Гүлжигит Сатыбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗ АТА-ЭНЕМЕ, ЖАКЫНДАРЫМА АЙТПАЙ ЖАШАП ЖҮРДҮК”

"Гүлжигит Сатыбековдун үй-бүлөсү бар" деген кеп көп жылдан бери эл оозунда айтылып келген. Бүгүн ырчы мырза жеке жашоосу тууралуу сөздөргө чекит коюп, “Супер-Инфо” гезитине жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу маек берди. Ал үй-бүлөсүн эл көзүнөн эмнеге жашырып жүргөнүн, жубайы, балдары тууралуу кызыктуу маалыматтарды ачыктады.

– Гүлжигит байке, кандайсыз? 10 күндөй түштүктө болом дедиңиз эле. Пландарыңыз өзгөрүп, бир айга калыптырсыз. Той-аштар көп болуп жатабы?

– Азыр күркүрөгөн күз, ак төөнүн карды жарылган убак. Той-мааракелер күчүндө. Түштүккө чакыруулар көп, элдин кызматындабыз. Чакыруу менен барганда үч эле ыр ырдап басып кетпейм, тескерисинче, элди бийлетип концерт койгондой эле болом. Ал эми кызмат акыбызды келишим баада чечишип алабыз.

– Бир жерден сиз тууралуу "тойго чакырса 3 эле ыр ырдап, 1000 доллар алып кетти" деп жазгандарын окуп калдым. Чын эле ошондой баага ырдайсызбы?

– Андай баага көп эле барып жүрөм. Бирок 1000 долларга үч ыр ырдап кеткен эмесмин. Андай болбой эле койсун.

– Тойго барганда кайсы ырыңызды көп сурашат?

– Көбүнчө “Лейлектик кызга”, “Москва” деген ырларымды көп сурашат. Жакшылыкка шаңдуу чыгармалар кызмат кылат да.

– Мурун 5-6 күнгө созулган концерт берчүсүз. Азыр 1 күнгө эле бересиз. Көп күндүк концерт чыгымын актай алабы?

– Жылына бир жолу февраль айында 5-6 күндүк концерт беребиз. Бул адатка айланып калды. Концерт берүү көп эмгекти, каражатты талап кылат. Чыгымдарды жаап эле келе жатабыз. Сахнаны заманбап стилде өз каражатыбызга жасап келебиз. Мамлекет ушул көйгөйлөрдү чечип берсе, маданиятыбызда дагы чоң жетишкендиктер болот эле. Сахна жасалгалоо кымбат болсо да күйөрмандар, концерттин деңгээли үчүн тобокелчиликке барабыз. Быйыл концерт берүүнү декабрь айына пландап койдук. “Ош-Бишкек-Москва” деген аталышта жеке концерт берейин деп даярдык көрүп жатабыз.
– Сиз башка ырчылардай өзүңүздү жарнамалабайсыз деле. Бирок ырларыңыз элге жакшы сиңет. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Туура айтасыз, жарнамалоо, пиар, хайп жасамай деген иштер менде жок. Чыгармачылыгым жөнүндө көп ойлоном, изденип эле басып жүрөм. Социалдык тармактарга деле көп убакыт коротпойм. Маалымат үчүн керектүү нерселерди көрүп коём. Китеп окуганды жакшы көрөм. Ар бир жаралган жаңы ырым күйөрмандарын таап келет. Негизи ырыңдын бир сабы угармандын жашоосуна дал келсе, анда ыр өз максатына жетти десек болот.

– Эки жыл мурун "Эмгек сиңирген артист" наамын алдыңыз. Наамдын жашооңузга кандайдыр бир таасири, пайдасы тийдиби?

– Чынында, наам алганымда өзгөчө бир сезимдер болгон. Албетте, жагымдуу. Ал нерсе мага чоң жоопкерчилик алып келди.

– Эми көп жылдан бери ачык айтпай жүргөн жеке жашооңузга келели. Буга чейин үй-бүлөңүз тууралуу айтпай келгениңизге эмне себеп болду?

– Үй-бүлөм жөнүндө чынында эч кимге айткым келген эмес. Сүткө ооз күйгөндөн кийин айранды үйлөп ичип калганбыз да. Жубайым менен жарандык никеде жашап келдик. Түбөлүккө жашап кеткенге деле көз жетпеген окшойт. Өнөр адамы болгондон кийин такай талаалап жүрөбүз. Ата-энеме, жакындарыма да айтпай жашап келгенбиз. Эмнеге жашырып келдик, өзүбүзгө да табышмак (күлүп).

– Жакшылыгымды бөлүшөм деп жүргөнүңүзгө 2-3 жыл болуп кетти. Үй-бүлөңүздү ачыктагандан чочулап жаттыңызбы?

– Жакшылыгыңды эл менен бөлүшүү өтө жакшы да. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн айтылбас мыйзамдары болот. Убакыт-сааты эми чыгыптыр. Менин үй-бүлөмдүн, жеке жашоомдун кимге кереги бар? Ар кимдин өзүнүн жашоосу бар. Эл менден керемет ырларды талап кылса деген ойдомун.

– Ушунча болуп калды, жубайыңыз, балдарыңыз тууралуу айтып бериңиз...

– Келинчегимдин аты - Чолпон. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун кызы. Экөөбүз 2011-жылы август айында “Манас” кинотеатрынан таанышканбыз. Биринчи никемдеги тун уулум Байэл түрк лицейинде билим алат. Чолпон экөөбүз 2 кыз, 1 уулдуу болдук. Кыздарым Элайым 5 жашта, Нурайым 3 жашта. Көкүрөк күчүгүм Салман 1 жашта. Наристелүү болуу бул Кудайдын өзгөчө белеги деп билем. Ал бактылуу көз ирмемдерди сөз менен жеткирип айта албайм. Балалуу болгон ар бир адам мени түшүнсө керек. Жубайым үй кожойкеси. Ага үйдө иш толтура. Үч бала кечке апасын чарчатышат.

– Бир жолу бизге берген маекте "артисттер менен кандай аялдар түшүнүшүп жашайт, элестете албайм" деген элеңиз. Бул жаатта маселе болбой элеби?

– Үй-бүлөм жөнүндө такыр айтпайбыз дечүбүз, бирок тынч койбодуңар, айрыкча журналисттер. Ошол жылдары бир китептерди окуп, транста жүргөн кезим болчу. Ал китеп ойлорду башкаруу жөнүндө эле. Китепти окугандан кийин ар бир нерсени жакшылыкка жоруй берчү болдум. Мага ийгиликтер келип жатканын сездим. Ошол кезде Чолпон менен таанышкам, бул менин ийгилигим деп билдим. Туюмум мени алдабаптыр. Ал мага жакшы шерик болду. Менин көп ийгиликтериме себепчи болуп жаңы чыгармалар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ырларымдын арасында жубайыма арналгандары да бар, бирок көмүскөдө, элге чыкпай жүрөт. Убактысы келе элек окшойт. Экөөбүздүн мамилебизди ата-энеме да айтуу оор болду. Кандай кабыл алат деген ойлор менен жүрдүк. Эки кызымды ээрчитип айылга бардык, батасын алдык. Бул да биздин ийгиликтерибиз деп билем.

– Ата-энеңиз ушундай жакшылыкты айтпай жүргөнүңүз үчүн таарынышкан жокпу?

– Жок, түшүнүү менен кабыл алышты. Ар бир ата-эне баласынын бактылуу жашоосуна, ийгилигине кубанышат эмеспи.

– Сиздин "Өсө бер, балам" деген ырыңыз да балаңызга арналганбы ошондо?

– Ооба, Чолпон менен таанышканда аталган ырдын обонун жазган элем. Кичүү уулум төрөлгөндө толук ыр болуп жарыкка чыкты.

– Жеке жашооңузду минтип ачыктадыңыз. Дагы кандай пландар бар?

– Буюрса, эмдиги жылы жакындарыбыз менен элди чакырып бата алсак деген жакшы ой-тилек, максаттарыбыз бар. Кудайым ал күндөрдү насип этсин.

– Маегиңизге рахмат!

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлжигит Сатыбеков: "Жубайым - Кудайымдын берген ырыскы белеги экен"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
KaGaH
2019-10-28 11:07:58
Ырлары жеңил көчөнүн ырлары,кантип эмгек сиңирген артисти алды түшүнбөйм
-44
PeRa
2019-10-28 11:20:05
Түбөлүккө жашайбызбы же жокпу деп күмөн санап жүрө беришип 3 балалуу болуп койгону таң калыштуу.
+32
admin_portal
2019-10-28 11:28:07
Dima85z, кимдир бирөөнү далилсиз каралоого тыюу салынган. Эскертүү!
-1
katerina.li
2019-10-28 11:32:19
Маданиятты талкалаган ырчылардын катарына кирет
-23
Gulzina1993
2019-11-01 11:08:39
katerina.li, эч бир норма комментарий жазбайт
+3
Sa89ai
2019-10-28 11:37:46
Туура айтат бироонун жашоосунун бироого не кереги бар,жашоо озунуку ....
+22
Perfekt
2019-10-28 13:08:27
2 балалуу болгучакты ата- энеси билбептир да, кантип жашырып жургон
+7
miss2014
2019-10-28 13:11:19
Бир интервьюсун да "кыз#алам деп талкууга калган эле.....
+6
Nevestkaa
2019-10-28 13:13:20
Үй бүлөм бала чакам бар деп коюштун эмнеси кыйын 18жашар сүлкүлдөгөн жигит болсо бир жөн эле кырктын кырындагы адамга анча жарашпайт экен го.
+20
katerina.li
2019-10-28 13:48:32
Nevestkaa,туура .
+3
AiperiO
2019-10-28 21:38:52
Ырларын копчулугу суйуп угат, азамат. Уй булоосун тынч койгула. Ийгилик, уй булооно бакыт!
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-28 22:50:29
Ошондо никесиз жашап жүргөнбү?
+5
Nur777
2019-10-29 02:50:29
Baktyluu_bolgum_kelet,никеси бар,загсы жок...
0
Aishiteru
2019-10-29 02:12:20
Өзү айтпаса ишенмек эмесмин.Бул да болсо кыздарыбыздын жеңил ойлуулугу.Тообо.Бактылуу болуңуздар!
+4
besha
2019-10-30 01:36:33
Aishiteru, ЗАГС мыйзам жактан Гана гарант болбосо. Жакшы мамиледе ынтымакта сыйлап жашоо нике менен деле болот. Биздин ой
+2
Meken28
2019-10-29 07:47:23
Guljigit,1-uulun turk litseide okusa atasy mn dagy apasy mn dagy choguu jashabait eken baikush.Baldar ata ene meerimine toiup chonoiush kk,jakshy ubakyt bol chon balana dagy.
+5
nazira...
2019-10-31 16:32:06
Бул го мейли, а кызчы 3 балалуу болгуча, кызык. Туугандарына канча жылдан бери бара элек болот ошондо, тушунбодум. Бул баланы сыйлачу элем, окугандан кийин......................
+2
Gulya78
2019-11-01 19:54:00
Ошода...
0
baltabaev
2019-11-03 18:00:50
Балдары никесиз торолгонбу ошондо?
Андай болсо ото начар болот го((
+2
Isikkolumkeremet
2019-11-03 22:50:23
Уч балалуу болгуча жарылып кетпептир дааа тымпыйып оттто бекем экен.сырларынызды суперге эмес Гулжигитке айтса болчудай
+3
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан