Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Гүлжайна Атаканова, куудул: “МЕНИН ТЕНТЕКТИГИМЕ ЧЫДАП, ӨЛТҮРБӨЙ ЧОҢОЙТУП КОЙГОНДОРУ ҮЧҮН АТА-ЭНЕМЕ РАХМАТ”

№872 18-24 июль, 2019-жыл


“Айылдын кечи, эрте-кечи жок оюн... Болгон жумушум уйду бададан алып келүү эле. Уйдун куйругун кармап алып, айылдын четинде кызарып батып бара жаткан күндү тиктеп келе берчүмүн”. Мм, кандай сонун! Каарманымдын баянынан улам менин да көз алдыма балалыгым тартылды. Куудул жана телеалпаруучу Гүлжайна Атаканованын апасы тууралуу баяны сизди да таттуу көз ирмемдерге жетелейт деп ишенем.

“АПАМДЫ КИЧИНЕМДЕ КӨП КЫЙНАДЫМ”

– Апамдын аты Сүйүмкан, 60 жаштан өтүп бара жатат. Мүнөзү токтоо, сүйлөгөнгө караганда укканды жакшы көргөн оор басырыктуу аял. Элдин алдына Гүлжайна болуп чыгышыма ата-энемдин салымы аябай чоң. Кичинемде апам мен үчүн аябай кооптонуп жүрдү. “Башка балдарыма караганда сен мени көп кыйнайт окшойсуң” деп айтар эле. Апамдын сөздөрүнө ал кезде маани берчү эмесмин. “Эк, эмнеге эле ушинте берет, жакшынакай эле жүрөм го” дечүмүн. Азыр кичине кезимдеги кылыктарымды эстеп алып, ата-энеме “мендей тентек кызды өлтүрүп койбой, аман-эсен чоңойтуп койгонуңарга рахмат” деп калам. Эч кимге баш бербеген, Кудайдан жөө качкан тентек кыз болчумун. Айтылган бардык нерсени тескери жасачумун. Апам “баланчаныкынан бир нерсе алып кел” десе, такыр башка адамдан башка буюмду көтөрүп келчүмүн. “Муну кийбе” десе өчөшкөнсүп дал ошону кийчүмүн, “бул жакка барба” десе барчумун. Бир жакка жиберип жатып “бүгүн түнөбөй эле келип кал” десе, дал ошол күнү түнөп калчумун. Өзүм да түшүнө албаган ушундай бир нерсени тескери жасаган мүнөзүм бар эле. Айласы кеткенде апам чыбык менен сабачу, андай учурда газды баскан боюнча айылдын башына качып кетип, келбей койчумун. Апам өзү барып алып келчү.

Бирок тилин албай көп ыйлатканым менен, апамдын ар бир айткан акылы көкүрөгүмө уюп кала берчү экен. Менин утушум ошол деп ойлойм. Көңүлүмдү калтырып, жанымды кейиткен адамдар болот. Ошол учурларда апама окшоп “мейли, жетпесе эмне кылайын?” деп кол шилтеп басып кетем.

Кичинемде кыйнаганым менен, апам азыр “жети балам бир тең, Гүлжайна бир тең” деп отурат. Менчелик ата-эненин көңүлүн алган уул-кыздар аз деп ойлойм. Апам менен атам жакшы жашасын деп үч жыл мурун жаңы там салып бердим. Бир жолу кыш болчу, аябай суук эле. Атама “келе жатасыңарбы?” деп чалсам “бороондо эч бир маршрутка токтобой жатат, үшүп турабыз” деди. Өзүмдү аябай жек көрүп кеттим. “Ата-энем бороондо үшүп турса, мен машина менен жүрбөй өлөйүн” деп ыйладым. Аз өтпөй иниме машина сатып берип, ата-энем жөө жүрбөй калган. Эми эң чоң максатым – ата-энемди ажылыкка жиберүү. Буюрса, муну да аткарам деп ойлойм.

“ЫЙЛАБА, КЫЗЫМ” ДЕГЕНИ ДЕМ БЕРЕТ”

– Турмушта канча жолу чалынсак, жыгылсак ошончо жолу кайра туруп кеткенге күчүбүз жетиши керек. Менде да өйдө-төмөн күндөр болду. Бирок кандай кыйынчылык болсо да ата-энеме сүйөндүм. Турмушумдан аксадым. Эл “тигинин кызы ажырашып кетиптир” деген кептерди айтпай койбойт экен. Апам ошондо “башыңды көтөр, кызым, азыр ажырашкан сен эле эмессиң. Сен күчтүүсүң!” деди. Билесизби, ошол канчалык мага күч берди... Элге кошулуп мени күнөөлөсө, балким, биротоло сынып калат белем, ким билсин? Бирок оор күндөрдө мага жаман сөз айтып же мыжыгып жашоомду талдап кыжалат кылышкан жок. Ушуга аябай ыраазымын. Апамдын “Ыйлаба, кызым” дегени мага ушунчалык дем берет. Бүтүндөй жүрөктөгү жараатымды дарылап салгандай жеңилдеп калам. Кыйынчылыкта бир тууган деле бир күн карайт, экинчи күнү өз турмушу бар дегендей. Ал эми өйдөсүңбү, ылдыйсыңбы, байсыңбы же колуңда жок байкушсуңбу, дайыма ата-энең жаныңда болот экен.

Атам көп куудулдана берет, бирок апамдын бир күлдүргөн окуясы бар. Атамдын бир жынсы шымы эскирип, тизеси айрылып калган экен. Аны апам кайчы менен кесип, ылдый жагын тигип, атама көрсөтүп “Тураалы, вперёд?” деп кыйкырып жатпайбы. Атам боору эзилип калды. Көрсө, апам орусча “пойдёт” деген сөздү алмаштырып “вперёд” дептир да.

Ар бир адам эле апасынан “баарыбыздан кимди жакшы көрөсүң?” деп өмүрүндө бир жолу сураса керек. Апалар дайыма “баарыңды бирдей жакшы көрөбүз” деп коюшат. Бирок балдарга билинет. Апам конокко барып калсак, “мынчадан кошот экенбиз” деп мага акырын “намёк” ыргытып коёт. Бирок кичүүлөрүнө “силер жөн эле койгула, таарынбайт” деп акчасын албай коёт. Көп жерге “сен барып кой” деп мени милдеттендирет. Апам балдарынын ичинен мени жана эң кичине инимди жакшы көрөт деп ойлойм. Себеби мен барып калганда эртең менен ызы-чуу болуп ойноп жүргөн неберелерин да алыс кууп жиберет. “Жайна уктап алсын, кеч келбедиби” деп аяп турат. Кышында иш кылганга эже-сиңдилеримдин баарын тургузуп жиберип, мени “бул үшүп калат” деп тургузбай коёт. Ата-энемдин жанында куудулдугум да, тентектигим да ашынып кетет. Кээде чектен чыга тамашалап алам, бирок күлүп эле коюшат.

“МАГА КАРАГАНДА КЫЗЫМ АПАМДЫН ТАРБИЯСЫН КӨП АЛДЫ”

– Тентектигиме байланыштуу эки күндө бир таяк жеп турчумун. Апам “киргиле үйгө” дейт. Азыр сабайт экен деп дароо түшүнөбүз. Анан калса катары менен 5 кызбыз. Чыбыгын чыпылдатып “тарбиялап” баштайт. Мен так секирем, кичүү сиңдим такыр секирбейт. Көрсө, сиңдим “киргиле” дегенди укканда эле кабат-кабат кийинип алып, ошого акырын тийчү экен да. Менин мээме кийинип алуу жетпептир, кандай болсом ошондой кирип кетип чыбыктын издери менен чыкчумун. Таарынып да калчу эмесмин. Ошол мүнөзүм дагы деле бар. Кээде “ушу эки-үч күн таарынып жүрө турган дары болсо алып ичет элем” деп күлүп калам. Анткени такыр таарынбайм, тез эле урушканымды унутуп калам. Ансыз деле адам баласы аз жашайбыз, таарынычка убакыт кетирип эмне? “Гүлжайна, алдыга гана кара! Капталыңды да караба, туура эмес көз караштар сөзсүз болот. Артыңды таптакыр караба, артта эмне гана калтырган жоксуң, көңүл бурсаң жинди болуп каласың” деп көп айтып өзүмдү тарбиялап турам.

Апа болгонума 13 жыл болду. Өтө олуттуу апамын. Кызымды чалчаңдатпайм. Эки күндүн биринде жеке баракчама сүрөтүн коюп обу жоктоно бербейм. Андайды жаман көрөм. Өзүнүн уруксаты жок чыгарып укугун бузгум келбейт. Бирок катуу кармайм. Үй жыйналбаса ызылдатып жиберем. Катуу сабабасам да “бул эмнең, кызым?” деп айтам. Өткөндө бир сынакка катышыптыр, аны мен деле билбейм. Экинчи орунду алып калган экен, мындай чыгып аябай ыйлап жатканын бир байке көрүп калыптыр. Жанында апам да бар экен, экөө кучакташып ыйлап жатыптыр. “Эмне болду, тынчпы?” деп сураса, кызым “сынактан орун албай калдым, апама кантип айтам?” деп шолоктойт дейт. Ушундай намыскөй кыз. Чынын айтыш керек, мага караганда апам кызыма көп тарбия берди. Апам “апаңды уят кылба” деп небересине көп айтат экен. Ойлонгондору, кыял-жоруктары да апама окшош. Менин кичинекей кезиме окшобойт, созолонуп турган сонун кыз.

Апам аябай тамакты жакшы жасайт. Мен андан үйрөнгөм. Апам жасаганчалык таттуу тамакты кафелерден да жеп көргөн эмесмин. Баарынан баалаганым, апам жок жерден бар кылып эле дасторконду жайнатып салат. Мурун тентек кезимде апам мени “атаңды тарткансың” деп көп урушчу. Жакында конок чакыргам. Ата-энем үйдө эле, мен столду жаркыратып салаттарды жасап, экинчи тамакка муну, үчүнчүгө муну берем деп ашканада жүрөм. Апам мени карап туруп “садага болоюн, конок күткөнү, тамактарды жасаганы өзүмө окшош турбайбы” деп жалынып жатпайбы. Анда атам “эй, муну ушу жашка чейин мага окшоштурчу элең го, эми сага окшоп калдыбы?” деп күлдүрдү.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



Гүлжайна Атаканова: “Мендей болуп эркектер да ата-энесин бага албайт”

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев, Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(23)
22.07.2019. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
20-08-2019 01:13
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баягы эле Гулнайжа. Тажатма артисстердин катарына кирип кетти бул дагы.
22.07.2019. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
20-08-2019 00:30
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жарылдап эле ушул келе берет.
Super TV
22.07.2019. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
20-08-2019 01:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куда хааласа эмес Кудай хаалабайт кааласа деп туура суйлосонор
22.07.2019. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
20-08-2019 01:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обу жоктонуп озунун суротторун кун сайын чыгара берет ко,анан дагы кызын айтып коет.
22.07.2019. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
18-08-2019 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+6
Муну алып бердим тигини кийгиздим,деп ушулар тажатты. Сенчелик ата энени сыйлагандар жокпу? Ата энени сыйлоо ар бир баланын милдети. Эненин журогундо баардык баланын орду бирдей бироосун жакшы коруп экинчисин жаман коро албайт коп эле ХХХХ. Эн эле кыйыны сен болсон анда калганы кандай болду экен. Элге окшошом дейсин ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-22 16:03:13
22.07.2019. 14:41 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
14-06-2019
Соӊку аракети:
27-07-2019 20:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Войдооот чон эле аял болуп калдыныз. Тормузу жок кептеринизди токтотоосуз.
22.07.2019. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
20-08-2019 02:06
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсыз ата сыйлаган абиийр табат ,эне сыйлаган элге жагат .ушунунуздан жазбан ,бирок сизди эле эмес баардык Бир туугандарыныздын оорду бар ата энениз учун ,баардык балдарын озгочо жакшы корот.негизи ата эне ыраазы болмойунча жашоодо береке жок!
22.07.2019. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
20-08-2019 07:45
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир туугандары таарынат эми .Мени жакшы көрөт мен алып бердим мен мен мен дейт го.
22.07.2019. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
19-08-2019 17:01
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апан жонундо айтканын жакты.Алып берсе алып бердим дейт да,эркектерге улгу болот.Эч жаман жерин коргонум жок.
22.07.2019. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
20-08-2019 01:13
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баягы эле "мен тентек болчум,бейбаш болчум" деген эле кызыксыз маектер. Назира экоо кругозоролорун кенейтишсе бираз
22.07.2019. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
08-10-2018
Соӊку аракети:
19-08-2019 18:29
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата энени сыйлоо баарыбыздын мойнубузда.Кыргызстан боюнча ушул эле сыйлап жаткандай суйлой бериптир го.Дагы жакшы кызын созулуп жоош кыз болуп калыптыр.Супер инфо биз инстаграмдан ансыз деле коруп жатабыз соц тармактарша кирбеген улуу муундагы эже агалардан интервью алсанар боло.
22.07.2019. 17:46 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8451
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
19-08-2019 22:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiymkunumjyldyzym, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
22.07.2019. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
19-08-2019 12:52
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оло мактаныптыр го. Уятта. Бир туугандары окуса деле капа болот.
22.07.2019. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
19-08-2019 18:41
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул Эже Таластан болобу?
Super TV
23.07.2019. 00:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
20-08-2019 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХ рол жаратып жатканда ашыкча эле болуп кетет кулдуром деп жаман корунбойтасынбы?
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-23 09:38:30
23.07.2019. 13:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
512
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
19-08-2019 23:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары жакшы эле болгон бирок ата-энеме Уй салып бердим иниме машина алып бердим дегендерин кошбой эле койбоптурда.Себеби эркек намысчыл келет инисин Бекер эле уят кылып коюптур.Анын деле достору тааныштары бар дегендей ээ бунун колунан эмне келмек эле жанагы эле эжесинин артынан тайрандап журотда деген создор акырындап инисинин кулагына жетет.
23.07.2019. 15:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
06-09-2016
Соӊку аракети:
19-08-2019 16:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластыктар бякта калыптыр
23.07.2019. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
20-08-2019 02:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+3
Ушу ХХХХ эжелердин кыска шорта кийип алгандары кызык да.Ата-энениздин өмүрү узун болсун.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-23 17:41:40
23.07.2019. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
20-09-2013
Соӊку аракети:
16-08-2019 15:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гүлжайна эже таарынбаңызго,сиз тамашалап жатканда,мен бул жакта туруп уялып кетем.Ии дагы Бакыт Алиевич турган турпатыңыз менен соонунсуз тттппптт,иши кылып жаш эле балага шилекейиңиз куюлганы эч жакпайт.Скромно мактасаңыз деле болотко.Өзүңүз да скромный жүрсөңүз жакшы эле,мисалы башка юмористтер сахнадан күлдүргөнүбүз мн жашоодо олуттубуз деп жакшы эле жүрүшөтко.Кызыңыз бар,энесин көрүп кызын ал,эшигин көрүп төрүнө өт деген сөз бар.Акча тапса эле баары боло бербейт.
24.07.2019. 00:24 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
06-06-2019
Соӊку аракети:
20-08-2019 01:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эле болсун ото эле жарылдай берет кулагы укпаган кишиге суйлогонсуп
25.07.2019. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
16-08-2019 23:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеңди сыйлаганың жакшы ,бирок киичине тамашаңдын уят жерлерин алып ташта..
25.07.2019. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
20-08-2019 01:13
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озу олчоктоп саат сайын суротун киргизе берет ко. Кызына коп жакын эмес окшойт. Ойлобойт сыяктуудайго айтканына караганда.
28.07.2019. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-06-2017
Соӊку аракети:
11-08-2019 17:46
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,ичиң ачышса туз жала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22754;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: