АНЖЕЛИКА, ырчы: “ҮЙҮМ ЖОЛДУУ БОЛУП, ЭМЕРЕКТЕР ӨЗҮ КЕЛДИ”

Үй – чарчап келгенде эс алуучу уя. Адатта үйдүн жасалгасы кожойкенин табитине жараша болот. Бул жолу ырчы Анжеликанын 3 бөлмөлүү элиталык үйүндө конокто болуп, ырчы айымдын табитин көрүп келдик.

1-КИРЕ БЕРИШ

Кире бериште кийим илгич, бут кийимдер үчүн шкаф бар.

2-КОНОК БӨЛМӨСҮ

Ашкана менен конок бөлмө студия стилинде. Конок бөлмөнүн дизайны, түстөрүнүн айкалышы атайын дизайнер менен кеңешип жасалгаланган. “Алтын, күмүш түс модадан өтүп кетиши мүмкүн, ал эми ак түс дайыма модада. Ошол үчүн ак түс басымдуулук кылат. Кыргыздар кир көтөрүмдүү деп күңүрт түскө басым жасаган элбиз. Тескерисинче, ошондой үй кир көрүнөт. Ал эми ак түс үйдү жарык кылат жана энергия берет” дейт ырчы.

Ырчы айнекке отуруп алып чай ичип, сейил бакты карап турганды жактырарын айтты.

3-АШКАНА

– Ашкана нео классика стилинде жасалгаланган. Конок үй менен ашкананы бир кылдым. Ашканадагы аба соргуч күчтүү болсо үйгө тамак-аштын жыты тарабайт. Кээде боорсок, фри жасап калам, жыты такыр чыкпайт.

4-УКТООЧУ БӨЛМӨ

Бул Анжелика менен кичүү кызы Айлиндин бөлмөсү. ”Керебетим кенен, анткени кызым экөөбүз уктайбыз. Ал тебинип, жылып уктагандыктан, чоң керебет алдым” дейт.

Кызы кичинекей болгондуктан, эмеректер бою жете тургандай жапыз жасалган.

5-БАЛДАР БӨЛМӨСҮ

– Балдар тез эле чоңоёт экен, ошондуктан чоң кыздарга ылайыктуу керебеттерди тандадык. Бөлмөдө сабактарын окуп, уктап эс алышат. Мурунку батирибизде балдар бөлмөсү хан бийкеникиндей жасалгаланган эле, бул үйдө чоң кыздардыкындай жасалды, - дейт ырчы.

6-ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ

Үйдө эки жуунуучу бөлмө бар. Бир жуунуучу бөлмөнү ырчы кичүү кызы менен өзү колдонорун айтты.

ЧАЙ МАЕК

"ҮЙДҮ КАЧАН ТОЛТУРАМ ДЕП ОЙЛОГОМ"

– Анжелика, үйдү оңдоп-түзөө иштеринде кыйналган жоксуңбу?

– Сатып алганда үй башкача болчу. Мисалы, кире бериш кенен болгондуктан ал жакка бир жуунуучу жай жасаттык. Бир бөлмөнү гардероб кылдык, ал жерде кийим жуулат, жайылат, үтүктөлөт. Оңдоп-түзөө иштери көп эмгекти, кылдаттыкты, нервди талап кылды, жүдөттү. Олуттуу эле бир адам менен келишим түзгөм. Электр жарыктарын туташтыруунун жарымына келгенде жок болуп кетти. Көрсө, Москвага кетип калыптыр. Ага 200 миң сомдой бергем, бирок жасап бербей койду. Аны уятына коюп, өзүм эптеп бүтүртүп алдым.

– Жаңы батириңе качан көчүп кирдиң?

– 2018-жылдын сентябрь айында сатып алгам, жасап-түзөө иштери февраль айында бүтүп, көчүп кирдик.

Мага жакканы – борбордун так ортосунда, кыздарымдын ийримдерине жакын. Сатып алганда “эми качан бул бөлмөлөрдү толтурам?” деп ойлогом. Бирок баары тез, оңой болду. Мисалы, эмеректерди бир компания “сизге ишенебиз, шашпай төлөп бүтөсүз” деп баарын орнотуп кетишти. Анан пардаларды илип кетишти. Айтор, үйүбүз жолдуу болду. Кийин акчалай, Инстаграмда жарнамалоо аркылуу төлөп бердим. Кээде сени тааныбаган эле адамдар ушундай ишенишсе кубанып калат экенсиң.

– Кыздарың чоңоюп калышты, үйдүн жасалгасы боюнча ойлорун айтыштыбы?

– Бардыгын кеңешип, алар каалагандай кылып жасадык.

– Үйүң куттуу болсун!
 

Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Анжелика: “Үйдүн жасалгасын өзүмдүн табитимдегидей кылдырдым”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
ainura220888
2019-06-24 10:45:15
Кутту уй болсун.
+6
Sayragul
2019-06-24 10:50:26
Конушунар куттуу болсун. Сонун уй. Балдарын, жакындарын менен ушул куттуу уйундо шандуу жашоо улансын. Озуно , кыздарына чоон бакыт каалаймын. Коруп, козун кубанат экен, суйунот экенсин адам. Азаматсын Анжелика !!
+12
Nestana95
2019-06-24 11:53:55
Конуш кут болсун!!!Бизге да ушундай уйлор насип этсин.Талыкпаган эмгектин аркасы)!
+7
MEN95
2019-06-24 12:06:29
Анжелика эже кандай бактылуу айымсыз менда стздей сулуу кучтуу болгум келет. ар дайым бар болунуз.
+5
pero5184
2019-06-24 12:16:18
Ээми бир күйөө сатып ал да жыргап жашай бер
-6
katerina.li
2019-06-24 20:19:07
pero5184,сага дагы сатып берсин куйоон
Ушундай уй. Колунан келеби
-2
Nuri_260913
2019-06-24 12:19:34
Кыргыздын эн мыкты айымдарынын бири!!! Эч качан жамандык корбо бул жашоодо. Сени айымдардын мотивациясы десе жарашат. Кыздарындын убайын кор, аялдык бакыт каалайм. Ар дайым ушундай болуп журо бер!!! Сени чыр журоктон жакшы коруп колдогон куйормандарын бар. Калганына конул бурба
+8
010288
2019-06-24 12:22:05
Бизге насип этсин ушундай уйлор
+5
mela
2019-06-24 14:48:07
Кирпик чаптаган 1кыз айына 150,000сом (2500$) экен.Салону бар,уйду озу Эле сатып алса керек.
+1
mela
2019-06-24 23:34:51
mela,2500$ Табат
0
Chaki2795
2019-06-28 02:01:28
Ак оргон кут болсун
0
Sajakat14
2019-06-29 01:19:52
Анжеликанын кыздары дагы бат эле чоңоюп калышты!Убакыт учкан зымырык куш экен да. Кечээ эле кыш болуп жатты эле көз ачып жумгуча жайдын саратаны эшикте!
0
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан