11 жашар саймачы кыз: “САЙМА САЮУНУ 9 ЖАШЫМДА ҮЙРӨНГӨМ”

Бекеринен таланттын баары айылда катылып жатат деп айтышпаса керек. Дегеним, биздин бүгүнкү каарман 11 жаштагы Айпери Жумакадырова саймачылык менен алектенип, каражат жагынан өзүн-өзү камсыздап келет. Айперинин өзү жана кол өнөрчүлүгү менен жакындан тааныштык.

– Айпери, салам. Жайкы каникул кандай өтүп жатат?

– Саламатсызбы? Каникулум ойдогудай өтүп жатат. Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гимназиянын 4-классын аяктадым. Жакында чоң апам экөөбүз Бишкекке конокко барып келдик. Жолборстун жана Кыргыз гербинин сүрөтү түшүрүлгөн эки эмгегимди ала бардык эле, саттык. Акчасына кол өнөрчүлүккө керектүү каражаттарды сатып ала келдик. Учурда үйдө эс алуу менен бирге сайма сайып да жатам. 5 өлкөнүн гербин саюуга кириштим.

– Азаматсың! Эмгектериңди көрүп аябай бааладым, колуң алтын турбайбы. Саймачылык менен алектене баштаганыңа канча болду?

– 2-класста окуп жатканда чоң апама "үйрөтүңүзчү" деп жүрүп үйрөнүп алгам. Биринчи жолу тоту куштардын сүрөтүн саймалап түшүргөм. Ал эмгегим азыр да сакталуу.

– 2 жылдык тажрыйбаң бар экен. Сайманын көп түрлөрүн үйрөнүп калсаң керек?

– Азырынча алты эле түрүн билем: ит таман, көптүрмө, жөрмөмө, чокума, “болгарский”, шуру менен саюу. Дагы башка түрлөрүн, анан чоң апам боз үйдүн жабдыктарын жасайт, ошолорду үйрөнүп алышым керек.

– Курбуларың, мугалимдериң, жакындарың бул өнөрүңө кандай карашат?

– Баары эле мени колдошот, сыймыктанышат. Анткени кол өнөрчүлүк боюнча райондук, облустук сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып жүрөм. Азыр кошуна жашаган эки курбума сайма сайганды үйрөтүп жатам. Сүрөтчү байке бар, ал да менин кол өнөрчүлүгүмдү колдоп, сүрөттөрдү арзаныраак тартып берет. Баарына рахмат айткым келет.

– Азыр го каникул учуру, окуу жылы башталганда сайма сайганга убакыт табылабы?

– Ата-энем “биринчи кезекте окуу, анан сайма” деп убактымды бөлүп коюшкан. Сайма саюуга күнүнө 2 саат гана убакыт беришет. Калган учурда сабак окуйм, үй жумуштарына жардам берем, курбуларым менен ойнойм. Сабактарды болсо жакшы бааларга окуп жатам. Чоңойгондо дарыгер болом деп максат койгом.

– Максатың орундалсын! Сен дарыгер болуп кетсең, кол өнөрчүлүгүң эмне болот?

– Бул өнөрүмдү калтырбайм, сөзсүз убакыт табам деп ойлойм.

– Сайма саюу майда жумуш эмеспи, тажап кетпейсиңби?

– Жок, тажабайм. Тескерисинче, түшүрүлгөн сүрөткө сайма сайылгандан кийин кандай чыгат деп кызыгып ишимди уланта берем.

– Сайма түшүрчү сүрөттү, керектелүүчү жиптердин, шурулардын түстөрүн да өзүң тандайсыңбы?

– Чоң апам экөөбүз акылдашып иш кылабыз.

– Эмгектериңди кимдерге сатасың?

– “Кара-Кеченин” балдарына.

– “Кара-Кеченин” балдары кимдер?

– Ошол жакта (көмүр кени) иштеген байкелер көп алышат. Андан сырткары чоң апам жарманкелерге алып чыгат. Негизи мен сайманы сайып, рамкага салып сатам. Азыр бөлмөлөрдү ушундай нерселер менен кооздошот экен. Былтыр каникулда жасаган эмгектеримди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында уюштурулган жарманкеде саттык. Түшкөн акчага мектепке кийим, окуу куралдарын алдык. Калган акчасын атама берсем музоолуу уй сатып алды. Бир эмгегим көлөмүнө жараша 5 миң сомдон жогору бааланат.

– Колуң дарт көрбөсүн, Айпери. Окууңда, кол өнөрчүлүгүңдө ийгиликтер көп болсун.

КӨЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮН ПАЙДАСЫ

40 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жаткан Айперинин чоң апасы Алтын Түлөбаева кол өнөрчүлүктүн пайдасы көп экендигин айтат.

• Сайма саюу, токуу учурунда алакандагы жана манжалардагы нерв чекиттери активдүү иштейт. Бул ички органдардын иштешин жакшыртат.

• Иштеп жаткан учурда ой бир жерге топтолуп, адамдын жан дүйнөсү тынчтанат.

• Интернеттен оолак кылат.

• Кол өнөрчүлүктү медитация десек болот. Алсак, сайма сайып же токуп жаткан учурда кыймыл-аракет бир ыргакта болгондуктан, адамдын психикасына оң таасирин тийгизет. Бул учурда жүрөк бир ыргакта кагып, күч булчуңдарга жумшалат.

• Стресстен арылтат.

• Эс-тутумду, көңүлдү, жалпы эле организмдин абалын жакшыртат.

• Гормоналдык фонду бирдей абалда кармайт.

• Жасалып жаткан эмгек адамга ырахат тартуулайт.

• Чарчоону жазат.

• Кол өнөрчүлүк адамга энергия да тартуулайт, жашоого андан ары дымактуу кадам таштоого түрткү берет.

Ооба, колдун учу менен иштөө ден соолукка пайдалуу экени талашсыз. Бирок көп учурда отуруп иштегендиктен, башка органдар да көңүл бурууга муктаж болот. Андыктан белге, көзгө, ийинге ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо керек. Эң жакшысы, кол өнөрчүлүк менен үй жумуштарын кезектештирип жасоону адат кылуу керек.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
katerina.li
2019-07-22 12:33:09
Азамат. Онорун оркундой берсин
+2
Jyna
2019-07-22 15:23:45
Колуңар дарт көрбөсүн өнөрүңөр өркүндөсүн. Ушул сайма сайуу өнөрүн өнүктүрсө жакшы болмок көпчүлүккө үйрөтүп. Сайма сайуу кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүда. Биз бала кезде ар бир үйдө чоң энелер сайма сайып кийиз жасап кол өнөрчүлүк м.н алектенишчү. Азыр кызыккандар азайып унутулуп баратат.
+2
BTFB93
2019-07-23 10:00:23
Jyna,бекер өнүктүрсө жакшы болмок деп отура бербей өзүң деле аракет кыла бер
-2
Peri.00
2019-07-23 22:08:21
BTFB93,бекер дебей эле , өнүктүрсө болот деп туратко.
+1
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан