Сайкал Садыбакасова, ырчы: «АПАМДЫН ӨЗ НЕБЕРЕСИН ЖЫТТАП, ЭРКЕЛЕТИП ЖАТКАНЫН КӨРГҮМ КЕЛЕТ»

«ЭСТЕЙ ЖҮР» УНУТУЛУП КАЛГАНДА ЖЕРГЕ ТҮШТҮМ

– Балалык кезиме көз чаптырсам, апамдын конок тосуп жатканы эсиме келет. Уйкудан ойгонуп эле үйдө ырчылардын жүргөнүн көрчүмүн. Гастролдоп биздин үйгө конокко келген Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Алина Жетигенова өңдүү ырчылардын помадалары менен боёнуп, алардын кооз кийимдерине суктанчумун. Балалыгым «Кыз-Бурак» менен өттү. Топтогу кыздардын репетиция кылып жатканын көрүп жүрүп ырчылыкка сугарыла бериптирмин. Кичинекей кезимден баштап музыка каныма сиңип өскөнүмө сүйүнөм.

Музыкалык окуу жайда фортепиано бөлүмүнөн сабак алчумун, пианист болчумун. Булардын таасири менен «чоңойгондо мен дагы ырчы болом» деп кыйын боло берчүмүн. Апам болсо «сен банкир болосуң, ырчылыкка киришпейсиң, жакшы оку» деп ырдатпай койгондо стресс болгом.

Бир жолу үйдө «Эстей жүр» деген ырды фортепианого салып ырдап жатсам апам угуп калыптыр. «Эй, кыз, бери келчи, ырдачы» деп калды. Ырдап берсем талантымды байкады окшойт, аны студиядан жаздыртып берди. Ал ыр хит болуп кеткенде өзүмдөн кетип "жылдыз оорусу" менен ооруй баштадым. Баарына кыйын болуп, эч кимди тоготпой, сөздөрүн укпай калдым. 13 жашымда ырым хит болуп, ошол мезгилде эле "жылдыз оорусу" менен ооруп койгонума сүйүнөм. Андан бери ушул күнгө чейин ал илдет менен ооруй элекмин. «Эстей жүр» унутулуп калганда жерге түшпөдүмбү. Анткени бир жолу коомдук унаага түшсөм эч ким тааныбай коюп жатпайбы (күлүп). Мурда элдин баары жылмайып карап «кандайсың, Сайкал? Ырды жакшы ырдаптырсың» деп калышчу. Бул жолу жаман көрүп карап жатышкандай сезилди. Ошондо «мени эч ким тааныбай калган турбайбы. Дагы хит ырларды жаздырышым керек экен» деген ой пайда болгон. Артынан 3-4 ыр жаздырып ырчы болуп кеттим.

ТЫРМАГЫН ЖЕГЕН КЫЗ...

– Үйдө сүрөт салган альбом бар. «Кыз-Бурактын» кыздары менин кичине кездеги сүрөтүмдүн жанына «Сайкал кара тору, арык кыз. Жоош, тырмагын жей берет» деп жазыптыр. Тырмак жеген адатым ошондон бери кала элек. Кыжалат боло баштасам эле тырмагымды тиштегилеп баштайм. Тырмагыма шеллак койдуруп эле жей албай калдым. Бул адатымды калтыруу үчүн кичинекей кезимде манжаларыма самын да сүртүп коюшчу экен.

Шоколад мен үчүн оору десем болот. Аны жемейин тура албайм. Бала чагымда ойгонуп эле «шля бер» деп сурачу экенмин. Азыр апам «сени бекер эркелетиптирмин, шокаладды бекер эле бериптирмин, азыр толук болбойт элең» деп урушуп калат (күлүп).

«ЖАКШЫ СӨЗ АЙТЧЫ МАГА...»

– Кичинекей кезимде сахнага ырдап чыгуу, чачымды жасатып, кооз кийим кийүү кызык болчу. Оозумду боёп алып ырдап жатканымды кыялдана берчүмүн.

Биринчи жолу чоң сахнага Бишкектеги Спорт ордосунда чыккам. Анда кебетем чоң көрүнгөнү менен, 13 жаштагы кичинекей кыз болчумун. Аябай толкунданып, тизелерим калчылдап коркком. Ырдап чыкканымда эл аябай кол чапкан. Ырчылык кесибимде мага элдин кол чабуусу жагат, эргүү берет.

Кайгылуу ырларды жүрөгүм менен жеткире аткарам, андай ырларды жүрөгүм жакшы сезет. Эң башкысы, сүйүүгө кабылган адамдын абалын ырым менен жеткиришим керек. Жаман ыр болбойт. Жаман ырды да жакшы кылуу аткаруучудан көз каранды.

Ырларымдан кемчилик издеп «бул жагын туура эмес ырдап коюптурмун» дей берем. «Менин ырым сонун болду» дей берсе адам өспөйт. Кемчилигин көрүп, анын үстүнөн иштегенде гана өсүү болот. Сахнага чыгып ырдап жатканда элге «бул кайсы ырды ырдап жатат?» деген ой калтыргым келбейт. Ошондуктан ар бир ырымды хитке айлантууга аракет кылам.

Репертуарымдагы азыркы ырларымдан «Жакшы сөз айтчы мага» деген ырым купулума толду. Ошол учурда чындыгында жакшы сөзгө муктаж болуп жүргөм. Анткени турмушумда өйдө-ылдый учур болуп жаткан. Бул ырды апам сунуштады. Башында көңүлдөнбөй жүргөм. Кайра-кайра угуп көрүп жүрөгүмдө эмне болуп жатса ошол сезимди бул ыр менен чыгардым. Ошол ырды ырдап чыккандан кийин жакшы сөздөр айтыла баштаганда апам «мен сага жаман ырды сунуштабайм го» деди.

«АПАМДЫ НЕБЕРЕЛҮҮ КЫЛГЫМ КЕЛЕТ»

– Тагдырдын эрке кызымын. Бала кезден эч нерсеге муктаж болбой чоңойдум. Ырчы болуп чыгуу үчүн башкалардай кыйналган жокмун. Кудайга шүгүр, апамдын колдоосу менен, талантым менен элге алынып кеттим.

Ишенчээкмин, мунун запкысын көп тарттым. Адамдарга ишенип жүрүп көп сындым. Апам «эч кимге ишенбе, сырыңды айтпа. Бир гана Кудайга, өзүңө ишен. Өзүңө деле ишенбей эле койчу, мага ишен» дейт (күлүп).

Апамдын көңүлүн ооруткандан корком. Аны капа кылып алсам жүрөгүм тилине берет. Дайыма эле ата-энеңдин жетегинде кете бербейсиң да. Айрым учурда өзүңдүн ой жүгүртүүң менен иш кылгың келет. Ошондо «эртең балалуу болгондо кандай болот экен, ал айтканымды кылбай койбойбу?» деп ойлонуп калам. Апам анда «сен мага кандай мамиле кылсаң, сага да балаң ошондой кылат» дейт.

Жашоомдо чоң сыноо болду. Турмушка чыгып, ажырашып кеткениме өкүнөм. Ал адам (ред.: алпаруучу Максат Довранов)менен ажырашып кеткениме эмес, жашоомдо ушундай окуя болгонуна. Анткени мен деле бир адамга турмушка чыгып аны менен очор-бачар болууну каалачумун. Бирок Кудайдын маңдайыма жазганын көрдүм. Ажырашып кеткеним өзүмө гана эмес, апама да чоң сокку болду. Өзүмдүн да, апамдын да көңүлүн оорутуп алдым. 3 айдай депрессияда жүрдүм. Ичимдеги өрттү, санаамды тамак, таттуу жеп басып жаттым. Чындыгында таттуулар ооруп жаткан жан дүйнөмдү аз да болсо дарылап жатты. Аны ченемсиз жеп толуп да кеттим.

«Дагы бир аз чыдап койсом бул күндөр да өтөт. Мага да күн чыгат, жүрөгүңө жакын кабыл албачы» деп өзүмдү-өзүм сооротуп жаттым. Диний китептерди окуп, насаат видеолорду көрүп жан дүйнө оорусунан акырындап чыгып кеттим.

Жакшылыктын баары алдыда. Турмушка чыгып, апамды неберелүү кылууну каалайм. Апамдын өз небересин жыттап, эркелетип жатканын көргүм келет.

«СҮЙГӨНДӨ НАЗИК КЫЗГА АЙЛАНАМ»

– Мени эркек мүнөз деп калышат го, сүйүп калганымда назик кызга айланам. Өзүмдү карап, кичинекей кыздай сезип, маанайым көтөрүлүп, үйдөгүлөргө жакшы сүйлөп калам. Ырларды жаздырып, жакшы клиптерди тартып баштайм. Эргүү келет. Сүйсөм катуу сүйөм. Келечекте үй-бүлөнү биринчи орунга койгон жубай болом. Карьера мен үчүн биринчи орунда эмес. Азыр иштеп алайын. Балалуу болгондо үйдө отурам. Балдарымды жанымдан чыгарбай алып жүргүм келет. Аларды унаага салып алып ийримдерге ташып жүрүүнү кыялдана берем.

«КЫЗ-БУРАКТЫН» 40 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БОЛОТ»

– Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телевидение жана режиссёрлук факультетинде 4-курста окуп жатам. Убактымдын көбү окууга кетип чыгармачылыгыма аз убакыт бөлүп калдым. Бирок «Ай, кызым», «Сени тандадым» аттуу ырларыма клип тарттырдым. Өзүмдүн чыгармачылыгымды гана өнүктүрбөстөн «Кыз-Бурак» тобунун ырларына 2 клип тарттырууга жетиштим.

Ноябрда «Кыз-Бурак» тобунун 40 жылдык мааракесин белгилөө алдында турабыз. Бул топтун тарыхындагы эң чоң маараке болгондуктан кызуу даярданып жатабыз.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
katerina.li
2019-09-30 13:03:52
Сын такты дешсе гезит бетине чыгышпасын. Ичип жегкнине чейин айтып чыга келишет. Эми ажырвшканын кайта жаныртып соз кылганда эмне,эл мулжугон сооктой кылып тазалап ,жеп соз кылдыго. Кайта эле башынан тушкондун кереги эмне. ?? ХХХХХ
+11
Avrora2017
2019-09-30 16:45:27
katerina.li,точно менин ойум жазыпсын
+5
2016gulanda
2019-09-30 14:41:03
Максат менен жарашып ал дагыда болсо кеч эмес.Кыргыз Эли колдойт деп ойлойм
-2
Margo82
2019-09-30 15:31:29
Сайкалдын кайын журту эн сонун болчу,кайын энеси да сонун аял.Сайкал аргасыз эле артындагы ушактарды жабыш учун кыска ой мн тийип алды окшойт.Кичине жашап ажырашып кетем, деп ,эрге тийди аты болсо болду деп.
+6
katerina.li
2019-09-30 16:26:15
Margo82,туура айтылды. Кандай кана ызы чуу болду. Максатка тан бердим,ошол создорго карабай алып алдыго.
+6
rahali
2019-09-30 17:43:56
Менда тымагымы тиштейм 26чыксамда кутула албай келем
0
Dembele84
2019-09-30 18:27:57
Жаман ойлуулар аман эле болгула!!!
-1
Hadyja
2019-09-30 21:37:27
Суперден свадьбасындагы суротун коруп эле ажырашат го деген ой келген.Сайкал бактылуу корунгон эмес.Гулшайыр эже аракет кылды,бирок Сайкалдын суйуусу башкага арналгандай эле.Башканы суйуп,энесинин созун угуп,аракет кылган Сайкалда деле куноо жоктой.Журок башкара алынбас.Билбейм,кимге кандай,бирок Сайкал мага жагат.Башкаларга салыштырмалуу эки жуздуулонбойт.Сайкалдын бактысын кутуп келем.Качан ХХХХ экоо биригет деп
+3
Jelena09
2019-09-30 21:59:06
Бактылуу болосун кудаа кааласа.иншааллах
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-09-30 22:52:03
"Ай кызым'ыры аябай сонун чыгыптыр.Обону, сөзү да өзүнө таандык турбайбы.
0
mela
2019-09-30 23:53:09
Жизнь бумеранг.Гульшайыр Садыбакасова ото «чон»суйлогон аял.Кызбурактын кыздарын канчасынын ХХХХ.
0
Aimani
2019-10-01 00:34:47
Апам небере жытын жыттасын десен чыдап жашаш керек болчу. Ушунча ушак болуп, бети ачылып, элдин баары билип турганда Максат эч нерсеге карабай уйлонду эле. Уй бүлө бир нече айда эле урап калган болбойт. Эрке мүнөз болгон үчүн ажырашып кеткен деп ойлойм. Бир эки жыл чыдаса көнүп, суйбосо да, сыйлашып жашап кетишмекболсо керек. Эл адамы болгондон кийин жеке жашоо дагы үлгү болуш керек. Жок дегенде аракет кылыш керек
+3
katerina.li
2019-10-01 00:37:19
Ушу ырчылардын дээрлик баары маек берсе "эркек мунозмун" ,анан "ишенчээкмин" деп айтышат
+4
Gul_gulum
2019-10-01 12:26:11
katerina.li, оа кошулам чын чынына келген анынтескериси болуп чыга келет
+2
Dushabolna
2019-10-01 06:33:27
Сенин эмне учун ажырашканынды Эл качан эле таразалап билип бутту
+4
bond02
2019-10-02 17:58:01
Экоондун уй булоо куруп, алдыда кандай турмуш кутоорунор алдын ала эле белгилуу болчу да экооно.
+1
saltu25
2019-10-03 16:38:44
Боюнда болуп тороп калганда жашап кетмек беле..кичине чыдап койсо болмок суйуусу балага отуп кетмек
+2
nazira...
2019-10-04 14:01:58
Максатка жалко
+2
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан