Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ИНГРИД САХНАДА МАГА ТИЗЕЛЕП ТААЗИМ КЫЛДЫ”

Самара Каримова Кремлдин ак сарайында "Азиянын жүрөгүнөн дүйнөгө" деген аталышта концерт берди. Концертке коюлган билет баасынан тартып, элдин кол чапканына чейин талкуу болду десек болот. Ошол жана башкалар тууралуу ырчы баяндап берди.

– Самара, концертти кандай өткөрүп алдың, баары өзүң элестеткендей болдубу?

– Өзүм элестеткенден да жогорку деңгээлде өттү. Кыргыз ырчылары жеке концертин Кремлдин ак сарайында өткөрүүнү кыялданышат. Бул кыялды мен ишке ашырдым, кыргыз маданиятынын тарых барактарында жазылып кала турган бурулуш болду. Дүйнөлүк деңгээлдеги мен-мен деген жылдыздар концерт берген жерге биздин ырчыларыбыздын да концерт беришине тилектешмин.

– Байкашымча, Кыргыз өлкөсүнүн гимнин ырдаган учуруң баарынан таасирдүү болду...

– Гимн ырдалып баштаганда сахнадагы экрандан Кыргыз өлкөсү, желегибиз көрсөтүлүп турду. Концерт башталганда эле жүрөгүм ыргып кетчүдөй толкунданып кеттим. Эч ким мени гимн ырдайт деп ойлогон эмес да, колумду көкүрөккө коюп ырдап баштаганда эле элдин баары ордуларынан туруп, колдорун көкүрөктөрүнө алып туруп угушту. Мекендештеримдин элине, жерине болгон сый-урматын, сүйүүсүн, сагынычын сездим. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болуп, өзүмдүн да ыйлагым келип үнүм каргылданып кетти. Ошол жердеги симфониялык оркестрде ойногон 60тан ашуун музыкант, Кремлдин кызматкерлеринин бүт баары гимнибизди туруп угушту. Кээ бир мекендештеримдин көз жашын аарчып жаткандарын көрдүм.

– Концертке кандай даярдык көрдүң эле? Анткени социалдык тармактарда “концерт облустун деңгээлиндей болуп калды” деген талкуулар болду.

– Концертке бир жылдан ашуун даярдандым. Кремлдин концерттик залын алуу деле оңойго турган жок. Узак сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында максатыбызга жеттик. "Облустун деңгээлиндей болду" деген талкууларды окуган жокмун. Менин телефонум куттуктоолордон, элдин ыраазычылыктарынан жарылып кете жаздады. Азыр дүйнөнүн бардык бурчунда кыргыздар бар эмеспи, айрыкча мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз толкунданып “бизге да келиңиз” деп жазышты. Кыргыздар эле эмес, Кремлдин кызматкерлери да “киргизы молодцы” деп аябай макташты. "Облустун деңгээлинде" деп жазгандарга деле таарыныч жок, адам эмнени көргүсү келсе ошону көрөт. Дүйнө таанымы кандай болсо башканы да ошондой кабыл алат.

– Эмгекчилсиң, башынан эле бул сапат барбы? Же жолдошуңдун да демилгеси болуп жатабы?

– Мен эмгектенип жатып эс алам, эс алып жатып эмгектенем. Табиятымдан ушундай адаммын. Чарчадым деп айтпайм. Азыр 28 жаштамын, иштесем ишке, аш жесем ашка тойбой турган курагым. Азыркы эмгегим балдарымдын, үй-бүлөмдүн, өзүмдүн келечегим. Мен азыр туура жолдомун деп ойлойм. Жашоого биз бир миссия менен келебиз. Бүтүндөй өмүрүңдү бирөөлөрдү жамандап, көрө албай өткөргөнчө эмгек кылуу керек. Тарбиянын башаты эне эмеспи, апам бизди эркектин да, кыздын да жумушун кылдырып эмгек кылууга үйрөткөн. “Жакшы жашоо асмандан түшпөйт, ал үчүн кыйналышың керек, эмгек кылышың керек” деп көп айтчу. Тынбай изденем, эмгектенем. Менде “бул нерсени кылып койсом эл эмне дейт, тууган эмне дейт?” деген коркуу жок. “Ойчул ойлонгончо тобокелчи тоо ашыптыр” дегендей, тобокелчимин. Жашоого бир жолу жаралгандан кийин бардык нерсени жасап көрүүдөн коркпойм. Жаңылгандан адам коркпош керек, жаңылсаң да андан сабак алып жолду улай билүү керек.

Ал эми жолдошума келсек, ал мыкты менеджер, идеяларга бай адам. Менин сүйүктүү жолдошум аябай баласаак адам. Экөөбүздүн чөйрөбүз бир болгон үчүн, ойлорубуз бир чыккан үчүн ийгиликтер болуп жатат деп ойлойм.

– Италиялык ырчы Ингрид айым менен баарлашканга убакыт болдубу? Кандай адам экен, эмнеси менен сага таасир калтырды?

– Ооба, келгенге чейин телефондон байланышып жатканбыз, келгенден кийин да сүйлөштүк. Шайыр, позитивдүү, жашоого болгон көз карашы башкача айым экен. 46 жашта болсо деле энергиясы төгүлүп-чачылып турат экен. Сахнада сальто секирип жиберди. Ал дагы “концерт мындай мыкты деңгээлде өтө турганын билген эмесмин, кыргыздар ынтымактуу калк экенсиңер, аябай бири-бириңерди колдойт экенсиңер” деп баа берди. Ингрид айым сахнада отура калып тизелеп “Самара, рахмат сага” деп таазим кылды. Бул күтүүсүз болду, анткени ал дүйнөлүк жылдыз да. Ошого карабай кичи пейил экен. Ал биздин элге кызыгып, сөзсүз Кыргыз өлкөсүнө келем деди.

– Кремль ак сарайында да кыргыздар ышкырып, кыйкырып отурушту деген талкуулар болду, окудуңбу?

– Анын эмнеси бар? Бул жерден мен эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун. Ыйлаган жерден ыйлап, бийлеп, каткырып, ышкырып жакшы колдоп отурушту. Башка улуттун деле эмоциясы ушундай болмок деп ойлойм. Мен деле өзүмө жаккан жерден эмоциямды жашырбай, бакырган жерден бакырып сүрөп отурам. Мага элдин маанайы жакты.

– Ар дайым талкуу үстүндө жүрөсүң. Кызматка дайындалсаң да, спектаклде роль аткарсаң да, Кремлде концерт берсең да. Талкуу чордонунда болгон өзүңө жагабы?

– Мындан бир эле жыйынтык чыгарыш керек, демек, мен мыктымын! Биринчимин, ийгиликтүүмүн. Мен жүдөгөн, сүйрөлгөн, ийгиликсиз бирөө болгонумда эч ким мени талкуу кылмак эмес. Марага чуркап келе жатканда артыңдан тарткандар, бут тоскондор көп болот. Талкууласын деп иш кылбайм, өзүм да билбей талкууга түшүп калам. Бирок мени талкуулагандарга баш оорутпайм. Анткени ишим көп. Мен үчүн чыгармачылыктан да ар дайым үй-бүлөм биринчи турат. Алар менен чогуу болгондо башка дүйнөнү унутуп калам. Талкуулаган адамдар чындап мени билишпейт. Мен өзүмдүн мүнөзүмдү жакшы билем. Кудай мага узун өмүр берсе жарата турган ийгиликтерим али алдыда. Мени кызматка коюп туруп кайра алып койсо да, артымдан талкуу болуп жатса да эч качан капа болбойм. Мени көбү сындырам деп ойлошот, бирок жаңылышат, эч качан сынбайм.

– Актрисалык, ырчылык өнөрүң менен эле тим болбой, төкмөлүктү да ала кеткенге аракет кылдың. Таенем төкмө болгон дедиң...

– Адамда 1 пайыз талант болсо, 99 пайызы эмгек болуш керек. Мен өзүмдү төкмөмүн деп айта албайм, бирок ыр жазам. Мендейлерди жамакчы дешсе керек. Кичинемде таенемдин колунда чоңойдум. Ал киши жамакчы, сөзмөр, санжыраны мыкты билген адам эле. Андай кемпирди мен өмүрүмдө көрбөдүм. Турган жеринен ыр токуп жиберчү. Албетте, таенемдей сүйлөй албайм. Көп жерде интервьюларда же кечелерде мени сөзгө жыгам деп аракет кылгандардын колунан келбей калат. Анткени сөзгө жыгылбайм. Ошондон улам таенемдин колунда чоңойгонум жакшы болуптур деп ойлоп кетем. Таенемдин көп неберелери бар болчу, тентек кылгандарды чыбык менен жамбашка чаап койчу. Арасынан мага эле тийчү эмес, “Ак Самашым” деп чекемден сылап койчу. “Бул элдин кызы болот” деп көп айтчу. Таенем олуядай эле өнөр адамы болорумду билген экен. Төкмөлүк өнөргө кызыгам, бирок убакыт бөлө албай жүрөм. Төкмөлөрдөн Элмирбек Иманалиев “сенден төкмөлүк чыгат” деп батасын берип, колдоп келет. Спортчулар машыккандай, төкмөлүк менен да машыгуу керек, бирок менде убакыт болбой жатканына байланыштуу токтотуп турууга туура келди.

– Алдыда дагы кандай долбоорлор бар?

– Идеяларым көп. Китеп жазгым келет, чиймелеп жазып деле жүрөм, бирок китепке ылайыктуу эмес. Сүрөт тартам, укмуш тартам деп айтпайм, бирок жаман эмес. Кыргыз элине таанылдым, эми дүйнөгө таанымал ырчы болууну максат койдум.

– Азаматсың, максаттарың ишке ашсын!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Самара Каримова: "Ингрид сахнада тизелеп таазим кылды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Jelezo
2019-11-04 20:52:12
Азамат кызым өмүрлүү, бактылуу бол көрө албагандардын көзү көгөрсун. Сендей боло алышбайт.
-14
Bermet068
2019-11-04 22:09:35
Коро албай жатсанар туз жалагыла.Силерге эмне кылды Самара.Жеген ашынарды тартып алгансып уйдо бекерчи болуп алып суйлойсунор.Кыйын болсонор Кремльге эмес клубка концерт уюштуруп коргулочу ошондо билесинер.
-14
admin_portal
2019-11-05 10:52:50
Arman7, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келдирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
Zhamila
2019-11-06 00:16:33
Эмнедеген коро албастык.Качан токтотобуз бул кыялды.Кичине болсода келечегине жол,озуно ийгилик, тажрыйба жаратып кетти.АЗАМАТСЫН ДУЙНОГО ТААНЫЛГАН ЫРЧЫ БОЛ.
+1
maralum93
2019-11-06 02:25:35
Алга ийгилик гана деймин сасып жазгандарга эч маани бербе.... Кимде эмне болсо ошол сыртка чыгат.... Күчтүү адам экенсин
+1
admin_portal
2019-11-06 10:00:32
Sezimka27, katerina.li, аймактык бөлүүчүлүк, бөлүнүүчүлүккө тыюу салынган. Эскертүү!
0
orxidey
2019-11-06 11:50:05
Концерти соонун отуу озунорчо маданиятуу болбогулачы азыр баардык жерде концерт ошондой отот мировой жылдыздардыкы деле ошондой болот ышкырык кыйкырык колдоо менен кичине козунорду ачып башка концертерге барып корсонор тушуносунор .
-1
Nourlan
2019-11-06 12:12:39
Самара Ингридге канча акча төлөп чакырды болду экен.
+4
admin_portal
2019-11-06 14:24:48
stimyl.kg, чындыкка дал келбеген далилсиз маалыматтарды жазып, колдонуучулардын башын чаташтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-2
Jamalym
2019-11-07 03:13:54
Азамат кыз.Эмгектенип элдин кызы болуп журо бер.Сен жолдошундун колдоосу жана тоонун булагындай унун менен ушул жетишкендиктерге жетишип отурасын.
0
Shaa-82
2019-11-07 10:29:25
Озу отоле ашыра чаап кетет кээ бирде, бирок уну жакшы чынында живой ырдаса соз жок экен.
+1
gordaya
2019-11-07 15:40:35
Ушул кызга эле эмне асыла беришет тушунбойм, уй булоосун да онорун да бирдей алып келе жатат. Эч кимге тийишпейт. 3 баланы тороп, анан да иштеп туруп суйлогулочу.
-3
bakyt9
2019-11-08 00:12:29
Сонун болуптур! Ичиңер күйөт күйсө түз жалагыла! Колуңардан келбегендер кийин эмне кыласыңар сындап!
-1
Mystery
2019-11-08 16:54:32
Азаматсын Самара жана командан. Мунун баары эмгек. Эмгекчил адамдарды уважаю. Эмгек синирген артист наамына эми точно татыктуу болдун. Дагы ийгиликтерди жарат. Лично мен Самарага эч тиешем жок болсо да, ушунча суйунуп, жакшы отсо деп ойлоп аттым. Анткени кыргыз кызы Кремлде концерт койгону кандай керемет
-3
Brejneva
2019-11-16 23:54:09
Көрө албастык деле эмес. Бирок концертке жакшы даярданбаптыр. Жеке мага ырын ырдап, артына клип коюп койгону жаккан жок. Элестет "килейген" Кремль залында лэд экранга клип коюп, анан дагы шоу концерт болбой калды. Иши кылып толтура, мен бир эле мисал келтирдим. А негизинен кара кыз кыйын
0
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан