Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Аскат Сулайманов, актёр: «БИРИНЧИ ЖУБАЙЫМ ТУРМУШКА ЧЫКСА СҮЙҮНӨМ»

№869 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл


"Ар бир ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аял турат" деген сөз бар кыргызда. Кыргыз кино чөйрөсүндө көрүнүктүү орду бар, таланттуу актёр Аскат Сулайманов бул ирет бизге аны жарыкка алып келген апасы, дем берген эжелери, карындашы, жубайы, кыздары, айтор, жашоосундагы аялзаты тууралуу айтып берди.

«МЕН ӨЛСӨМ САГА КАБАР ЖЕТПЕЙ КАЛАТ ДЕЧҮ»

-Апам Жамалкан Мурзакова 1951-жылы Ысык-Көл облусунун Темировка айылында туулган. Тагдыр экен, атам менен ажырашып кеткендиктен 4 баланы жалгыз өстүрдү. Бала кезде апамдын түйшүк тартканын көп деле түшүнгөн эмес экем. «Балам, балалуу болгондо билесиң» дегендей, азыр алты баланын атасы болуп, алты эмес, бирөөнүн эле түйшүгү оор экенин жон терим менен сезип отурам.

Апам түн уйкусунан калып, бизди тарбиялап өстүргөнү үчүн терең ыраазымын. Бала кезде сабактан качып, 3-кабаттан секирип дегендей, көп тентектик кылдым. Мугалимдер үйгө келип арызданышса, апам «сени жалгыз чоңойтуп жатсам, эмнеге тентектик кыласың? Бул 3 кыз сени эш тутат» деп ыйлап калчу.

Мектепти бүтүп, Казакстанга актёрлукка окууга тапшырганда апам каршы болду. Эски түшүнүк бойдон «артисттер күнү-түнү гастролдоп жүрө берет» деп ойлогон окшойт. «5 уул болсоңор бир жөн. Болот Миңжылкыев апасы өлгөндө Орусияда гастролдо жүрүп кабарсыз калып, топурак сала албай калыптыр. Мен да өлсөм сага кабар жетпей калса кантем?» деди. «Ал эски заман, апа, азыр телефон бар. Мен кайда кетеримди айтып кетем» десем, «мени өлбө дейт экен десем, өлсөң кабарымды айтам дейсиң» деп ошондо бир жолу ыйлаган. Ал кезде 17 жаштагы бала болсом, сөздүн төркүнүн түшүнгөн деле эмес экенмин.

«КАРЫНДАШЫМДЫ МЕН БАКТЫМ»

-Менин 2 эжем, 1 карындашым бар. Улуу эжем Динара Бишкекте №5 гимназияда окуп, үйгө анда-санда баргандыктан сый мамиледе болдук. Бактыгүл эжем менен абдан жакын өстүм. Ал мага тийишкен балдарды сабачу. Экөөбүз кылбаганды кылдык, такыр болбой калганда үйлөрдүн чатырына таш ыргытчубуз.

7-классымда эки эжемди тең, улуусун эртең менен, ортончусун кечинде ала качып кетишти. Экинчи эжем Бактыгүл ал кезде Балыкчы шаарында иштечү. Апам «Бактыгүлгө барып Динара эжеңди ала качып кеткенин айт. Жумуштан суранып келсин» деп жөнөттү. Автобус менен барып айтып келгеним менен, кеч кирсе да Бактыгүл эжемден кабар жок. Бир маалда «кулдугубуз бар, кудагый» деп бирөөлөр кирип келишти. Апам «уктук-уктук. Эртең менен ала качкан экен» десе, алар таң калып, «биз жаңы эле алып келдик» дешет. Апам ошол жерден дендароо болуп «чыккыла эшикке» деп кыйкырып, ызы-чуу түшүп жатып калдык. «Өзүм жалгыз болсом, куданы кантип тосом?» деп аябай сарсанаа болгон.

Ал кезде карындашым бала бакчага барчу. Апама жардам болсун деп аны көтөрүп бала бакчага алып барам, кайра алып келем, тамагын жасайм, кирин жууйм. Ошентип, 1-класска чейин бактым. Ойносом да жанымда, көлгө түшсөк да чогуу түшчү. Азыр ал карындашым чоңоюп, өз алдынча оокат кылып калды.

«АЯЛ КИШИ КӨТӨРҮМДҮҮ БОЛСО ҮЙ-БҮЛӨ БУЗУЛБАЙТ»

-«Эркек эки убакта: үйлөнгөндө анан жаңы унаа сатып алганда мээси иштебей калат» деген чын экен. Сүйүү деген ушул экен деп 19 жашымда үйлөнгөм. 5 баланын ата-энеси болдук. Акыркы кезде пикир келишпестик көп болуп, ошондон эки ажырым жолго кеттик. Үйдө уруш-талаш болуп баштаганда бир жолу «кой, андай кылбайлы» дейсиң, эки айтасың. Андан жыйынтык болбосо айласыз ажырашат экенсиң. Биз кырылышкан деле жокпуз, болгону «жашагың келбейби, менин да жашагым келбейт» деп акылдашып, анан ажырашканбыз.

Өз башымда бар, үй-бүлөдө түшүнбөстүк болгондо аялзаты эч качан «мен кеттим, ажырашам» деп кетпеши керек. Бир кетип кайра келгенден кийин жашоо мурункудай болбойт. Кеткенде алар «артымдан чуркап ата-энеси менен кошо кечирим сурап келет» деп ойлошот. Эч качан андай болбойт. Үйүнө барып алып келген күндө да кеткен жарака бүтөлбөйт. Ошондуктан колдон келишинче кетпеш керек, кетсе кайрылып келбеш керек.

Бул эми кырктан өткөндөгү акыл да. Мен билген түгөйлөрдүн көбү акчанын айынан ажырашат. «Жакшы таап келбейсиң же таап келгенди туура кармабайсың» деген сөздөр себеп болот. Азыркы заманда акча табуу кыйын. Күнү-түнү акча табам деп тытынып иштеп, үйгө чарчап келсең аялың бир нерсени айтса жарыласың да. Албетте, аны жеңип жаткандар бар, бирок аз.

Негизи мырзалар өзүмчүл келет эмеспи. Бирок мен биринчи келинчегим турмушка чыкса, ушундай жеңилдеп калмакмын. Чогуу жашаган 17 жыл оңой эмес да, ал бир тууганымдай болуп калган. «Мен үй-бүлө күттүм. Ал жалгыз жүрөт. Кантип жатат?» деп баары бир ойлонот экенсиң. Ошондуктан ал турмушка чыкса бакыт каалайм. Орустар айтмакчы, жашоого бир жолу келет экенбиз. 5 жыл мурун «эл эмне дейт?» деген түшүнүк менен жашасам, азыр өзүмдүн кызыкчылыгымды биринчи орунга коём.

Экинчи жубайым Мээримге үйлөнөр алдында «менин 5 балам бар, алар үйгө келип турушат. Эгер жактырбай, кагып-силкип, чынылар ыргып баштаса, анда жашай албайбыз. Балдарыма акча берем, "аларга эмне берип жатасың?" деп да суракка албашың керек. Мен 5 баламды сага алмаштыра албайм. Ошону кабыл алсаң гана бош кошобуз» дегем. Албетте, балдарыма да «Мээримди уккула, өгөй десеңер капа болом» дегем. Чынында, өмүр бою өгөй темасында чайналып өтсөм керек деп ойлочумун. Бактыга жараша, бизде андай болгон жок. Мээрим түшүнүктүү, балдарым да аны жеңелеп сыйлап турушат.

Аял киши бактылуу үй-бүлөнү сактап калышы үчүн эркектин айрым нерселерине көз жумуп коюш керек. Гүлнара Кахарова «эркектин артынан сая түшүп, кайдасың, ким менен жүрөсүң дебеш керек. Ал бир күнү баары бир кайтып келет» деп маек берген экен. Аны колдойм. Эркек деле келесоо эмес да, «байкуш жубайым калп эле билмексен болуп жүрөт. Койчу токтотоюн, жубайыма кайтайын» дегендер толтура. Аял киши көтөрүмдүү болсо үй-бүлө бузулбайт, балдар толук кандуу үй-бүлөдө бактылуу жашашат.

«КЫЗЫМ МЕНИ КӨРҮП ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ»

-Үйлөнөр алдында 3 жыл бойдок жүрдүм. Ошондо эле балдарыма «апаңар менен жашабай калдым. Эми үйлөнүшүм керек» деп түшүндүргөнгө аракет кылдым. Улуулары «албетте» дешти, бир гана кичүү кызымдын маанайы чөгүп жүрдү. Үйлөнгөндөн кийин балдарымды үйгө чакырсам, кичүү кызым мени көрүп ыйлап жиберди. «Эмнеге ыйлап жатасың?» десем, «арыктап кетиптирсиз» дейт. Эмнеге ыйлап жатканын түшүнүп турам да, «көнүшүп кетебиз» дедим.

Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы, балдарым үйдө. Кыздарым чоңоюп жатышат. Албетте, аларга негизги тарбияны апасы берет. Менин апам да «силер жөн кишинин кызы эмессиңер. Аскаттын кызы деп жаман сөзгө калтырбагыла» деп эскертип турат. Кыздарым, көз тийбесин, акыл-эстүү, оор басырыктуу.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg



"Биринчи аялым кантти экен деп ойлоно берем" дейт Аскат Сулайманов

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(43)
01.07.2019. 09:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
20-07-2019 14:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми ажырашуу жонундо интервью бербеген ушу эле калды эле. Такыр жакпайт мага
01.07.2019. 09:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
263
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
18-07-2019 21:46
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бир аз атактуу Боло калышса эле ажыраша калышат ушу артисттер.Кыйратып койгонсуп беш баламы таштадым дейт.
01.07.2019. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
18-07-2019 13:32
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бул байкенин биринчи аялы казак,Казакстандык казак,аялынын мунозун билбейм бирок "катын алсан казактан,айрылбайсын азаптан" дегендей какендин кыздары стерва келет,урушка жакын,негизи эле кыргызымдын кыз-келиндерине эч бир улуттун кызы тен келбейт..муну боркунордой коро бергиле))
01.07.2019. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
20-07-2019 10:09
Жынысы:
Белгисиз
+9
Nur777,плюс басам деп минус басып алдым,туптуура айткансыз!
01.07.2019. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
393
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
11-07-2019 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ай
+4
Nur777, эркектер кызыгып олосунор го тим эле казашка деп
02.07.2019. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
08-10-2018
Соӊку аракети:
20-07-2019 13:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nur777,ой казак эмес эле Тогуз торолук го аялы.
02.07.2019. 17:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
18-07-2019 13:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiymkunumjyldyzym,2чиси болсо керек,биринчиси точно казак.
01.07.2019. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
18-07-2019 13:32
Жынысы:
Белгисиз
+11
Байке азыр 41де эле болсо да коп нерсеге жетишиптир,уй-було кутуп коп балалуу болду,атактуу актёр болду,Кыргыз кинолорунун жузун ачып Кыргыз Искусствосуно чон салым кошуп келе жатат,азыркы таланттуу,белгилуу актёрлордун жоон тобунун алдында келет..
Эми ушул темпттен жазбай чыгармачылыгынызды оркундото бериниз,уй-булонузго бакыт жана ден-соолук,азыркы жубайынызга сабырдуулук жана аялдык бакыт каалайм.
Мурунку жубайыныз дагы оз бактысын таап кетсин..
01.07.2019. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
10-05-2017
Соӊку аракети:
20-07-2019 13:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жер жузу
+3
Nur777, Участковой дагы болду деп койбойсузбу.Айыл окмоту же болбосо башка кинолордо.
02.07.2019. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
18-07-2019 13:32
Жынысы:
Белгисиз
+3
voennyi88,ооба,даже Президент да болгон)
01.07.2019. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
20-07-2019 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+7
Erkekter ajyrashtym dep syimyktanyp interview bere turgan zaman bolup kalyptyr toobo.menin dele ataenem ajyrashkan.Men atamdy ayabai jaman korom.Dostorundun astynda bash kotorup juro albaisyn.ataenen ajyrashkan deshet.Ui bulonu erkek saktap kalat kobuncho joopkerchiilikti bilish kk.Emi ekinchisin algandan kyiyn ozun dele oilonup kaldyn da koi kuturbai jashaiyn dep.Seni elge taanytkan 1-ayalyn.Kantip 5 bala torop bergen ayaldy tashtap koiushat (((Kyrgyzdyn erkekteri ayaldardy kor kylbagyla
01.07.2019. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
20-07-2019 02:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
Meken28,ой жугуртуунузду кенейтиниз, азыр эптеп септеп жашай турган мезгил эмес азыр башка жашоо, башка коз караш, башка талап, замандын агымы башка! Менин да ата-энем ажырашышкан,мен эч кимди жаман корбойм, баарын сыйлап суйуп жакшы коруп турам, атамдын аял ушунчалык жакшы аял, колунан баардык иш келет, балдарына бизди да кошуп сыйлап, эстеп турат, жакшы, тушунуктуу, билимдуу адам болгонго аракет кылыш керек!
04.07.2019. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
23-11-2014
Соӊку аракети:
20-07-2019 13:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
01.07.2019. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
20-07-2019 14:22
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ортодогу балдарын ойлобой эле "мен аял алып алдым,биринчи аялым куйоого тие берсин"дептир. Балдарына жаман болоорун билбейт экенсин . ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-01 16:12:57
01.07.2019. 16:13 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8439
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-07-2019 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
01.07.2019. 15:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
20-07-2019 02:24
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жашоо бир келет кыргыздарым, мекендештерим, эл эмне дейт! Тукунчо, паланча эмне дейт деген нерсени жокко чыгарып, озун каалагандай омур сургуло, баардык нерсе оз колубузда, ар ким оз жашоосуна озу жоопкерчиликти алыш керек! Эч кимге эч ким бир нерсе кылууга милдеттуу эмес!башка бироонун ойун, пикирин сыйлашты уйронолу,
01.07.2019. 15:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
223
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
20-07-2019 13:13
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жон киши эмес деп алыптыр го озуну озун бир ХХХХ го
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-01 16:05:41
01.07.2019. 16:13 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8439
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-07-2019 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdizhapar, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
01.07.2019. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
393
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
11-07-2019 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ай
+7
Abdizhapar, жон киши эмес, Кыргызстанга таанымал киши. Мисалы сен кимсин бул кишинин жанында, сени эч ким тааныбайт
04.07.2019. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
223
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
20-07-2019 13:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Deniza88,сен адресин берсен анан таанып каласын мени
01.07.2019. 15:39 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-04-2019
Соӊку аракети:
17-07-2019 13:18
Жынысы:
Белгисиз
+4
Беш баланы тороткончо ойлонбойбу деймда алар азыр тушунгондлй болот бирок келечеги бар
01.07.2019. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
02-07-2019 20:20
Жынысы:
Белгисиз
+7
Путиндин биринчи аялы күйөөгө тийген окшойт да бул да аялын күйөөгө тий деп баштаптыр
03.07.2019. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
19-07-2019 18:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baku88,озунон жаш адамга тийди деп журдуго
03.07.2019. 22:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
19-07-2019 10:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baku88,бизнесменге тийди го)))
01.07.2019. 20:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
15-07-2019 00:29
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялдар корбогонго укпаганга билбегенге салсын дейсизби,а эркектерчи,аялы суйлоп койсо укпаганга салып койсо болбойбу,ак нике менен алгандан кийин бакканга укканга,бардык нерсеге милдеттуу эркек киши,аял эмес.
01.07.2019. 20:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
15-07-2019 00:29
Жынысы:
Белгисиз
+12
Качан карасан аялын жамандап жургон,17жыл жашап бир да жакшы жагын коро албадынызбы.Кетип ырас эле кылат ушундай эркектен,кадырын билбесе,куйгонунон суйлойт да аял киши да.
01.07.2019. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
17-07-2019 19:37
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sprite,эн сонун жооп болду. Ушундай эркектер жакпайт.
02.07.2019. 00:21 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
01-05-2019
Соӊку аракети:
04-07-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
-10
Суракка албайсын эмес! Эркек киши эч качан аялга отчёт бербеш керек. Наоборот аял кишиден алыш керек. Аял эркекке баш ийиш керек куйоосу да тушунуу м.н мамиле кылышы керек. Ошондо уй булоо бузулбайт деп ишенем.
02.07.2019. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
02-07-2019 15:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
jalgyzym..., "Эркек киши эч качан аялга отчёт бербеш керек" деп каерде жазлыган Мыйзамдабы же Курандабы? Биринчиден эркекпи, аялбы кеч калса кайсыл жерде ким менен жургонун телефондон билдирип койсо-бул ОТЧЁТ беруу эмес, - бул бирин-бири, бала-чакасын, семьясын СЫЙЛОО болуп саналат. Аял кишиден гана отчет алыш кернек деген патриархат заманы качаан эле жок болгон. Бирге жашагандан жубайлар тушунушуп,сыйлашып жашоолору керек, текеберчилик,менменсингендик ажырашууга гана алып барат.
02.07.2019. 19:58 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
01-05-2019
Соӊку аракети:
04-07-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asyl10,Биринчиден мен мыйзамда же Куранда жазылып турат деп жазган жокмун. Экинчиден сыйласын мен сыйлабасын деген жерим жок отчёт бербеш керек деп жатамын. Эркек курч болуш керек эркектин айтканы закон болуш керек уй булоодо.
05.07.2019. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
20-07-2019 03:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
-1
Asyl10, Эскертип коюу менен отчетту аралаштырып тушунуп албагыла. Каякта канчага чейин болушун эле кыскача айтып коюу керек, а бирок бух.отчет, тех.отчет, жили-были деген нерселер абсолютно болбош керек. Уй-булодо эркектин орду мына ушундай сыяктуу майда чуйдолордо гана сакталат.
02.07.2019. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
19-07-2019 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргыздын эркектери аялды куноологондон башканы билишпейт. Басып баратып чалынып жыгылса деле байкуш аял куноолуу... Эй ЭРКЕКТЕР куноонорду моюнга алганды, кыскасы эркек болгонду уйронгулочу!!!
02.07.2019. 06:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
11-05-2016
Соӊку аракети:
20-07-2019 07:04
Жынысы:
Белгисиз
+11
17 жылдык омуру жаштыгы сулуулугу нерви сени менен кошо жок болгондон кийин эми турмушка чыкса суйуном дейт да кыйраттыныз
02.07.2019. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
02-07-2019 15:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты,талантуу актёр, комедияны да,драманы да жеткире аткарат, эми кээ бир ьала-чакасын карабай койгон эркектерге караганда, аталык милдетин аткарып каралашат экен. Турмушта ар нерсе болот, Эркектер 35-55 ке чейин абдан кооп кетишет деп психологдор айтышат. Балким Аскат байке да "кооп" кеткендир. Балким жылдыздары келишпей,ортодо бироо себепкер болуп мамиле бузулгандыр, бироонун булосу чытырман токой делет.Биринчи жуйбайы мындан кийин балдары учун турмушка чыкпай жашаса керек.
02.07.2019. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
20-07-2019 14:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не болушпасын, каякта болушпасын тынч болушсунчу айнанайындар...
02.07.2019. 16:44 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8439
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-07-2019 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
beka2605, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
02.07.2019. 20:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
391
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
20-07-2019 14:06
Жынысы:
Белгисиз
+6
5 баласы менен ким алмак эле 5 баланы бироого чаптап баккысы келбей бараткан го акчасын аяай баштады да экинчи аялы да нервмнди жеп талаада калганда тушуносун 5 баланын убал сообу деген бар...
02.07.2019. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
20-07-2019 12:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай эркекке жолукпаганыма кудайга шугур менин куйоом эмне десемда которуп колунан келгенин мага арнайт эрге тийсин деп аябай кучтуу суйлопсун азамат Аскат ото озумчул эркек экенсин
03.07.2019. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
20-07-2019 04:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
+3
Жакшы актер, куудул, бирок аялына карата кылган мамилеси туура эмес, ажыраштыбы, тынч койсун да, эрге тий дебей.... эми өзү билет да... чье то ажырашканына өкүнүп калгандай го
Super TV
05.07.2019. 03:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
10-05-2016
Соӊку аракети:
20-07-2019 06:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
узген
0
Экинчи аялы өтө эле красавица го
Super TV
05.07.2019. 03:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
10-05-2016
Соӊку аракети:
20-07-2019 06:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
узген
0
Мурда сыйлайт элем. Ушул интервьюсунан кийин койдум..
05.07.2019. 09:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
20-07-2019 14:08
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрге тийип алат эле качаан эле,эгер балдарын ойлобогон эне болсо.Эне байкуш балдарын ойлойт .Андан көрө биринчи аялың менен да жарашып жашай бер.
05.07.2019. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
19-07-2019 10:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
-1
Биринчиси менен ажырашпай эле экинчисин алып экөө менен тең жашаса болбойбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22580;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: