ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-ИЮЛДАН 21-ИЮЛГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Апта сизден эмгекчилдикти талап кылат. Жашооңузга өзгөртүү киргизүүгө ыңгайлуу учур. Көптөн бери көздөп жүргөн нерсеңизди сатып алып кубанасыз. Жакындарыңызга каяша сүйлөп, чырды ырбатып алуудан абайлаңыз. Сүйүктүүңүзгө көбүрөөк көңүл бурбасаңыз мамиле солгундашы мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жумушуңузда туура эмес кадамдарды жасоодон оолак болгонуңуз оң. Жетекчиликтин көзүнө түшүп калуу коркунучу бар. Артка жылдырып келген пландарды ишке ашырууга ыңгайлуу учур. Жактырып жүргөн адамыңыз сизге көңүл бурсун десеңиз, комплекстерден арылып, өзүңүзгө ишенимдүү болуңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бул апта сизден чечкиндүүлүктү, жоопкерчиликти жана активдүүлүктү талап кылат. Жалкоолуктун туткуну болбоңуз. Анткени аракетиңиздин натыйжасында олуттуу иш баштоого үлгүрөсүз. Аптанын экинчи жарымында жакыныңыздан күтүлбөгөн белек алып кубанасыз. Оңдоп-түзөө иштерин артка жылдырып туруңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Эс алуудан кийин өтө сергек болуп чыга келесиз. Аптада бардык маанилүү маселелерди чечүүгө мүмкүн. Жумушуңузда ийгиликтер орун алышы күтүлөт. Медициналык кароодон өтүп койгонуңуз жөндүү. Балдарга көңүл бурганды унутпаңыз. Жолугушуулардан баш тартпаңыз, бойдок бөйөндөр сүйүүсүн табышы ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)

Өжөрлүгүңүз, иштин көзүн билген жөндөмүңүз жетекчилик тараптан мактоого арзыйт. Достор же кесиптештер тараптан дарегиңизге сын-пикирлер айтылат. Ага көңүл бурбастан максатыңызды көздөй багыт алып, өзүңүздү баалай билиңиз. Үй же унаага байланыштуу маселелер жакшы жагына чечилет.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта кубанычтуу кабарларга бай. Үй-бүлөңүздө бейпилдик орноп, баары сиз каалагандай болот. Жумушуңуздагы аракетиңиз бааланып, карьералык өсүш күтүлөт. Жагымдуу жолугушуулар орун
алат. Бойдок бийкечтер олуттуу мамилеге багыт алышы мүмкүн. Жөнү жок сатып алууларды токтотконуңуз оң.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Талаш маселелерде сөзсүз иш билги адистер менен кеңешип алганыңыз жөндүү. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу бардык аракеттериңиз ийгиликтүү болот. Күтүп жүргөн адамыңызды жолуктурушуңуз мүмкүн. Таарынышып жүргөндөр үчүн жарашууга ыңгайлуу учур. Жоопкерчиликсиз адамдардан качыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жаңы мамилени тез өнүктүрүүгө аракет кылбаңыз. Өкүнүп калышыңыз толук мүмкүн. Ден соолугуңузда маселе жаралбасын десеңиз, жашоо образыңызды көзөмөлдөңүз. Жакындарыңыз тараптан айтылган пикирлерди туура кабыл алыңыз. Маселелерди чечүүдө ал кеңештердин пайдасы тиймекчи.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада түгөйүңүз сизди текшерүүгө аракет кылат. Кылтакка илинип калуудан сак болуңуз. Ал эми жүрөгү бош жаачыларды күтүлбөгөн романтикалык жолугушуулар күтөт. Ыңгайсыздык жаралбасын десеңиз, өзүңүздү дайыма сулуу алып жүрүңүз. Жакшы кабар угасыз. Жакындарыңыздын ийгилиги сизди кубантат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үй-бүлөңүздө же кесиптештериңиз менен пикир келишпестиктер жаралат. Өзүңүздү ачууга алдырбай сабырдуу болуңуз. Болбосо мамилени калыбына келтирүү кыйынга турат. Жумуш ордуңузду алмаштыруу планыңызды ишке ашыра берсеңиз болот. Алдыда сизди жакшы жаңылыктар күтөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кимдин дос, кимдин кас экенин билесиз. Жумушуңузда сизди жектегендер көбөйөт. Орун алган жагдайлар үчүн маанайыңызды түшүрүүнүн кажети жок. Ийгиликтүү иш баштоо алдында турасыз. Мамилеңердин олуттуу экенин далилдөө үчүн сүйүктүүңүздү ата-энеңизге тааныштырууга мезгил келди.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бул жумада сиздин көчөңүздө майрам болот. Биринчиден, баштаган жеке ишиңиздин үзүрүн көрүп кубанасыз. Экинчиден, жумуш ордуңуз жогорулоо алдында турат. Акча чогултуу үчүн ыңгайлуу апта. Сүйүктүүңүздөн кол үзүүнү каалабасаңыз, мамилеңизди тезинен жөнгө салыңыз. Аптанын экинчи жарымына маанилүү иштерди пландабаңыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 15-21-июлга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан