Шерхан Абкулов, ырчы: «АТАКТУУ БОЛУШ ҮЧҮН БААРЫН КЫЛГАНГА ДАЯРМЫН»

SUPER.TV “Супер-Инфо” гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурган “Жылаңач баатыр” реалити-шоусунун катышуучусу, ырчы Шерхан Абкулов ырчы катары эми тааныла баштаганы менен, чыгармачылыкта 10 жылдан ашык жүргөнүн айтат. Каарманым атактуу ырчыларга сын айтып, өзүн бийик баалаганды билет.

Туулган жери –
Талас облусу, Бакай-Ата району, Маданият айылы

Туулган жылы – 1994-жыл, 6-ноябрь

Бою – 165 сантиметр

Салмагы – 60 килограмм

Билими – Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияны аяктаган

Кызыкканы – саясат

Фобиясы – жылан

Аткарган ырлары – “Кыздар, ай”, “Көктөм ыры”, “Таарынба”, “Арзуу” жана башка

Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы

– Шерхан, салам! “Жылаңач баатыр” долбооруна катышып келдиң. Долбоордон эмне алдың?

– Салам. Долбоордон көп нерсе алдым, телефонсуз жашаганды, ачка калып, сабырдуу болгонду үйрөндүм. Негизгиси “Жылаңач баатыр” мага атактуулук алып келди. Азыр көчөдөн таанып учурашкандар болуп жатат.

– Ал жакта бири-бириңерге каршы добуш бериш керек болду. Таарынычтар болдубу?

– Назель айым кайдан укканын билбейм, ага каршы добуш бергеним үчүн мага таарынып калды. Долбоорго чейин аны менен жакшы сүйлөшчүбүз, азыр учурашпай да калдык.

– Түшүнүшүп алгыла. Ырчылыкка кантип аралашып калгансың?

– Мектепте окуп жүргөндө эле жакшы ырдачумун. Бирок уялып аны көргөзчү эмесмин. 8-класста классташтарым менен келише албай, мектепке такыр барбай койгом. Ошондо атам Талас шаарында өткөн “Талант сыры” деген сынакка жиберди. Сынактан жеңдим. Бишкекке жиберишти эле, бул жактан 3-орунду алдым. Ошондон баштап музыкага жакшы көңүл бура баштадым. Атамдын күчү менен 9-классты аяктагандыгым боюнча аттестат алдым да, Бишкекке келип, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырдым. Жакшы окуп, кызыл сертификат алдым. Мени дароо эле филармониянын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы оркестрге жумушка чакырышты. 18ге чыга элек мени көрүп, 50-60 жаштагы ырчы эже-байкелер “жаш бала эмнеге биз менен иштеши керек?” деп жатып жумуштан кетиришти. Кийин сынактарга катыша баштадым. 2013-жылы Казакстанга 22 мамлекет катышкан “Дельфийские игры” сынагына барып 3-орунга ээ болгом. “Мейкин Азия”, Новосибирскте өткөн “Юные таланты” сынагына катыштым. Мен чыныгы ырчы сынакта жүрүшү керек деп ойлоптурмун. Бирок сынактардан акча таппайт экенсиң. Аны түшүнүп, шоу-бизнеске аралаша баштадым.

– Анан Курал Чокоев менен иштеше баштадың?

– Бир учурда жашоомдо кыйынчылыктар болду. Үйлөнүп, балалуу болуп алгам, өзүм батирде жашайм, чыгармачылыгым токтоп калган, ошол убакта таянарым атам да дүйнөдөн өтүп кетти. Анын баарын көрүп, былтыр өкүл атам Курал Чокоев иштешүү сунушун киргизди. Азыр экөөбүз биргеликте аракет кылып жатабыз.

– Атактуу болуу үчүн дагы кандай курмандыктарга бара аласың?

– Эмне керек болсо, баарын кылам. Анткени 25ке чыктым, жаштыгым мени күтүп турбайт. Иштеп, атымды чыгарышым керек.

– Ырдын эмнесине көңүл бурасың?

– Сөзүнө маани бербейм, обону жакса ырдай берем. Көптөр ошентсе керек. Угармандар деле обону жакса угушат. Азыр жеңил-желпи, эптеп-септемей ырдап, ырдай албаган ырчылар көп. Алар жакшы ырдаган ырчыларды артка тартып жатышат. Мен кээде тааныштардын тоюна барып, жандуу ырдап 2000-3000 сом алышым мүмкүн. Аты чыгып калган ырчылар фонограмманын алдында оозун кыбыратып коюп 200 доллар алып кетишет. Ошол акчаны да эмгек кылып алышса болмок. Оор эмес, эки ыр ырдаса 7 мүнөт болот. 7 мүнөт жандуу үндө ырдай албай эмне болуптур. Мурда Рыспай, Чубак агаларыбыз эч кандай аппарат, микрофонсуз эле 15 күндөп жандуу концерт коюшчу да.

– Өзүңдүн ырчылыгыңа кандай баа бересиң?

– Мен жакшы ырдайм. Азыр менин ырдап чыкканымды көрүп, эл буга окшогон ырчылар көп деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен оркестр менен ырдай алам. Азыркы эстрада ырчыларынын 90 пайызы оркестр менен ырдай алышпайт.

– Руслан Машрапов режиссёрлук кылган “Арзуу” тасмасынын саундтрегин аткарыптырсың...

– Ооба. Кастингге ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлзинат Суранчиева, Ырыскелди Осмонкулов, Силима жана мен катышканбыз. Бул ырчыларды көргөндө эле “булар турганда мени кайдан тандашмак эле” деп маанайым чөккөн. Бирок үнүм дал келип, тандалып калдым.

– Саясатка кызыгам деп калдың?

– Саясатта да өзүмдү сынагым келет. Депутат болуп, элдин маселесин чечкенге жардам бергим келет.

– Саясатчылардан кимди баалайсың?

– Рыскелди Момбековду, Өмүрбек Бабановду. Бабановдун апасы менен менин таятам бир тууган. Тууганым болгону үчүн эмес, өлкөнү өнүктүрүү кыялдары үчүн сыйлайм.

– Жолугуп турасыңбы?

– Президенттик шайлоонун алдында жумушка кирүүгө жардам сурап кайрылгам. Ал “президент болоюн, бүтүрөбүз” деген. Президент болбой калып, ал иш бүтпөй калды.

– Жумушка тааныш, тууган аркылуу кирген коррупция да?

– Ооба, бирок башка жолум жок болчу да.

– Жеке жашооңо өтөлү, үйдө кандай күйөө, кандай атасың?

– Боорукер атамын, баламды такыр урушпайм. Жакшы күйөө болсом керек. Келинчегим аябай кызганчаак. “Жылаңач баатырда” жүргөндө Максат байкеге (ред.: Максат Надырбеков, долбоордун алпаруучусу) чалып,“Эмне эле Санианын жанынан чыкпайт?” деп сураптыр. Ага ошондой көрүнгөн окшойт.

– Бактылуу жашагыла!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Шерхан Абкулов, ырчы: "Орусиялык продюсердин сунушунан баш тарткам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Kuba-savai87
2019-10-21 09:31:19
Жаш экенсин да иним
+10
Margo82
2019-10-21 09:52:55
Аябай болгонун болгондой айтыптыр го))))Жаш анан куулук жок,бал этме экен,молодец.Кооз суйлоп жымсалдабай ,
+12
Kyrgyz-jigit.com
2019-10-21 10:32:28
Бабанов таластык беле точно таарынат))
-11
aybek88
2019-10-21 11:29:50
Омукемде да кошуналардын каны барда Сокеге окшоп. Президент болорум менен кызматка коем дегенин
+22
Hurem
2019-10-21 12:11:21
Буйруса тилегине жет. Жасалмалуулугу жок Соонун бала экенсин.
+4
vikidiki
2019-10-21 12:58:29
Ааий мындай экземпляр калбай калды го почти. Абайла Эми карт борулор жеп кетишпесин . Кичине кууланганды уйрон Эми.
+6
Anaraalieva
2019-10-21 13:56:50
Ай Таластык опко деген нерсе таптакыр жокго сенде))))))))
+8
Mister-X
2019-10-21 18:04:14
Атак учун баарына барам дегенин туура эмес.Кыргызда жигиттик намыс деген бар. Рысбай, Чубактай болушун учун ырдын мааниси менен обону дал келищи керек.А сен обону жакшы болсо болду депсин. Анан бироого ишенбе, озуно ишен.
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-21 22:03:06
Жаш экен, жасалмасы жок.Жакшы ырдайм дейт,издеп угуп көрөм го.
+1
admin_portal
2019-10-22 11:00:38
Baktyluu_bolgum_kelet, саламатсызбы! Бул жактан уксаңыз болот.
https://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=1331&media_search=1&x=8&y=15
0
Targarien
2019-10-22 00:22:10
Туура суйлогон тууганга жакпайт, анча-мынча нерсени айтпай эле кой кийин элдер ошону бетине салат шоу-бизнесте жашайм десен ал-жакты жамандаба Митаам бол
+1
katerina.li
2019-10-22 08:33:10
Акча,акча дейт ко.
+1
admin_portal
2019-10-23 10:59:47
Kamchybek-007,кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан