«ЖУБАЙЫМДАН КӨҢҮЛҮМ КАЛЫП БАРАТАТ, БИРОК...»
«Эркек башы менен ушуну кантип жазды? Алсыздыгы ушул да, ажырашып деле кетпейби, аялын катуу айтып тарбиялап койбойбу» деп айтышыңар мүмкүн. Аны билем. Бирок жазууну туура көрдүм. Балким, кимдир бирөөнүн ойлонуусуна, үй-бүлөдөгү сый-урматты, ынтымакты, тынчтыкты сактоосуна түрткү болоттур.
Учурунда үйлөнүүгө шашкам. Атам менен апамдын «коё тур, балам, 2-3 жыл иште, анан деле үйлөнөсүң. Жашсың, үй-бүлө деген оңой эмес, жашап кетериңерге көзүңөр жетеби?» деп тынчсызданганына карабай, үйлөнөм деп көшөрүп жатып үйлөнгөм. 3 жыл сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп, ата-энебиздин "коё тургула" дегенин кулак сыртынан кетирип, эки үйдүн эркелери баш кошконбуз. Баш кошкондон кийинки жашоо жөнүндө ойлонбоптурбуз деле. Бири-бирибизди жакшы эле билгендей болгонбуз дейин десем, өзүмдү деле толук таанып бүтө элек экенмин. Үйдөгүлөргө эркелеп, эч нерсе менен ишим жок жүрүп эле үйлөнүп алгам да. Жашоодогу жагдайларда эркелигим, ата-энемсиз эч бир ишти бүтүрө албаган чечкинсиздигимдин кесепети эле тийип жатат. Аркы-беркини эптей албай азыр да кыйналып жүрөм. Урунуп-беринип, эки жакты көрүп эле үйлөнгөн туура окшойт деп калам.
Үйлөнүү оңой, үй-бүлөнү күтө билүү кыйын дегендин чындыгы бар экен. Баары кийин башталды. Балким, күнөө мендедир. Келинчегимди башынан туура эмес тарбиялап алгандырмын. Же аялым тыңдыкты ажаандыкка алмаштырып алдыбы, айтор, биздин мамилебизде гармония жетишпей жатат. Үй-бүлө эркек же аялдын аракети менен сактала турган нерсе эмес экен. Үй-бүлөнү түптөп, турукташтыруу үчүн эки адам бирдей күч жумшап аракет кылып, бирине-бири колдоо көрсөтпөсө, бат эле урап калчудай.
Ойлоп көрсөм, келинчегимдин болор-болбоско ызылдай бергени, шүгүр кыла билбегендиги мамилебиздин бузулуусуна алып келгендей. «Жаман аял жаандан жаман, жаан үйгө кубаласа, жаман аял үйдөн кубалайт» деген ойчулдардын кеби сыңары, жубайың урушка себеп издеп эле турса, ага болгон байлануу жоголуп, алоолонгон сүйүүң деле суу кечпей калат экен. Башка кеп түгөнүп калгансып болгонун болгондой сыртка, туугандарына айта бергенин туура көрбөйм. Бул адатын калтырбас болду. Мунун тегерегинде бизде талашып-тартышуу көп болот. Бизди эле тыңшап тургандай кайын журтум мамилебизге башын сала берет. Айта турган, айтпай турган нерсе бар дегендей. Бир нерсе десең "кетем эле, кетем" деп коркутат. Теңелбейин десем бийик сүйлөгөнү жетип кетет. Теңелдим дегичекти уруш чыгат. Ажырашууну каалабайм. Бул жол менен маселемди чечким келбейт. Уулубуз бар, быйыл төрткө чыкты. Анын бөтөн колдо, анан дагы атасынан же энесинен оолак өсүшүн каалабайм. Бүтүн үй-бүлөдө өскөнүнө эмне жетсин? Ажырашуу оңой. Бир кадам менен ишке ашырып койсоң болот. Бирок эртеңимди дагы бир адам менен жашоо күтүп турбайбы. Дагы бирөөнүн колун кармап, ага көнүп, анын мүнөзүн түшүнүп, кайрадан жаңы бүлө түптөп аны эптөөгө убакыт керек. Мейли, ал миң жакшы болгон күндө деле жүрөктөгү эски так, көзүн жалдыраткан балаң, салыштыруулар, балким, өкүнүүлөр...
Биздин ушундай мамилебиз ата-энемдин, деги эле жакындарыбыздын да тынчын алып жатканын сезип эле жүрөм. Ата-эненин ар дайым баласына тилеги аруу эмеспи. Уул-кызы жакшы чыгып, жашоодон өз ордун таап, жайланышып калса төбөлөрү көккө жетип, ошол алардын жан дүйнөсүнө тынчтык эмеспи. Мен деле аларды санаага салгым келбейт. Болгон күчүмдү жумшап жашоомду бир калыпка салгым келет. Бирок... Сүйүп алган жубайымдан көңүлүм калып баратат. Кээде кадимкидей тажайм. Бирок ажырашып эмес, аракет кылып ушул абалдан чыгып, үй-бүлөмдү сактап калгым келет. Кылам десең эч качан кеч болбойт деп учурда өзүмдүн үстүмдөн иштеп жатам. Мүмкүн, сиздердин пикириңиздер мага туура багыт береттир...
Арслан
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Психолог менен иштешкиле. Бишкекте психологтор толтураго. Же жеке мага жазсаныз болот ошол жактан номерлерди берип байланышабыз. Аялдында эркектинда бир эле маселеде бир эле адам эч качан куноолу болбойт. Ар бир урушта провокатор и аргессор болот мындайча айтканда таяктын эки учу бар бир учу кыймылга келбесе экинчи учу жондон жон башына келип бир тиймек беле. Уй булоолор турмуш курганда же суйлошуп журоондон баш кошконго чейин убакта 3-7жылдарда семьейный кризис болот. Ошол нерседен ажырашбай
ainura220888, кантип байланшса болот
Отсон ал женишин. Бул учун психолог менен иштешиш керек созсуз. Алладан сурап дуа кыл кундо. Кыскасы аябай жан дуйнондо озунду алып жургон суйлогон создорундун устунон иштеш керек. Бул супер инфодо 4-5адам ой ант ой минт деген нерсе менен бутбойт. Аял эрек урушканда экоонон бири пауза алып уйронгонду билиш керек.
ainura220888, Сиздей билимдуу адамдар коп болсун)))
Бироо айткан экен аялын жакшы болсо аны чанып мындан жакшысын табам дейт экенсин,аялын жаман чыкса кой ушу менен эле жашайын кийинкиси мындан жаман болуп калса эмне кылам деген экен...
Ар бир үй-бүлөдө,мамиледе кризис болот.Аял сүйүүңдү, көңүл бурууңду каалаганда ызылдайт.Башка нерседен чыгарат.Түз айта албайт.Негизи аял кишиге миң жакшылык кылсаң да,канаатсыз болушат(көбү).Эркектер да кайгысыз.Жумуш,кара курсактан башка,жан-дуйно курсагын тойгуз.Намаз окуп,таалимдерге барып,китеп окуп,Кудайдан тилесең,сөзсүз бир эшик ачылат.Аялынды да жибер таалимдерге.Анан көрөсүң кандай өзгөргөнүн.Бирок биринчи аялыңа сюрприздерди кыл.Себепсиз гүл бер.Жардамдаш.Сүйүүңөрдү жандыргыла.
Экоон Тен эрке бала болуп Бир Уй булодо, Бир компромисске келе албай тургандагы маселе турбайбы. Оз ойунарды Бербей, талашып тартышат экенсинер. Негизи жубайлардын бироосу кичине назад берип туруш керек ,айрыкча аялы. Эркек психологиясы баары Бир табиятынан аялга баш ийип,айтканын кылып ,башы менен деп казганга конгон эмес. Кээ Бир эркектер бар ошондой,бирок баары эмес. Ошон учун кобунчосу аял киши кичине сабырдуурак болуш керек. Эркек деле кээде откоруп,кайтарынып койсо болот. ,"Ар Адамда
Ар бир үйдө уруш талаш болот дечи бирок мынчалык бири бириңди көргүң келбей калган деңгээлге жетип кетипсиңер хронический болуп мындай жашоо кыйын эле болуш керек.
Nevestkaa,кочуно бир тээп айдаш керек андай катынды
Катаны моюнуна алуу жана ажырашпайм уй буломду сактайм дегендин озу чон жетишкендик, азаматсыз! Бардык эле эркектин колунан келбейт мындай создорду айтыш. Намаз окун биринчи, экинчи аялынызга коп конул бурун, бир аз романтик болун. Качан аялга аз конул бурулганда ал ызылдайт, озумдон билем. Эч качан ажырашпан туз отуруп болгонун болгондой айтып суйлошун, бири-биринерге бир аз убакыт бергиле
Олооорчо сабаа кок ала кыл. Урдум сени деп басып кет. Башка катын ал! Тигининди ондой албайсын баары бир башы менен кетет. Аны менен омур откучо нервинди жедирип журосунбу кагылайын. Тын бол
tuku,Кыргыздар ОЗУ башка чара билбейсинер колунардан келгени эле уруп сабап жарып канатып бир берин.Кой сен экообуз ойной албайт экенбиз деп жолго чыгарып коюш болбойт соссуз бир жерин жарып канатыш керек колунардан ошол келет озу силердин
Уй булодо аялда эркекда бири ачууланса бири унчукпай ачуусун басып туруу керек экен экоо тен суйлосо уруш кучойт.
Кыз экенде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат дейт. Ажаан болуусуна эмне себеп болгонун да талдап корунуз. Соз ташыбай тош ташыган келин бол деп коюшат эмеспи келиндин соз ташыганы да туура эмес . Мерин торкунум кечке сурай берет баарын жакшы эе деп коём баарын билгиси келе берет апам анан блбейм жакшы эле деп коём анан унчукпай калат. Кээде энелер да унчукпай койгону жакшы к
Баарын сурап озу каалагандай чечим чыгаруусур каалаганы туура эмес. Уй булодо баарына ынгайлуу чечим болуусу абзел. Жолдошун багып жатабы чечимди да кенешип экоо чыгаруусу керек . Уруш талаш менен чечим чыкпайт
Бир акылман жаман аялы менен эч ажырашпайм дептир,анткени ажырашсак бул жаман аялым дагы башка бир эркектин шорун курутат деп.
Туурале нерсе болуп атыптыр убактылуу нерсе экен аялдардын көбү кетем дегени жакшы эмес ал сөз ортодогу ишенимди кыйратат, өзүң алыска барып иштеп кел аялына дуба кыл жакшы болот буйруса
Иши кылса эркектер периште,аял жаман деген тушунук бар бизде. Не болсо да аялга шылтап коюшат
Муну жашоо деп койот , 40 жашында деле уйлонсон отмоксун ушул этаптан.
Ээ кочугуно Бир тээп айдап жибер андай катынды