ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Таята унаасында бараткан кара тору өспүрүмдү тиктесе, Айдар терезени тиктеп бара жатты. Бул куракта балдар бир нерсеге сонуркап, кызыгып, сүйүнүп карайт эмеспи. Айдар олуттуу карачу. Ойлонуп, ток этер жерин айтат. Мектебине жеткирип чайканалардын бирине токтогон таята теңтуштары менен чай ичип отурду.

– Эр тайын тартат деген чын окшойт, ээ, Саке, мадыра баштарыңдын ичинен ушул ташып жүргөн балаң сени тартыптыр. Куюп койгондой окшош экен сага.

– Аа, билбейм,- деп койду жөн салды гана таята. Бирок көкүрөгүн жылуулук аралап өттү.

– Атасы кайда экен мунун?- деди тигил абайлай. Жарасына бирөө тийгендей чекеси тырыша түштү.

– Түрмөдө.

– Эмне болуп түшүптүр?

– Киши өлтүрүптүр.

Тигил андан ары сурагандан ыйбаа кылдыбы, токтоп калды.

Таята менен небереде бир жакындык пайда болду. Үстүнө үйрүлүп түшүп деле мээрим төгүп жибере турган адам эмес эле. Бирок Айдар ал үчүн кызыктуу, табышмактуу бир китептей. Эмоциясын ката билгени, карындашы тууралуу бир ооз сөз сүйлөп койбогонуна таң калчу. Ийримге кирип кеткенинде оозу ачылып турган рюкзагын жаап коёюн десе жерге түшүп кетти. Китеп-дептерлери чачылып жатып калды. Жыйнап жатып ар бир дептердин арткы жагына тартылган сүрөттү көрүп селейе түштү. Ар бир баракта серейген кичине кыздын сүрөтү жана жылкы тартылган экен. Ичинен тына түштү.

Айдардын туулган күнү жакындап калган. Таенеси айланып кагылып тургузуп, бетинен өөп чайын берди.

– Эмнеге кайра-кайра өөп жатасыз бетимден, таене?

– Бүгүн туулган күнүң го, козум.

Айдар уялып кетти. Дендароо боло түштү. Негизи анын туулган күнүн эстеген деле адам болчу эмес. Чоң энеси деле муну майрам катары көрчү эмес да. “Ислам дининде туулган күндү майрамдабайт” деп койчу. Кийин атасы деле элес албады. Бирок Аруукенин туулган күнүндө атасы аларды шаарга алып чыккан эле.

– Эмне болду, козум?

– Эч нерсе.

Ал дагы эч нерсе эмес болчу. Баары түштөн кийин башталды. Эшиктин алдына таятасы кунан алып келди. Балдар дароо чогулуп калышты. Маңдайында кашкасы бар, жалы капкара, териси жылтырап турган жаныбар экен.

– Муну эмнеге алып келдиңиз, ата?- деди таякеси таң кала.

– Айдарга.

Таякелери, жеңелери, алардын балдары таң кала тиктеп турушту.

– Ой, эмне үрпөйдүңөр анча? Мен алып бара албай калганда өзү бара берсин дедим. Ал минбегенде башкасы минип турат.

– Короого мал карматчу эмес элеңиз, ата, бир аз таң калтырдыңыз.

– Демек, алжып баратканым ошол.

Таята кыжырланып кетти. Бир топтон кийин гана Айдарды чакырды.

– Мен келдим, таята.

– Келсең жакшы. Мин, кунаныңа. Туулган күнүңө белек.

Айдардын оозу тигилердикинен да жаман ачылды.

– М-магабы?

– Сага, карачы мунун ээрин да атайы чаптырып келдим. Камчысын да элик сап кылдым.

Таята өз ишине корстон боло баланы тиктеп турду. Кызык, таятасынын көзүнөн бир жылуулук учуп өттү. Демек, Айдар жаңылган тура. Таятасы аны аябай жакшы көрөт тура. Анын кыялын ал кайдан билип койду экен. Айдар биринчи жолу чын жүрөгүнөн жылмайды. Чылбырды кармап, жылкы жаныбардын жалынан сылап турган бою узун бул адамды өзү да аябай жакшы көрөрүн сезди. Кучактагысы келди.

– Рахмат сизге, таята.

Айдар биринчи жолу таята деши эле. Бажырая тиктеп турган небересинин жүзүнөн кызын көргөндөй болду. Дал ушинтип жароокер тиктечү, атасынын кызы болчу Асия. Айдарды бооруна кыса күбүрөнүп алды, “жаман энеңе окшоп калганыңды айт” деди.

ххх

Жашоо жыргал. Кунанынын атын Рыцарь атап алган. Тез көнүшүп кетишти. Мектептен келери менен ошонун жанында. Өз колу менен чөбүн салып, суусун берип, таятасы үйрөткөндөй, жонун кашып берет. Анан ээрин тыкыйта токуйт да, дарбазадан акырын алып өтүп, тоо тарапка чаап жөнөйт. Айдардын дүйнөсүндө таятасы, таенеси, анан ушул жылкысы эле бар болчу. Арууке кеткенден кийин башка эч бир адам менен жакындаша албады. Аттын ээрин алып тушап коюп, китебин алып чыкканда эки-үч бала пайда болду. Бири таякесинин уулу Кадыржан болчу.

– Ии, чилистен, жатасың анан?- деди ал кекээр сүйлөп.

– Жок, китеп окуп жатам.

– Кунаныңды мага берчи, биз бир аз чаап келели.

– Азыр эле келдим, тери бир аз суусун.

– Тери жок эле турат. Шылтоолобочу. Тигил тушоону чечкенге аракет кыла баштады.

– Тийбе дедим.

– Болбосо эмне кыласың, түрмөдө жаткан атаңа даттансаң да келбейт ал. Билесиңби, түрмөдөгү адамдар келбейт.

Айдар эмне дээрин билбей калды. Өзүнөн эки жашка улуу бала болчу. Мурунтан деле алыш-бериши жок болчу. Бул эмне минтип калганына акылы жетпей турду.

– Кадыржан, мен сага бербейм кунанымды. Таятам аны мага берген.

– Өз кулагың менен уктуң беле, кээде биз дагы минсек болот деген. А сен өзүмчүл окшойсуң.

– Азыр бербейм.

– Сенден сурап отурмак белем, тентиген көлдүк.

Айдарга сөздөр камчы менен чапкандай тийди. Ошентсе да чыдап турду. Тигил токточудай эмес, энесин-атасын кошуп жаман сөздөр менен сөгүп жиберди. Ага да ыраазы болбогондой бет талаштыра уруп жиберди. Айдар эми токтоно албай калды. Тигини болгон күчү менен уруп, тээп, сүйрөп былчылдата сабап баштады. Ичинде бир жапайы күч ойгонуп кеткенсип эч кимге ээ-жаа бербей буркан-шаркан түшүп жатты. Бүтүндөй жыйнаган ызасын, кайгысын, жоготуусун Кадыржандан алчудай албууттанды. Жанындагы балдар даай албай тиктеп туруп качып жөнөштү. Чуркап барып таятасына кабар беришти. Ал келгенде эки небереси дагы деле былчылдашып жатышкан экен.

– Атаң көрүнүн балдары, кантет булар?

Кадыржан чоң атасын көрөрү менен жалтаңдай түштү.

– Өзү баштады... Мен эме... Тигил...

Таятасы Кадыржанды үйүнө жиберди да, Айдардын жанына келди. Сөз айтса дирилдеп ыйлап жиберчүдөй. Көкүрөгү энтигип турду.

– Эмне деди?

– Тентиген деди. Атаң түрмөдө деди,- ызасы көкүрөгүн жарып кете тургандай араң сүйлөдү. Таята анын жалын чачкан көздөрүн карай албай терс бурулду.

– Жүрү, бети-башыңдагы канды жууп ал. Таенең көрсө капа болот.

Кунанды жетелеп күн батып баратканда таята менен жээн жолдо бара жатты.

– Атам жаман киши эмес болчу, таята. Ал болгону жинин башкара албай калчу.

– Билем,- деди таята кыска гана.

– Сиз дагы аны жаман деп ойлойсуз го. Ошол үчүн айттым.

– Сен баарын чоңойгондо түшүнөсүң, азыр сага эмне дейин. Болгону атаңа окшобой жиниңди кармаганды үйрөн. Ыза курутат, балам, ызанын көзү көр, кулагы дүлөй. Куду азыр сенин кылыгыңдай. Ооздуктаганды үйрөн.

– Апам эмнеге мени издебейт, таята?

Таята чындап эмне дээрин билбей калды. Үн ката албады. Укмаксан болду. Дайыма ушундай. Апасы тууралуу кимден сурабасын укмаксан болушат. Көздөрүн ала качышат. Эч ким эч качан ал тууралуу жооп бергиси келбейт.

– Мен чоңойгондо баары бир ага жолугуп сурайм, таята. Апамдан мени эмнеге издебегендигин сурайм.

ххх

– Бул эмне деген жорук? Кечээги келген бала Кадыржандын мурду-башын түздөйт деген эмне шумдук? Атам аябай эркелетип жатат бул баланы. Теңирин тааныбай калды. Апа, атама айтпасаңыз мен айтам. Биздин бала эмес, 10 жылдан кийин табылган жээн кымбат болуп калдыбы?

Аны райондун борборуна ташыды унчукпадык, кунан мингизди унчукпадык, эми баламдын башын жарып салса да унчукпай жүрө беребизби?

Албууттанып жаткан келин токточудай эмес...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
janka7
2019-10-21 13:19:14
Ыйладым
+1
Peri.jan
2019-10-21 13:38:19
Эх ыйлатат го эмне болот болду экен
+1
Isikkolumkeremet
2019-10-21 16:34:18
Ушуну окуган сайын балдарыман качып жонойм.ыйлаганымды коруп тан калышпасын деп.коз жашым тамагыма тыгылып калат да
0
Paprikafm
2019-10-21 17:26:07
Арууке эмне болду жазгылачы
+1
Baku88
2019-10-21 21:51:31
Ыйлабай жылмайып окуган кун болобу
+1
nazi25
2019-10-23 01:29:50
Арууш
0
Umutmurza78
2019-10-27 17:28:00
Бир аз көбүрөөктөн жазгылачы сураныч
0
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан