«Жылдын супер дебюту»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж


ЖЫГАЧТАН ЖАНЫБАРЛАРДЫ ЖАСАГАН УСТА

  1. Кыргыз эли илгертен чеберлерге бай. Колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын жасаган буюмдары кылымдап сакталары анык. Ош облусунун Алай районунун Чакмак айылындагы уста Абдилазиз Шапаков да 19 жылдык өмүрүн устачылыкка арнаган. Ал жыгачтан миң түрдүү буюмдарды жасайт. Жасаган буюмдарын сатпайт жана аларды сактоо үчүн музей ачууга умтулууда.


  2. «УСТА БОЛУП КАЛГАНЫМА КӨЗҮ АЗИЗ АБАМДЫН БАТАСЫ СЕБЕП БОЛДУ»

  3. – Учурда 63 жаштамын. Мурун курулуш иштеринде иштеп келсем, кийин жыгач устачылыкка өтүп кеттим. Быйыл 19 жыл болду. Чоң атам тегирмен иштеткен адам болсо, атам уста болуптур. Атам мен 5 жашка чыкканымда кайтыш болуп калган. Өнөр укумдан-тукумга өтө берет деген туура экен. Курулушчу болуп жүрүп эле, мени өнөр дүйнөсү өзүнө азгырып кетти. Буга айылдаш көзү азиз абамдын батасы да себепчи болду. Ал мага “сени кайып дүйнөсүндөгү жолборс жылоолоп жүрсүн” деди. Ошол батадан менин ичимдеги талант, руханий касиет ойгонуп кетти окшойт. Адегенде жыгачтан Манас баатырдын колдоочу пирлеринин элесин, кабылан, арстан, жолборсторду жасай баштадым.

    Анан жыгач аркылуу кыргыз элинин тарыхын чагылдырууну көздөдүм. Башкача айтканда, кыргыздын келип чыгышы тууралуу мифтеги каармандарды жасаганга өттүм. Мифте кыргыздарды жоо кырып кеткенден кийин бир эркек бала калып, аны ургаачы карышкыр багып алып чоңойтот эмеспи. Ал бала кийин үй-бүлө күтүп 12 балалуу болуп, кыргыздар ошондон тараган дешет. Ошентип мен карышкырларды жасадым. Кыргыз көчмөн эл болгондуктан боз үй, кыргыз көчү экспозицияларын жасабай коё албадым. “Кыргыз көчүндө” бир эшек, бир ат жана 7 төө бар. Эшек эң алдыда турат, анткени аны илгери алдыга коюшкан, кокус каракчылар кол салса, биринчи эшек өлсүн деп. Кудуктан да сууну биринчи эшекке ичиришкен. Душмандар кудукка уу салып кеткен болсо эшек өлгөн да, берки жаныбарлар аман калган. Кыргыздар жапайы жаныбарлар менен да жан баккан. Андыктан коллекцияларым тоо теке, бугу-кулжа, илбирс, аюу жана канаттуулар менен байыды.

  4. Үйдө өзгөчө бир топ кресло бар. Алардын экөөнү оюмдагыдай кылып жасаганга 7 жыл коротком. Биринин сүйөнүп отуруучу жеринде 2 бугунун элесин оюп жасасам, колду коюп отуруучу жеринде жаткан арстандар бар. Экинчиси кыргыз оюулары менен оюлуп саймаланып, жыландар бекитилген.






  5. «2 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖАНЫБАРЛАРДЫН ЭЛЕСИН ТАШКА ЧЕГИП ЖАТАМ»

    Негизи эле композициядагы жаныбарлардын саны көбүнчө 7ни түзөт. “Жети атанын арбагы колдойт”, “жетинин бири кыдыр” дегенди карманам. Жылан – ден соолуктун, байлыктын символу болгону үчүн аларды көп жасадым. Алардын жалпы саны чоң-кичине болуп 1500. Анын үстүнө менин колдоочум жылан. Алар жайында анда-санда мен иштеп жаткан жерге келип калышат. Эгер алар короого киришсе малымдын саны көбөйө баштайт, үйгө кирсе небере туулат. Менин өзүмдүн 3 кыз, 4 уулум болсо, неберелеримдин саны 12ге жетти. Келген жыландарга ак чачып, “бизди колдо, ден соолук бер, жакшылыгыңды аяба” деп тиленип узатам. Жыгачтан жасаган жаныбарларымдын жалпы саны 2200дөй.

    Акыркы 2 жылдан бери жыгачтан ташка өттүм. Таштарды айыл четинен таап алып келем. Жыгачтан эмнелерди жасаган болсом, алардын элесин ташка чегип жатам.

  6. «УСТАЧЫЛЫККА БАШ-ОТУМ МЕНЕН КИРИП КЕТТИМ»

    Устачылык – бул искусство. Ага ички дүйнөң берилбесе көпкө кармана албайсың. Мен баш-отум менен кирип кеттим. Жасагандарымды кээ бирөөлөр көрүп, "сатып акча таппайсыңбы" деп калышат. Мен сатпайм. Бала-чакамды короодо кармаган малым менен багып келе жатам. Мени коомдо руханий баалуулуктан материалдык баалуулук жогору болуп кеткени кыжалат кылат. Мен үчүн өлүү дүйнө эмес, руханий байлык артык.

  7. Кыргыз тарыхын, табиятындагы жаныбарларды жыгачка, ташка түшүрүү мага сыймык. Жасагандарым ошол эле учурда ушундай керемет өлкөнү, жаныбарларын сактоо керек деген маанини да камтыйт. Кыргыздар салтын, үрп-адатын, искусствосун дүйнөгө даңаза кылышы керек. Музейлердин санын көбөйтүп, сырттан келген адамдар кыргыздарды искусствосу аркылуу да таанышы кажет.

  8. Мен акыркы жылдары айыл өкмөттөн жана президенттерден да музей үчүн жер тилке бөлүп бергиле деп бөлдүрө албай келе жатам. Музей түзүп алсам ага жасагандарымдын баарын коёт элем. Музей элге, сырттан келген конокторго кызмат өтөп турса деген тилегим бар.



  9. Канымжан Усупбекова
    koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
04.11.2019. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 21:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок жыландан эмес Алладан сураныз. Талантынызга таазим
07.11.2019. 00:02 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-10-2019
Соӊку аракети:
20-11-2019 19:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунузга береке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: