Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КАНИЕТ ЖЫРГАЛБЕКОВ МЕНЕН ЖУБАЙЫ АЖЫРАШКАНЫН ЖАРЫЯЛАШТЫ

№869 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл


Биздин редакцияга Айсулуу Мадинова аттуу айым кайрылып, жолдошу, телеалпаруучу, продюсер Каниет Жыргалбеков менен ажырашканын ачыктады. Анын айтымында, алардын эки ажырым жолго кеткенине 3 ай болгон. Бир кезде сүйүшүп, баш кошкон эки жаштын ажырашуусуна эмне себеп болду? Каниет менен Айсулуу бул тууралуу өз чындыгын айтып беришти.

«КАНИЕТ КЫЙЫНЧЫЛЫККА ДАЯР ЭМЕС ЭКЕН»

– Каниет экөөбүз 11 ай сүйлөшүп жүрүп, 2017-жылы баш кошконбуз. Башында баары жакшы болду, кийинчерээк көп урушчу болдук. Ортобузда канча түшүнбөстүк болбосун, “Каниет эл көзүндөгү адам, аны түшүнүп, колдоп турушум керек” деп көп нерселерге көз жумдум. Ажырашканга чейин сүйүнсө сүйүнүп, кайгырса кошо кайгырдым. “Үй-бүлөбүз бузулбасын” деп сактап калууга аракет кылдым. Кээде урушканыбызда биринчи болуп өзүм кечирим сурачумун.

Бизде уруш көбүнчө кызганычтан чыкты. Ал мени элге көрсөткүсү келген жокпу, айтор, “сен чыкпа, кийинбе, боёнбо” дей берчү. Ооба, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө алдын ала мага “иштебейсиң” деген, ага макул болгом. Бирок мынчалык майда нерселерге чейин кийлигишет деп ойлогон эмесмин.

Кош бойлуу кезимде Каниеттин телефонунан бир кыз менен жазышканын окуп калдым. Ошондо биринчи жолу жүрөгүм муздай түштү. Каниет “кечирип кой” гана деди, башка эч нерсе айта алган жок.

«ӨЛҮМ АЛДЫНДА ЖАТСАМ, КАБАРЛАШПАЙ ЖОК БОЛУП КЕТТИ»

– Ай-күнүм жакындап калганда экөөбүздүн урушубуз көбөйдү. Уулумду төрөгөндө келип, төрөтканадан чыгарып кетти. Уулум экөөбүз төркүнүмдөн кыркылыгыбызды чыгарып жүргөндө 7-күнү дене табым көтөрүлүп, ооруканага жатып калдым. Ооруканага чогуу барып, дарыгерлер абалым начар экенин айтышты. Көрсө, жакындарыма “Айсулууну сактап калсак калдык, сактай албасак кечирип койгула” деп ачык эле айтышыптыр. Аны мен кийин уктум. Ошонун баарын угуп туруп кечинде кетти, кеткенде да бардык жактан мени "кара тизмеге" салып коюптур. Эмнеге анткенин такыр түшүнө алган жокмун. “Мейли, урушуп жүргөнбүз, ошого кетип калды” деп да ойлодум. 9 күн ооруканада жаттым, бир жолу же мени, же баланы сурап койгон жок. Ошондо “өлүм алдында мени колдобогон адам кийин деле колдобойт. Каниет кыйынчылыкка даяр эмес экен” деп түшүндүм.

Оор абалда ата-энем гана жанымда болду. Апам жаңы төрөлгөн балам менен үйдө, атам мени карап жанымда жатты. Атамдын кан басымы көтөрүлүп, мени карайт, өзү укол алат, айтор, чогуу дарыландык.

Кудайдын көзү түз болуп ооруканадан аман-эсен чыктым. Чыкканда өзүмө ээ боло албай 40 күн кыйналдым. Бир жактан ден соолугум, бир жактан жолдошумдун кылганы... Айтор, абдан оор болду.

Кызыгы, төрөтканадан чыгаргандан бери кайната-кайненем бир ооз чалып абалымды, небересин сурашкан жок. Кайненемди таарынтып алдымбы деп ойлонсом, “апалап” сый көрсөтүп эле турчу экем. Эмнеге андай болду, түшүнгөн жокмун.

Уулум 6 айга толгондо атасы келип кечирим сурады. “Макул, мен сени кечирдим, баарын унуттум. Сени адам катары, баламдын атасы катары сыйлайм. Сага таарынычым жок, бирок экөөбүз мындан ары чогуу жашай албайбыз” дедим. Ошентип бир жыл жашаган соң ажыраштык.

Менден “Каниет чогуу жашайбыз деп жатат го, сен эмнеге ажыраштым деп жатасың?” деп көп сурашат. Ошондуктан сиздер аркылуу чындыкты айтайын, мени сөз ээрчибесин дедим.

“ҮЙГӨ КЕЛИП ЖУБАЙЫМДЫ ТАППАЙ КАЛЧУМУН”

– Мен бир да жолу Айсулууну “кет, ажырашам” деп айткан жокмун. Ал үйдүн улуусу болгондуктан, башкарып көнүптүр. Ал эми мен башка үй-бүлөдө тарбиялангам. Биз үчүн атамдын айтканы мыйзам. Ушул кезге чейин апам бир ооз атама каяша айткан эмес. Айсулуу болсо мени башкаргысы келчү.

Дагы бир себеп, биз кайната-кайненемдин үйүнө жакын турчубуз. Кудайдын куттуу күнү Айсулуу төркүнүнө каттай берчү. Эркек жумуштан келгенде жубайы үйүндө даамдуу тамагы менен жаркылдап тосуп алса жакшы эмеспи. Мен болсо үйгө келип жубайымды таппай калчумун.

Бир жолу таарынышканыбызда ортобузга ата-энебиз аралашып калды. Ошондо кайнатам атама “балдарыбыздын жашоосуна аралашпайлы, куда” деп кол беришкен. Ошондон кийин келинчегим үйгө келип, кайра жашап калганбыз.

“АПАМДЫН ЫЙЛАГАНЫ МЕН ҮЧҮН КЕЧИРИЛГИС НЕРСЕ БОЛДУ”

– Бир жолу мен туугандарымдыкына ашарга барышым керек болчу. Кетип баратсам “барбай эле койбойсуңбу?” деп жагымсыз сөздөрдү айтты. Мен “барышым керек” деп кетип калгам. Орто жолго жеткенде “унаамдын дөңгөлөгү жарылып калыптыр” деп чалды. “Аны барганда деле жаматсак болот да” десем, “сен мени танда же туугандарыңды танда” деп кирди. Мындай сөз мурун деле айтылып жүрчү. Андыктан “мени менен жашаган жакпай жатса, жашабай эле кой” дедим. Айтчу сөзүн айтып телефонду коюп салды. Кечинде үйгө келсем оокаттарын алып кетип калыптыр. Кайра келет деген ойдо жүрө бердим.

Бир күнү 4-төрөтканага түштүм деп телефон чалды. Алчуларымды алып бардым, эртеси төрөтүнө кирдим, баламдын киндигин кестим. Баламды көрүп жашоом, көз карашым өзгөрө түшкөндөй болду. Сыртта турган кайнене-кайнатамдан ыйлап кечирим сурадым.

Эртеси Кочкордон ата-энем келип, кийинчерээк уулум менен Айсулууну төрөтканадан чыгардык. Жубайымды андан ары тыңытканы кайненемдер алып кетишти. Ата-энем жентек берип айылга жол тартышты.

Дагы бир күнү келинчегим "дене табым көтөрүлүп жатат" деп чалды. Жумушумду бүтүрүп дароо жетип бардым. Төрөтканадан толук калыбына келтирбей чыгарып жиберишкен экен, ошонун залакасы болуп жатыптыр. Айсулууну ооруканага алып бардык. Апам келининин ооруганын угуп кайра жолго чыкты. Апамды тосуп алганы баратсам келинчегим “мени үйгө ала кетчи, бул жак суук экен, жылынып келейин” деп чалды. Экөөнү алып кайнатамдардыкына бардык. Апам Айсулууга “баланы карап берейин. Аяш атаңдын кызы төрөптүр, аралашма бере бербей, ошого да эмизип турайын” десе келинчегим бербей койду. Аңгыча кайненем кирип келип, "небере силердики, алып кеткиле, эртең оорутуп алып жооп берип калбайлы" деп уруксат берди. Ага да болбой Айсулуу орой сүйлөп баштаганына жиним келип “өзүмдү басайын” деп астыңкы кабатка түшүп кеткем. Кайра чыдабай үстүнө баратсам апам ыйлап түшүп келатыптыр. “Эмне болду?” десем, “жөн кой, эч нерсе эмес. Мен үйгө кетейин” деп дароо Кочкорго чыгып кетти. Апамдын жардам берем деп келип, ыйлап кеткени мен үчүн кечирилгис нерсе болду. Ошондон кийин Айсулууну бардык жактан блоктоп салдым. Ал андай деле оор абалда эмес болчу. Эгер абалы начар болсо үйгө келмек беле?
Кийинчерээк досум балама жалаяк, майда-чүйдө алып барса, кайнатам "досуңа айтып кой, бул жакка келбесин. Келсе атып салам" дептир. Ошондон кийин ата-энем канча жолу "баралы, неберебизди көрөлү" деп айтышса да болбой "эгер барсаңар өмүрүмө кол салам" деп жөнөтпөй койдум.

“БАЛАМДЫН КЕМ-КАРЧЫН БЕРИП ТУРАМ”

– Айсулуу башында уулумду көрсөтчү эмес. Ошондуктан баламды көргүм келип, сагынып жүрдүм.

Азыр Кудайга шүгүр, балам менен көрүшүп турам. Ага коляска, оюнчук, кийим-кечесине чейин алып берем. Чынында жеке жашоомду элге жарыя кылгым келген эмес. Буга чейин көп массалык маалымат каражаттарынан да чалып, бул тууралуу сурашкан, аларга "ажырашкан жокпуз" деп жооп берип келгем. Анткени элдин эсинде жакшы жагыбыз менен калсак деп ойлогом.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg



“Аялым үчүн апамдын ыйлаганын көрүп биротоло түңүлдүм” дейт Каниет Жыргалбеков

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(51)
01.07.2019. 09:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
21-07-2019 01:13
Жынысы:
Белгисиз
+11
Каап аябай окунучтуу,куноонун баары аялында окшойт, Каниет аябай тушунуктуу жигит,
Super TV
01.07.2019. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
27-07-2012
Соӊку аракети:
01-07-2019 09:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасын сыйлаганы абдан жакты,аялынын этегин кармап кеткен эркектер-намысы жок,алсыздар.
01.07.2019. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
31-12-2016
Соӊку аракети:
15-07-2019 18:47
Жынысы:
Белгисиз
+19
Өзү бардык жаңы курулган үй бүлөөлөрдү критический момент болот да. Түшүнүүгө аракет кылып, бири бириңерди толук билгенге чейин чыдап койсоңор эле жашап кетмексиңер. 11ай эмес, 11 жыл сүйлөшсөң деле кыз-жигит мезгилде баары башкача болот. Үй бүлөө болгондо башка мүнөз, привычкалары чыгат. Ошону билип болгону кийинки кадамдарды башкача таштап, бириң ачууң келгенде бириңер унчукпай илгерки биздин ата, апаларыбызга окшоп түбөлүк бирге жашап кетмексиңер.
01.07.2019. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
20-06-2017
Соӊку аракети:
21-07-2019 00:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+10
ээх чымчыктында уясы бузулбасын даа
01.07.2019. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
366
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
17-07-2019 04:17
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аял боюнда барында озгорот. После родовая депреция деп койот. Кыскасы бизде туйшук коп. Кайненесине ишенбеген келиндерди тушунбойм бирок.
02.07.2019. 21:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
17-07-2014
Соӊку аракети:
03-07-2019 15:48
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, ошо кайненеси туура эмес суйлоп жатпайбы. Аяш атасынын кызында оору болсочу? Бироонун баласын бироо эмизбейт.
01.07.2019. 10:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
31-01-2019
Соӊку аракети:
21-07-2019 03:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алып берсең балаңа алып берип жатасың да өтө майда жигит окшойсуң. Аял кандай болбосун көңүлүн алып ийге келтирип алсаң болмок.
01.07.2019. 15:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
286
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
18-07-2019 13:32
Жынысы:
Белгисиз
+9
Kyrgyz-jigit.com,антип айтып бербесе элдер баштайт да баласына каралашпайт,эч нерсе алып бербейт деп Дайырды жамандагандай...
01.07.2019. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
20-07-2018
Соӊку аракети:
12-07-2019 09:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz-jigit.com, ооба аябай эле жамандаптыр го аялынан ашып, болду баары бутту айтып кереги жок деп койсо эле болмок.
01.07.2019. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
27-06-2015
Соӊку аракети:
03-07-2019 13:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+9
Каниет ОЗУ начар эле. Калп эле аялын жамандап.
01.07.2019. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
20-07-2019 23:40
Жынысы:
Белгисиз
+19
Келин жаман эмес келген жери жаман деген соз бар. Кеткен келинди жакшы деген кайын журтту коро элекмин. Каниет ХХХХХ ушул интерввьюнан билинди. Оттто эле майдаланып кетипсин. ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-01 17:07:45
01.07.2019. 17:57 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
802
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-07-2019 21:45
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li, порталдын эрежелерин сактаңыз. Эскертүү!
01.07.2019. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
19-05-2017
Соӊку аракети:
18-07-2019 17:52
Жынысы:
Белгисиз
+9
Erkekter uwunday oto mayda bolup baratywat da. Erkek degen erkektey ele bolso
01.07.2019. 11:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
19-07-2019 20:32
Жынысы:
Белгисиз
+13
Каниет ото озумчул бала экен.Апан жон эле ыйлабай,келинин жамандап кетсе керек.Ошого блоктоп салгансын.
01.07.2019. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
20-07-2019 16:32
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оолдунорго актанып. Каниет деген ким озу. Эл адамы деп алыптыр го тим эле... ошону деле айтып чыга бергиле эми. Иш жок калдынарбы
Super TV
01.07.2019. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-02-2016
Соӊку аракети:
21-07-2019 00:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ушунчалык майдалап аялын жамандап уят.Журналист ХХХХ ХХХХХ Озунун да куноосу болбосо такыр эле болуп алмак экен.
Модератор admin_media түзөттү 2019-07-01 17:06:03
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22580;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: