгон аялзаты эле билсе керек.

“Эрге тие турган кыз эстен танат” дегендей, жолдошума ата-энемдин каршы болгонуна карабай тийгем. Анткени Каныбектин жүрүм-туруму начар болчу. Баарына кайыл болуп, сүйүп калдым. Жүрөккө буйрук бере албайт экенсиң. Үйлөнгөндөн кийин ал бет кабын ыргытып, анык жүзүн көргөзө баштабадыбы. Анан да аял жандуусун кантейин? Үйлөнгөндөн көп өтпөй эле көзүмө чөп сала баштады. Кылыктарын аны аңдып жүрүп билип алса керек деп ойлобогула. Кыздар өзүлөрү “Мен Каныбектин сүйлөшкөн кызымын, андан боюмда бар. Төрөбөсөң кет да. Мени алганы жатат” деп чалышат. Ии, азыр, кетип баратам түйүнчөгүмдү түйүп. Акылсыз десе. Аларга “аялым төрөбөйт, менин балалуу болгум келет, сен төрөп берсең, аны менен ажырашып, бирге болобуз” десе керек да. Бул сөздөрү менен канча кыздардын багына балта чапты болду экен?

“Күйөөңдөн боюмда бар, мен аны сүйөм, ал мени сүйөт” деген кыздардын чалуусуна көнүп деле калгам. Бирок бир жолу бир кыз чалды “Каныбектин аялысыңбы? Мен анын аялы бар экенин билчү эмесмин, кечээ эле билдим. Аны менен кыз-жигит катары жүргөнүмө 4 жыл болду. Сага аны тый деп чалып жатам. Мага аялы бар адамдын кереги жок” деп. Аны менен 1 сааттай сүйлөштүм. Мурда ушинтип чалган кыздарга ач кыйкырык салып сөгүп баштачумун. Бул жолу анткен жокмун. Оор басырыктуу сүйлөштүм. Аты Кундуз экен. Аялы бар экенин билип калып сураса “мен аны сүйбөйм, ал мага үй кызматчысындай эле. Ага үйлөнгөнүмдө жаш кыз болчу. Эч жерде иштеп көргөн эмес. Аны кантип кет деп айтам, боорум ооруйт. Өзү көңүлү калып кетсин деп күтүп жүрөм” деп айтыптыр. Көрсө, ал шаарга жумалап кеткенде ошол кызы менен жүрчү турбайбы. “Жумушум менен кеттим” десе ага телефон чалчу эмесмин. Чалсам кагып салчу. Анын бул сөздөрү чынында катуу тийди. Ызаландым, ыйладым. Ага чалдым да Кундуз деген кыз чалганын, боору ооруганына муктаж эмес экенимди, жыйналып кетеримди айттым. Ал “кетпей тур, шаардан азыр чыгам, кечинде барып калам” деп коёт. Мен ал келгиче оокаттарымды жыйыштырып, себимди көчүрүп кетүүгө камынып унаа жалдап койгом. Кайненем, кайын сиңдилерим “кетпе” деп жалдырап турушту. Алар мени сыйлачу. Үй жумуштарына тың, тамак-ашты түрлөп жасасам, туугандары келсе кабак-кашым дебей тосуп алсам жаман көрмөк беле?

Каныбек жетип келип, чын эле кетип жатканымды көрүп нес болуп калды. Көзүнөн “сен дагы кете аласыңбы?” дегенди окудум.

– Каякка? Жүрү сүйлөшөлү.

– Сүйлөшпөйм, бооруңду оорутпай кетейин.

– Жок, ал кыз мындай эле болчу.

– А менчи, мен сага үй кызматкери эле турбаймынбы, ээ? Эми башка үй кызматкерин алып келип ал.

Буга чейин ага албууттанып көргөн эмесмин. Көзүн карап, 3 маал тамак жасап берчүмүн. Жаман арында жылыткан тамакты жечү эмес. Байпагынан бери үтүктөп берип жаман көндүрүптүрмүн. Бир сөз менен айтканда, идеалдуу аял болчумун. Болгону бала төрөп бере алган жокмун. Мен дарыланбаган метод калган жок. Бүбү-бакшы, табып, молдого чейин бардым. Дарынын түрүн ичтим. Энелик клетканы жетилтүү ыкмасын да жасатып көрдүм. Жыйынтык болгон жок. Медицина мага жасалма жол менен бойго бүтүрүү ыкмасы аркылуу гана жардам бере алмак. Бул бери дегенде 2000-3000 доллар болот. Бул сумма кычыраган жол тандабасты чаң ызгыта айдап короздонгон күйөөм үчүн жөн эле акча болчу. Бирок ага балалуу болуудан да темир баалуу болду. Ар кайсы шылтоону айтып балалуу болууга акчасын короткусу келген жок. Иши кылып менден башкасына акчасы бар. Мага алып бербеген унааны эжесине, жездесине белек кылганына да ыза болдум.

Күйөөм бул жолу да кетирбей алып калды. “Дагы бир шанс бер, кайталанбайт” деди. Эй, жинди кыз, ошондо эле кетип калбайт белең?! 2 жылдан кийин сени “чоң сюрприз” күтүп жатканын туйган жоксуңбу? Өзүмдү ушинтип жемеледим. Бир кыз ага уул төрөп бериптир, аны 6 айдан кийин уктум. Мындан башка аялдан чоңоюп калган 7 жаштагы кызы да бар экен. Ой, тобо, көзүмдү ушунча май басып калды беле? 10 жыл кимдин жанында жашап жатканымды аңдабай жүргөнүмдү карасаң. Бул кылыгы жан дүйнөмдү талкалап, сезимдериме суу септи, мамилебизге чекит койгон акыркы тамчы болду. Биринчи жолу аны чын жүрөгүмдөн жек көрдүм. Үнү, баскан-турганы кыжырыма тийип жатты.

Бул жолкусунда ызы-чуу салып, ыйлап, эмоцияга алдырган жокмун. Ата-энемди чакырдым да, кийимдеримди, себимди жыйнап кетип калдым. Дароо Италияга билет алып, 1 жумадан кийин учуп кеттим. Тил билгеним үчүн кыйналган жокмун. Мени тосуп алган курбум дароо ресторанга ашпозчунун жардамчысы кылып орноштуруп койду. Капастан учуп чыккан куштай эле болдум окшойт. Эркиндиктин даамы таттуу болорун билсем турмушка эрте чыкпай эле коймокмун.

Ажырашуудан кийин жашоо барбы? Бар экен, көрсө. Алыста жүргөнүмө быйыл 3 жыл болду. Чогуу иштеген Ринат деген жигитке турмушка чыгып, эгиз уул-кыз төрөдүм. Азыр мен сүйүктүү адамымдын сүйүктүү жарымын, бактылуу энемин. Баса, жолдошум Бишкектен мен каалап жүргөн көп кабаттуу үйдөн 4 бөлмөлүү батир алганы жатат. Мекенимди сагындым, жакында үй-бүлөм менен барып калам.

Тиги мурунку күйөөм эмне болду дебейсиңерби. Ал, угушумча, өкүнүп жүрүптүр. Өкүнсө өкүнө берсин, эми мага баары бир.

Айгерим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
erudit
2019-05-21 18:38:05
Жашоодо кандай гана нерселер болбойт.Мен дагы,автор сыяктуу жети жыл жашадым,балалуу болбодум,куйоомдо эле баардык куноо.Ошонусуна карабай козун карап,сыйлап,айтканынан чыкпай жашадым.Бирок ага аздык кылган го))) кетип калды,жообун берип.Ыйлаган жокмун артынан кайт деген жокмун,башка жашоо менен жашайм деп чечим чынардым.Торт айдан кийин башка адам менен жашоомду байладым,эмнеге анчалык тез дешинер мумкун,мени торобос деген созго калтырышты,баарын билип туруп.Ошентип азыр бактылуумун,боюмда бар!
+14
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-22 08:55:17
erudit, Аман-эсен көз жарып алыңыз
+9
Buujan08
2019-05-22 10:13:23
erudit,аман эсен эки бөлөк болуп, ымыркайыңызды колуңузга алып алыңыз
+8
Busi06
2019-05-22 04:28:58
Эгер бул чын окуя болгон болсо ото соонун болуптур!Кудай бар баарына Кудай таразалап койот!
+7
Buujan08
2019-05-22 10:11:26
Ушу эркектер өздөрүнүн күнөөсүн мойнуна алышпайт
+5
Isakasi
2019-05-22 12:00:28
Ойлоп табылган окуя. Кантип эле бир жумада шенген виза ачыла калсын Италияга. Ещё визага чейин билет ала калып.
+1
Nurbek555
2019-05-23 04:40:51
Isakasi,
Жакшы ниет жарым ырыс!
+1
Arinsa
2019-05-22 16:30:09
Айгерим)) Жакшы жомок айтыпсың...
-1
rozka
2019-05-22 16:42:48
Мен 22 жылдан кийин ажыраштым, биринчи ажырашканда ыйладым, стресс, депреция, аба жетпей дем ала албай жаман болдум . Азыр 2 жыл отту эстеп алып жиним келет ыйлаганымы ойлоп , кееде аябай куломун . Куйоомун ойношуна Рахмат деймин жолдон адаштырганына .
+3
Jeenbek.
2019-05-25 19:13:11
rozka,эркек экенсизго 22жыл жашасаныз,эгер чын,болсо.
0
Nurbek555
2019-05-23 04:39:46
Жакшы ниет,жарым ырыс!
0
glaz_almaz
2019-05-23 08:26:31
Бардыгы эле ажырашып женишке жетишкендерди жазыптыр. Биз ажырашпай женишке жетишкендердин катарын толуктайбыз. Биз баланы 8 жыл куттук. Алладан тилеп колубуздан келген аракетти кылдык. Негизгиси ушундай сыноолордо бирге болуп, бирге курошуш керек экен. Алладан тилегенди унутпайлы! Тилектер кабыл болот!
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-23 19:46:15
Ажырашпаган, бактылуу үй бүлө жөнүндө дагы жазгылачы.
+1
1985lana
2019-05-24 02:14:47
Эркиндиктин даамы таттуу болорун билсем турмушка эрте чыкпай эле коймокмун...
0
nazarnew
2019-05-24 09:33:05
Лапша, аялдар кичине кыйналышса эле, баарын эркектерге илип коюшат, не суди и не будешь судимы, винанарды да моюнга алсаңар.
0
kanat_myrza
2019-05-24 21:05:57
Хааий соктурдунуз э
-1
JanJurok
2019-05-25 03:34:07
Бүгүн палецтен кан тапшырганы 5-6 жаштагы 23 баламды алып бардым да.Кыздарым бир да ыйлабады)Эркек балдарым эстери ооп калайын дешсе)Бирөөсү опшум "в пространстве"колун кармап алып.Ойлоп койдум аялдар күчтүү экенбиз э деп)
0
Chungyz
2019-05-25 09:35:07
Ажырашкыла тилегинерге жеткиле
-1
baisogur
2019-05-25 16:00:23
Chungyz,жайлапсин брат
0
Djal1987
2019-05-26 03:14:56
Chungyz,ошого жеткирип шумуроюп каласынар анан жаанда калгансып
0
al-abu-kinesz
2019-05-26 12:44:50
Бироо озунун кыялын кооздоп жазып коюптуп мейли эми бул болсо да канчалаган аялдардын жашоосуна дем берет.
0
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан