БАШ АЛАМАНДЫКТАН БИРОТОЛО АРЫЛ! КИЙИМ ИРЕТТӨӨНҮН ЯПОНЧО ЫКМАСЫ

Кезектеги жыйыштыруудан 2 күн өтпөй үйдүн ичи кайрадан чачыла баштайт. Япониялык адис жана кеңешчи, үй чарбасын уюштуруу боюнча 4 китептин автору Мари Кондо (айрым булактарда Мариэ Кондо, лакап аты КонМари) сунуштаган ыкманы билип алсаңыз, үйүңүздү бир жолу, биротоло мындан ары башаламандык болбогудай жыйнап аласыз. Мунун сыры керексиз буюмдардан арылып, керектүүлөрүн оңой тапкыдай кылып өз ордуларына жайгаштырып, ошол тартипти сактап турууда. Бир жолку үй жыйноодон сиздин аң-сезим өзгөрөт жана үйүңүзгө керексиз буюмду ташыбай каласыз. Бул ирет Мари Кондонун кийимдерди жыйноо сырлары менен бөлүшөбүз.

БУЮМДАРДЫ КАТЕГОРИЯ БОЮНЧА БӨЛҮП ЖЫЙНОО КЕРЕК

“Бөлмөдөгү баш аламандык — мээдеги баш алмандык” деген сөз бар. Бөлмө таза жана жыйнактуу болсо, сиз буга чейин качып жүргөн маселелерди ойлонуп, чечүүгө киришүүңүздөн башка арга калбайт. Үйдү жыйнап, иретке келтире баштоо жашооңузду жаңылоо болуп саналат. Ашыкча нерселерден кутулган адам өзүн ишенимдүү, ийгиликтүү жана сергек сезүүгө өтөт. Адамда энергия менен жашоосун өзү каалагандай курууга мотивация пайда болот. Анткени тегерегин иретке келтирген адам өзүнүн өткөн жашоосун тартипке келтирип, алдыдагы жашоодон эмне керектигин так сезет.

Көпчүлүк адамдарда бир эле категорияга кирген буюмдар, айталы, кийимдер үйдө эки же андан ашык жерде сакталат, ошондуктан "алгач уктоочу бөлмө, конок бөлмө, анан ашкана..." деген принципте жыйноо туура эмес. Мисалы, сиз жыйнап-иреттөөнү бөлмөдөгү кийимдер турган шкафтан баштадыңыз. Аларды иргеп, керексизин ыргытканыңыз менен башка бөлмөдөн комоддогу же креслого ташталган кийимдерге туш болосуз. Ошентип жыйноого кайрадан киришүү керек. Мындай убарачылык сиздеги мотивацияны өлтүрөт.

Мари Кондо буюмдарды категория боюнча бөлүп жыйнап, иреттөөнү сунуштайт: алгач кийимдер, анан китеп, комоно (ар түрдүү буюмдар: косметика, электр шаймандары, дарылар жана башка), ашкана, жуунуучу бөлмө жана башка.

КИЙИМДЕРДИ ЖЫЙНОО, ИРЕТТӨӨ

1-этап. Кийимдердин баарын бир жерге топтоо

Комоддогу, шкафтагы, отургучка артылгандардын, кире бериште илингенин, дивандын астындагы тартмадагыны, кыскасы баарын бир жерге топтоңуз. Эгер кийимдериңиз көп болсо, анда бир нече типке: үстүгө кийилчү (майка, футболка, свитер, кофта жана башка), астыга кийилчү (шым, чолок шымдар, юбка жана башка), кийим илгичке илинчүлөр (пальто, куртка, көйнөк, костюм жана башка), байпактар, ич кийим, аксессуарлар (шарф, сумка, бел кур жана башка), атайын кийимдер (купальник, атайын форма кийимдери), бут кийим кылып иргеңиз.

Үстүгө кийилчү кийимдерди, айталы майка, свитер, кофталарды да өз-өзүнчө бөлүп иргесеңиз болот. Мунун артыкчылыгы, ар биринин санын так билип аласыз. Мисалы, канча кофта бар экендигин, алардын канчасы күндө кийиле тургандыгын.

Иргөө

Кийимдерди иргөөнү сезондук эмес кийимдерден баштаңыз, андан кийин учурда кийилип жаткандарына, анан калгандарына өтүңүз. Кийимди ыргытылчу, бирөөлөргө берилчү (адатта туугандарга, курбуларга), калтырылуучу деп 3 топко бөлүп иргөө туура.

Эми ар бир кийимди бирден колго алып, өзүңүздөн “бул мага кубаныч тартуулайбы?” деп сураңыз. Эгер ичиңизде жылуу сезим болуп, жүрөгүңүз “ооба” деп жооп берсе калтырылуучу жакка таштаңыз. “Жок” десе, анда ыргытылуучу же бирөөгө берилүүчү жакка ташталат. Бирок ар бир кийимди таштап жатканда рахмат айтууну унутпаңыз. Себеби кээ бир кийимдердин милдети бизди туура тандоого үйрөтүү болуп саналат. Ошондуктан бир да жолу кийилбеген кофта – бул эскертүү. Ал бизге кандай түс, өң, фасон кубаныч алып келбей тургандыгын билдирди. Кийимдериңиздин арасында кыйышпас адам белек кылган кымбат, бирок сиздин табитке туура келбей кийилбей калган же жагымсыз окуяны эске салган, же керек болуп калат деп арзанына карап алып коюп, колдонулбай калган кийим болушу мүмкүн. Аларды да таштаңыз. Эскертебиз, үй жалаң кубаныч алып келе турган буюмдардан (анын ичинде кийимден) турушу керек. Андай буюмдар адамга оң энергия берет.

Жүрөгүңүз “жок” деген кийимди “үйгө кийип коём да” деп да алып калуунун кереги жок. Кийимди үйдөгүлөргө көрсөтпөй иргөө кажет. Болбосо бирөөсү, адатта апалар “бул керек болот, бул дагы...” деп айрымдарын алып калат. Бирок колдонулбай эле бир бурчта жата берет.

Үйгө киргизген ар бир буюм тирүү жана ар биринин өз орду болушу керек. Ар буюмду колдонгон соң аны жууп-тазалап, кайра ордуна эс алуусу жана сизге кызмат кылуусу үчүн коёбуз. Ушунун өзү үйдү тартипте сактоо болот.

Мари Кондо кийимдерди илгичке илгенден көрө аларды тик бурчтук формасында же рулон түрүндө дыкаттык менен бүктөп ящиктерде тигинен сактоого кеңеш берет. Бул орунду үнөмдөөгө, керектүү буюмду башкаларына тийбей, чачпай таап алууга мүмкүндүк берет. Тигинен коюуда кийим көп бырышпайт. Бир караганда эле ящикте эмнелер турганын көрүп, керектүүнү ала аласың.

Мари Кондо кийимдерди бир жерге, (бир бөлмөгө) сактоону сунуштайт.

2-этап. Кийимдерди бүктөө

 

  • Кийимди бүктөөдөн мурун жерге узунунан жазып, алаканыңыз менен сылаңыз.
  • Эми кийимди бүктөйсүз. Бүктөөнүн бир топ ыкмалары бар. Сиздерге ыкмалардын бир түрүн сунуштайбыз.
  • Свитер, көйнөк, футболканы бүктөө. Кийимди тескерисинен коюп, жака менен ийиндин ортосунан узунунан артка түз бүктөйсүз. Ушинткенде жең үстүңкү жакта калат. Анан экинчи тарабын ушинтип бүктөйсүз. Узун тик бурчтук пайда болот, футболка, свитерди 3, ал эми көйнөктү узундугуна жараша 4-5 жолу бүктөйсүз.
  • Илгичке илинүүчү кийимдер: жука кездемеден тигилген кийимдер, костюм, куртка жана пальтолор. Шкафтын сол бурчуна алгач узун, калың жана күңүрт өңдөгү пальтолорду, анан жука жана ачык өңдөгү кыскараак же кыска пальтолорду илесиз. Кезек узун күңүрт түстөгү көйнөктөргө, анан ачык өңдөгү кыска көйнөктөргө, костюм, пиджактарга келет. Оң бурчтун түп жагына күңүрт түстөгү блузкаларды, алды жагына ачык өңдөгүлөрүн илесиз. Башкача айтканда, узун калың күңүрт кийимден жука кыска кийимдерге карай илинет. Пальто пальтолордун, көйнөк көйнөктөрдүн, кофта кофталардын жанында илинүүсү шарт.
  • Шымды бүктөө. Шымды алаасынан кармап, бир багалекти экинчи багалектин үстүнө кайрып бүктөйсүз. Алаадагы үч бурчтукту кайрып, анан шымды ылдый жагынан өйдө карай кайрып бүктөйсүз. Анан шым дагы эки жолу бүктөлөт.
  • Ич кийимди бүктөө. Тескерисинен коюп, узунунан 2ге бүктөйссүз, эми 2 жагын ортого кайрып бүктөсөңүз 3кө бүктөлөт. Коробкага алды жагын каратып салуу керек.
  • Колготкилерди бүктөө. 2 багалегин биринин үстүнө бирин коюп, 3 ирет бүктөп, анан суши-роллго окшоштуруп тоголоктойсуз да тикесинен коёсуз. Буларды атайын бөлүкчөлөрү бар коробкага салып, анан ящикке салуу сунушталат.
  • Байпактарды бүктөө. Кол менен түздөп жазып, биринин үстүнө бирин коюп, 3 жолу бүктөйсүз.
  • Шарфты тоголоктоп бүктөө керек.
  • Бюстгальтерлерди бүктөө. Ийин кармагычтарын жана каптал бөлүктөрүн бюстгальтердин чөйчөкчөсүнө салыңыз. Керектүүсүн сууруп чыгуу үчүн бюстгальтерлерди көп тыгыз кылбай салуу керек.
  • Юбкаларды илип койгонго шкафта орун аз болуп жатса, бүктөп коюуга туура келет. Алардын этеги канчалык кенен болбосун бүктөгөндө тик бурчтук формасы келип чыгуусу кажет.
     
  • ЭМНЕЛЕРГЕ САЛЫП, САКТОО КЕРЕК?

• Текчелүү шкафты эмес, жылдырылуучу ящиктери бар комодду тандаңыз.

• Комоддун жылдырылуучу 1 ящиги (же коробка) бир категориядагы кийимге арналат. Мисалы, жалаң футболка же жалаң свитер. Ящиктерге салганда күңүрт түстөгүлөрүн арт жакка, өңү ачыктарын алды жакка коюңуз. Ящиктерди 90 пайыздан ашык толтурбаңыз. Көзгө көрүнбөй калгандар адатта жылдап колдонулбай калат.

• Ич кийим, байпак, колготкилер үчүн бут кийимдин коробкалары жарайт.

• Калың кийимдер үчүн чоң коробкаларды колдонуңуз.

Балдардын кийимдерин деле ушул критерийлер менен иргөө сунушталат.

Окурман, сиз кийимдерди иреттөөнүн япон ыкмасы менен тааныштыңыз, эми аны колдонуп жашооңузду жеңилдетиңиз!

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ZhanMM
2019-08-26 09:22:45
Менин келинчегим да үйдө жакындан бери ушул ыкманы колдоно баштады
+4
oshondoiraak
2019-08-27 12:24:31
Кийим издештен зеригип бир кийим м-н журоберебиз
+3
Feiza1982
2019-08-27 17:48:32
Пайдалуу кеңеш үчүн рахмат СуперКж
+1
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан