ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 4-НОЯБРДАН 10-НОЯБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Колдон келишинче үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон конфликттен качууга аракет кылыңыз. Антпесе бирин капа кылып алып катуу өкүнүп каласыз. Учурда ишинде же бизнесинде кыйчалыш кырдаал жаралып жаткандар болсо дагы бир аз чыдап, абалды жөнгө салууга ашыкпай турганы оң. Кыйынчылыктардын өтүп кетерине аз гана калды. Сатуу, сатып алуу, ири мүлктү бир нерсеге алмашуу иштерин сөзсүз жакын адамдар менен кеңешип кылууну сунушташат жылдыздар.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Алдыга койгон максаттар оңой ишке аша калчу апта эмес. Жасап жаткан иштер алдыга жылбай, ага ар кандай кырдаалдар таасир этиши ыктымал. Жумуштарыңыз ийгиликтүү жүрүшү үчүн өнөктөшүңүзгө же кесиптештерге жакшы мамиле кылыңыз. Алар акыбетин сөзсүз кайтарат. Үй-бүлөлүү букачарлар чогуу эс алуу же жакшы дасторкон жайып тамактануу сыяктуу жашоого өзгөчөлүк киргизбесе, кунарсыз күндөрдөн тажаган түгөйүңүз уруш чыгарышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бирөөгө 100 пайыз ишенип бардык сырыңызды айтып же акча каражатын берип салбоого аракет кылыңыз. Канчалык жакын адам болсо дагы, бирөө менен иш алып барууда “оозуңуз күйүп” калышы ыктымал. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин ийгилигине кубанасыз. Апта ичинде илең-салаң болуп чечилбей келген иштерди аягына чыгарууга ылайыктуу. Ошондой эле жер которуу, жаңы жумуш алмаштырууну пландап жаткандарга да ийгилик жылмаят.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Айланадагы адамдарды таарынтып алуудан абайлаңыз. Көптөн бери кол үзүшпөй катташкан досуңуздун же сүйүктүүңүздүн көңүлүнө катуу тийип алышыңыз ыктымал. Мындай кырдаал жаралбашы үчүн маанайыңызды түшүрө турган абалдардан качыңыз. Мисалы, бирөө менен конфликтке баруу, сизге тиешеси жок нерсеге аралаша коюп жок жерден маанайды бузган окуяга кабылуудан алыс болуңуз. Апта соңу үйдө эмес, ыр-бий коштогон компанияда өтүшү күтүлүүдө.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үй тиричилигине байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Сынган нерсе, бузулган прибор же коммуналдык төлөмдөрдүн көп суммада эсептелип келиши сизди чыгымга учуратат. Ошону менен катар киреше кирүүчү булактар да табылары күтүлүүдө. Күтүлбөгөн жерден көп суммадагы акча каражаты колуңузга тийип калышы ыктымал. Ошентсе да жылдыздар акча каражатын үнөмдүү пайдаланууну эскертишет. Иш деп жүрүп эс алууну унутуп койбоңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта ичинде активдүүлүгүңүз төмөндөшү күтүлүүдө. Буга ден соолугуңузда жаралган маселе себеп болушу мүмкүн. Сыркоолоп калуунун алдын алыңыз, суук аба ырайына жараша кийинип, жаанда, карда же суукта калуудан абайлаңыз. Ооруканага түшүп калбоо үчүн сасык тумоолоп калуунун же өнөкөт ооруларыңыз болсо козголуусунун алдын алыңыз. Туугандарыңыздын бири майрамдык кечеге же үйлөнүү той сыяктуу маанилүү окуяга чакырышы күтүлүүдө.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Айрым таразалар бул аптада жаңы талантын ачышы күтүлүүдө. Анын арты менен кошумча каражат же байлык келиши ыктымал. Иште сиз ойлобогон жактардан сунуштар түшүшү мүмкүн. Жаман да, жакшы да нерсеге даяр турууңуз шарт. Улуу адамдардан кеңеш сурап үй-бүлөдөгү чоң ата же башка улуу адамдарга кайрыласыз. Жакындардын көңүлүн алып, кайда барсаңыз да куру барбоого аракет кылыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндардын бул аптада жумушунун үстүнө жумуш кошулат. Иште же бизнесте кошумча түйшүк жаралышы күтүлүүдө. Дипломатиялык жөндөмүңүздү жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, иш боюнча жолугушуулар, сүйлөшүүлөр күтөт. Ишке алаксып жакындарыңыздан алыстай түшүшүңүз мүмкүн. Туура түшүндүрүп, көңүл бурбай калганыңыздын же досторго аралаша албай калганыңыздын себебин айтып коюңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта негизинен тынч өтөт. Майда, бирок маанилүү иштерди бүтүрүп жеңилдейсиз. Чыгармачылык менен алектенгендерге күз мезгили эргүү берип, жетекчилик же коомчулук мактай турган иш жасайсыз. Өзүңүздөн улуу адамдарга гардеробун жаңыртууга жардам беришиңиз күтүлүүдө. Өзүңүз дагы жаңы аксессуар же кийим, бут кийим сыяктуу бир нерсе алып кубанасыз. Кыска убакытка сапар күтөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үй тиричилигиндеги иштерде же спорт менен машыгууда өзүңүзгө физикалык күч келтирбеңиз. Аптага жеткидей энергияңызды эрте коротуп алып, жакшы эс албай калышыңыз ыктымал. Жалгыз бой текечерлер сырткы келбетин өзгөртүүгө, имидждин үстүнөн иштөөгө бел байлайт. Сүйүү мамилелерине ылайыктуу апта. Жумушуңузда ийгилик жаратам десеңиз улуу-кичүүгө бирдей сылык болуп, баарлашуу манераңызды жөнгө салыңыз. Эмоцияга алдырып иш кылуу бул аптада сиз үчүн эмес.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Маанилүү иштерди бүтүрүп келүү үчүн же жаңы иштердин башталышы иретинде алыска сапарга чыгышыңыз күтүлүүдө. Эс алууга чыккандар үй тиричилиги менен алышып күн өткөрбөй, убакытты туура пайдалануусу кажет. Айрым суу куярларды саякаттоо күтүүдө. Алыш-катыштарыңыз майрамга, туулган күндүк отурушка же тойго чакыруу жиберет. Апта соңун үй тиричилигине эмес, уктап, телевизор көрүп же китеп окуп эс алууга жумшаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Ким романтиканы каалап жатса сүйүктүүсүнө аны өзү тартуулоодон баштаганы оң. Сүйүүңүздүн бекемделишин кааласаңыз түгөйүңүзгө кыялыңызды көрсөтө бербей жылуу мамиле кылыңыз. Түгөй издеп жүргөндөр жаңы таанышуулардан баш тартпаганы оң. Социалдык тармактардан жана мессенжерлерден жазган бейтааныштарга жооп жазыңыз. Балким, бири сиздин бактыңыз. Ден соолукка же унааңызга шалаакы мамиле кылбай, убагында кам көрүү сунушталат.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 4-10-ноябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан