МАЙРА АКЫНДЫН МЕДЕРИ АКЖОЛТОЙ КАНАТБЕК УУЛУ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Өнөр дүйнөсү бүгүн оор жоготууну башынан кечирип, жалпы журт жашып турган убак. Таланттуу инсан, төкмө акын Майра Керим кызынын таланттуу уулу Акжолтой Канатбек уулу, анын келинчеги жана дагы 3 ырчы жигит автокырсыкка кабылышты. Алардын төртөө дүйнө салышса, бири оор абалда ооруканада жатат.

4 КЫРЧЫНДАЙ ӨМҮРДҮ АЛГАН КЫРСЫК

11-ноябрь күнү Балыкчы-Кочкор унаа жолунда катталган автокырсыктан 4 адам каза таап, 1 адам оор жаракат алгандыгы тууралуу кабар тараган. Анда Субару Импреза менен КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышканы аныкталган. Бул автокырсыктан каза болгондордун бири айтылуу Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канатбек уулу, экинчиси анын жубайы Изаард Канатова болуп чыкты. Автоунаанын айдоочусу дагы бир чыгармачыл инсан Жоомарт Алмазбеков эле. Каргашалуу кырсыктан мерт кеткендердин бири – жаңыдан чыгармачылыкка кадам таштап, ырчылык өнөрүн эл сынына алып чыгып жүргөн Кубат Жетиген уулу. Ал эми жаракат алган жүргүнчү – Ырысбек Алибек уулу. Ырысбек дагы чыгармачыл чөйрөнүн өкүлү, жаш ырчы. Ал алган жаракатынын айынан Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы маалым болду.

БАТАДАН БҮТКӨН БАЛА

2006-жылдан бери айтыш өнөрүнүн сүйүүчүлөрү үчүн Акжолтой Канатбек уулу деген ысым аздыр-көптүр тааныш. Ал төкмө акын Майра Керим кызынын учугун улоочусу, көкүрөк күчүгү эле.

1992-жылы 20-майда республикалык деңгээлде айтыш өтүп, анда Майра Керим кызы менен Абдылда Нуралиев сахнада өнөр сынашып калышат. Айтыштын жүрүшүндө Абдылда акын мындай дейт:

“Жакшылык болсо себепкер, жеңе,

Сурагымды элеп көр.

Эртерээк Канат байкеме

Бир эркек бала төрөп бер”.

Анда Майра Керим кызы:

“Жакшылык болсо эгер себеп деген,

Сенин айткан буйругуңду элеп көрөм.

Канат байкең өз күчүндө турар болсо,

Мен ага бир эмес, он эркек бала төрөп берем”,- деген жооп узаткан экен. Отурган эл ошол жерден ак батасын беришет. Бул айтыштан туптуура бир жыл өткөндөн кийин, 1993-жылы 20-майда чоң айтыш өткөрүлөт. Бирок Майра Керим кызы ал күнү айтышка эмес, төрөт үйүнө кетип, балканактай уулдуу болгондугу тууралуу кабар тарайт. Жакшы тилек менен наристенин атын Акжолтой коюшат. Ошондон улам Акжолтой “батадан бүткөн бала” деген атка конгон. Ал болгону 26 гана жашта эле. Көп кырдуу талант, төкмө акын, ырчы, актёр Акжолтой тууралуу өткөн чакта жазуу абдан оор.

“АКЖОЛТОЙГО ПРОДЮСЕР КАТАРЫ КОЛДОО КӨРСӨТҮП ЖҮРГӨМ”

Курал Чокоев, ырчы:

– Бул кырсык мага абдан катуу тийди. Акжолтой менен мамилем ага-ини катары эң сонун эле. Андан тышкары каза болгон жигиттердин бири Жоомарт дагы мага жакын болчу. Жоомарт бир аз убакыт менин жардамчым, айдоочум болуп иштеп жүргөн. Абдан жөнөкөй, сылык бала эле. Жакшы ырдачу. Жаңыдан ырларды жаздырып чыгармачылыкка кадам таштап жаткан. Акжолтойго болсо продюсер катары колдоо көрсөтүп жүргөм. “Бегимай” деген ырын жаздырып берип, жаңы фотосессияларды уюштуруп, мына-мына элге Раймалы деген каймана ат менен чыгарабыз деп жатканбыз. Акжолтойдун абдан көп пландары бар болчу, айла жок, Жараткандын пландары башка экен...

“АПАСЫН САГЫНЫП, ИЗДЕП КЕТКЕНДЕЙ БОЛУП КАЛДЫ”

Асылбек Марат уулу, төкмө акын:

– Биз Акжолтой экөөбүз “Айтыш” фондуна бир убакта келгенбиз. Апасы 12 жашында ээрчитип келип, талантын таптай баштаган. Бул жаатта көптөгөн ийгиликтерди жаратып, баш байгелерди алып жүрдү. Кийин актёрдук чеберчилик боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен билим алып, театрда да иштеди. Акыркы күндөрү актёрлук өнөрүнө ыктап, кино жаатында көбүрөөк иштеп жүргөн. Мындан туптуура 10 жыл мурда апасы Майра Керим кызы дүйнө салган эле. Өзү “апам” деп жүрөр эле. Апасын сагынып артынан издеп кеткендей эле болуп калды. Комузу да, домбрасы да колунан түшпөгөн чоң талант эле.

“ТАСМА АКЖОЛТОЙДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛАТ”

Сүйүн Откеев, режиссёр:

– Жаңы тасма тартуу үчүн кастинг өткөрүп жаткан маалда Акжолтой таланттуу жигит экенин айтып сунуштап калышты. Кабарлашып иштешүүгө чакыргам. Андай таланттын эмнеге элге атагы таш жарып чыкпай жүргөнүнө азыркы күнгө чейин түшүнө албайм. Ушунчалык сонун ырлары бар экен. Анын 2-3 ыры тасмада жаңырып, алардын бири саундтрек катары колдонулмак. Фильмди тартуу иштери жарымдап калган, анда Акжолтой баш каармандардын бирин ойноп, абдан сонун роль жаратып жаткан. Суук кабарды угуп, жалпы чыгармачыл топ нес болуп ыйлап отурат. Тасманын калган бөлүгү кандай болорун билбейм, бирок бул фильм Акжолтой Канатбек уулунун жаркын элесине арналат.

“АКЖОЛ ДОСТУН МЫКТЫСЫ ЭЛЕ”

Эркин Нурбаев, алпаруучу:

– Студент кезде кыска метраждуу тасма тартып, аны менен фестивалга барып калдым. Ошол жерден Акжолтой келип мени менен таанышып, колдоо сөздөрүн айткан болчу. Ошондон бери жакын дос болуп жүргөнбүз. Алтыным десе, достун мыктысы эле. Мүнөзү абдан шайыр, ичинде кымындай да кири жок жан болчу. Качан гана маанайым түшпөсүн ырларын созолонтуп ырдап, далыга чаап, “башты бийик көтөр, досум” деп колдоп турар эле. Үй-бүлө куруп келинчеги менен баш кошконуна 2 ай да боло элек болчу. Той бергенге камынып чуркап жүргөн. Айла жок экен, бүгүн минтип досумдан айрылып, уккан кулагыма ишене албай Ысык-Көлгө акыркы сапарга узатууга кетип баратам.

“КОЧКОРГО ЖЕНТЕК ТОЙГО БАРАТЫШКАН ЭКЕН”

Руслан Карыбеков, маркумдун досу:

– Акжолтой экөөбүз 5 жыл мурда бир тойдон таанышып калганбыз. Кийин тааныштык мамилебиз достукка айланды. Быйыл күздө “өз адамымды таптым, үйлөнөм” деп калды. “Руслан мени кыздардан да кызганат” деп тамашага салып аяшым Изаард менен тааныштырган. Изаард өзү Токтогулдун кызы. Бирок ата-энеси борбордо турушат экен. Экөө баш кошушуп, Көк-Жар конушунда жашап жатышкан. Ал жакка көчүп барышканда да менин үйүмдө турган буюмдарын жеткирип барып келгем. Кырсык болордон 3-4 күн мурда Акжол мага чалып “гитара чертип Көлгө концертке барып келбейлиби” деп калды. Мен анда Кочкордо болчумун. Кырсык болгон күнү алар Тоңдон Кочкорго жентек тойго бара жатышкан экен. Ошол каргашалуу таңда негедир кабатырланып уйкум качты, аңгыча мага маркум Жоомарттын номеринен чалышып, суук кабар беришти. Кочкорго барып өлүкканадан досум Акжолтой менен анын келинчеги Изаарддын сөөгүн өз көзүм менен көргөнгө чейин ишене алган жокмун...

“ТУУГАНДАР АРАСЫНДА АНЫ “КУБЧИК” ДЕП КОЁР ЭЛЕК”

Жол кырсыктан каза болгон жаш ырчы Кубат Жетиген уулу да жаңыдан шоу чөйрөгө аралаша баштаган. Иниси тууралуу ырчы Гүлзаир Сагынова буларды эскерет:

– Кубатты туугандар арасында эч ким толук атынан атачу эмес, “Кубчик” деп коёр элек. Анын атасы менен менин апам бир тууган. Кубчик аябай жароокер, жайдары, эч кимге эч качан каяша айтпаган ушунчалык жакшы адам болчу. Көргөн жерден кучактап алып коё бербеген адаты бар эле. Эч качан кабагын салып жүргөнүн көргөн жокмун. Өтө таланттуу бала болчу, көптөгөн музыкалык инструменттерде ойночу, жаңыдан ырларды жаздырып жүргөн.

“Супер-Инфо” гезитинин жалпы жамааты каза болгондордун бардык жакындарына, ырчы, комузчу Аскат Жетигенге, дегеле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жайдары адам эле"...Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулун жакындары эскерет
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Tyty1990
2019-11-18 09:46:00
Аллахым кабыр азабынан сактасын. Күнөөлөрүн кечирсин
+6
Paprikafm
2019-11-18 09:54:02
Ушул кыргыздар тезирээк эле той ашты токтотсо экен, тойдун айынан канчалаган чыгаша омурлор, деги койчу тойдун вообще кереги жок бизге, уй булоосу мн сууга аккан министрда тойго баратып или келе жатып кырсыктаган, омуру кудайдын колунда бирок тойду жоюу керек
+5
Aia1219
2019-11-21 17:16:00
Өтө өкүнүчтүү.
0
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан