(Башы өткөн сандарда)
Жигиттик намысы, абийири, «ушинтип эле арманда кала беремби?» деген ички күйүтү тынчтык бербеди, Эржан күүгүмдө Максаттын үйүнө барды. Жамгыр көнөктөп төгүп жатканына да караган жок. Бүгүн бугун чыгарып албаса, эртең жүрөгү жарылып кетчүдөй абалда болчу. Ойлонуп турган жок, темир дарбазаны муштуму менен үч-төрт жолу каккылап жиберди. Ким экенин билбесе да Максат дарбаза ургулаган адам жөн-жай бирөө эмес экенин сезди. Анткени көңүлү тынч, ниети түз адам дарбазаны мынчалык катуу анан киши чыгарын күтпөстөн кайра-кайра тарсылдата ургуламак эмес. Мас же бул үйгө таарынычы бар бирөө деп боолгоду. Дарбазанын эшигин ачканда маңдайында ачуулуу, кабагы түйүлгөн Эржан турган:
– Жүрү, ээн жерде эркекче сүйлөшүп алалы,- деди дароо эле. Максат үйүнүн жанында ызы-чуу болушун, жаңыдан көнүшүп келе жаткан Аселдин маанайынын кайра бузулушун каалабады. Ошондуктан Эржандын сунушунан баш тарта алган жок. Экөө айылдын четине чыккан жалгыз таман жолдо үн-сөзсүз баратышты.
ххх
Аселдин баштагы таарынычы жазылып, жаңы үй-бүлөгө жуурулушуп, көнүшүп баратты. Кайненеси айланып-кагылып улам кызыктуу салт-санааларды, ырым-жырымдарды айтып берет. Кайын сиңди, кайнилери «жеңелеп» жанынан чыкпайт. Кайненеси акылдуу, орду менен сүйлөгөн, сулуучасынан келген аял экен. Кайнатасы да, кайненеси да Аселге «кызым» деп кайрылышат, атын айтып чакырыша элек. Кайненеси бир күнү минтти:
– Кызым, шаарга барганыңарда экөөң жатакана, батирлебей, атаңдын иниси бар, ошонун үйүнө жашай тургула. Сүйлөшүп койдук, алар чет өлкөгө кетишет экен. Быйылча ошол жерде жашап турсаңар, кийинки жылы көрө жатарбыз.
– Макул, апа,- келгенден бери Асел биринчи жолу «апа» деди. Буга чейин айта албай, тилинин учунда турса да апа дей албай жаткан. Келининин оозунан «апаны» уккан кайнене башкача жадырай түштү. Бул сөз Аселдин бул үйдү өзүнүн бүлөсү катары моюнга алганынын да белгиси болчу.
ххх
Ээн талаа... Катуу жааган жамгыр... Бул жамгырда турсаң көз ирмемде чылгый суу болчудайсың. Бирок талаада бири-бирин былч-былч сабап мушташып жаткан эки эркекти бул жамгыр токтото алчудай эмес. Аларды эч ким байкаган да, көргөн да жок. Бирин-бири аяп койбой мушташып жатышат. Бири-бирине атырыла жулкунуп, жакалашкан бойдон жерге кулашат. Бири үстүнө чыгып бет талаштыра кайра-кайра урат. Бир топто астыда жатканы оодарылып үстүгө чыгып, беркисин урат. Бул эки мырзаны качандыр бир кезде кыйышпас дос болгон деп айтуу мүмкүн эместей... Ажыратар киши жок аябай мушташып, акыры экөө тең чарчады. Тырп этерге алы калбай жерде жатышты.
– Дос, мени кечир. Өз бактым үчүн күрөштүм.
– Ал сенин эмес, менин бактым болчу, ит!- Эржан бакырып жиберди.
– Дос дебе мени экинчи. Сен мен үчүн өлгөнсүң! Кечирим да сураба, мен сени эч качан кечирбейм! Жаныңда жүрүп жалыңа бычак урган сендей достон сактасын!- деди да ордунан туруп, эски досуна карабай атын минип чаап жөнөдү. Каякка барары деле тунгуюк, ой келди чаап барып бир жерге жетип жерге сулап жыгылды да, жаш балача шолоктоп ыйлады. Көкүрөктөгү бугун, толгон ызасын, өкүнүчүн, баарын чыгарып жатты...
ххх
Максат үйүнө түн бир оокумда келди. Кийимдери айрылган, бети-башынын соо жери жок. Асел уктабай күтүп жаткан, күйөөсүнүн түрүн көрүп бакырып жибере жаздады. Күйөөсүнүн жараатына дары сүртүп, таңып жатты...
(Уландысы кийинки санда)