«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№885 17-23-октябрь, 2019-жыл


ТҮШТҮКТӨГҮ ӨЗГӨЧӨ ТАМАКТАР



  1. Мукарам Кадирова, Баткен облусуна караштуу Исфана шаарынын тургуну:

  2. Курутоб тажиктердин тамагы, бирок муну Өзбекстандын жана Баткендин айрым жерлеринде да билгендер жасап жүрүшөт. Мурун бул тамакты курутту эзип жасашса, азыр көпчүлүгү сүзмөнү колдонуп калышты. Фатир (каттама нан) жок кезде даяр каттаманы колдонсо болот.

  3. КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

    (6 порция үчүн)

    Ун – 600 грамм

    Сары май – 7 аш кашык

    Ачыткы – 1 чай кашык

    Сүзмө – 300 грамм

    Туз – татымына жараша

    Укроп, көк пияз – табитке жараша

    Помидор – 2 даана

    Бадыраң, пияз – 1 даанадан

    Туз – татымына жараша



  4. Даярдоо ыкмасы:

    1. Фатир же каттама нанды даярдоо. Муну даярдоо рецепти каттаманыкына окшош. Сууга тузду эритип алабыз. Унду идишке салып, дрожжду жана 1 аш кашык сары майды кошуп, орточо катуулукта камыр жууруп, 20 мүнөт тыныктырабыз. Камырды 2 бөлүккө бөлүп жаябыз. Ар бири жупжука болуп жайылышы зарыл. Мындан соң 4 аш кашык сары майды эритип беттерине шыбайбыз.

    Кайра үбөлүк менен ороп, үстүнөн узунунан бычак менен кесебиз. Камырды узунунан кайра 2ге кесебиз. Эми камырларды улам биринин артынан бирин улап рулет сымал тоголоктоп ороп чыгабыз.

    Ороп бүткөндөн кийин камырды нан формасында жалпак кылып жаябыз.

    Бетине жумуртканын сарысын шыбап, ысып турган электр мешине 20 мүнөт бышырабыз.

    2. Укроп менен көк пиязды туурап бир идишке, помидор менен бадыраңды туурап бир идишке салып, үстүнө туздан себелейбиз. Сүзмөнү сууга боткодой кылып эзип алабыз.

    3. Чоң идиштин түбүнө укроп менен көк пияздын жарымын салып, фатирди туурайбыз.

    Сүзмөгө 50-60 градустагы ысык суудан куюп фатирдин үстүнө куюу керек. Сары майдын калганына пиязды кууруп туруп муну да үстүнө куюп жиберебиз. Укроп менен көк пияздын калганын, бадыраң, помидорду эң үстүнө себелейбиз. Тамак даяр.

  5. Айта кетчү нерсе, каалоочулар курутобго помидор менен бадыраңды кошпой койсо деле болот.





  6. Мархамат Жороева, Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну:

    – Умач тамагынын кубаттуулугу эт шорподон калышпайт. Айран катыктап ичсе да болот.

  7. Керектелүүчү азыктар:

    (2-3 порция үчүн)

    Ун – 50 грамм

    Суу – 400 грамм

    Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

    Сүт – 150 грамм

  8. Туз – татымына жараша

  9. Даярдоо ыкмасы:

    1. Табакка унду жайпак кылып салып, 100 грамм сууга тузду эритип алабыз. Ундун үстүнө сол кол менен сууну бир аз сээп, оң колдун алаканы менен (манжаларды ачып) унду бир жакты көздөй тынбастан айландырып аралаштыра баштайбыз. Майда тоголоктошкон камырлар жарала баштайт. Сууну анда-санда себүү жана тынбай аралаштыруу менен унду умачтап бүтөбүз.

    Бул тамакты жасаганды билген айрым шаардыктар
    2 колун алгач сууга, анан унга малып, 2 колун сүргүлөө менен ун тоголокторун жасап жүрүшөт. Бизде антип жасоону туура көрүшпөйт.

    2. Казанды отко коюп, майды куюп, умачталган камырларды салып кызарта кууруйбуз.

    Үстүнө 300 грамм муздак суу куюп, 20 мүнөт бышырабыз. Эми үстүнө сүт куюп, 5 мүнөттөн кийин чыгарабыз. Тамак даяр.




    Марапат Осмонова, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылынын тургуну:

  10. – Бул курсак ачканда тез даярдалуучу тамак.

    Керектелүүчү азыктар:

    (7 порция үчүн)

    Ун – 50 грамм

    Сары май – 1 аш кашык

    Муздак суу – 1,5 литр

    Сүт же эзилген курут – 100 грамм

  11. Туз – татымына жараша


    Даярдоо ыкмасы:

    Көмөч казанга май куюп, ысыганда унду кызарта кууруп, үстүнө 1,5 литр суу куюп, туз салып, кайнатабыз. Бат-бат аралаштырып туруу кажет. Бышканда үстүнө 100 грамм сүт, же 100 грамм эзилген курут кошуп коёбуз. Же бир аз муздатып айран кошсо да болот.

  12. Уларкан Төрөбекова, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Каба айылынын тургуну:

  13. – Бул тамакты балдар «торт» деп аташат. Анткени ширин.

    Керектелүүчү азыктар:

    (5 порция үчүн)

    Ун – 700 грамм

    Жаңгак – 2 килограмм

    Сүт – 1 литр

    Суу – 0,5 литр

    Кумшекер – 200 грамм

    Туз – татымына жараша

  14. Даярдоо ыкмасы:

    1. Жупка бышыруу. 500 грамм ундан камыр жууруйбуз. Аны майда тоголокчолорго бөлүп, диаметрин 15-20 сантиметрден кылып жайып, казанга 2 жагын тең кактап бышырып алабыз.

    2. Жаңгак майын алуу. Жаңгактарды чагып, маңызын эт туурагычтан өткөрөбүз. Сокуга жанчса да болот. Казанды отко коюп ысытып, жаңгак маңызын салып, үстүнө туздуу суудан азыраак себебиз. Маңыз кол күйбөгүдөй болгондо казанды чыгарып, маңыздарды кол менен сыгып, майын бөлүп алабыз.

    3. Буламыкты даярдоо. Идишке сүт менен сууну куюп отко коёбуз. Ысыганда 200 грамм унду чуурутуп салып тынбастан аралаштырып бышырабыз. Коюу ботко пайда болот. Оттон алып, кумшекерди кошобуз.

    4. Чаранын түбүн майлап, биринчи жупканы салып, үстүнө буламыкты шыбайбыз. Үстүнө экинчи жупканы коюп бетин майлайбыз. Кийинки жупканын бетине буламык, андан кийинкисинин бетине май сыйпалат. Ушинтип баарын кезектештирип тизип чыгабыз.

    Жупкаларды 2ден кылып май сүйкөлгөн жеринен ажыратып, оромодой же самсадай кылып ороп чыгабыз. Анан кесип жей беребиз.
     

  15. Канымжан Усупбекова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
21.10.2019. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
267
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
22-11-2019 15:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+2
сонун го!
21.10.2019. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
21-11-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атала сонун да:)
21.10.2019. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
907
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
22-11-2019 02:36
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аталадан башкасын билбейт экенмин Оштук болсом дагы.
21.10.2019. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
392
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
22-11-2019 16:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аталаны бизде жаны торогон келинге берет эле ооз тийип корбопмун.
21.10.2019. 20:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
08-12-2018
Соӊку аракети:
22-11-2019 14:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Туштуктон болсом да бирин да билбейт экенмин
22.10.2019. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
15-11-2019 22:52
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчиси жакты.ысык сууга сузмону эзип.туздуу кылып ичсен курсак ток жыргап кечке журосун
22.10.2019. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
995
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
22-11-2019 15:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+3
Isikkolumkeremet,Наары жутсаң,бээри келет. Москвада озбоктордун кафесинен заказ кылып жеп коргом. Аталадан башкасын билбеймин, түштүктөн болсом да. Түштүктогу тамактар эмес, өзбек,тажиктердин тамагы десе жакшыраак болот.
26.10.2019. 03:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
19-11-2019 18:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
-1
Pandora,кафеде жон эле кефирден жасап коет дешет,чогуу иштеген тажик кыз доставка кылган оздррунун кафесинен,чыныгы эзме куруттан жасалганын ото сонун болот экен
22.10.2019. 22:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
21-11-2019 19:51
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туштуктон болсом да билбейм дегендерге тан калдым, бизге таене, чон энелерибиз, апам бышырып берчуу, курутоб эмес, эзме курут деп эле айтабыз биз, умачачты, куурма аталаны, жупканы,ашкабактан шорпону союз таркап, нан жок калганда коп жегенбиз, аябай ширин тамактар, ашкабак шорпого жупкадан кошуп же пияз менен жупканы которуп жеген балалык кундор ай
23.10.2019. 18:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
31-01-2012
Соӊку аракети:
22-11-2019 15:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
фатир эмес, патыр нан эле дейт бизде
24.10.2019. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
22-11-2019 18:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде да оштук жердештер тытып атабы комментарийлерди? Молодецтер!!!
24.10.2019. 21:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
03-11-2019 02:50
Жынысы:
Белгисиз
-3
Умач ыстык соонун)))
24.10.2019. 23:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
20-11-2019 23:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз жем чоңойгон эле тамактар бир аз аттары башкача болуп калыптыр
25.10.2019. 11:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
21-11-2019 17:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
-2
Биз жакта куруддаба деп айтат. Курут, сары май, кайнак суу анан чабаты эле болот составында. Аппетитти ой да ачат да! Тойлордо тартылат.
27.10.2019. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
721
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
22-11-2019 18:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир да тамагы жаккан жок. Кечиресиздер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: