Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Нурмат Садыров, ырчы: «БАШКАГА ҮЙЛӨНСӨҢҮЗ ТУРМУШКА ЧЫКПАЙ КОЁМ ДЕГЕН КЫЗДАР БАР»

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл


Бүгүнкү биздин каарманыбыз ырчы Нурмат Садыров болду. Ырчы мырза бойдок болгондуктан маегибиз кыздар, күйөрмандар, бойдокчулук жана чыгармачылык тууралуу болду.

– Салам, Нурмат, ден соолуктарың жакшыбы? Былтыркыга салыштырмалуу быйыл чыгармачылыкта азыраак иштеп жатасың го...

- Рахмат, жакшы жүрөм. Негизи анча-мынча тыныгуу болот, «чыгармачылык кризис» деп коёт го. Кечке эле көрүнгөн жерден чыга бербей, кээде ушундай тыныгуу керек болуп калат. Атайылап кылбайсың, көбүрөөк жеке жашооңо көңүл буруп калганда ырлар аз жаралып калат. Бирок иштеп эле жүрөм. Азыр тойго ылайыктуу эмес, көбүнчө жай ыргактагы ырларды жаздырып жүргөн кез. Жай ыргактагы ырлар той ырларындай хит болуп кетпейт.

– Жеке жашоомо көңүл бурдум деп жатасың, жүрөгүңдүн ээсин тапкансың го, ээ?
-Жок, азырынча таба элекмин. Издеп жүрөм. Апама, бир тууганыма көңүл буруп жүрдүм. Андан сырткары жакшылыктардан, той-топурдан көбүрөөк колум бошогон жок.

– Аптапта ырчылардын көбү Көлгө же тоого барып эс алып келишти. Сенчи?
- Бойдок кезде көбүрөөк иштеш керек болуп жатат. Эмнегедир убакыт аябай бат өтүп жаткандай сезилүүдө. Мурда билинчү эмес, 1 жылда 1 ыр жаздырып, 1 клип тарттырып шашпай жүрө берчү элем. Азыр 1 жылда 6 ыр жаздырып, 6 клип тарттырсаң деле аздык кылгандай болуп жатат. Эс алайын десем толтура ишим калып кетчүдөй.

– Үйлөнгөн соң үй-бүлөгө көңүл буруп, чыгармачылыгыма убакыт тар болот деп камданып жаткансың го...
- Андай кичине ой бар. Себеби бирөөнүн күйөөсүнө эле бойдок кыздар кызыга бермек беле?..

– Күйөрмандар жоголот деп үйлөнүүнү артка жылдырып жатасыңбы?
-Баары бир бойдок ырчыларга кызыгуу башкача болот да. Бойдок жүрсөң кээ бир бойдок күйөрман кыздарда «тийип калат болушум керек» деген үмүт да болушу мүмкүн (күлүп). Балким, мен деле чыгармачылыгымды сыйлаган күйөрмандардын бирөөсүн алып калышым мүмкүн да. Азыр бойдок болгондуктан күйөрмандарым көп. Үйлөнсөм бир аз азая түшөт болуш керек. Аны билип эле турам. Бирок чыгармачылыгымды жакшы көргөндөр үй-бүлөмдү деле жакшы көрүп сыйлашат деп ойлойм. «Мен сиздин үйлөнгөнүңүздү эле күтүп жүрөм, сиз качан үйлөнгөндө гана турмушка чыгам» же «сиз үйлөнсөңүз мен өмүр бою турмушка чыкпай жашай берем» деген күйөрман кыздар бар.

– Чындап эле күйөрман кыздарыңдын бирин жактырып калсаң аласыңбы?
- Үйлөнөрүмө чындап эле аз калды. Чыгармачылыктын түбүнө жетпейт экенсиң. Ыр жаздырып, клип тарттырып, элге кызмат кылып тойбойт экенсиң. Чыгармачылыкта ийгиликке жеткеним менен, үй-бүлө жактан кечигип жатам деп ойлоном. Мен дагы эртерээк балалуу болуп, алардын эрте чоңоюшун каалайм. Убакыт мени шаштырып жатат. Эгер убакыт шаштырбаса, дагы 2-3 жыл бойдок жүргүм келет. Буюрса, быйыл үйлөнөм деп пландап жатам, бирок ылайыктуу кыз жок. «Артисттерде кантип кыз жок болсун? Кыздардын баары силерде да. Кыздардын баары бирдей, жакшы кызды өзүң тарбиялап алсаң болот» дей беришет. Бирок көз жумуп эле үйлөнө албайт экенсиң.

– Бир кездери «Нурмат Садыров ырчы Толгонай Арзыкееваны жактырат экен» деп кеп тараган. Ырчы кыздар жагабы же күйөрман кыздарбы?
- Ырчы кыздарга үйлөнүп алчу болсом чыгармачылык жактан мага колдоо эле болот. Балким, ырчы кыздарды, балким, күйөрман кыздарымды алып калам. Бирок күйөрман кыздардан эле алган жакшы. Себеби ошол күйөрман кыз менин чыгармачылыгымды, бардык жагымды сыйлап, түшүнөт болушу керек

Ал эми Толгонай жакшы кыз. Анын жигити бар да. Бирок Толгонайдай жакшы кыздар жок эмес деп ойлойм. Мен күтүп жүрөм ошол кызды. Каякта жүрөт? Сонун күндөрдү бирге өткөрөт элек. Киного бармакпыз, Көлгө бармакпыз... Эмдигиче жентек той өткөрмөкпүз. Өзү эртерээк жолукпай жүрбөйбү.

– «Артистти күйөөм дебе» деп күйөрмандарың сага жолукпай жүрүшөт го анда...

- Ал макал «отмена» болгон. Азыр артист эместерди деле күйөөм дебегиле. Тескерисинче, артисттер эл көзүндө болгондуктан тартынат, түз жүргөнгө аракет кылат. Клиптерди да элге үлгү болгудай, идеалдуу жашоону көрсөтүп тартабыз. Мисалы, клипте мен аябай байдын баласы болуп тартылсам, жашоомдо бай деле эмесмин. Клиптен күйөрман кыздар көрүп «Нурматка тийсем ошондой бардар жашоодо жашайм» же «Асел Кадырбековадай болуп кетем» деп ойлошу мүмкүн да. Бирок андай болбой да калышы ыктымал. Себеби мен жеке жашоомду өтө деле жарыялагым келбейт. Эгер чыгармачылыктагы кызды сүйүп, ага үйлөнсөм, анда дайыма эл алдында болуп, экөөбүз кош жылдыз болобуз. Эгер чыгармачыл эмес кыз менен үйлөнсөм, анда элге чыгарбайм.

– Кээ бир ырчылар хайп жаратууну жактырышат. Сенде да ошондой ой болобу?
- Башынан эле мен негативдерге көп көңүл бурбайм. Көбүнчө мага жакшы комментарийлерди жазышат, жаман комментарийлерге туш болгум келбейт. Кээ бирлер жаман комментарийлер аркылуу мен популярдуу болуп жатам деп ойлоп «кара пиар» жасашат да. Менимче, сен чыгармачыл адам болгондон кийин артыңдан өмүр бою жакшы сөз ээрчип турганы жакшы. Оор басырыктуу, кадыр-барктуу ырчы болгум келет. Ошондуктан жан талашып «кара пиар» же «хайп» жасаганга аракет кылбайм. «Кара пиар» аркылуу популярдуу болгуча жакшы жагым менен таанылгым келет.

– Байкашымча, элге таанылгыча 10 жылдай убакыт короттуң окшойт. Бир кездеги кыялың азыр ишке ашып жатабы?
- Чынында эле чыгармачылыкта көп жүрдүм. Мурда 2-3 ырымды жаздырып алып тажрыйба топтоо үчүн таанымал ырчыларга кошулуп гастролго барып ырдап, бийлеп, алпаруучу болуп келчүмүн. Көңүлү менен акча беришсе алып койчумун, бербесе капа деле болчу эмесмин. Азыр 1 эле ыр жаздырып алгандарга «мени менен гастролго барып ырдап келбейсиңби» десең «канча сом бересиз?» деп дароо акчасын сурайт. Заман улам өзгөрүп жатат. Таң калганым, менде чыгармачылыкка болгон кызыгуу ошол кезде аябай күчтүү болгон экен. Такыр үмүтүм өчкөн эмес. Ошондуктан ушул деңгээлге жеттим десем болот. Азыр деле чыгармачылыкка ышкым өчпөй уланта бергим келет. Ушул кезди мен кыялымда да эңсечүмүн, түшүмдө да көрчүмүн. Ушул нерселерге жеткирген Кудайга миң мертебе ыраазымын.

– Маегиңе ыраазычылык. Кыялдарың орундалсын!

Асхат Субанбеков
star@super.kg


Нурмат Садыров: "Сүйгөнүм башкага турмушка чыкканда өкүндүм"

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(13)
15.07.2019. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
18-08-2019 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу бол иним жердешим. Ар дайым ийгиликтер коштоп,жакшы жарга туш бол. Эки дуйно бактылуулугун насип кылсын Жараткан. Элге мыкты ырларды ырдап жалан тойлордо жур.
15.07.2019. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-05-2017
Соӊку аракети:
21-08-2019 10:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун жооп бериптир го. Ал макал отмена болгон дейт ко.
15.07.2019. 10:52 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
06-06-2019
Соӊку аракети:
23-08-2019 10:57
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргызстандын кыздары куйоого тийбей калат турбайбы бул уйлонсо,Эми ал кыздарды Ким алат ой боорум эзилгенче кулдумго ушул эле эркек калгансып
15.07.2019. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-08-2019 15:54
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мээс жок кыздар,ушуга тийбесе омур бою так отом дегендер
15.07.2019. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
25-07-2019 00:21
Жынысы:
Белгисиз
+10
Султан,Мирбектердин куйормандары деле ошентишчу да)))Алар деле уйлонду,куйорман кыздары деле 3-4балалуу болуп калышты.Мирбек,Чынгыз жагат мага,аялы бар болсо деле....чыныгы куйормандар жоголбойт
15.07.2019. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
20-09-2013
Соӊку аракети:
23-08-2019 16:24
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Коркпоңуз үйлөнсөңүз деле үй бүлөлүү күйөрмандар чыгармачылыгыңызды сүйө берет"- деп өзүңүзгө окшоп жооп берип коеюн.Жакшы жигитсиз,жакшы жар туш болсун.
15.07.2019. 18:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
29-11-2018
Соӊку аракети:
23-08-2019 16:28
Жынысы:
Белгисиз
+6
Колго бармакпыз, киного бармакпыз...)))
18 жашар боз уландардай жооп бериптир го суроолорго
15.07.2019. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
23-08-2019 03:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+4
Эгер чыныгы таланттуу,элдин ырчысы болсонуз уйлонсонуз дагы кобойот,,,,эгер андай болбосо озунуз айткандай азайса керек
15.07.2019. 21:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
25-02-2014
Соӊку аракети:
19-08-2019 13:21
Жынысы:
Белгисиз
+3
Созундо чындык бар,убагында ильяз адразаковдун куйормандары да укмуш коп эле,Мирбек Атабеков уйбулолуу болсодагы таланты бар экен ташкындап осуп баратат
15.07.2019. 23:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
22-08-2019 23:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул бала жаман назик да үлбүрөп кармасаң укаланып кетчүүдөй.Аялын деле уруп уруша албаса кк (((((Бирок жакшы жигиттей
16.07.2019. 13:02 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
10-07-2019
Соӊку аракети:
24-07-2019 13:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
М.Атабеков , К.Нуртастар деле журбойбу уйлономок тургай бала-чакалуу.Куйормандары толтура )
Super TV
18.07.2019. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
07-08-2013
Соӊку аракети:
19-07-2019 14:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий деги ары жок бала тура бул. Кыздар мени ухаживать эткиле деп жатабы ошондо...Кулкун гана келет да. Сен чыгармачыл адамсын деп эле улбуротуп жумурткадай сакташ керек тура муну. Чыгармачыл болсон озуно да, кызга как положено конул буруш керек
21.07.2019. 22:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
23-08-2019 13:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала аябай жагат, жонокой жигит! Бактылуу бол иним!Дайыма ийгиликтер коштоп журсун.Жаман соз жаман коздон кудай озу сактасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22755;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: