КАЗА БОЛГОН АТАСЫНА КАТ ЖАЗА БЕРГЕН КЫЗГА АКЫРЫ ЖООП КЕЛГЕН

АКШнын Арканзас штатынын жашоочусу Честити Паттерсон каза болуп калган атасынын телефонуна 4 жыл бою СМС-билдирүү жазып жүрүп, акыры жооп алган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Кыз кезектеги катын жазып жөнөткөндүн эртеси күтүүсүз жооп алган. Катта “Салам, кымбаттуум. Мен сенин атаң эмесмин, бирок 4 жылдан бери сенин каттарыңды мен окуп жүрөм. Атым Брэд, жакында эле менин кызым да жол кырсыгынан каза болду. Сенин жазган каттарың кызыма болгон күйүтүмдү унуттурат” деп жазылган. Паттерсондун атасы каза болгондон кийин анын номерин Брэд аттуу адам сатып алып, колдонуп жүргөн.


Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ainura220888
2019-11-04 13:59:15
Тобоо кылдым.
0
AykaMer
2019-11-04 16:08:29
Мына сага жаңылык....
+7
souza.j
2019-11-05 09:29:08
4 жыл жоопсуз смс жазуу дагы чон эрдик
+9
Nestana95
2019-11-06 12:06:36
Мен да чон апама кайра кайра чала берчумун,,,эч ким алчу эмес(((бир куну байке жооп бергенде токтогом
+4
Jasi.jasi
2019-11-07 14:09:57
Nestana95,Ал кандай байке ?
0
gulzat85
2019-11-07 22:49:31
Мен дагы атам мн инимдин номерин очурбой 4жылдан бери сактап келем.очурсом журогумдон очуп калышчудай боло берет.бир куну жооп берчудой сезилет.эээээхххх.эн кыйын абал.(
+1
Shaa-82
2019-11-09 10:34:40
Мен да инимдин телефонун отуп кеткенден кийин чалсам гудок кеткенде журогум токтоп калайын деген.(((
0
AzKumFerDan
2019-11-11 00:52:11
Апамын номерин очурбой журдум Бир жылдан ашык Бир кун чалсам Бир эже алган саламдашып апамдын номер экенин айткам.Аябай жакшы эже экен айланайын Аман бол а апана бейиш тилейм деген .телеф коюп ыйлап жибергем.
0
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан