Айзада Жамгырчиева – атын өзү жасаган кыз. “Эгер менин демөөрчүлөрүм болсо башкалардай болуп Лексус айдап жүрмөкмүн” деген Айзада темир тулпар адамдарды кандай өзгөртөрүн, мырзаларга караганда унаасы ишенимдүү экендигин жана башка кызыктарды айтып берди.
Үлгүсү – Хонда Аккорд
Жогорку ылдамдыгы – 220 чакырым/саат
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 см3
Түсү – көк
Чыккан жылы – 2003
Баасы – 6000 доллар
– Айзада, салам. Бизге өзүң айтмакчы, "айгырыңды" кенен тааныштырсаң. Эмнеге айгыр деп эркелетесиң?
– Айдоочулардын баары темир тулпарын жорго дешет. Мен элге окшошкум келбейт. Анын үстүнө көк түстү эркектердин түсү деп билем. Унааны алгандан кийин биринчи жолу Таласка ата-энеме сүйүнчүлөгөнү барганда абдан жакшы жеткирди. Ошондо бул мени айгырдай болуп жолго таштабайт экен деген ой келип, айгырым деп атап алгам.
– Азыр темир тулпарың колдоочуң да, коргоочуң да экен. Анда мырзалар менен салыштырып көрсөң. Учурда кайсынысы сага керектүү?
– Мырзалар темир тулпарын кыздарга салыштырып коюшат эмеспи. Мен, тескерисинче, эркектерге окшоштурам. Болгону унаанын артыкчылыктары бар. "Айгырым" мен каякка айдасам ошол жакка кетет. Эркектер андай кылбайт да. Кыргыз жигиттеринде мен эркекмин, менин айтканым мыйзам болуш керек деген түшүнүк бар. Кыз-жигиттик мамиледе таарынышып, тартышып турсаң, унаа менен андай маселе жок. Кээде жигитиң менен таарынышсаң ага чалсаң албай, жолугушууга келбей коюшу мүмкүн. Автоунаа андай кылбайт. Кээ бир эркектер машинанын деңгээлине деле жетпей калат го. Мен унаага ишене алам, ал эми жигиттерге ишенич жок (күлүп). Азырынча автоунаам эркектерге караганда көбүрөөк пайдалуу.
– Өзүңдү кайда болбосун ишенимдүү алып жүрөсүң. Унаа айдаганда деле анча-мынча мырзаларды жолго калтырчудай сезилесиң.
– Ал жагы да бар. Кээде кайда айдаарын билбей жолду ээлеп бараткан айдоочуну аял болуш керек деп карасаң эркек болот. Батыраак айдабайсыңбы деп сигнал берип өтүп кетем. Менимче, айдоочулар эркек, аял деп бөлүнбөсө керек. Жолдо жакшы, анан жаман деген айдоочулар гана бар. Албетте, жаңы үйрөнүп жаткан мырзаларга караганда тажрыйбалуумун, жакшы айдайм.
– Катуу ылдамдыкта, башкалар менен жарышып айдап көрдүң беле?
– Ооба, Хонда Аккорд унааларынын ээлери менен жарышкан учурлар болот. Көбүнчө жарышка эркектер катышат. Алардын көпчүлүгү автоунааларын күчтүү кылып жасатып алышат да. Мен ушул турган унаам менен аларга тең тайлашканга аракет кылам. Ушул кезге чейин биринчи болуп келген эмесмин. Бирок айдагандагы эмоциялар мен үчүн биринчиликтен да артык. Жарышта 200 чакырым ылдамдыкка чыгам. Андай ылдамдыкта унаа учуп калат, бир нерсе болсо, башкарууну жоготуп коёруңду сезесиң. Бирок жолдо атаандаш экөөбүз эле болгондуктан коркпойм.
– Биринчи унааң Хонда Фитти алмаштырганга эмне себеп болду?
– Адамдын пейили тойбойт экен да. Хонда Фитти өзүмдүн эмгегим менен алдым деп аябай кубангам. Кийин Хонда Аккордду көрүп ушундай машинага жетсем деп кыялданып баштадым. Буга жеткенден кийин эми Лексус, Мерседес Бенцтерге кызыгып жатам.
– Унаа аларда түсүнө маани бересиңби?
– Мага унааны техниканы жакшы түшүнгөн агам тандап берет. Акчамды чогултуп, машина алганы жатам десем, ал Таластан келет. Экөөбүз автобазарга барып тандайбыз. Базарда көбүнчө айдалган машиналар болгондуктан агам “түсү маанилүү эмес, кыз кишиге жолдо калтырбай турган унаа керек” деп мени алдап эки унаамды тең алып берген (күлүп). Кудайга шүгүр, эки унаамда тең маселе болгон жок.
– Азыркы жашоодо каражат табуу да, чогултуу да кыйын. Алпаруучулук менен жакшы акча тапса болобу?
– Биз Таласта илгертен бензин сатып иштегенбиз. Ошондуктан 1 сом кайдан келерин жакшы билем. Шарактап күндө кыздар менен эс алып, акчаны оңго, солго чача бербейм. Жанымда акча болсо коротуп салышым мүмкүн. Андыктан аз гана алып жүрөм, калган сумманы банкка салып коём. Унаага акчаны ошентип чогулттум.
Кызыгы, Хонда Фитти айдап жүргөндө эч ким жол бошотчу эмес. Бизде унаага карата мамиле жасашат экен. Кымбат баалуу унааң болсо, демек, бай катары саналып, жол бошотушат экен.
– Сенин хейтерлериң унааңды сындай беришет...
– Ооба, акыл үйрөткөндөр көп. Аккордду жаңы алганда “өз эмгегим менен алдым” деп социалдык баракчама кубанычымды бөлүшүп жазсам, бир мырза Тойота Камрисинин сүрөтүн жөнөтүп, “сен эскирип калган Аккордуңду чыгарбай эле койчу. Азыр мындай унааны такси кызматында айдап жүрүшөт” деп жазды. Менин “аташкаларым” же демөөрчүлөрүм болсо, буга чейин мүмкүн Лексус айдап жүрмөкмүн. Андай мамиленин мага кереги жок. Мен унааларымды маңдай терим менен тапкан акчага алып жатам.
– Биринчи рулга отурган күнүң эсиңдеби?
– Алгачкы жолу 9-классымда отургам. Айылда Москвич үлгүсүндөгү машинабыз бар болчу. Талаага фасоль чапканы барганда апам “кызым кийин шаарга барганда машина айдайт. Үйрөткүлө” деп көп айтчу. Ошентип апамдын сунушу менен агам унаа айдаганды үйрөттү.
Ал эми өзүңдүн менчик унааң деген башкача болот экен. Байкем айдап келип короого токтотуп койду. Ата-энем баары айылга кетишкенде оюмдун баары унааны айдаш керек болду (күлүп). Акырын айдап чыгып жөн эле Бишкекти айланып кыдыра бергем.
– Рулда жүргөн кыздарга мырзалар жолун тосуп же башка ыкма менен көп тийишет эмеспи. Сен да ошондой учурга туш болсоң керек?
– Кызыл Фитти айдап жүргөндө көп тийишчү. Азыр таанып "Айзадасыңбы?" деп калышат же менин эркек мүнөзүмдөн коркуп, “кой, башыма чай кайнатат” дешеби, айтор, азыр тийишкендер жок.
– Кел эми, аягында жеке жашооңо кайрыла кетели. Жакында туулган күнүңдү өткөргөндө айланаңда күйпөлөктөп жүргөн мырзаларга көзүм түштү. Досторуңдун арасынан сени жактырып жүргөндөрдү байкайсыңбы?
– Мен кыздарга караганда мырзалар менен жакшы достошом. Досторумдун дээрлик бардыгы эркектер. Мүмкүн, арасында сиз айткандай жактыргандар бардыр. А бирок алар мени байкап жүрүшсө керек да. Азырынча эч кандай кабар жок (күлүп). Мүмкүн, кийин досторумдун арасынан бирөөсү чыгып, сунуш жасап коёр, ким билет
– Маегиңе рахмат! Тилектериң ишке аша берсин!
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg