ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Эржан эми баштагыдай көк көйнөкчөн кыз эмес, жаркылдап сүйлөгөн, шыңгыр күлкүсү бар, көз мончоктой сулуу Асел деп ойлонуп жатты. Бир күндүн ичинде кадимкидей өзгөрө түштү. Кечээ эле достору менен шарактап күлгөн шайыр бала жок, ойлуу жигитке айлана түшкөнү өзүнө деле сезилип турду. Сезгенде эмне кылмак? Балким, мен-мен деген хандар, падышалар, баатырлар багынып берген сүйүү ушудур?..

Уйкудан көзүн ачары менен Эржанды бир сыйкыр күч 323-бөлмө тарапка жетелеп баратты, жатакана тымтырс. Аселди көргүсү келип турду, эмне кыларын билбей кайра артка кайтты.

Ал күнү кечинде төрт жигит кыздардын бөлмөсүнө кайра барышты. Бул жолу куру кол эмес, кайдан-жайдан акча таап, суусундук, торт, гитара, аккордеонун көтөрө барышты. Кыздар да эски тааныштардай коноктошту жигиттерди. Тапкан-ташыганын дасторконуна жая салып, тамаша айтышып, каткырык сала баары ырдап отурушту.

Көпкө отурушту, далай сөз айтылып, далай ыр ырдалды. Акыры бир шылтоолорду айтышып бир-бирден бөлмөдөн баары чыгып кетишти. Бөлмөдө Эржан менен Асел эле калды. Бир көрүп сүйүү деген ушубу? Балким, жүрөктөрдүн, көздөрдүн сүйүүсүдүр. Кыз да Эржанды жактырып калган болчу. Экөө бөлмөдө жалгыз калганда илбериңки кыз тартынып, улам сөөмөйүн кармалап, жүзү албырып чыкты. Чогуу отурганда сөзгө анча аралаша албай, көзүн Аселден ала албай отурган Эржан эми кезеги келгенин, сүйлөбөсө болбой турганын түшүнүп, бирок эмне деп сөз баштаарын билбей алактай түштү.

Мындайда сөз чыгышы да кыйын окшобойбу.

– Эртең түштөн кийин эмне кыласың?- дегенге араң жарады. Ушуну менен бир оор жүктү моюнунан алгандай жеңилдей түштү. Аселдин жүзүнө карай алган жок. Аселдин азыркы абалы деле Эржандыкынан артык эмес болчу.

– Билбейм, ушул жерде эле болом го,- деп жылмайып койду. Анын жагымдуу жылмаюусу ансыз деле эрип кетчүдөй болуп отурган Эржандын жүрөгүн элжиретти. Заматта оюна ар нерсе келип, кыялга азгырылып кетерде «Эмнеге?» деген Аселдин сөзү оюн бөлдү. Ошондо гана сезди Эржан Аселди карап ойго батып кеткенин.

– Жо, мындай эле,- шашып калды Эржан. – Бош болсоң шаар аралап басып келсекпи деп...- жүрөгү дүкүлдөп, кулагынын учуна чейин кызарып кетти жигит.

– Макул.

Асел дагы өзгөргөндөй. Баары чогулуп отургандагы тамашасы, күлкүсү көп Асел жок. Тиктеше калганда көздөрүн ала качып, бир аз тартынгандай болуп отурду.

Экөө көпкө отурду. Мүмкүн, 1 саат, а мүмкүн, 2 саат. Кызыктуу деле маек болгон жок. Кыска суроолорго үзүл-кесил жооп берип коюп отурушту. Эшик ачылып, сырттан Аселдин курбусу кирип келди.

– Ай, жаштар, жаш жубайлар, экөөң элеби бул жерде? Калгандары кана?

– Койчу...- деди Асел анын жаш жубайлар деген сөзүнөн уялып.

– Чыгып кетишиптир го. Эми жаштарга мүмкүнчүлүк түзүп беришкендир да,- деди кайра курбусу. Бул сапар Асел унчукпай эле жылмайып койду.

– Мейли, мен барайын. Жакшы отургула,- Эржан шашып ордунан турду да, Асел жакты карап:

– Көрүшкөнчө,- деди.

– Ай, аяш, сен кайда? Отура бер, мен кетем азыр кайра.

Аселдин курбусунун сөзүнөн эми Эржандын да жүзү кызарып кетти.

– Макул, жакшы эс алгыла!- деп абалын билгизбегенге аракет кылып сыртка чыгып, бир аз жеңил дем ала бөлмөгө барды.

Эртеси Асел менен жолукчу убакытты чыдамсыздык менен күттү. Экзаменге даярданган окуучудай айтчу сөздөрүн кайра-кайра кайталайт:

– Сүйөм деп айтсамбы? Жок, айта албайм. Экинчи күнү эле минтип айтсам кызды чочутуп алам. Деги сүйүүбү бул өзү? Же жакшы көрөм деп айтсамбы?- азыр Асел маңдайында тургандай сүрдөп кетти.

– Жок, эч нерсе деп айтпайм. Жөн гана шаар айланып келебиз. Дагы эки-үч күнгө калсам бекен шаарда? Өзүмдүн сабагым да үч күндөн кийин башталат. Мейли, көрө жатарбыз, азыр эң башкысы, Асел менен сейилдеп келиш керек...- деп өзү менен өзү сүйлөшүп отуруп, Асел жашаган бөлмөгө жөнөдү. Эшикти такылдатты.

– Кыздар, мүмкүнбү?

– Ким?- ары жактан Аселдин назик үнү угулду.

– Кел, кир,- деп курбусу Бурулай эшикти чоң ачты.

– Жок, мен ушул жерден эле. Аселге келгем...- деди бөлмөгө моюн созуп Аселди карап.

– Макул, бир аздан кийин чыгам.

Сүйүнгөн Эржан сыртта чыдамсыздык менен күтүп жатты.

ххх

Асел Эржан аны биринчи көргөндөгү көк көйнөгү менен чыкты. Узун чачы шамалга желбиреп, кыздын көркүнө көрк, сулуулугуна сулуулук кошуп турду. Эржан үчүн Асел эмес эле, периште келе жаткандай көрүндү.

– Кеттикпи, жигит?- деди назик колун сунган кыз тамашалай.

– Кеттик, сулуу кыз.

Жанаша баскан экөө борбордогу көчөлөрдү аралап, сейил бактардан басышты, сөздөрү түгөнчүдөй эмес. Буга чейин экөөнү уялтып жаткан сезимдер, тартынуу жоголуп, экөөнүн ортосу жакындай түшкөнсүдү.


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Grazy-girl2019
2019-09-16 19:33:24
Кызыксыз чыгарма экен
+1
aiti
2019-09-18 10:15:50
Админ "Өмур кемеси" сериалын чыгарсаңар, окурмандар учун абдан кызыктуу,чыдамсыздык менен кутуп окуй турган чыгарма.Фейсбуктан окудум эле...
0
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан