Анжелика, ырчы: “БОЙДОКМУН, МЫРЗАДАН ГҮЛ АЛГАНГА АКЫМ БАР”

Кайрадан Анжелика. Жеке ишкер Марат Назарбеков борборубузда өткөн концерттердин биринде Анжеликага элдин алдында кучак толо гүл берип кайрадан талкууга жем таштады. Бул кадам эмнени билдирет? Үйлөнүү той жакындабы? Бардык суроолорго ырчы айым өзү жооп берсин.

– Анжелика, ден соолугуң начарлап жатканын айттың эле, баары жакшыбы?

– Адам ооруйм десе улам бир жери ооруй берет экен. “Жок, мен оорубайм” деп ооруну жеңсе болорун билдим. Дарыгерлер ден соолугуңа байланыштуу тамак-аштан чектеп коюшат го. Кудай ошондон сактасын. Адам баласы эмнеден ырахат алат? Жакшы сөздөн, мактоодон, сүйүүдөн, анан даамдуу тамактан. Мүмкүнчүлүк берилип жатканда өзүбүздү эч нерседен чектебей, бардык нерседен ырахат алып жашашыбыз керек. Ден соолугум жакшы, шүгүр.

– Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүндөгү “ыйык микрофон” окуясы тууралуу айтып берсең...

– Бул тема актуалдуулугун жогото элекпи (күлүп)? Жакында Бек байкенин концертин алып барып жатканда Манас Алыкулов “ыйык микрофон, ой, ыйык сахна” деп тамашалап өттү. Эл күлүп алып, кайра мени аяп жатышат. 31-августта боло турган нерсе болду. Эл алдында жүргөндө кээде жаңылып калат экенсиң. Интервью бергенден качып, өзүн идеалдуу көрсөткүсү келгендер идеалдуу болуп жүрө беришсин. Эл алдында туура эмес көрүнгөндөн коркпогондор минтип хайп болобуз. Эл “мунун баарын атайын жасайсың, атайын пиар компанияң барбы?” деп сурашат. Кээ бирөө атайын хайп кылалы десе да окшошпой калып жатпайбы. Мен бир жаңылдым дегиче уу-дуу болуп кетет. Жаңылдым, өлкөбүздүн эгемендүүлүккө жеткенине канча жыл болгонун билбегеним уят нерсе. Өзүм Эгемендүүлүктүн майрамына карата жаңы эле ырдап бүтүп толкунданып турганда тиги жигит микрофон сунуп калды. Ырчылардан куттуктоо алып жатканынан мен дагы элди куттуктайм деп тургам. Суроо берилип калды, мен жаңылып калдым. Билген нерсеңди деле башканы ойлоп жатып туура эмес айтып коёт экенсиң. Бул жерде эч кимди күнөөлөбөйм. Журналист жигит “азыр эки коюп салам” деп тамашалады, ошондо жиним келип кеткени чын. Анткени азыр эч бир эркектин тамашасын көтөрө турган абалда эмесмин. Мен да идеалдуу эмесмин, мүнөзүм жөнөкөй эмес. Мага туура эмес тамашалап жаткан адамга ачуум келсе ачык эле айта алам. Бул окуядан өзүмө сабак алдым. Көрсө, Анжелика эч качан жаңылбашы керек экен.

– Мүнөзүң тууралуу кеп болуп калды. Жылдыз белгиң боюнча Эгиздерсиң. Эгиздерде ар түрдүү беткап болушу мүмкүн. Сенин чыныгы мүнөзүң кандай?

– Бул тууралуу пикирге кошулбайм. Бир эле белгиде болуп, бирок меникине окшобогон мүнөздөгү адамдарды көп көрдүм. Мен өзүмдүн мүнөзүмдү билем. Ар дайым болгон нерсени бетке айтам. Бирөө мени ызалантып койсо сөзсүз жооп кайтарам, унчукпай кала албайм. Мен сүйлөшкөндү жакшы көрөм, өзүмдү туура түшүндүргөнгө аракет кылам.

– Кептин нугун азыркы тапта элдин бүйүрүн кызытып турган суроого буралы. Бек Борбиевдин концертинде айтылуу жеке ишкер Марат Назарбеков сахнага чыгып, сага кучак толо гүл берди. Муну ачыкка чыгуу деп түшүнсө болобу?

– Эмнени ачыктоо?

– Мамилени...

– Биздин мамиле башынан эле ачык, түшүнүктүү. Эч качан “Марат ким экен, мен аны тааныбайм” деп айткан эмесмин. Тааныш экенибизге көп жылдын жүзү болду. Башында кызматташуу, достук мамиле болчу. Бүгүнкү күндө эл ойлогондой өтө жакын мамиле болбосо да ортобузда мамиле бар. Жок деп айта албайм. Мен бойдок айым болгондуктан мырзадан гүл алганга укугум бар. Муну менен эч кимдин иши болбошу керек, менимче. Бул окуя күтүүсүз болду, концертте ырдап жатсам ал сахнага чыгып, гүл көтөрүп мага келе жатат. Көз айнегим жок болгондуктан алгач тааныбай калдым. Чочуп гүлдү алып, оюмду топтогуча эле ал сахнанын артына өтүп кетти. Дагы бир нерсе болуп кетеби деп ойлонуп кеттим, шүгүр, эч нерсе деле болбоду (күлүп). Эми гүл берип жатса, гүл алып жатам, бул жерден бир "кылмыш" издөөнүн кереги жок. Буга чейин деле көп мырзалар мага гүл берип келишкен.

– Гүл алып келген күйөрмандарыңды көрүп жүрөбүз. Сени менен сүйүү романы бар деп эл оозунда кеп болуп жүргөн Марат мырза чыгып гүл бергени үчүн бул суроону узатып жатканым...

– Эл оозунан өзүм тууралуу көп сөздөрдү угуп келем. Өзүм тууралуу акыркы ушак – туулган күнүмдө ал менин колумду сурамак экен, бирок сурабай коюп, мен ага таарынып чет өлкөгө кетип калыптырмын. Мындайларды укканда жашоодо дагы бир башка Анжелика барбы деп да коркуп кетем (күлүп). Биз үйлөнүү тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Балким, азыр учуру келе электир, балким, биз даяр эместирбиз. Мен азыр бирөөнү сүйүп калганга же күйөөнүн жоопкерчилигин алганга даяр эмесмин. Үйдө отуруп ысык чайын берип, кийимин үтүктөп, өзүмдүн эркиндигимди чектөө азыр мен үчүн эмес. Турмушка чыксам, кыздарыма кандай мээрим төксөм күйөөмө да төгүп, жоопкерчиликти моюнума алышым керек да. Ортодо кызганычтар, чектөөлөр башталат. 5-6 жыл тынбай иштеп, кыздарымдын келечегин түзүп, өзүмө ишенген айым болгум келет. Эркектен көз каранды болгум келбейт. Мараттын үч баласы, менин үч балам бар. Биз үй-бүлө болуп жашаганды ойлогон жокпуз. Жөн эле чогуу жашоо да мүмкүн эмес. Анткени ал чет мамлекетте, мен Кыргызстанда жашайм. Дос катары гана кээде сейилдеп чыгып тамактанып калышыбыз мүмкүн. Биздин мамилебизди жакшы билген адамдар аны эч качан менин колумду сурайт деп ойлошпойт. Убак-сааты келгенде экөөбүз даяр болгондо, балким...

10 жыл аралыгында кыздарым 22-23 жашка чыгып калышат экен, ошондо деле өзүмдүн жашоомду курганга жетишем.

– Мейли, ошол учурда деле, сенин жаныңда бирөө болсун. Жаныңдагы адам Марат мырза болушу мүмкүнбү?

– Мен үчүн жанымда өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү, мага чектөө койбогон адам болушу керек. Мага кымбат болгон адамдарды сүйүшү керек. Мен кандай болсом, ошондой кабыл алышы кажет. Билбейм, азырынча мындай сапатка ээ мырзаны көрө элекмин.

– Демек, Марат мырза мындай сапаттарга ээ эмес?

– Эртең жаңы клибим чыгат. Анда менин өзүм курактуу жигит менен кучакташкан кадрлар бар. Эгерде сиздин бурчка такаган суроолоруңузда чындык болсо, мен ал клипке антип түшпөйт элем да? Ал адам чындап жанымда болсо, жакын мамиледе болсок, менин талабымдагы жогорку сапатка ээ болсо, бирөөгө колумду карматпайт эле.

– Башында хейтерлердин жеми элең, азыр дээрлик жаман комментарий жок. Элдин пикирин аз убакта кантип өзгөртө алдың?

– Сыры деле жок. Болгону ачык сүйлөп, өзүмдү эркин алып жүрүп, анан чоң сабыр менен элдин пикирин өзгөртө алдым деп ойлойм. Ар бир хейтер менен жолукканга даярмын. Балким, ал чындыкты айтып жаткандыр. Анан жеке баракчама көп эмгек жумшайм. Башка бирөө болсо хейтерлер жабалактап кеткенде тагдырына таарынып, сынып, баракчасына кирбей коймок. Мен анткен жокмун, күйөрмандарымды жашоомдун ар бир бүктөмү менен ачык тааныштырдым. Инста дүйнө жаман кайненедей эле жаман көрө берет. Ага ачык болуп, жакшы мамиле жасап, даамдуу тамак жасап берип, айтканын угуп, кабагың ачык болсоң бир күнү болбосо экинчи күнү эрийт. Ошентип жакшы көрүп калат. Кээде эркектер эле жаман комментарий жазбаса, азыр айымдар толугу менен мени колдойт. Балким, мен биринчи иретте эне болгонум үчүн, балдарым деп чимирилип жүргөнүмдү баалашат болуш керек.

– Кызың Айыманын сеникиндей харизмасы бар экен. Жылдыз болоруна көзүң жетеби?

– Чыгармачылыкта бир гана талант, келбет, жүз эмес, көкүрөктө күчтүү мүнөз керек. Бороон-чапкын, шамалга туруштук бере ала турган өжөрлүк керек. Менде ошол өжөрлүк бар, бирок Айымадан ошол өжөрлүктү көрө албай жатам. Таланты, жүзү, келбети, харизмасы бар. Бирок сахнанын энергиясына, негативине чыдай алабы деп ойлоном. Өтө назик, боорукер жан, сыноого сынып калабы деп аярлайм. Бирок экинчи кызым Элимада мендеги өжөрлүк бар. Эч нерседен коркпойт. Көкүрөгүндө күчтүү духу бар. Мектепте баарын сүйдүрүп алган, элдин баары менен жакшы мамиледе. Аны сүйбөй койгонго мүмкүн эмес. Себеби өзгөчө кыз, мындай болуп төрөлүш керек. Айыма болсо сүрөткө көп түшкүсү келбейт, камерага иштегиси келбейт, балким, жаш курагы ошондой болуп жатабы, билбейм. Мен “өзүңө жакса бул нерсени жаса, жакпаса жасабай эле кой” деп айтам.

Жакында бир сонун белек алдык. Тагдыры оор ыр деп айтсам болот. Маркум ырчы Роза Адильханова менен кызы Раллиянын “Эне жүрөгү” деген ырын кызым экөөбүз дуэт кылып ырдап чыкканы жатабыз. Мен бул ырдын фанатымын, канча ырдасам да ыйлай берем. Таасирдүү клип да тарттырайын деп жатам. Азырынча кызым экөөбүздүн жакынкы планыбыз ошол, андан ары кандай болот, билбейм.

– Ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Анжелика: "Бойдокмун, мырзадан гүл алууга акым бар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Aida05
2019-10-07 18:59:38
Анжелика аман бол' ден соолуугун болсун ' .
0
admin_portal
2019-10-08 09:34:22
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далилсиз каралоого, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
mirkaa5182
2019-10-08 10:32:13
Анжелика маскаңы чече баштадыңбы.
+9
pero5184
2019-10-08 10:54:16
Айымга сулуулук , эң мыкты белек баардыгы сулуу болсо экен
0
oshondoiraak
2019-10-08 13:27:46
Жон эле сейилдеп коюшат екен уктунарбы еч кандай сол жагы жок, ортодо мамиле бар ушул жерде Бир нерсе кызыктырат
+4
Aimani
2019-10-08 22:37:41
oshondoiraak,сол жагы бар болсо деле өзүнүн иши. Ар бир адамдын жеке жашоосу бар. Биз ХХХХ мурдубузду тыкканды жакшы көрөбүз
-1
Skarlett-Skarlett
2019-10-09 00:13:21
Бактылуу бол!Сулуулук аял затына Аллахтан берилген белек.Сулууну кимдер гана суйбойт,суктанбайт!Жакшы эне,жакшы кыз ата-энесине!Кааласа 10 эрге тиет,оз арабабызды тарталы туугандар

+3
Sayragul
2019-10-09 12:19:00
Анжелика абдан кучтуу кыйын кыз. Эгерде Анжелика кабыл алса баары гул бергиси келип тургандыр. Азаматсын Анжелика сенин башка укмуш (андай кыйын проектилерин сенде абдан коп) жумуштарынды айтпаганда деле сенин уч кыз багып, остуруп жаткандыгындын озу канчалык кыйындыктын белгиси.Албетте, сен гул алганга татыктуу кызсын.Дагы-дагы ийгиликтерди жаратып, элдин алкышын алып, жаркылдап, балдарынды чонойтуп журо бер. Сенден дагы сонун идеяларды кутобуз. Бактылуу бол.
0
meni_kut
2019-10-10 09:47:29
Мараттын аялы Айжан безилдегени чын экен эле да.Анжелика жалган деп женбеди беле гезитке чыгып
+4
admin_portal
2019-10-10 10:46:26
erkeleim, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
Порталдын эрежелерин окуп чыгууну сунуштайбыз.
-1
orxidey
2019-10-10 19:45:44
Менин бир таанышым аябай сулуу аял болчуу ушул Анжеликадай болгон бирок азыр аябай армандайт жолдошуна ал эми тиги жигити таштап озунун булоосуно кеткен.
-1
AykaMer
2019-10-11 08:13:50
Бойдокмун дебей эле башым бош десең... Бойдок деген вообще башка тазза бойдок да.Мен сүйлөшкөндү жакшы көрөм дебей эле мактанганды жакшы көрөм десең болмок экен.
+3
Isikkolumkeremet
2019-10-11 15:58:52
Ыйык микрафон жакшы болду.бирок.оной нерселерди биз деле билбейбиз да ал эмне билууго милдеттуу беле.тиги да капталдан чыга калып ыйык микрафонун сунуп атса.тапкан тапалактагы кыздар барго.кезуудогу уйлардай эле татрактап качышат.элестетсенер анжеликанын ыйык сахнаны тегеренип качканын.билбесе билбейтда
+1
Tiken
2019-10-12 04:12:19
Кызыкпаган нерсени билбейсин да негизи, Анжелика билбей калды деп катуу сындоонун кереги жок! Анжелика билгенди балким биз билбейбиз дегендей... Уч кызын деп жашаганын туура бирок сага созсуз турдо кучтуу жолдош керек. Анткени кыздарын да турмушка чыгып оз жолдору мн кетишет... Кучтуу, укмуштуудай аракетчил экен деп сени акыркы кундору катуу баалап калдым. Азаматсын, татыктуу болсо Маратка турмушка чыкканга эмнеге болбосун!
+1
meni_kut
2019-10-12 12:07:36
Tiken,Мараттын балдарынын убалы кимге?
-1
ZHaziko
2019-10-12 10:24:05
Мен тушунгон жокмун. Марат м-н ыссык мамилем жок дедида кайра,уйлонууго убакыт келе элек чыгар дейт.
0
ZHaziko
2019-10-12 10:26:05
ХХХХХ. Откондо ХХХХХ интервью бергенерде жалжактап кулуп озуну корсоткусу келген эле сурооно жооп бере албай резко кебетеси озгорулдуго.
+1
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан