КЫРГЫЗ ТИЛИНИН КӨЙГӨЙҮН ЫРДАГАН АСЫЛБЕК МАРАТОВДУ КОНЦЕРТКЕ КИРГИЗБЕЙ КОЮШТУ

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата өкмөт тарабынан уюштурулган концертке төкмө акын Асылбек Маратовду киргизбей коюшту. Бул тууралуу Асылбек Маратов өзү айтып чыкты. “Концерт болор алдында бизди уюштуруучу аткаминерлер ырдатып көрүшкөн. Анда тил маселеси боюнча акындык дилимден чыккан сунуштарды, орчундуу ойлорду камтыган ырымды ырдап бергем. Бирок андай ыр азыркы бийликке жакпайт окшойт. Эртеси иш-чарага келсем, тизмеде жоксуң деп түртүп киргизбей коюшту. Тил майрамдын күнүндө тил кескени эмнеси?”- дейт төкмө. Асылбек Маратовдун мамлекеттик иш-чарада ырдачу ырында бийликтегилердин кыргыз тилине кылган өгөй мамилеси тууралуу айтылат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Skarlett-Skarlett
2019-09-30 13:43:22
Эхх,туркойлор!
+1
-adam
2019-09-30 15:17:08
Бийликтегилер эл .тил менен иши жок!
Аларга алтын.акча.элди алдап жеш.жерди сатып жеш эле болсо болду.
Арасында бар болуш кк куйгону аны оз ара эле тынчытышат.чыгарышпайт.же каматышат.
+4
Aimani
2019-10-01 00:21:42
Бийликтегилерди мактап эле ырдаш керек го анда, туура сөз тууганга жакпайт деген чын да
+2
temirov76
2019-10-02 07:23:20
Жалан Арзыматтар чакырылса керек да.
+1
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан