Айя Садырова, ырчы: “АЯЛ ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУККА ЧЫДАП ЖҮРӨ БЕРБЕШИ КЕРЕК”

Айя Садырова гезитибиздин кезектеги коногу болду. Ал чыгармачылыкка ташталган алгачкы кадамдары, жеке жашоосу, уулу Искендер, коомду түйшөлткөн маселелер тууралуу маек берди.

– Айя, саламатсызбы! Сахнада көп жылдан бери жүрөсүз. Биринчи ийгилигиңиз эсиңиздеби?

– Сахнада жүргөнүмө 15-16 жыл болуп калыптыр. Эң алгачкы ийгилигим катары “ХХI кылым” радиосунун музыкалык хит-парадында “Малыш” деген ырым алдыңкы орунду алганын айта алам. Анан Ассоль Молдокматованын колуна келгенимди да ийгилигим деп билем. Анткени чыгармачылыгымда чоң роль ойногон, старт берген ошол адам болду. Продюсерим катары көп нерселерге үйрөттү. Командасында Салкынай Воинова, Максат Бегалиев өңдүү ырчылар бар болчу. Ассоль кайсы бир иш-чараларда, концерттерде ырдаганга мүмкүнчүлүк түзүп берген. Анткени ошол учурда ырдап чыгуу кыйын эле, аябай жаш да болчубуз. Биз ырларыбызды жаздырып, клиптерибизди тартып келчүбүз. Ал продюсерлик милдетти аткарып, бизди алдыга жылдырчу.

– Биринчи жолу ыр жаздырганыңыз тууралуу айтып бериңизчи?

– Эң биринчи “Время” деген ырымды жаздыргам. Анда үнүм аябай сонун деп ойлочумун. Жаздырган үнүмдү угуп алып аябай ыйлагам. Режиссёр Виктор Русов “Айя, негизи адам өзүнүн үнүн башкача, эл башкача угат” деп соороткон. Жыйынтыгында ал ырым эч жакка чыккан эмес. Ошондо биринчи жолу “болду, ырчылык менен алектенбейм” деген ой келген.

– Анан ырчылыкты улантып кетүүгө эмне күч берди?

– Мен аябай жаш, амбициялуу, дымагы күчтүү кыз болгонум ырчылыкты алып кетүүмө түрткү болду окшойт. Анын үстүнө 6-класста окуп жүргөндө эле ырчы болом дечүмүн. Курбуларым “сенден кайдагы ырчы чыкмак эле?” деп артымдан күлүшчү. Анан журналист да болгум келчү. Жыйынтыгында 2 билимге ээ болдум. Журналистика жаатында билим албасам да эл аралык мамилелер факультетин аяктадым. Анткени ата-энем “англис тилин сөзсүз билишиң керек” деген талап коюшкан. Окуумду бүтүп дипломду ата-энемдин колуна берип, өзүм үчүн билим алууну чечтим да консерваторияга тапшырдым. Анткени баары бир ырдап чыгам деген ишеним бар болчу.

– Журналистиканын кайсы багытында иштегиңиз келчү эле? Саясат, коом же шоу-бизнес?

– Менин оюмча саясат болсо керек. Анткени эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөм. Кесибим боюнча дипломат болмокмун. Эң башкысы, телевидение менен байланыштуу болушун каалачумун. Өзүмдүн автордук берүүм менен чет өлкөлөрдү кыдырып саякаттагым да келчү.

– Мурда берген маектериңиздин биринде “журналга редактор кылышса берилип иштеп бермекмин” деп айткан экенсиз. Азыр деле бул каалооңуз барбы?

– Бул каалоо менде дайыма болот. Жан дүйнөмдө ырчыдан тышкары баары бир журналистмин. Албетте, мен иштей алмакмын. Бир жолу досум “биз сага журнал ачып беребиз, иште” деген эле. Ошондо баш тартып койгонума азыркыга чейин өкүнөм. Ал досум азыр деле бар. Бирок кийин андай сунуш кылган жок.

– Өзүңүз ачып алсаңызчы?

– Журналистикага акча салгандан корком. Бул абдан оор. Мен азыр дегеле бир долбоор же бизнес баштагандан корком. Анткени учурунда күйүп калгам. 2011-2012 жылдары арт-студиям бар болчу. Аны 15 миң доллардан ашуун каражатка түптөгөм. Апам башында эле “бул аябай оор, сени алдап кетишет” деген. Мен болсо “анчалык жумшак адам эмесмин го алдап кеткидей. Дүйнөдө толтура ак ниет адамдар бар” деп болбой койгом.

Алдап кетишип, баарын сатууга мажбур болгом. Ушундай кейиштүү тажрыйбадан кийин бизнес-леди боло албасыма көзүм жеткен. Бирөөнүн үстүнөн башкаруу колумдан келбейт экен. Үстүмдө сөзсүз жетекчи болушу керек экенин түшүндүм. Болбосо алданып калат экенмин.

Апам фотостудия, видеостудия ачышымды каалады. Бул бизнес чыгармачылыгыма жардам берет деген ойдо ишке ашырганбыз. Бирок бул тармак да меники эмес окшойт. Иштетип кете алган жокмун. Ошондон бери бизнестин бардык түрүнөн коркуп калгам.

– Ортодо чыгармачылыкта чоң тыныгуу алдыңыз. Сахнага кайтып келүү оор болгон жокпу? Анткени үй-бүлө кургандан кийин ырчылыкка кайтып келе албай жаткандар көп.

– 6 жылды балама арнаптырмын. Сахнага кыйынчылыгы жок кайтып келдим. Сахна көп убакытыңды албайт. Айрым ырчылар “таң аткандан түнгө чейин бошобойм” деп айтышат. Чындыгында андай эмес. Музыканттын жашоосу татаал. Бирок анын толтура бош убактысы болот. 1 ай иштеп, эч нерсе кылбай 3 ай эс ала алат.

– Уулуңузду жалгыз тарбиялап келе жатасыз. Эркектин тарбиясы жетишпей жатат деп ойлобойсузбу?

– Уулум 9 жашта, чоңоюп өз алдынча болуп калды. Мүнөзү аябай жумшак. Бул жагы мага окшоп калган көрүнөт. Бирок бетке айткан сапатым бар. Кайсы бир кылыгы жакпай калса унчукпай калбайм. Ушул эркек мүнөзүм андагы эркектик сапатты өстүрүүгө жардам берип жатат деп ойлойм. Мектепке баргандан бери тартипке көндүргөм. Сууда сүзүүгө, дзюдо менен машыгууга барат. Ошондуктан эркектин тарбиясы жетиштүү.

– Кандай принциптер менен тарбиялайсыз?

– Эң биринчи “мага калп айтпа, бирөөнүн буюмун уурдаба. Чоңойгондо чыныгы эркек бол. Эгер бирөөгө убада берсең аны аткар” дейм. Баламды катуу кармабайм. Көп нерселерге эркиндик берем. Бирок тийиштүү чектен чыкпаш керек экенин жакшы билет, сезип турат. Боорукер апа экенимди билип алган. Урушсам ошол замат кучактап өөп жиберет. Мунусуна элжиреп, эрип кетем.

– Азыр көпчүлүк ата-энелер балдарынын гений болушун каалап, жөндөмү болсо, болбосо да ар түрдүү курстарга жаздырып калышты. Буга кошуласызбы?

– Баланын мектепти "3кө" же "5ке" бүткөнү маанилүү эмес. Жашоосун кандай алып кетери маанилүү. Жакында эле бир психологдун маегин көрдүм. Ал “5ке окуган балада кийин ачуулуу болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени анда чоң жоопкерчилик бар. "Химия, биология, математиканы окушум керек” деп дайыма нерви чыңалуу жүрөт” деди. Ошондуктан бала англис тилин жакшы көрсө ошону окуй берсин. Мисалы, менин уулум гуманитардык сабактарды жактырат. Орус тилин жакшы билет, жакшы баа алат. Дил баяндарды жакшы жазат, фантазиясы жакшы өнүккөн. Бирок ал “программист, президент, бизнесмен болгум келет, Ысык-Көлдө пирожки сатам” дейт. Кыялында бизнес империя куруп алган. Ошондо ага “анда математиканы да окуш керек" дегем. Азыр ал сабакты акырындап өздөштүрүп келатат.

– Уулуңуз тууралуу кеп болуп калды. Атасы менен канча жыл жашадыңыз?

– Биз 1 жылдай эле жашадык. Балам абдан кичинекей болчу. 4 айлык кезинде жолдошумдан кетип калгам.

– Кийин өкүнгөн жоксузбу?

– Бир да секунд, бир ирмем да өкүнгөн жокмун. Анткени жолдошум экөөбүздүн уруш-талашыбызды балам көргөн жок, көрбөйт дагы. Көрсө психикасы бузулмак.

– Баласын жалгыз тарбиялап келаткан айымдарга кандай кеңеш бересиз?

– Эч качан жалгыз калгандан коркпош керек. Мени бул оюм үчүн сындашат. Бирок жеке пикиримди айтууга укугум бар. Эгер үй-бүлө очогу тутанбай жатса “баламдын жанында атасы болсун” деп эле чыдап жашай берген туура эмес. Эгерде атасы күнүгө уруш-талаш чыгарып же ичип келип жатса, аны көрүп баланын психикасы бузулат. Жакшы эркектен эч качан бир дагы аял кетпейт. Аял киши күйөөсүнөн акырына чейин көңүлү калмайын чыдап жүрө берет. Аял өзүн, баласын биринчи орунга коюшу шарт. Анткени балага тынчтыкта жашаганы жакшы. Үй-бүлөнү сактап калууга болгон аракетти жумшаш керек, албетте. Эгер мындан майнап чыкпаса өмүрүңдү коротпо. Балага да апасынын күлүп-жайнап жүргөнү маанилүү. Ошол бакыт үчүн бала кийин ыраазы болот. Айтарым, аял үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдап жүрө бербеши керек.

– Азыр жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– Бар. Ал шоу-бизнестеги адам эмес. Аны менен көп жылдан бери таанышпыз. Жашоомдо бирде пайда болуп, кайра жоголуп кетип жүрдү. Акыры ага көнүп калдым окшойт.

– Сизди коомдогу кайсы окуялар түйшөлтөт?

– Негативдүү комментарийлер. Эмне үчүн адамдар ачуулуу болуп баратышат? Хейтерлерди кара тизмеге салсаң да башка баракча ачып алып жазышат. Алар убактысын аяшпайбы? Мындан кандай ырахат алышарын билбейм. Боорукер бололучу. Меймандос элбиз го. Алар жашоодо өз ордун таба элек жаштар деп ойлойм. Аларды кечирем. Бирок Кудайдын алдында ар бир сөзү үчүн жооп берер күн келерин билип жүрүшү керек.

– Маегиңизге рахмат!

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айя Садырова: "Учурда жүрөгүмдүн ээси бар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Nurgazy80
2019-11-18 10:29:09
Сулуу келин. Бактысын тапсын Оомийин
+23
Nurgazy80
2019-11-18 10:29:37
Бактын тапсын Оомийин
+14
katerina.li
2019-11-18 10:37:52
60.к тобунун ырчысы маек бергенден кийин эккоонон тен ирээнжип калдым.
-14
Asel69
2019-11-18 11:07:50
Динге же эски салтка көз каранды болуп жашабагыла. Болбосо адам кул сыяктуу болуп калат. Ар кандай адамдар бар, эгер сеники чын деп анын ою менен макул боло берсеңер, ал сени өзүнүн кулу сыяктуу көрө баштайт. Зордук зомбулука чыдап кереги жок.
+15
Kairat1996
2019-11-18 11:21:11
Айя азаматсын. Жашоодо сынбаш керек. Өзүң дагы абдан татынакай айымсың. Азыр жанагы исламист-арабист Чубак м-н Абдышүкүргө окшогон молдолордун оюна көз каранды болбош керек. Мечиттерге барсаңар аялдарды жамандап турган молдолор толуп кеткен. Бул молдолордун жумушу болуп калган. Молдолор диний фанаттардын аң сезиминде аялдарды жек көрүү сезимдерин тез тез ойготуп турушат. Себеби молдолор аялдарга карата кулчулук шариятын орноткулары келип жатышат, арабтарды туурашып.
-7
katerina.li
2019-11-18 11:37:25
Kairat1996,ал молдокелердики чоон бизнес,тушунгон кишиге
-10
Xankeldievamari9m
2019-11-18 14:19:49
Kairat1996,мен ушул убака чейин Чубак ажынын же Абдушукур ажынын аялды кул кылгыла дегенин уккан эмесмин! Шариятта кайра эркектерди аялдарыңарга мээримдүү, боорукер болгула аялыңар силердин Аллах алдындагы аманатыңар дегенин эле угуп келе жатам. Чыныгы шариятты кармаган, динге берилген эркек аялын гүлдөй кылып колуна көтөрүп жүрөт, баардык нерседе жардам берет. Жок эле жерден аалымдарыбызды жаманатты кылыштын кереги жок!
+29
AksyKum
2019-11-20 18:32:16
Kairat1996,мечитке омурундо бир барып коргонс нбу озу
+2
elebes86
2019-11-18 11:51:34
Айя мен сени жакшы кором. Ты очень красивая. Сени менен бир кучакташып алсам арманым жок эле.
-10
Sarywkin.sarywkin
2019-11-21 12:03:58
elebes86, озуно барып айтта,элге жарыялабай
+2
Mintip-menu-suybo
2019-11-18 13:42:23
Ыссык -Колдо пирожки саткысы келгенине жааман кулдум да , баласына...
+12
Skarlett-Skarlett
2019-11-18 18:25:31
Назиктиктин символу,Айя,бактын ачылсын!
+4
Arman7
2019-11-18 18:53:18
Ушунун баарын кыргызча айтып бере алдыбы
+3
jakuta
2019-11-20 16:15:47
Arman7,ошондуктан видеосун чыгарган жок!
+4
Janusia
2019-11-19 09:58:03
Ая абдан боорукер кыз деп уктум эле аны тааныгандардан. Бактылуу бол.
+2
gulnara2014
2019-11-19 12:09:24
Озунун суйлогон видеосу жокпу админ? Неге аны чыгарбадынар
+1
admin_portal
2019-11-19 14:21:46
gulnara2014, саламатсызбы! Ырчынын видеомаекке шарты болбогондугуна байланыштуу, анын гезиттеги маегинин аудио вариантын сунуштайбыз.
0
Dushabolna
2019-11-20 23:09:28
Любовь любовь деген ырын азыр да жакшы кором ото соонун.
Ошол ырды кайра жаныласа баары укмак деп ойлойм
+1
engel
2019-11-21 14:34:13
Ырлары жагат, уну назик, ото тарбиялуу экени корунуп турат. Ийгилик каалайм!
0
nuke-85-85
2019-11-23 10:24:44
Айя эмне жаман комментарийлерден коркосунбу. Ырчы болгондон кийин которо бил да. Эмне анан сени эл только мактап туруш керекби.
+1
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан