Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЗАТ ТОРОЕВ - “THE NEW YORK TIMES`тын” КӨҢҮЛҮН БУРГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТИ

№880 12-18-сентябрь, 2019-жыл


Азат Тороев азыр 24 жашта. ДЦП менен төрөлгөн. Бирок духу күчтүү, абдан позитивдүү жигит. Ал сиз, биз кыла албаган жумушту жасап жүрөт. Анын макалалары орус тилдүү белгилүү “Vogue”, “GQ”, “Glamour”, “Architectural Digest”, “Harper's Bazaar”, “Elle” журналдарына басылган. Эми алдыда Азатты айтылуу “The New York Times” гезити менен иштешүү күтүп турат.

“БАСЫП КЕТКЕНИМ – АТА-ЭНЕМДИН, ДАРЫГЕРЛЕРДИН ЭМГЕГИ”

– Менин аты-жөнүм Азат Тороев, журналист, копирайтер, фрилансермин. Мээрим Осмонова менен биргеликте “Окно” медиабасмасын негиздеп, ошону өнүктүрүү менен алекпиз. Азырынча бизди орус тилдүү өлкөлөр билип калды. Келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытсак дейбиз.

Үй-бүлөдө 3 уулдун ортончусумун. Апам мамлекеттик кызматкер, атам 2013-жылы каза болуп калды. Мен төрөлгөндө эле ДЦП менен жабыркап, көпкө чейин коляскада отургам. Ата-энемдин мени дарылайбыз деп алып барбаган жери, көрсөтпөгөн дарыгери калган жок. Жумалап-айлап ооруканада жатчумун. Караколдогу Ак-Суу балдарды реабилитациялоо борборунда көп дарыландым. Минтип өз алдымча басып кеткеним – ата-энемдин, дарыгерлердин эмгеги. Албетте, ДЦПны толук айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок тынымсыз дарыланып турса сөзсүз жылыш болот.

Дарылоо процесси балдар үчүн өтө оор болот. Ак-Сууда дарыланып жүргөндө канча ирет кийимдеримди чогултуп, кетем деп чыктым. Массаж жасаган жерге барсаң балдардын чыңырган ачуу кыйкырыктары угулчу. Азыркыга чейин ошол сезимдер көз алдымда. Массаж ушунчалык катуу жасалат, жаның ачыйт, чыдатпай ооруйт, кыйкырасың, бакырасың, дарыгерлерди тепкилейсиң... Бала болчумун да, анда ал нерселер менин келечегим үчүн жасалып жатканын түшүнчү эмесмин.

“БИР КОЛДУУ ДЕП ШЫЛДЫҢДАГАНДАР БОЛДУ”

– Мен бала кезимден толукмун. Буга ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелгени кошумча болуп, айрым балдар үчүн шылдыңдаганга жакшы тема болчу. Кичинекей кезде ойлонбой сүйлөй беребиз да, мени бир колдуу деп шылдыңдагандар болду. Бирок мен аларга маани берген эмесмин. Досторумдун колдоосу, апамдын мээрими, үйдөгү жагымдуу маанай негативдүү нерселерди жеңүүгө жардам берди. Окуудан тышкары ата-энем ар кандай ийрим, курстарга жаздырып коюшчу. Сабактан чыгып алып курстар менен алаксып, негативдүү ойлорго убактым болгон жок. Биздин учурда Покемон сыяктуу мультфильм каармандарынын сүрөтү түшүрүлгөн карточкалар мода болчу. Бош убакта досторум менен карта ойночумун. Кошуна балдарга апам дайым “Азатка көз салып тургула” деп дайындачу, алар мени карап жатып, аягында дос болуп кетчүбүз (күлүп).

“2 ЖОЛУ АМЕРИКАГА БАРЫП ОКУДУМ”

– Бала кезден чыгармачылыкка жакынмын. Кыялымда ким гана болгум келбеди. Бир ырчы болом деп чыктым. Кийин актёр, телеалпаруучу болгум келди. Жогорку класста окуп жүргөндө режиссёр болом деген ишеничим чоң эле (күлүп). Америкадагы жомоктогудай жашоого кызыкчумун. Кыялымды ишке ашырам деп англис тили курсуна калтырбай барып, өз алдымча окуп, 11-классты аяктаганда FLEX программасы менен Колорадо штатынын Форт Колинс шаарына барып окуп келдим. Мекениме келген соң Токмоктогу Борбор Азия Эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктадым. Университетте да алдыңкы студент катары тажрыйба алмашуу максатында TOEFL программасы менен Чикагого барып, бир семестр билим алгам. Ал жакта креативдүү жазуу сабагы бар эле. Анда биз аңгеме, поэма, көркөм жазуунун сырларын үйрөндүк. Бул нерсе мага чоң багыт болду.

“THE NEW YORK TIMES” ГЕЗИТИНЕН ТАПШЫРМА КҮТҮП ЖАТАМ”

– Студент кезде эсселерди жазып, интернет сайттарга макала даярдап жүрдүм. Өзүмдүн блогумду ачтым. Мага ушул жанр аябай жагат экен. Издеп жүргөн нерсени тапкандай болдум.

Ал эми чет өлкөлүк журналдар менен иштешүү былтыртан башталды. Алгач “Conde Nast” аттуу белгилүү журналдарды басып чыгарган басма үйүнө портфолиомду калтыргам. Бирок ал жактан кабар болгон жок. Кийинчерээк мага “Vogue” журналынын редактору байланышып, “сиз бизге жактыңыз, кааласаңыз жазыңыз, тапшырма берели” деди. Албетте, кубануу менен алардын тапшырмасын аткардым. Ошентип биринчи макалам былтыр “Vogue” журналынын сентябрь айындагы санына чыкты.

Мени көпчүлүгү редакцияга барып макала жазат деп ойлошот экен. Чынында андай эмес, мен штаттан тышкаркы фрилансермин. Тагыраак айтканда, мага редакторлор "жарнамалык макала жазып бериңиз" деп тапшырма беришет, мен жазам. Биринчи эмгегимден кийин редакторлор биринен-бири көрүп байланышып, тапшырма берип жатышты. Азыркы күндө жарнамалык негиздеги орус тилдүү макалаларым “Glamour”, “Vogue”, “GQ”, “Architectural Digest”, “Harper's Bazaar”, “Elle” журналдарына басылып чыкты. Менин өзгөчөлүгүм – москвалыктардан азыраак акча сурайм. Башкаларга салыштырмалуу тапшырманы бат аткарам жана мода, сулуулук дүйнөсүн жакшы билем. Жакында “The New York Times” гезитинин редакторлору байланышкан, эми тапшырма беришмек, ошону күтүп жатам. Бул мен үчүн чоң сыймык жана стимул.

“МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ КЕРЕК”

– Менин сол колумдун манжалары ачылбайт, аксап басканымдан да ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин байкаса болот. Бирок бул мага эч качан тоскоол болгон эмес. Туура, ДЦП экенибизди өчүрүп болбойт. Бирок аракет кылса, сөзсүз жылыш болот.

Дени-карды соо адамдар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен абайлап сүйлөшсө дейм. Алардын мага боору ачып же алдымда ыңгайсыз болгону мен үчүн маанилүү болбошу мүмкүн. Анткени менин жакшы иммунитетим бар (күлүп). Бирок “комплекси” бар балдар үчүн абдан оор болот. Алар баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат да, жакшы жашоого үмүтү жок, негативдүү адамга айланат. Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды көчөдөн, коомдук жайдан көрө албайбыз. Эмнеге? Анткени алар коомдо өзүн эркин алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Бала кезден шылдыңга кабылышат, стресс болот, ошонун таасири менен үйдөн чыкпай камалып отурушат. Ата-энеси жарытылуу көңүл бөлбөсө “менде такыр эле мүмкүнчүлүк жок турбайбы” деп үмүтү өчөт. А балким, ал бала келечекте мыкты музыкант же атактуу инсан болмок. Ошондуктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-эне, бир туугандарына айтар элем, жакыныңыз менен сөзсүз сүйлөшүңүз, сырдашыңыз, туура багыт бериңиз!

“АМЕРИКАГА КӨЧҮП КЕТСЕМ БОЛМОК...”

– Мен АКШда жашап, көп нерсеге көзүм ачылды. Ал жакка көчүп кетүү мүмкүнчүлүгүм деле бар болчу. Бирок андай кылган жокмун. Эгер мен өзүмдүн “күчтүү империямды” түзөм десем, ал жакта атаандаштык күч. Ал эми бизде атаандаштык жокко эсе, Кыргызстан айдалбаган талаадай. Чоң кыялдары бар, бирок “колумдан келбейт” деп корккондор, “биз коррупцияга батып калганбыз” деп кейип-кепчигендер, адашасыздар, бизде иштеп акча тапчу толтура ресурстар бар. Мен көп мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, жасап, иштегим эле келип турат.

Гүлжамал Абылкасымова
koom@super.kg



"The New York Times'тын" көңүлүн бурган кыргыз жигити

Автор: Нуркыз Курманбекова
Оператор: Айбек Алимов, Көчөр Кубанычбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
16.09.2019. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
21-10-2019 01:06
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат ийгилик!
16.09.2019. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
21-10-2019 23:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец! Ийгилик!
16.09.2019. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
21-10-2019 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз сага дем куч бербей 6 саны аман адамдарга сен стимул бердин. Молодец. Ийгилик.
16.09.2019. 14:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-02-2018
Соӊку аракети:
21-10-2019 17:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Кыргызстан айдалбаган талаадай"туура айтылган соз.
16.09.2019. 15:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
11-06-2019
Соӊку аракети:
04-10-2019 09:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында суктандым.Ийгилик!
19.09.2019. 22:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
08-06-2013
Соӊку аракети:
23-09-2019 17:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет!
Азамат чын ден соолук жана ийгилик иним
20.09.2019. 16:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
20-10-2019 18:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркине данк жана дунк, аябай жакшы создор, ушинтип жакшы жашоого умтулгандар жана ишенгендер коп болсок созсуз турдо мамлекетибиз онугот буюрса.Чынында суктандым,мынча даражага жетуу учун аябай коп эмгек кылуу керек, дене карды соо адамдар жалкоолонуп жатабыз, улгу алсак болот.
21.09.2019. 12:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
25-04-2010
Соӊку аракети:
21-10-2019 21:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodez. Deni sak bolup dele ishtebei jurgondor kancha
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: