Туристтик сезон аяктаганына байланыштуу Бишкек-Балыкчы поезд каттамы токтотулду.
Бишкекте жеңил унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза тапты. Жаракат алган 6 адам ооруканага жеткирилди.
Парламент билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду.
9-сентябрда өлкөдө комуз күнү белгиленди.
Бектен Сыдыгалиев “Кыргызстан” фракциясынан парламентке депутаттыкка мандат алды.
ИИМ унаасына жасалма мамлекеттик номур тагып жүргөн айдоочуларга айып пулду эки эсе көтөрүп, 20 миң сом кылууну сунуштоодо.
Мамлекеттик каттоо кызматы: "2018-жылдын январынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 11 адам жынысын алмаштырды".
9-сентябрда күтүүсүз кар жаап, Суусамыр өрөөнүндө 5 миң гектар жерге эгилген арпа кар алдында калды.
Быйыл январь-июль айларында Кыргыз мигранттары өлкөгө 1 миллиард 351 миллион сом которушканын Улуттук банк билдирди.
10-сентябрда Араван районунда Төө-Моюн айылынын тургундары "Өзбекстандын аскерлери Кыргызга караштуу жерди тосуп жатат" деп нааразычылык билдирип чыгышты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.