Азиз Амадалиев: "ЛАТВИЯДА УБАКЫТТЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНЫШАТ"

Заманбап ой жүгүрткөн кишилер "өлкөнүн келечеги үчүн адамга инвестиция жасоо керек" деп айтып келишет. Билим алууга жасалган инвестиция сөзсүз жемишин берери талашсыз. Чет өлкөдөн билим алган кыргызстандык жаштардын көбү чет элде калып, карьера жасоону көздөсө, биздин бүгүнкү каарманыбыз Азизбек Амадалиев “өз өлкөмө жарактуу кадр болуп кайтууну каалайм” дейт. Учурда Латвияда билим алып, иштеп жаткан кыргыз жигитинин баянын сунуштайбыз.

“ЛАТВИЯДА ИРИ ФИНАНСЫ МЕКЕМЕЛЕРИНИН БИРИНЕ ИШКЕ ОРНОШТУМ”

- Аты-жөнүм – Азизбек Амадалиев, кичи мекеним – Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаары. Чыңгыз Айтматов атындагы №28 орто мектепти 2012-жылы аяктап, Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшыргам. Ал жерден 2017-жылы финансы жана кредит багытында бакалавр даражасына ээ болдум. Университетте окуп баштаган алгачкы жылдары эле алдыма чет өлкөдөн окуумду улантып, тажрыйба алууну максат кылып койгом. Ушул изги тилек менен чет өлкөдө билим алуучу программаларга бир канча ирет сынак тапшырып көрдүм. Мүмкүнчүлүгүмдү сыноо максатында “Латвия мамлекеттик стипендиясы” программасына тапшырып, өтүп кеттим. Ошентип 2017-жылдан бери Латвияда окуп, жашап келем. Бул жакта бизнес жана башкаруу багытында магистрдик ишимди жактадым. Магистратурада окуп жүргөндө эле көбүнчө финансы багытына басым жасачу элем. Тажрыйба топтоо максатында бул жактагы Швециянын ири финансылык мекемелеринин биринде иштей баштадым. Учурда ошол компанияда жалпы инвестиция багытында, финансылык операцияларды жүргүзүү жаатында иштейм. Кыргызстанга татыктуу кадр, жарактуу адис болуп кайтууну каалайм.

“ЛАТВИЯДА БИЗНЕС БАШТОО ОҢОЙ”

- Өзүңүздөр билгендей, Латвия мурда СССРге мүчө болгон. 2004-жылы Евробиримдикке мүчө болуп киргенден кийин кескин түрдө өнүгө баштаган. Евробиримдик адам укуктарынын, мыйзамдын сакталуусунун туу чокусуна жеткен уюм болуп саналат. Бизден аянты жана калкынын саны боюнча артта. IT тармагынан кыйла алдыда десем болот. Мамлекетте стабилдүүлүк бар. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу стабилдүүлүк сакталып, ошол эле учурда кескин түрдө өзгөрүү жасай алган өлкө. Бул сейрек кездешкен көрүнүш. Бул жакта Евробиримдиктин тийгизген оң таасири аябай байкалат. Билим берүү тармагында аябай көп мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, өтө чоң масштабдуу “Erasmus+” аттуу долбоор бар. Ал студенттерди башка өлкөлөргө тажрыйба алмашуу программаларына, стажировкага жиберүү, илимий изилдөө жүргүзүүгө багытталган ири долбоор болуп саналат. Мен да ошол программа менен Европанын бир нече өлкөлөрүндө болдум. Былтыр 5 ай Германиянын Гамбург шаарында кесибим боюнча практикадан өттүм. Чындыгында өтө пайдалуу болду. Андан тышкары Евробиримдиктин аймактарды өнүктүрүү фонду коомго пайдалуу долбоорлор, бизнес-стартаптар болсо каржылап берет. Латвияда бизнес баштоо оңой. Финансылык каржылоо мекемелеринин үстөк пайызы Евробиримдиктеги башка өлкөлөргө салыштырмалуу өтө төмөн, ошондуктан жеңил түрдө алса болот.

“МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛБЕГЕН АДАМГА ИШКЕ ОРНОШУУ ООР”

- Адам укугу, жеке укуктар өтө катуу сакталат. Азыркы маалымат доорунда жеке адамдын маалыматтарынын сакталышы бузулган фактылар көп катталып жатпайбы. Бул жакта былтыркы жылдан бери “Жалпы маалыматтарды коргоону жөнгө салуучу мыйзам жыйындысы” иштелип чыгып, ишке кирген. Мисалы, бир киши тууралуу маалыматты же анын сүрөтүн ошол кишинин өзүнүн уруксатысыз жарыялай албайсың. Маалымат каражаттарына да, социалдык тармактагы баракчаларга киргизүү үчүн да анын өзүнүн уруксатын алыш керек. Эгер уруксатсыз пайдаланса өтө чоң көлөмдөгү айып пул төлөгөнгө туура келет.

Бул жакта мамлекеттик тилге абдан басым жасашат. Мамлекеттик тилди билбей жумушка орношуу өтө кыйын, дээрлик мүмкүн эмес. Эң жөнөкөй жарнамалардан баштап, көчөлөрдүн аттары, мекемелердин аталышы, кире беришиндеги маалымат такталары мыйзам боюнча сөзсүз түрдө латыш тилинде болушу керек. Чет өлкөлүктөргө латыш тилин үйрөтүүгө багытталган мамлекеттик курстар бар.

“ЛАТЫШ КАЛКЫНДА БИРӨӨНҮ СЫНДАП ОТУРУУГА УБАКЫТ ЖОК”

-Латыш калкына өзгөчө мүнөздүү нерсе – токтоолук. Бир нерсе баштаганда шашпай карап чыгып, так пландын негизинде иш кылышат. Мени биринчи күндөн эле таң калтырганы убакытка абдан тактыгы болду. Алдын ала план коюп жашашат. Негизи адамдар бул жакта өзүнө инвестиция жасоого көп аракет кылышат. Саясат же бирөөнү сындап отурууга убактылары жок, андайдан алыс. Эл жумушунан сырткары жеке жашоого өзгөчө көңүл бурушат. Мисалы, спорт менен машыгып, чуркап жүргөндөр көп. Жаш-кары дебей машыгуу залдарына жазылганы кадыресе эле көрүнүш.

Бир жумада 5 жумуш күнү болсо так иштешет. Эс алуу күндөрүн, же жумуштан сырткаркы убактыларын сөзсүз өзүнө, үй-бүлөсүнө арнашат. Мисалы, бизде, Кыргызстанда жума ичинде иштеп, бүтпөй калган иштерин аптанын акырына калтырып, эс алуу күндөрү да иштегендер көп. Кийинки дүйшөмбүдө эс албаган чыңалуу абалында жумушка барышат. Мындай учурда, албетте, жумуштун эффективдүүлүгү жоголот. Ошондуктан Латыш эли өздөрүнө күнүмдүк иштерди гана белгилеп, ошону так, убагында бүтүрүшөт. Келерки күндүн убайымын жебей, бүгүнкү күнүн баалашарын байкадым.

“РИГАДА КЫРГЫЗДАР АЗ”

- Ригада кыргыздар башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу аз. Мен билгендерден иштеп же окуп жүргөн кыргыз боордошторубуздун саны онго жетпейт. 2 жолу чогулуп жолуктук. Биринчи жолугушууда таанышып, кийинкисинде чогуу улуттук тамак-аштарыбызды жасап жеп, баарлаштык. Бул жакта окуу октябрда башталат. Эми жаңы окуу жылында студенттер, магистранттар келсе алар менен таанышып, чогуу иш-чараларды өткөрүүгө аракет кылабыз.

Менин оюмча, студент университетте билим алуу менен гана чектелбеши керек. Бош убактымда өзүм тандаган адистик боюнча окууларга, онлайн курстарга катышууга аракет кылам. Мисалы, “Coursera” деген онлайн платформадагы көп тармактуу курска катышам. Бул жакта спорт менен машыгуу кадимки эле нерсе, жумуштун алдында эртең менен денени чыңдоо көнүгүүлөрүн аткарам, китеп окуйм. Ишемби күндөрү бул жактагы чет өлкөлүк досторубуз менен футбол ойнойбуз.

Мектеп окуучуларына, студенттерге, жалпы эле замандаштарыма азыркы учурда издениш гана керек деп айтат элем. Интернет булактарын туура пайдаланып, ар кандай программаларга катышып, чет өлкөдөн тажрыйба алыш керек. Максаттарды кагазга түшүрүш керек экен. Себеби мен университетте 1-курста окуп жүргөндө ушул максаттарды блокнотума жазып койгон болчумун. Бүгүнкү күндө алардын баары бир аз өзгөрүүлөр менен болсо да ишке ашып жатат.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kalemkash
2019-10-21 10:26:19
Азиз азаматсын брат. Сени Байтиктен бери тааныйм
0
airada
2019-10-21 12:30:17
Мололец
+1
Akylai_aktan
2019-10-24 18:48:03
Ушундай темаларды көп чыгарсаңар жакшы эле Супер-Инфо.Жашым 28-ге барып калса да чет өлкөдөн билим алып,ар тараптан өнүккөн адам болгонду кыялданам.Балким мага окшоп кыялдангандарга бир аз болсо да стимул болот.
Айдана Деканы эмес ушул баланы негизги фонго койсоңор болмок.
+2
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан