Литвалык консерваторлор Германиянын Adidas компаниясынын кийиминен Советтер Союзунун белгисин алып салууну суранышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, социалдык тармактын колдонуучулары аталган компаниянын Лондондогу дүкөнүнөн “СССР” деген жазуусу бар кызыл түстөгү спорттук кийимди көрүп калышкан. Мындан улам “Ата Мекендик Союз – Литванын христиан демократтары” партиясынын лидери Габриэлюс Ландсбергис жана партиянын орун басары Радвилла Моркунайте-Микуленене Adidas компаниясына кайрылуу жасашкан. Литвалык саясатчылар компаниядан кийимдерине Советтер Союзунун белгисин чаптабоону жана буга чейин чыгарылган кийимдерди сатыктан алып салууну талап кылышууда. Алардын айтымында, көптөгөн Европа өлкөлөрү советтик жана нацисттик белгилерге тыюу салышат.
Дамира Арстанова
koom@super.kg