ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗ ЖАРАНЫН АТЫП КЕТИШТИ

Түркияда 23 жаштагы кыргыз жигит киши колдуу каза болду. Окуя 7-июлда Анталиянын Алания шаарындагы Конаклы районунда болгон. Анда дүкөнгө чыккан Муктарбек аттуу жигитти белгисиз түрк жараны тапанча менен атып салган.

“ЖАҢЫ ЭЛЕ ҮЙЛӨНҮП, КЕЛИНЧЕГИ МЕНЕН ТҮРКИЯГА ИШТЕГЕНИ КЕТКЕН”

Маркум Муктарбек Иманалиев тууралуу маалымат алуу максатында туугандарына байланыштык. Анын бөлөсү маркумдун Түркияга барганына аз эле убакыт болгонун айтат.

– Муктарбек 1996-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кызыл-Эшме айылында туулган. Ал үй-бүлөдө үч уул, эки кыздын эң кичүүсү болчу. 2018-жылдын октябрь айында үйлөнгөн. Муктарбек Түркияга ушул жылдын май айында келинчеги менен чогуу иштеп келүүгө кеткен. Ал Түркияда “Атланта” деген компаниянын пансионатында кароолчу болуп иштеп жаткан. Муктарбек Ош технологиялык окуу жайында окуп жүргөндө өз алдынча бизнес кылып, тойлордо сүрөт тартып иштеп жүрчү. Кесиби электрик болсо керек эле. Окуя 7-июль күнү эртең менен болуптур. Бизге ошол эле күнү түштөн кийин, саат 15-16:00 чамасында кабар келди. Муктарбектин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү өзү иштеген компания каржылап жатат.

КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛУП, ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Окуя боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда Түркия прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун айтышты:

– Кылмыш иши боюнча Стамбул шаарындагы элчилик бизге маалымат берген. Учурда Алания шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан маркумдун сөөгүн өлкөгө алып келүү иштери боюнча маселелер каралып жатат. Окуя боюнча элчилик тарабынан маалыматтар болсо бизге кабарлап турушмакчы.

“СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ БИР МЕКЕНДЕШИБИЗ ӨЛҮШ КЕРЕКПИ?”

Түркиядагы “Манас” юридикалык кызматынын жетекчиси Нурлан Миртемир уулу бул окуя тууралуу жакшы билгендердин бири. Анткени ал жогоруда жасалган кылмыш иши боюнча юридикалык жактан иш алып барып жатат.

– Окуяны териштирүүгө менин өнөктөшүм юрист Алтай Бунат экөөбүз катышалы деп чечтик. Кыргыз жаранынын өлүмүн иликтөө боюнча ишке катышуубузга Түркияда иштеп жүргөн кээ бир Кыргыз жарандары жана маркумдун Түркиядагы туугандары каршы болуп жатат. Алар бизди акча үчүн иштеп жатат деп ойлошот окшойт. Биз бул окуянын артынан эки өлкө ортосундагы мамиле бузулбасын деп аракет кылып жатабыз. Муктарбек Иманалиев келинчеги экөө эки башка мейманканада иштешкен. Иманалиев эртең менен саат 06:30 чамасында жумушунан чыгып келинчегине жолугуу үчүн аялдамага келип туруп калган. Ошол учурда аласа-бересеси бар урушуп жаткан жергиликтүү эки түрк жаранынын ортосунда калып калган. Урушуп жаткан эки түрк жаранынын бири тапанчасын алып чыгып ок чыгара баштаган. Айланадагы адамдар качып кетүүгө үлгүрүп, ал эми Кыргыз жараны нес абалында ордунда туруп калыптыр. Ошол учурда атылган октун бири биздин жаранга тиет. Окуянын чындыгы ушундай болгон. Ал эми жергиликтүү түрк басылмалары окуя тууралуу бурмаланган маалымат таркатууда. Себеби аларда өлкө жарандары тууралуу негативдүү кабарлардын тарабашына кызыкчылык жогору. Ошол себептен Кыргыз жаранын түрктөр менен жаңжалдашкан деп маалымат таратышууда. Ушул окуя боюнча эки өлкөнүн тынчтыгы үчүн колумдан келишинче аракетимди кылып жатам. Кошумчалай кетчү жагдай, Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги элге кызмат кылбайт. Бардык эле жарандык маселелер боюнча доо арыздар менен кайрылган жарандарга жакшы мамиле жасашпайт. Укуктарыбыз чет жерде тебеленип жатат. Элчиликтин жарандарга карата жасаган шалаакы мамилеси Кыргыз бийлигине жетпейт, жетсе да көңүл бурулбай келет. Өкмөт же тиешелүү элчиликтер так иш алып бырышы үчүн сөзсүз эле адам өмүрү кыйылышы керекпи?!

Түрк басылмалары тараткан маалыматтарга таянсак, Кыргыз жаранынын өлүмүнө жана ошол күнү чыккан жаңжалга катыштыгы бар делип, 4 Түрк жараны кармалган. Алардын экөө окуя тууралуу сурак берип, коё берилген. Ал эми алардын бири адам өлтүрүүгө, бири тоноого шектелип кармалып турат. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Djal1987
2019-07-19 02:42:06
Эххх
-1
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан