“КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ КАРАТА ЕАЭБдин ТЕҢ УКУКТУУЛУК ПРИНЦИБИ БУЗУЛУУДА”

Гезитибиздин мурунку санында Орусиянын Кыргыз мигранттарына карата 1 мигранттын мекенине акча которуусу айына 100 миң рублдан ашпасын деп чектөө киргизгени тууралуу жазганбыз. Экономика министрлиги Орусия тараптын бул чектөөсү негизсиз дейт. Кыргыздын ЕАЭБдеги өнөктөшү болгон Орусиянын бул чектөөсү биримдиктин шарттарына туура келеби? Бул суроого министрликтен мындай жооп узатышты:

– Орусиянын төлөмдөр системдеринин киргизген чектөөлөрү 2014-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимин бузат жана дискриминациялык мүнөзгө ээ. Себеби Кыргыз өлкөсүнө коюлган чектөөнүн көлөмү уюмдун башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу айырмаланып турат.

Келишимдин 3-беренесинде жазылган тең укуктуулук принциби бузулду. Келишимде “уюмга мүчө мамлекеттер ЕАЭБдин ичинде накталай акчаны эркин айланта алат” деп да жазылуу. Эгер уюмга мүчө мамлекет башка өлкөгө карата чектөө киргизип жатса, ал жөнүндө маалыматты чечим күчүнө кирерден 15 күн мурда ал өлкөгө кабарлашы керек болчу.

Аталган чектөөнү алып салууну айтып Кыргыз өлкөсүнүн экономика министри Санжар Муканбетов Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисянга кат жөнөткөнү айтылды. Катта Орусиянын ЕАЭБдин ички рыногунун алкагында милдеттерин аткарышын карап чыгуу керектиги белгиленген.

Аталган чектөө тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 1-октябрда Арменияда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында маселе көтөргөн. Жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында көтөрдү. Жыйынтыгында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Борбордук банктары бул маселени карап чыгып, жообун кийинки жыйындарга даярдоо чечими кабыл алынды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан