Токтобүбү Черикчиева, ырчы: «БИРӨӨЛӨРГӨ ИШЕНИП СЫРЫМДЫ АЙТАМ ДЕП КӨП КҮЙДҮМ»

Махабат тууралуу ырларды ийине жеткире аткарган Токтобүбү Черикчиева быйыл 50 жашка чыгып, жакында юбилейлик концертин бергени турат. Ырчы айым менен артта калган издери, өкүнүч-кубанычы, сезимдери тууралуу баарлаштык.

– Токтобүбү эже, саламатсызбы? Уул үйлөп, неберелүү болдуңуз. Чоң эне деген статус жагып жатабы?
– Саламатчылык. Уулумду үйлөнткөндө башыбызга баш кошулуп жатат деп аябай кубандым. Ар бир келин алган эне мени түшүнсө керек. Неберем азыр 1 жаштан ашты. Күлкүсү, кылык-жоруктары абдан таттуу кези. Уулумду тойдон кийин эле бөлүп салгам да. Бирок күндө барып неберемди көрүп келбесем башым ооруйт. Балама «багыңар бар экен, ушул бала төрөлүп калыптыр. Болбосо такыр карабайт элем силерди» деп тамашалап калам. Темселеп жалаяк, майда-чүйдөсүн ташып эле жүрөм. Неберелүү болгондо өзүңдүн балаң көзүңө көрүнбөй калат тура үлүп).

– «Ата-эненин көзү өткөндө гана бала чоңоюп, эркелиги калат» деген кеп уктум эле. Ушул нерсе сизге байкалдыбы?
– Мен эмнеге өкүнөм, апам байкуш уулумдун үйлөнгөнүн көрбөй калганына өкүнөм. Быйыл апамдын көзү өткөнүнө 9 жыл болду, дагы деле анын жоктугун кабыл ала элекмин. Кечээ Ысык-Көлгө курбумдукуна барып келдим. Үйүнө кирип апасын көрөрүм менен кармана албай ыйлап жибердим. Баары мени урушуп, кошулуп ыйлап алышты. Эненин баркын убагында такыр билбейт экенбиз да. Азыр көп нерсени ойлоном, жанымда болсо бул жакка алып бармакмын, муну көрсөтмөкмүн дей берем. Кана эми кайрылып келсе, сонун болбойт беле...

– Биздин көз алдыбызга сиз 30-35 жаштагы Токтобүбү Черикчиева катары тартылып калыптырсыз. Анткен менен 50 жашка чыктыңыз. Өткөн күндөрүңүзгө саресеп салсаңыз керек, эмнеден уттум, эмнеден уттурдум деп...
– Кудай буюрса, тилектериме жеттим. Кичинекейимден артист болом деп кыялданчумун. Кандай кыйынчылык, тоскоолдук болбосун татыктуу жеңип, өзүм кыялданган ырчылык кесипти аркалап келатам. Менин жашоомдо бир гана демөөрчүм болду, ал апам. Кенедейимден музыкалык мектепке берди, комуз үйрөттү. Балдарымды чоңойтту, менин суугума тоңуп, ысыгыма күйүп, апам гана таянар тоом болду.
Эмнеден уттурдум? 90-жылдары комуз чертип Италияга барган элем. Ошондо мага оркестрде калып иштөө сунушун айтышкан. Ал кезде уулум бар эле, апам жалгыз. Экөөнү таштап кете алган эмесмин. Ошентип жакшы сунуштан баш тарткам. Кээде «ошондо калсам эмне болот эле?» деп ойлонуп кетем, бирок өкүнбөйм. Мен үчүн үй-бүлөм маанилүү.

– Оюңузду ачык, бетке айткан мүнөзүңүз бар экен. Мүнөзүңүздүн жашоодо, карьерада кедергиси тийген жокпу?
– Мен бирөөнүн артынан сүйлөгөнчө бетке айтканды жакшы көрөм. Абийирим да таза болот. Биринин сөзүн экинчиге жеткиргенди да жактырбайм. Мага бирөө сырын айтса өзүмдө калат. Башкаларды да өзүмдөй ойлоп, ишенип сырымды айтам деп көп күйдүм.
Мен эмнеден аксадым? Мен аябай изденгенди жакшы көрөм. Кесиптештерим менен отурганда көңүлүмө жаккан ырды ырдап, «ушуну ырдаганы жатам, уксаңар» деп айта берчүмүн. Жыйынтыгында мен жаздыргыча ал ырды башкалар жаздырып салышат эле. Ушундай окуяларга абдан көп тушуктум.

– Ал адам менен кийин бет карашканда кандай болот?
– Эч нерсе болбойт. «Ой, сен деле жаздыра бер» деп коюшат, болду. А мен бирөө ырдаган ырды кайталагым келбейт. Ошону менен идеям ишке ашпай кала берет. Байкасаңар, мен кайсы ырды аткарып чыкпайын, башка ырчылар кайра жаздыра беришет. Же менден кыйын ырдайм деп ойлошобу, айтор, түшүнбөйм.

– Сиздин ырларыңызды укканда сезимдер ойгонуп кайгыга батасың же кубанасың. Ырларды кандай критерийде тандайсыз?
– Мен ырды жаздырарда ошол ыр менен жашап, өзүм аркылуу өткөрүп анан ырдайм. Мага оңою менен ыр жакпайт. Акындар ырларын бергенде да жакпаса «жок, болбойт» деп эле айтам, таарынганы таарынат. Эгер бир ыр жагып жатса, акынга чалып, түшүнбөгөн жерлерин сурап, балким, өзгөртүш керек болсо, оюмду сунуштап, авторлор менен тыгыз иштешем.
Көбүнчө ырларын саткан авторлорго капа болом. Ырды эл ырдасын деп жаратат да. Канчалык көп аткаруучу ырдап, элге жайылтса ошончолук жакшы эмеспи. Ал эми ырын сатса, авторлор баласын саткандай эле болот. Анан, албетте, аткаруучу сөзсүз ырдын «ата-энесин» айтышы керек.

– Жакында бир катар искусство өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Эл сизди да күткөн, бирок тизмеде жок экенсиз...
– Менин наам алышымды эл көп жылдан бери күтүп жатат. Акыркы кезде наам алат элем деп документ деле тапшырбай калгам. Улуттук филармонияда иштегенден баштап менин документим берилчү, бирок кезегим келе элек окшойт, наам берилбей жатат.
Менин бир касиетим бар, өмүрүмдө директордун кабинетин тыкылдатып кирген жан эмесмин. «Мага муну алып берчи, тигини кылып берчи» деп бир суранган жокмун. Артисттерди карап турсаң, эшик тепкилегендери көп.
Азыр Эмгек сиңирген артист наамын албай калдым деп таарынбайм. Мага чейин канча улуу залкарлар турат. Алгач ошол килтейген оркестрде иштегендер, драма театрдын жаратмандары алсын. Мен го жөн гана аткаруучумун. Чынында Эмгек сиңирген артист дегендин кызыгы деле калган жок. Тойлорго барганда тамадаларга наамым жок десем, «жок, эже, Эмгек сиңирген артист деп эле чакырабыз сизди» деп Эмгек сиңирген артистти кошуп чакырышат.

– Азыркы кыргыз эстрадасынын абалына кандай баа бересиз?
– Азыр ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле ырдап жатышат. Ырдай албагандары жөн эле койсо деп ойлойм. Баары жылдыз болуп чыгып кете албайт. Элге таанылыштын чоң азаптуу жолу бар. Биз кандай гана сууну кечкен жокпуз. Сахнага чыгыш үчүн үстүңдөн режиссёр, адабий бөлүмдүн башчысы, көркөм жетекчи иштечү. Режиссёр "ичиңди тарт, бүкүрөйбө, тике кара, бетиңде бит жөргөлөп баратса да тийбейсиң" деп сахнада өзүбүздү туура алып жүрүүнү үйрөтүп турчу. Сахнанын өзүнүн касиети бар. Азыркылар, айланайын, аман эле болушсун. Мен ар бир сахнаны аттаарда бата кылып, анан чыгам.

– Жүрөк согуп турганда адамда сүйүү жашай берет дешет...
– Жаш кезимде жигит жандап, балмуздак жеп, көчөдө баскан эмесмин. Көңүл ачууга кенедей да убактым болгон эмес. 15 жашымда борборго келип окуп, 17 жашымда филармонияда залкарлар менен иштеп, алардын кирин жууп, балдарын карап, батасын алып ушул даражага жеттим. Ал эми жалпы айтканда сүйгөндөрүмө жеттим. Бул жаатта капачылык, өкүнүч жок.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
PrinsessaNuri
2019-09-16 10:46:43
Uwunday uluu insandardy bawky betke chygarsanar bolmok.
Den sooluk sizge. El artistin el kachan ele berip koygon da sizge kapa bolbonuz
+3
nazira...
2019-09-16 11:51:07
Оло жагат да мага, ырдаганы. Самара Каримовага эмес ушу эжеге берсе болмок наамды.
+7
vikidiki
2019-09-16 13:29:32
nazira...,Умут этпей деле калдык го . Эже айткандай ,"баркы жок уже ушу наамдардын".
+5
ainura220888
2019-09-16 14:26:34
Апакендин болбой калдым келини,
Болсо керек суттой аппак пейили,
Кундур тундур тынчсыщданган апандын,
Болбой калдым суйгон эрке келини деген ырын укмуш суйуп угат элем. Эже бирок ыр саттуу боюнча оюнузга кошулбайм. Акындарда ошол менен тиричилик кылатда. Сиз ошол акындын ырын ырдап тойдон канча каражат таап атасыз анан неге акында оз жанын бакса болбосун. Сиздин эмгегиниз элге синген уже намыныз жок деле биз сизди суйобуз урматайбыз угабыз.
+5
Jelena09
2019-09-16 19:02:09
Эже наам алыш керек эле уже.акыйкат жок кр да
-1
ALATOOLUK.JIGIT
2019-09-16 21:07:35
Карап карап деген ырды Элмирбек чыгарса сиз ошол ыр менен бутка туруп,бирок бир сом да берген эмес экенсиз. Анан сатат да акындар ырын. Билем ырларыныз жакшы,бирок маегинизге караганда кулк-мунозунуздо тузук эле кемчилик бар окшойт.
+5
Begimay.emir1
2019-09-17 10:48:19
Ушу илгерки ырчылар ач коз экен да. Ыр сатып алгысы келбесе, бироого ырдаткысы келбесе. Жон эле акча келип турса
0
bond02
2019-09-17 11:42:04
Анан даяр нанын ким берет сага? Сатып алгын келбесе озун жаз да.
0
mela
2019-09-17 17:51:57
Жаш ырчыларды жамандап эле басып журушот.Ырлары 15-20-жыл мурун жаздырган боюнча го.Бир кезде ырдап чыккансын деп Эле наам бере бербейт го.
-4
Sayragul
2019-09-20 16:09:58
Озун укмуш сезет го. Жакшы деле ыры жок.Бул ырчынын жосунсуз бир жоругун, окуясын уккандан бери муну аял катары сыйлабаймын.Айчурок, Динаралардай ону -тусу болсо дагы мейли эле.
-1
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан