Концерттин аталышы – Гүлжайна Атаканованын 10 жылдык чыгармачылык концерти
Өткөн күнү – 8-ноябрь
Өткөн орду – Спорт ордосу
Билет баасы – 500 сом
Башталышы – 19:20 (бир саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Куудул, тамада, алпаруучу, актриса, тармактык бизнес менен да алектенип жүргөн, айтор, өзүн ар тараптан сынап жүргөн Гүлжайна Атаканованын чыгармачылыктын казанында кайнап келатканына 10 жыл болуп калыптыр. Жакында эле анын ырчылыктан өзүн сынап көрүүнү чечкенин, ал ортодо концерт күнүн белгилеп, 3-4 ыр жаздыра калууну пландап жатканын окуп “элдин балдары кыйын, өздөрүнө ушунчалык ишенишет, жадакалса концерт күнүн белгилеп койгондон кийин гана ыр жаздырууну ойлонушат” деп ойлоп койдум эле.
Көз ачып-жумгуча анын концерти болор күн келип калыптыр. Шакылдаган Гүлжайнаны концерт койгондо көрөлү деп 8-ноябрь күнү чөнтөгүмө көптөн бери катып жүргөн 500 сомумду салып Спорт ордосуна бардым. Күнүмдүк тиричиликтен алаксып күлкүгө тоюп кетүүнү самап келгендер Спорт ордосунун залын толтурду. Орундук жетпей, туруп көргөндөр да болду. Бали дедим, залды көрүүчүгө толтуруу баарынын эле колунан келе бербейт. Гүлжайна өзгөчө шоу-концерт уюштурууга болгон аракетин жасаптыр. Анысы концерттин башында эле байкалды. Куудул сахнага эшиктен же залдагы элдин арасынан эмес, селкинчекке отуруп алып шыптан түшүп келди. Бирок ушул жерден уюштуруучулардын фантазиясы түгөнүп калганбы же мындан артык өзгөчөлүк жаратууга убактылары жетпей калдыбы, айтор, концерттин жүрүшүндө башка элди таң калтырарлык сюрприздер болгон жок.
Эми мындай, окурман, мен деле ар бир концертке барганда көөдөнүм толуп, жан дүйнөм эс алып, ушундай бир эргүү менен ошол кечти силерге мактап бергим келет. Бирок куудулдун концертине барып, күлө албай келсем, аны кантип мыкты деңгээлде өттү деп өзүмдү да, силерди да алдайын? Чыныгы күлкүгө сугарган сатиралар болуп калар деп концерттин аягына чейин күтүп отурдум жана күткөнүмө жетпей кала бердим. Такыр күлдүрө алган жок деп калп айтпайын, адамдын өлүмүнөн пайда таба калууну көздөгөн кошок кошуу, көр казуу сыяктуу кызматтар тууралуу коюлган сатиралары маанилүү жана күлкүлүү болду. Ар адам сатираны ар кандай кабыл алары да талашсыз. Жанымдагылар куудулдун ар бир тамашасына күлүп, жыргап отурушту.
Элге тамаша тартуулагандар “Ар бир айдын алтысы” долбоорунун куудулдары болду. Кечеде Дайыр Исмадияров, Ишен Назаров, Нурмат Садыров, Ильяз Кудретов, Гүлжигит Калыков жана башка ырчылар келип, обон созушту. Куудулдун өзүн сүйөрүн ушундан билиңиз, келген ырчылардын көпчүлүгү Жайна аттуу кыздарга арналган ырларын ырдашты. Бул эми жакшы сапат, анысына мейли.
Концертте дагы бир номер аткарылды. Ушул номер эмнегедир залды жандандырды. Мында Гүлжайна Атаканова Бакыт Алиев аттуу жаш ишкер менен дуэт аткарды. Куудул бул жигитти көрүүчүлөргө шакиртим деп тааныштырып, анын сахнага алгачкы ирет ырдап чыгып жатканын белгилеп өттү.
Экөө кол кармашып алып “Сенсиз жашай албаймын. Жашым кичүү болсо да, мен ага карабаймын” деп сүйүшкөндөрдүн образын жакшы чагылдырып беришти. Бул жигитти Гүлжайна Атаканова иштеген тармактык бизнестин жетекчиси катары тааныйм. Экөө чыкканда залдын жанданганына караганда дал ошол тармактык бизнесте иштегендер көп келген окшойт деп ойлодум.
Кеченин эң таасирдүү бөлүгүнө токтолбосом, концертке баргандар мени урушар. Гүлжайнанын ата-энесин сыйлаарын, аларга көп көңүл бурарын маектеринен окуп калам. Куудул бул күнү ал сөзүн далилдеди. “Ата-эне” деген ырын ырдап, ата-энесин сахнага жетелеп чыгып, аларга тизе бүгүп таазим кылды. Залдагылар анын бул мамилесин кубаттап, кол чаап, колдоп отурушту. Апасы толкунданды өңдөнөт, сөз сүйлөгөн жок. Кызына ыраазычылыгын айтып, батасын берген атасы Гүлжайнага жылкы убадалады. Кызы “биз шаарда унаа айдап жүрөбүз да” деп ошол эле жерден жылкыны устаты Рахман Разыковго белек кыларын айтты. Рахман Разыков “канча баланы тарбияласам да, сен эч кимиси жасай элек нерсени жасадың” деп шакиртине ыраазы болду. Мындан тышкары Таиландга ата-энеси менен чогуу эс алып келүүгө жолдомо, конверттер, сахнага толгон гүлдестелер куудулга жагымдуу маанай тартуулады.
Концерт Гүлнара Тойгонбаева, Ишен Назаров баштаган аксылык таланттар бирге аткарган “Аксы” аттуу ыр менен жыйынтыкталды. Ооба, ар аймактын сыймыктанчу таланттары бар. Алардын ынтымактуу болушу жакшы көрүнүш. Бирок залга ар аймактан келген элди чогултуп алып, алардын алдында аксылык, өзгөндүк же көлдүктөр деп бөлүнүп турууну туура көрбөйм. Бул кечеде оштук күйөө менен нарындык аялдан куралган үй-бүлө тууралуу сатираны да ошол себептүү өзүмө сиңире албай койдум. Трайбалисттер деп саясатчыларды дайым сындаган өзүбүз. Сындаганга жараша, жерликке бөлүнбөөнү өзүбүздөн баштасак туура болмок беле деп катуу ойго чөмүлдүм. Мейли, андай сатира ойношсун. Бирок анда бул көрүнүш сындалышы керек эле да.
Концерт 3 саатка созулду. Гүлжайна Атаканова укмуштуудай кооз көйнөктөрү менен сахнага чыгып, бир катар ырларды ырдады. Мен болсо мейли, куудулдун кийинки концертинде боорум эзиле күлөрмүн деген ойдо кечки саат 10дон өтүп үйгө кайттым.
Толик сынчы